Фарид Ниязов: Шаардыктар үчүн тынчсызданууга негиз жок

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search

Бишкек, 5-август (КАБАР). Бүгүн, 5-августта Жогорку Кеңештин кичи залында КР Президентинин Администрациясынын Маалыматтык-тескөө борборунун жетекчиси Ф.Ниязов ЖМК өкүлдөрү үчүн өлкөдөгү акыркы мезгилдеги абал боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Ф.Ниязов Балыкчы шаарындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. “Балыкчы шаарындагы абал боюнча көптөгөн имиштер жана ушактар пайда болду. Мисалы, бул шаардагы ички иштер бөлүмүнүн имараты басылып алынгандыгы жөнүндө айтышууда. Бирок андай имиштер чындыкка коошпойт”, - деди ал.

Ф.Ниязовдун айтуусунда У.Барктабасовдун агрессивдүү маанайдагы тарапкерлеринен турган айрым адамдар күч колдонуу менен үч милиция кызматкеринин табелдик куралы тартылып алынган. Милиция кызматкерлеринин айтуусунда алар куралчан болушкан. “Бишкекке кире бериш жерлерге баардык өткөн автомашиналарды курал-жарак боюнча текшерүү үчүн бекеттер орнотулган”, - деди Ф.Ниязов.

Ал ошондой эле Балыкчы шаарында кечээ болгон окуя боюнча коомдук тартипти камсыз кылуу максатында кошумча чаралар көрүлүүдө жана шаардыктар үчүн тынчсызданууга негиз жок деди. (Э.Момунов)