Өлүп тирилгендер

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Өлүп тирилгендер
by Алыкул Осмонов

Чаңдатып сан-миң жылдын эки арасын,
Турмуштун даңканга уруп майда ташын,
Өмүрдө салмоор кылып зырылдатып,
Тагдырдын сазга айлантып зоо аскасын.
Адамдын эс-акылын камчыланып,
Замана кайда зуулдап баратасың?!

Түнөрүп,тумандатып кылым башын
Кургатып алсыздардын аккан жашын
Дааналап, күн нурундай жарык кылып,
Көрсөтүп келечекке жол тазасын:
Казатчыл кабылан жүрөк баатырга окшоп,
Замана кайда кетип баратасың?

Албырып жерден чаңдар аптабыңа
Илешпей океандар шардабыңа,
Шер эмес, баянжабыр теңдеше албай,
Шартылдап сенин чалган чалгыныңа.
Аркырап тизгин улаш баратабыз,
Советтин эр балдары, биздер гана:

Белгилүү, барар жериң маркабат жай
Кондурар чарба жериң ак күмүш сай,
Эртеңки биздин укум-тукумдардын
Жыргалдуу орундары кырк катар шай.
Тамшанып эч бир адам жашай албайт,
Чиркинай, биздин совет адамындай.

Барабер, сен эркеси жердин, көктүн,
Өчүрөр мүрөк суусу өлүм өртүн.
Саймалуу алтын мунар чатыр тигип
Жашоонун түрлөнтө бер түрлүү көркүн.
Ушундай укмуштуу зор сапарыңда
Заманам, мобуларга күлүп өткүн:

Биринчи Кара Кыяс, Кайыңдыда
Бай колхоз, дөөлөттүү элдин айылында,
Калкымды уялтарлык бир иш болду
Канетсин, эссиздиктин айыбы да,
Жамы журт жеңиш тоюн тойлоп жатты,
Кан кечип, кече күнү баткан ыйга.

Мерезбек өмүрүндө түк күлбөгөн,
Аялы эркек тууса сүйүнбөгөн.
–Туугандар, согуш бүттү,–деген сөзгө
Жадырап, я кудайлап күлүңдөгөн.
Эс алып, терин аарчып күлүп турат,
Үй-үйгө сүйүнчүлөп жүгүргөндөн.

Жеңелер кайнилерин уяң карап,
"Силер" деп сылык айткан "сен"–дебестен:
Баарынын бети ачылып ушул күнү,
Той жасап дуулап жатат ондон-бештен...

Чын эле согуш бүттү, азап бүттү...
Жылдыздан бакыт кушу жерге түштү,
Үкүлүү жакшылыктын аттары узап
Кошулду байкерчилик үстүнө үстү.
Жамандык жылан минип тентип кетти,
Эл бүт мас, туш келгендей көргөн түшү.

Кабар бар, уулу эсендин кабагы ачык
Бир-бирин далыга уруп кажаңдашып,
–Ой, Тепе, болду эми деп каткырышат,
Куу чалдар "актан куй" деп көз ымдашып.
Ал эми "Өлүптүр" деп сөз уккандар,
Шаттыктын оюн бузат ичтен жашып.

Боору таш өжөр турмуш оңуна акты,
Терс кеткен анткор турмуш кайра чапты...
Кыйын жол, жан катабас тар коолорго,
Өмүрдүн жарык шамын кайра жакты.
Батыштан жабыла учкан боз куштардай
Жигиттер эл-жерине келип жатты.

Жигиттер келип жатты... келип жатты...
Жай башы барлык жакты келгин басты.
Күжүлдөп кымыз, бозо, доору жүрүп,
Сүр эттер казандардан ашып ташты.
Саргайып жер сагынган жаш уланга
Өскөн жер кандай жылуу, кандай жакшы.

Көп сыңар Султангазы, (ушул жерлик)
"Барам деп он күндөрдө" кат жиберип,
Төрт жылча алыс жүргөн сапар карып,
Айлына жума күнү түштү келип,
Түн бир убак... станцияда бир адам жок,
Ала-Тоо тосуп алды боюн керип.

"Карагоо" жолдун алды айлы жакын,
Алмалуу жемиши көп, багы салкын,
Данга карк... малга жайлуу... соолукка сеп,
Мейман дос, март өстүргөн колхоз калкын,
Бери аттап тар кечмеден Султангазы,
Тамына катуу басып, жетти бачым.

Жетти да үстүн кагып, демин жыйнап,
Жүрөгүн басып көрүп соккон туйлап,
"Көрөрбүз сүйгөн жарды, ата-энени"...
"Шашпа" деп өзүнө-өзү кайрат кылат.
"Эй ким бар, ач эшикти мен келдим" деп
Үйүнүн каалгасын тарс-тарс урат.

Бир урат, үч-төрт урат... күтүп турат,
Ким мурда ойгонот деп түрүп кулак.
Жароокер жыпар жыттуу колуктусу
Элестеп колоң чачы булак... булак...
Шаңкылдап күлүп өткөн өмүрлөрү...
Эч качан жаман айтпай өскөн куунап.

Келер деп уйкуга сак картаң эне,
Чоочур деп, ата үн берип: "Эмне?.. Эмне?"..
Бир жылдай бир секунддун аралыгы
Шаштырат мына ушулар эске келе.
Кубанат садагасы Султангазы
Күлүңдөп "чын эле эми көрөмүн ээ"...

Дабыш жок, эч ким ага эшик ачпайт,
Жары да, энеси да бери баспайт.
"Мына азыр... ой шашпагын" бүлүк түшүп,
Ойгонуп эч ким туруп чырак жакпайт.
Зарыгып бир саатча күтө... күтө...
Жаш улан ак үмүткө суусайт, чаңкайт.

