Фрунзе

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Фрунзе
by Алыкул Осмонов

Фрунзе, учкан уям, сүйгөн калаам,
Көп жүрдүк, ойноп, күлүп эсен-аман.
Эч качан жакшы элесиң эстен кетпейт,
Кашка суу, жашыл бакчаң, салкын абаң.

Фрунзе, сүйгөн шаарым, сүйгөн калаам,
Жаш күнүм, балалыгым сенде калган.
Турмуштун эң ысыгын сага берип,
Бөлүнүп бир өзүңдөн кайда барам.

Эй карачы эс алуучу жер сонун,
Көрө аласың ырахаттын толугун...
Фрунзе өстү, таштап баткак чыласын,
Бир эле көр, дүйнөгө кеп кыласың...

Дагы мына сабыр кылгын шашпагын,
Тээ тетиги бийик зоока таштарын.
Ташып келип сонун тамдар тургузсак,
Келет го дейм дагы миң жыл жашагың.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.