Page:UNDecOfHumanRights-KyrgyzTranslation.djvu/3

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
This page has been proofread.

10-статья

Ар бир адам өз укуктары менен милдеттенмелерин аныктоо үчүн жана ага коюлган кылмыш жоопкерчилигинин негиздү үлүгүн аныктоо үчүн толук тең диктин негизинде анын иши маалымдуу түрдө жана көз каранды эмес жана калыс сот тарабынан жана адилеттү үлүктүн бардык талаптарын сактоо менен каралышына жетишү үгөукуктуу. 11-статья

   Кылмыш жасады деп күнөөлөнгөн ар бир адам анын күнөөсү мыйзамдуу тартипте соттук маалымдуу териштирүү жолу менен белгиленмейинче күнөөсүз деп эсептелү үгө укуктуу, муну менен бирге ага коргонуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынат.
   Кандайдыр-бир кылмыш жасалган учурда ал улуттук мыйзамдар же эларалык укукбоюнча кылмыш иши болуп саналбаган бардык кылмыштык аракеттерди жасагандыгы же аракетсиздиги үчүнэч ким жазаланууга тийиш эмес. Кылмыш жасалган кезде колдонулушу мүмкүн болгондон дагы оор жаза колдонулушу мүмкүн эмес.

12-статья

Эч ким анын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна ээнбаштык менен кийлигишү үгө, анын турак жайынын кол тийбестигине, анын кат-кабарларынын жашыруундугуна жеанын намысына жана кадыр-баркына ээнбаштык менен кол салууга дуушар болушу мүмкүн эмес. Ар бир адам мындай кийлигишүү дөн же ушундай кол салуудан мыйзам тарабынан корголууга укуктуу. 13-статья

   Ар бир адам ар бир мамлекеттин чегинде ээн-эркин жүрүүгө жана өзүнө жашай турган жер тандап алууга укуктуу.
   Ар бир адам өз өлкөсүн кошуп алганда, бардык өлкөдөн чыгып кетүүгө, жана өз өлкөсүнө кайтып келүүгө укуктуу.

14-статья

Ар бир адам куугунтукка алынганда башка өлкөлөрдөн баш калкалоо издөөгө жана аны пайдаланууга укуктуу.

Бул укук чындыгында саясий эмес кылмыш же Бириккен Улуттар Уюмунун максаттары менен принциптерине карама-каршы келген иш кылгандыгы үчүн куугунтукталган учурда пайдаланылышы мүмкүн эмес.

15-статья

   Ар бир адам граждандык алууга укуктуу.
   Эч ким өз граждандыгынан же өз граждандыгын өзгөртүү укугунан ээнбаштык менен ажыратылбайт.