Чептен эрдин күчү бек

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Чептен эрдин күчү бек
by Жоомарт Бөкөнбаев

Байыркы бир заманда эл бар экен
Өзүнчө эркин, ээн жашап турган,
Багында булбул сайрап, гүл жадырап,
Башкача сонун жерди мекен кылган.

Ар жылы күчтүү жоолор каптан кирип
Талоонго салат экен мүлкүн, малын,
Ойрондоп эчен кымбат ордолорду
Олжолоп алып кетип сулууларын.

Кордугу душмандардын жанга батып
Бир күнү кеңешүүгө эл чогулду,
Бардык күч, бардык мүлкүн сарып кылып
Жоо өткүс бекем чепти курмак болду.

Айлантып кең өлкөсүн дубал куруп
Киришти эмгегине күн өткөрбөй,
Көтөрүп бай дубалын келген кезде
Кайрадан кулап түшөт жар көчкөндөй…

Калың журт кайгыланды, кансырады…
Катардап көтөрө албай бай дубалды,
"Себебин бул укмуштун ким табат” деп
Ырчылар жар чакырды, күүгө салды.

Бири айтты: "Асыл таштан койгун” деди,
Бири айтты "Ак боз бээ сойгун” деди,
Асыл таш алтын менен консо дагы
Токтобой дубал көчүп кулай берди…

Тартышты капаланып калк убара,
Ойлонуп табалбады көп улама,
"Мен чечем бул түйүндү” деп сүйлөдү
Жылаң бут, ак сакалдуу бир карыя.

Карыя токсон жашка келген экен,
Кыдырып бүт дүйнөнү көргөн экен,
Акылы алмас менен болоттон курч,
Алыскы бир ажайып жерден экен.

Качанкы чечилбеген сырды угууга,
Калайык жабылышып кулак түрдү,
Сакалын оң кол менен сылап алып
Салмактуу коргошундай сөзгө кирди:

–Калп болбойт карыяңдын айткан кеби
Калайык, акылыма көнсөң,–деди,–
–Түк көчпөйт бул дубалың кылым бою,
Тирүүлөй бир кишини көмсөң,–деди.

Башка сөз айтканы жок басып кетти
Карыя кайырдашып колун булгап,
"Кандай” деп эки жолу сурабастан
Баштарын жерге салды эл тунжурап…

–"Кайсы эр бул кызматка чыгар экен,
Бул дубал эр канына кумар экен”,–
Деп ырдап бир топ ырчы элди айланып
Күн бою жар чакырды эчен-эчен…

Бирөө да "мен чыгам” деп сөз кылбастан
Мостоюп карап турду дудуктанып,
Обдулуп он үч жашар бир жетимче
Сүйлөдү жаман тонун чечип салып:

–"Уктум да шашкан бойдон келдим”–деди,–
Мен даяр тезден гана көмгүн,–деди,–
Арманым дүйөдө эч калбайт го
Жарасам керегине элдин”–деди.

Жаш бала бай дубалга барып турду,
Көпчүлүк күрөк менен чачты кумду,
Аңгыча алсыраган, жалбарыңкы
Боздогон муң, кайгылуу үн угулду…

Бир караан шашып, чуркап келет экен,
Бул караан жаш баланын энеси экен,
Атадан жетим калган жалгыз уулун
Алпештеп, айнегим деп эркелеткен.

–"…Кулунум кучактайын мында келчи,
Кууратпа карыганда апакеңди,
Көмбөгүн, жалгызымды көмбөгүн” деп
Көзүнөн жаш куюлуп ыйлап келди…

–«…Ыйлабай көз жашыңды тыйгын эне,
Ырайым жетимиңе кылгын эне,
Жаныңдан артык көргөн тууган элдин
Жалгызың жарап кетти керегине…

–Уулуңдун убайын көрөм деп тиленип.
Ушундай ишке арнадың бакпадыңбы,
"Эркетай элиң үчүн курман бол” деп
"Эч качан унутпаймын айтканыңды”.

Энеси элге карап сөз баштады
Маанисин байкап туруп айткан кептин,
–"Ата журт кызматына жанды берип,
Айланам, ак-сүтүмдү актап кеттиң!..”

Жалбарды жалгызына, беттен өптү,
Аарчыды жашка толгон-эки көздү,
Колуна күрөк алып кайрат менен
Көмүүгө баласына кумду септи…

–«Энеке бул кылганың адамчылык
Жүрөгүң акак, Бермет таштан тунук,
Өтөбөй калайыктын бир кызматын
Жүрбөймүн жер бетинде-адамсынып…”

Коштошуп өбүшүштү эне, бала,
Кайраты бул экөөнүн ташкан дайра,
Кум толуп алкымына келген кезде
Шып этип жетип келди да карыя.

–"Көмбөгүн бул баланы ачкын,–деди.–
Чеп курбай үй үйүңө кайткын,–деди,–
Көтөрбө чеп, коргондун кереги жок
Кордукка мындай балдар бербейт элди.

–Киришсе ким да болсо чеп тургузат,
Чеп–ылай, каптап кирсе душман бузат,
Балдарың баары ушундай өсүп турса
Багынтып бул жүрөктү ким коркутат?!.

–Черди жаз. Тепкин шапар. Кургун сайран
"Чеп жок”,–деп, кайгы тартып кам санаба,
Кандай жоо басып кирип баш ийдирмек
Турганда мындай эне, мындай бала!..”


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.