Page:UNDecOfHumanRights-KyrgyzTranslation.djvu/5

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
This page has been proofread.

22-статья

Коомдун мүчөсү катары ар бир адам социалдык жактан камсыз болууга жана өзүнүн кадыр-баркын сактоо жана инсандыгынын эркин өнүгүшүүчүн зарыл болгон экономикалык, социалдык жана маданий тармактардагы укуктарга улуттук күч-аракеттер менен эларалык кызматташтыктар аркылуу жана ар бир мамлекеттин структурасы менен ресурстарына ылайык ээ болууга укуктуу. 23-статья

   Ар бир адам эмгектенү үгө, ишти эркин таң дап алууга, эмгектин адилеттүү жана ылайыктуу шарттарына ээ болууга жана жумушсуздуктан корголууга укуктуу.
   Ар бир адам кандайдыр-бир кемсинтү үлөрсүз бирдей эмгекүчүн бирдей акы алууга укуктуу.
   Ар бир иштеген адам анын өзү жана үй-бүлөсүүчүн адамдын татыктуу жашоосун камсыз кыла турган адилеттүү жана канааттандыраарлык, ошондой эле зарыл болгондо, социалдык камсыз кылуунун башка каражаттары менен толуктала турган акы алууга укуктуу.
   Ар бир адам кесипчилик союздарды түзүүгө жана өз таламдарын коргоо үчүн кесипчилик союздарга кирүүгө укуктуу.

24-статья

Ар бир адам эс алууга жана бош убакытка ээ болууга укуктуу, анын ичине жумуш күнүн акылга сыярлык чектөө жана акы төлөнүүчү мезгил-мезгили менен отпуск алуу укугу кирет. 25-статья

   Ар бир адам тамак-ашты, кийим-кечени, турак жайды, медициналык тейлөөнү жана зарыл социалдык жактан тейлөөнү кошуп алганда өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ден соолугу менен жыргалчылыгын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон турмуштук деңгээлге укуктуу жана жумушсуз болуп калганда, ооруп, майып болуп, жесир калганда, карыганда же өзүнө байланыштуу болбогон себептер менен жан сактоо каражаттарынан айрылганда камсыз болууга укуктуу.
   Энелик жана балалык өзгөчө камкордук көрүүгө жана жардам алууга укук бере. Никеден же никесиз төрөлгөн бардык балдар бирдей социалдык коргоодон пайдаланууга тийиш.

26-статья

   Ар бир адам билим алууга укуктуу. Билим берүү, жок дегенде башталгыч жана жалпы билим алуу акысыз болууга тийиш. Башталгыч билим берүү милдеттүү болууга тийиш. Техникалык жана кесиптик билим жалпыга жеткиликтү ү болууга тийиш жана жогорку билим да ар бир адамдын жөндөмдүү лүктөрүнүн негизинде бардык үчүн бирдей жеткиликтүү болууга тийиш.
   Билим алуу адам инсанын толук өнүктүрүүгө жана адам укуктары менен негизги эркиндиктерин урматтоону арттырууга багытталууга тийиш. Билим алуу бардык элдердин, расалык жана диндик топтордун ортосунда өз аратүшүнү шүүгө, сабырдуулукка жана достукка көмөктөшүүгө жана тынчтыкты сактап туруу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун ишмердигине көмөктөшүүгө тийиш.