Ысык-Көлдө төрт мезгил

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Ысык-Көлдө төрт мезгил
by Алыкул Осмонов

Жазын көрдүм, Ысык-Көлдө жаз жыргал,
Тирүүлүктө көлдүн жазын көрүп кал.
Куулар кетип, жаңы кетип аңырлар,
Бүрүн жарып, гүлдөр кезде кайың, тал.

Катар, катар сабын түзүп турна өтөт,
Карлар эрип, кырлар жашыл, талаа көк,
Кара торгой таңдайынан үн безеп.
Үпүп учуп көңүлүңдү көтөрөт.

Таңды кечке тракторлор татырлап,
Кошко кирип, соко жиреп семиз ат.
Колхозчулар жаз келди деп кубанып,
Колго тиет багынычтуу көп кызмат.

Жайын көрдүм, күңгөй, тескей жайкалып,
Мал тоюнган жайлоо кезин айталык.
Сугат, отоо, апийимди суюлтуу,
Кандай сонун, кандай кызык чөп чабык.

Түш мезгилде кымыз келет тоо жактан,
Бир кишиге бир бир керме аяктан.
Күлкү... шылдың... тамашалоо өз ара,
Кандай жумуш, кантип түтөт каяктан!


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.