Page:UNDecOfHumanRights-KyrgyzTranslation.djvu/4

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
This page has been proofread.

16-статья

   Бойго жеткен эркектер жана аялдар расалык, улуттук же диндик белгилери боюнча эч кандай чектөөлөрсүз никеге туруп жана үй-бүлөкүтүүгө укуктуу. Алар никеге турганда, никеде болгон учурда жана аны бузуу учурунда бирдей укуктарга ээ.
   Никеге туруп жаткан эки тараптын тең эркин жана толук макулдугу менен гана нике түзүлүшү мүмкүн.
   Үй-бүлө коомдун табигый жана негизги уюткусу болуп саналат жана коом менен мамлекет тарабынан корголууга укуктуу.

17-статья

   Ар бир адам жеке өзү, ошондой эле башка бирө өлөр менен бирге мүлккө ээ болууга укуктуу.
   Эч ким өз мүлкүнөн ээнбаштык менен ажыратылууга тийиш эмес.
   Ата-энелер өздөрүнүн жаш балдарына билим берүү жолун таң дап алууда негизги укукка ээ.

18-статья

Ар бир адам ой, ыйман, дин эркиндиктерине укуктуу; бул укук өз динин же ынанымын эркинче өзгөртүүнү жана жеке өзү, ошондой эле башкалар менен бирге каалаган динин тутуу же ынануу эркиндигин эл менен бирге же жеке өзүнчө динди үйрөнүүнү, кудайга сыйынууну жана диндик жөрөлгөлүү ырасымдарды аткарууну камтыйт. 19-статья

Ар бир адам ынанымда болуу эркиндигине жана аны эркин билдирүү укугуна ээ; бул укук өз ынанымында тоскоолсуз бекем турууну жана мамлекеттик чек араларга карабастан маалыматты жана идеяларды кандай гана болбосун каражаттар менен издөө, кабыл алуу жана таратуу эркиндигин камтыйт. 20-статья

   Ар бир адам тынч чогулуштар менен ассоциациялар эркиндигине укуктуу.
   Эч ким мажбурлоо менен кандайдыр-бир асссоциацияга кирүүгө тийиш эмес.

21-статья

   Ар бир адам өз өлкөсүн түздөн-түз же эркин түрдө шайланган өкүлдөр аркылуу башкарууга катышууга укуктуу.
   Ар бир адам өз өлкө сүндө мамлекеттик кызматка бирдей жетишүү укугуна ээ.
   Элдин эрки өкмөттүк бийликтин негизи болууга тийиш; бул эрк мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турган жана жасалмаланбаган шайлоолордон билинү үгө тийиш, ал шайлоолор жалпы жана бирдей шайлоо укуктары болгондо, жашыруун добуш берүү жолу менен же добуш берүүнүн эркиндигин камсыз кылган башка ар кандай формалары аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.