Page:UNDecOfHumanRights-KyrgyzTranslation.djvu/2

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
This page has been proofread.

Бардык адамдар өз беделинде жана укуктарында эркин жана тең укуктуу болуп жаралат. Алардын аң-сезими менен абийири бар жана бири-бирине бир туугандык мамиле кылууга тийиш.

2-статья

Ар бир адам расасына, терисинин түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук же социалдык негизине, мүлкүнө, тек-жайынаже башка абалынын айырмачылыктарына карабастан, ушул Декларация аркылуу жарыяланган бардык укуктар менен эркиндиктерге ээ болууга тийиш. Андан тышкары, адам жашаган аймактын көз каранды эместигине, көзөмөлгө алынгандыгына, өзүн-өзү башкарбагандыгына же эгемендигиндеги кандайдыр-бир чектөө лөргө карабастан алөлкөнүнже аймактын саясий, укуктукже эларалык статусунун негизинде эчкандай айырмачылыктар болууга тийиш эмес.

3-статья

Ар бир адам жашоого, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.

4-статья

Эч ким кулчулукта же эрксиз абалда болууга тийиш эмес; кулчулук менен кул сатуучулуктун бардык түрлөрүнө тыюу салынат.

5-статья

Эч ким кыйноолорго же ырайымсыз, адамкерчиликсиз же анын беделин түшүрүүчү мамилеге жана жазалоого дуушар болбоого тийиш.

6-статья

Кайсы гана жерде болбосун ар бир адам өзүнүн укукка ээ субъект экендигинин таанылышына укуктуу.

7-статья

Бардык адамдар мыйзам алдында тең жана эч кандай айырмалоосуз мыйзам тарабынан бирдей корголууга укуктуу. Бардык адамдар ушул Декларацияны бузган дискриминациялоонун бардык түрлөрүнөн жана мындай дискриминациялоого чакырган бардык тукуруулардан бирдей корголууга укуктуу.

8-статья

Ар бир адам, ага конституция жана мыйзам тарабынан берилген негизги укуктары бузулган учурларда компетентүү улуттук соттор тарабынан укуктарын толук калыбына келтирүү укугуна ээ.

9-статья

Эч ким ээнбаштык менен камакка алынууга, кармалууга же куугунтукталууга тийиш эмес.