Энсеген элим аманбы

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Энсеген элим аманбы
by Токтогул Сатылганов

Эңсеген элим аманбы?
Ээгимдеги сакалым
Элсизде жүрүп агарды.
Булбулуң элем сайраган
Муңканып айтам саламды.

Жеңе-желпи, карындаш
Жергеси менен келишти,
Жер сагынган Токоңо,
Жетине албай сүйүнүп,
Кучакташып көрүштү.

Азабын тарттым баланын
Көрбөдүм алтын жамалын,
Башкага тийип кетиптир
Башында сүйүп алганым.
Азапта башым кор болуп,
Арылбады арманым.

Кайгылуу жүрөк чер болуп,
Көзүмдөн аккан кара жаш
Токтолбоду сел болуп,
Жаралган экем жалганда
Күйүттүү булбул мен болуп.

Кейибейин кеткенге,
Өксөбөйүн өлгөнгө,
Мен ыразы боломун
Эл-журтумду көргөнгө!

Келбей турган болгон соң
Кейиген менен келеби?
Айнектей болгон баламды
Алган кудай береби?

Арзып жүргөн ажырап,
Элим аман барсыңбы?
Ээрчип өскөн жашымдан
Теңим аман барсыңбы?
Кызыл кыргак тагынган
Келин аман барсыңбы?

Мен кеткенде аркамдан
Чыккан аман барсыңбы?
Кулак салып ырымды
Уккан аман барсыңбы?

Канча жылы көрбөгөн
Калкым аман барсыңбы?
Токтогул деп кыйкырган
Жалпың аман барсыңбы?

Малай болуп жалданып
Ыйлагандар аманбы?
Кара оокатка жандарын
Кыйнагандар аманбы?
Жан тынымын дүйнөдө
Кылбагандар аманбы?
Көк келтекке жыгылып
Кыйрагандар аманбы?

Коюн багып байлардын
Кул болгондор аманбы?
Бир жыл акы бир көйнөк
Пул болгондор аманбы?
Жайы-кышы жаанга
Суу болгондор аманбы?

Күч-кубатын байларга
Сордургандар аманбы?
Каны качып алсырап,
Болдургандар аманбы?
Жылаңайлак тоо-ташты
Жол кылгандар аманбы?

Сар самандай саргайып
Зарлагандар аманбы?
Жыйын топту аралап
Барбагандар аманбы?

Каршылык менен кармалып,
Калкымдан кеттим айдалып,
Калың кыргыз элиме
Кайтадан келдим айланып.

Душманга кеттим байланып,
Тууганым көрбөй зарланып.
Тушоолу тулпар өңдөнүп
Жүргөмүн анда саргайып.

Күйүп-күйүп чок болдум,
Күйүттүү күнгө токтолдум.
Күкүктөй сайрап жүргөн жер
Гүлүмө кайттым окшодум.

Кайнап күйүп чок болдум,
Кайгылуу күнгө токтолдум.
Калың кыргыз элиме
Кайрылып келген окшодум.

Каргашалуу заманды,
Кайгырып көрдүм амалды,
Кайрылып келип турамын,
Кадырман журтум аманбы?

Манаптар мага кас болуп,
Пашаанын түштүм торуна.
Байкуштук тартып алтын баш,
Баиландым азап жолуна.
Жандарма, төрө залимдер
Жаралган менин шорума.

Канаты түшкөн шумкардай
Уча албады, Токтогул,
Каргашалуу душмандан
Өч албады, Токтогул.

Залимден кармап кегимди
Ала албадым Токтогул,
Зар заманда, жайчылык
Таба албадым, Токтогул.

Айдалып жүрүп туткунда
Арбыны кетти алымын,
Аргымактай жүгүргөн
Асыл элем талыдым,
Алмадай болгон кайран баш
Азапты тартып карыдым.

Аскасы бийик дабандын,
Азабын тарттым замандын,
Айнектей көзүн көрбөдүм
Аркамда жалгыз баламдын.

Күнгөйү бийик дабандын,
Күйүтүн тарттым замандын.
Күмүштөй жүзүн көрбөдүм
Күкүктөй жалгыз баламдын.

Ак шумкар алтын мүрүмдү,
Айланып көрдүм элимди,
Арман менен өткөрдүм
Абалкы жаштык күнүмдү,
Айлымдан келип таппадым
Аркамда жалгыз инимди.

Басайын десем муунум жок,
Отурар алтын туурум жок,
Оюмдан кетпес бул кордук,
Ойнотом десем уулум жок.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.