Бир эмес нечен уруп жооп албады.
Жадатты текке урушу каалганы.
Шумдук ай, неге мынча катуу уктайт деп,
Акырын терезеден шыкаалады.
Түнөрөт, адам заты көзгө түшпөй,
Себеби: кара нөшөр, түн караңгы.

Айтты да, оозун жыйып токтото албай:
Неге айттым, өлүптүр деп аттиң дүйнө ай...
Азыраак ошону ойлоп өкүндү да,
Бузулду, бузугунан кайра жанбай.
Калп ушак каадасынча тарап кетти,
Мен айткан мисалдардай, жогоркудай.

Айла жок кощок кошту Мактым эже,
Азанын күүсүн созду теребелге,
Үстүнөн күнөө жүгү басып турду,
Ташындай тегирмендин тегерене,
Чапкылап сельсоветтен бирөө келди,
"Кагаз бар сизге деген... мына менде".

Окутса чаар ала калем тагын,
Бүктөлгөн эки барак эки жагын,
Калдаңдан кабар чыгат мындай деген:
"Айылга көп шашылбай жай барамын...
Кокустан бирөө менен кумар ойноп,
Утуктан миң жети жүз акча салдым"...

Ишенбей Мактым эже кежирленди,
"Ким билсин, пулу экенин, куну экенин"...
Деп сүйлөп күйөөсүнөн күйүтү эмес
Өзүнүн күнөөсүнө күйө берди.
3аңкылдап кошок кошуп олтурганда,
Калдакең эшик ачып кирип келди.

Келди да жерге коюп көтөргөнүн,
Биле албай өлгөнүн үй-бүлөнүн,
Шектенип карап чыкса балдары аман,
Өпкүлөп чери таркап жөжөлөрүн:
"Я апа,–деп сурады бир кемпирден–
Кандай ый, тез айта көр тынсын көңүлүм"...

Ал кемпир белимчирээк кемпир эле,
Чочуган уят сүйлөп бир немеге:
"А... балам билбейсиңби Калдаң деген
Өлүптүр, алыс жерде, чоочун элде...
Ошонун жогун жоктоп, зарын тартып,
Озондоп кошуп жатат жаман неме"...

"О арам, бол өйдө тур, казан аскын,
Той жаса, кымыз, бозо көлдөп аскын,
Мен билем, мени өлдү деп сөз тараткан,
Баягы боло жүргөн сенин калпың..."
Кыңк этпей кыйгач карап кылыксынат,
Кылтылдап кызмат кылып шайтан Мактым.

Замана шуру киет, бермет киет,
Кийгени көктөн туруп жерге тиет,
Түк өчпөс күмүш издүү калемди алып,
Ак көңүл азаматтын атын чиет,
Калдакең "өлүп кайра тирилдим" деп
Бырс этип, ичкен чайын бүркүп иет.

Кайра оңдоп колхоз калкым кетиргенди,
Уяттуу ушул өңдүү чекилерди.
Турмуштун кайгысы жок жолун ачып,
Сыйлашып, жоону жеңип келген эрди:
Ал жерде чанда болгон бул бир мисал,
Үчөөнүн мына мындай чечилмеги:

Биринчи: Султангазы жакшы ой тапты,
Үч апта айылчылап көңүл ачты,
Токмокто комбайндын курсун угуп,
"Өтүнөм алыңыз" деп арыз жазды.
Калп эмес өз колуна келип тийди,
"Он күндө барамын" деп берген каты.

"Ай-айлап" почтоочуга башын чайкап,
"Байкасам бул жакта экен кээ бир чатак
Кеп эмес кемчиликтин баары оңолот"
Деп коет катын айрып тытып таштап.
Буурулду камчыланды район беттеп,
Такасы ташка тийсе этип чак-чак.

Курс окуп кышты-кыштап, жазды-жаздап,
Үйрөнүп комбайнды эң эле бат,
Күзүндө буудайды оруп, басып кирди,
Кызылдан арабаларга төгүп таштап,
Кызыгат карап турган кыз-келиндер,
"Аттиңай, жар болсочу мага–деп–кап"...

Экинчи: Жумадилдин алын билсек,
Колхозго жаны менен жанып иштеп,
Иреттеп барын бардай, көбүн көптөй,
Чапкылап ар тарапка жогун издеп,
Кадырлап улуу, кичүү ийменишип,
Бир болуп эки болбой эл айткан кеп.

Каныккан кыйындыктын калетине,
Машыккан талыкпастык адетине,
Согушта эмгектеги эрдиги үчүн
Таанылды атак алып калың элге.
Шайлоодо депутаттык даңкын алды,
Кыргыздын Жогорку Улуу Советине.

Көңлү жай, иши жакшы, турмушу шат,
Бактыга белден батып кыбыла жак,
Жете албай мен-менсиген асылкечтер,
Көйнөктөн көйнөк кийип жасанышат.
"Азамат сыймыгы бар эр экен"–деп,
Биз эмес бизден чоңдор жол ачышат.

Үчүнчү: Калдаң аба жайы мындай,
Нан тиштеп, жегени май, ичкени чай...
Колхозго ак ниеттүү койчу болуп.
Жайлоолоп жарпын жазды дал ушундай.
Бакыбат, күч-кубаттуу жашап жатат,
Мактымдын кошокторун эрээн кылбай.

Чаңдатып сан-миң жылдын эки арасын,
Турмуштун даңканга уруп майда ташын,
Өмүрдү салмоор кылып зырылдатып,
Тагдырдын сазга айлантып зоо, аскасын,
Адамдын эс-акылын камчыланып,
Замана кайда зуулап баратасың?!

31/XI–1945 Койсары


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.