Page:UNDecOfHumanRights-KyrgyzTranslation.djvu/6

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
This page has been proofread.

27-статья

   Ар бир адам коомдун маданий турмушуна эркин катышууга, көркөм өнөрдөн ыракат алууга, илимий прогресске катышууга жана анын жыргалчылыктарынан пайдаланууга укуктуу.
   Ар бир адам автору болуп эсептелген илимий, адабий же көркөм эмгектердин натыйжалары болуп саналган анын моралдык жана материалдык таламдарынын корголушуна укуктуу.

28-статья

Ар бир адам ушул Декларацияда айтылган укуктар менен эркиндиктер толук ишке ашышы мүмкүн болгон социалдык жана эларалык тартипке укуктуу. 29-статья

   Ар бир адам өзүнүн инсанынын эркин жана толук өнүгүшү мүмкүн болгон коомдун алдында милдеттүү.
   Өз укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүнө ашырууда ар бир адам башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тийиштүү түрдө таанууну жана урматтоону камсыз кылуу жана демократиялык коомдо моралдын, коомдук тартиптин жана жалпы жыргалчылыктын адилеттүү талаптарын канааттандыруу максатында гана мыйзам тарабынан белгиленген чектө өлөргө гана дуушар болушу мүмкүн.
   Бул укуктар менен эркиндиктерди иш жүзүнө ашыруу Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына жана принциптерине эч кандай карама-каршы келүү гөтийиш эмес.

30-статья

Ушул Декларациядагы эч бир нерсе кайсы-бир мамлекетке, адамдардын тобуна же айрым адамдарга ушул Декларацияда баяндалган укуктарды жана эркиндиктерди жок кылууга багытталган кандайдыр-бир иштерди жүргүзүүгө же аракеттерди жасоого укук берүү катары түшүндүрүлбөшү керек.