Page:UNDecOfHumanRights-KyrgyzTranslation.djvu/1

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
This page has not been proofread.

Адам укуктарынын жалпы декларациясы Преамбула Адамзат үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнөтаандык болгон жогорку беделди жана алардын бирдей жана ажырагыс укуктарын таануу эркиндиктин, адилеттү үлүктүн жана жалпы тынчтыктын негизи болуп санала тургандыгын эске алуу менен; жана адам укуктарын этибарга албоо жана жеккөрүү адамзатынын абийирин козгогон жырткычтык актыларга алып келгендигин жана адамдар сөз эркиндиги менен ынанымга ээ болгон, эчнерседен коркпогон жана эч нерсеге муктаж болбогон дүйнөнүтүзүү адамдардын эң жогорку умтулуусу катарыжарыялангандыгын эске алуу менен; жана адам акыркы арга катары зомбулукка жана эзүүгү каршы күтүрүлүүгө аргасыз болбошун камсыз кылуу максатында адам укуктары мыйзамдын күчү менен корголууга тийиш экендигин эске алуу менен; жана элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарыл экендигин эске алуу менен; жана Бириккен Улуттардын элдери Уставда адамдардын негизги укуктарына, адам инсанынын беделине жана баркына, эркектер менен аялдардын тең укуктуулугуна ишенгендиктерин ырасташкандыктарын жана толук эркиндикке чыгуу менен катар социалдык прогресске жана турмуш шартты жакшыртууга көмөктө шүүнү чечишкендигин эске алуу менен; жана Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташууда мүчө-мамлекеттер адам укуктары менен негизги эркиндиктерди жалпы урматтоого жана салым кошууга милдеттенгендигин эске алуу менен; жана ушул укуктардын жана эркиндиктердин мүнөзүн жалпы түшүнүү ушул милдеттенмелерди толук аткаруу үчүн зор мааниге ээ экендигин эске алуу менен, Генералдык Ассамблея, адам укуктарынын ушул Жалпы Декларациясын ар бир адам жана коомдун ар бир органы ушул Декларацияны дайыма эске алып, агартуу жана билим берүү жолу менен ушул укуктарды жана эркиндиктерди урматтоого жана улуттук жана эларалык прогрессивдүү иш-чаралар аркылуу Уюмга мүчө болгон мамлекеттердин элдеринин арасында, ошондой эле алардын юрисдикциясында турган аймактын элдеринин арасында алардын жалпы жана толук таанылышын жана ишке ашырылышын камсыз кылууга көмөктөшүү алуутулуу үчүн бардык элдер менен мамлекеттер аткарууга далалаттанууга тийиш болгон милдеткатары жарыялайт.

1-статья