Улуу марш

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Улуу марш
Мукай Элебаев (1906-1944)

Эрин кулдап, күңдөй жумшап бүлөсүн,
Нечен жылдар аккан тердин мөмөсүн,
Тартып алсам деген кара ниеттин,
Кордугуна кантип тирүү көнөсүң?

Улуу марш, улуу сынга,
Сал барын, эч аянба!
Эр жигит эми келди,
Сыналчу зор майданга!

Кыйын-кыстоо–миң жорукка белчеден,
Жедеп бышып, көнгөн элим эзелден.
Теңдеши жок кандай күчтүү болсо да,
Баш урунуп, багынбайбыз эч кимден.

Ачууланган большевиктик замбирек,
Сүрдүү бетин жоого салды күркүрөп.
Эки дүйнө деңгелдешкен майданда,
Чыдай албай, жердин жүзү титиреп.

Жаш-кары жок–түп көтөрө жабыла,
Аянбаган кыйын жоону бет ала,
Дүйнө жүзүн каптагандай калың сел,
Көтөрүлдү чын кармашар майданга.

Эмгек этип, ырысы мол жеринде,
Жазыгы жок, жаткан тыныч элиме,
Өзү келип, кагылышкан жоо менен
Чын оюнду салышалы келгиле!

Улуу марш, улуу сынга,
Сал барын, эч аянба,
Эр жигит эми келди,
Сыналчу зор майданга!


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.