Узак жол

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Узак Жол  (1936) 
by Элебай уулу Мукай

Биздики - элден обочо, жалгыз тамдын түбүндөгү жалгыз кара үй эле. Шашке кез. Биз төшөктөн жаңы туруп жатканбыз. Бир кезде Алмакан эжем ойдо жок жорукту баштап, эпкиндеп, чыркырап барып төшөктө жат-кан энемди басып жыгылды. Анын төшөк тартып жатканына көп болгон.

Энем да күндөкүдөй эмес, көздөрү коркунучтуу, чарасынан чыгып, көкүрөгү кырылдап, билинер-билинбес дем алып, улам жоошуп кетип баратат. Өлүп бараткан адамды биринчи көргөнүм ушул. Ошондо мен он бирдемин.

Баарыбыз үрпөйө түшүп, энемди тегеректеп, үйүлө калдык. Эжем тура түшүп, элирген немедей бардык үнү менен өкүрүп тышка чыкты да, бир кезде кайра кирип келип, энемди дагы басып жыгылды. Биздин үй элден обочо болсо да эжемдин чыңырган дабышы менен бирин-серин эл жыйналып калды. Ошол убакта мен эмнегедир алданып тышка чыгып кеткемин. Аңгыча болбой бир кезде «чур» дей түштү. Чуркураган чаржайыт үндөр уламдан-улам күчөй берип, жаман үйдү көтөрүп кетти.

Ошентип, алты чөбүрө жетим калдык. Эң улуубуз Алмакан эжем, анан мен, менден кийин Беккул, анан Эш-бай, андан кийин Ашымкан деген кыз. Эң кенжебиз Бекдайыр. Баарыбыздын арабыз эки жаштан. Өлөр алдында жана бир кыз төрөп, аны багып ал деп бирөөгө берген. Бул он айга жетпей өлүп калды.

Энем деги койдой чубуртуп, көп төрөгөн адам: төрт эркек, алты кыз болуп, баары — онду тапкан. Үч кызын эрге берген. Ушулардан азыр үйдөгүбүз алтоо.

Энем өлгөн соң, анын ордун басып жетимдерге көз болууга Бурмаке кемпир келди. Бул - атамдын агасы - Элебестин зайыбы. Алтымышка келип калган, бүкчүйгөн гана кичине кемпир. Булардан башка карашаарыбыз жок. Элебес — эзелтен томаяк адам. Ошондуктан Кызыл-Кыя деген жерге жолчу болуп, биротоло көчүп кеткен. Кедей жан багышка бул жер бир аз ылайык эле. Мында көчүп келгенине быйыл үч жыл.

Эми багыбызга туш келгендей быйылкы жыл да өтө кыйын болду. Мезгили жетсе да жакын арада көк чыкпай, күн сурданып, кезек-кезек кара бороон буркурап, эл-дин көзүн ачырбай жутатып туруп алды. Былтыр эгин болбой калган. Анын үстүнө биздин элдин көбү жарытып эгин экпейт. Мыктаганы эки тешеге жетпеген жер айдоочу. Элде быйыл ачарчылык. Ошондуктан бирин-сериндеп кап бөктөрүнүп алып, орус поселкаларына чубап калган.

Биздин бир табак буудайдын акыры кечээ бүткөн. Бүгүн эртеден бери наар алганыбыз жок. Бурмаке кемпир мени төмөн жакта бир үйдөн бир жармалык буудай суратып жиберген. Ал жампайган кепенин түбүндө бир кара үй эле. Бардым. Мурду барбайган чоң кара кемпир, коломтодо күйүп бүткөн тезек чогун жайып коюп, отко кактанып отуруптур. Анын колтугунда жамгырдан ык-кан кулундай корголоп бир кичине кыз олтурат.

Мен барып:

— Бурмаке энем бир чөйчөк буудай берсин дейт — дедим, кемпирге бет бакпай, четке карап туруп. Буйдалган жок, чыгдан жагын бир карап алды да кемпир:

— Жок,— деп күңк этти.

Кайра келдим. Бурмаке энем жаңкыдан бөлөк акыл үйрөтүп жана жиберди.

— Айт, өлбөсөк бир чөйчөк буудайынын кунуна чыгарбыз...

Берген жок, жана кур бардым. Ошондо Бурмаке:

— Эми жокту жерден чукуйбузбу! Силер да таалайыңардан көргүлө, багы жокторум,— деди баарыбыздын көрөр күнүбүз бүткөндөй каран түшүп.

Ушундан он күн өтпөй бир Бурмакеден башкабыз текши кыйрап жыгылып, ооруп калдык. Ар кай жерде чачылып, кыңкыстап жаткан адам. Бурмаке бөкчөңдөп, калтыраган кары колу менен кыдырып, ооруларга суу берип жүрөт. Баягыда бир тамырчы келип, мага он-он беш күнчө суу бер деп кеткен. Ансыз да суудан бөлөк ичээрибиз жок. Мынабу чачы жүндөй уйпаланып, эс-мас болуп жаткан — эжем. Анын бери жагында, коломтого жакын жерде алсыз кыңкыстап Беккул жатат. Капшыра кармап койсо сынып кетчүдөй илмийген билегинин тарамыштары көгөрүп, саналып турат. Тырп этер ал жок. Анын кыңкыстаганына карай:

— Э, Беккул, эмне кагылайын? — дейт Бурмаке. Ал түк да билбейт. Зорго демин алып жаткандай көрүнөт.

Атам болсо, көптөн бери жетимдердин карды үчүн кайгырып, алда-кайда бир жакка кап бөктөрүнүп, бирдеме издеп кеткен. Күндө келер бекен деп күтөбүз, жок.

Бир үйдө четинен кыйрап жаткан ооруларга баш-көз болуп турган — жалгыз Бурмаке. Өзү түн баласында жарытып уйку да көрбөйт. Түндө зарыгып отуруп, талык-шып кеткенде кезек-кезек көзү илинип, кайра селт ойгонуп кетип, коркунучтуу, калың токойго келген эмедей, тегерекке кулак түрүп, көпкө тынып тыңшап калат. Бир-де Беккул чыдабай жаткан түнү таң аткыча кирпик какпай чыкты. Эсимде: түн ортосу кез, карарып өчүп бара жаткан чокту улам көзөп, жайып коюп, мазардай жалгыз өзү коломто жанында олтурат. Чок акырын карарып, күңүрттөтүп, өчүп бараткан. Кээде каалгып кетип, башы шылк эте түшөт. Үй караңгы, жымжырт. Анда-санда гана Беккулдун алсыз дабышы угулат...

Ушул түндө Бурмаке өмүрдө көргөнүн түгөлдөп, ойлоп олтуруп, чарчап кеткендей болуп көрүнүп турду.

Мен төшөктөн бир ай чамасында барып турсам керек. Баарыбыз келте менен жыгылганбыз. Айыккандан кийин чачым таздын башындай жыдып түшүп калганын бир гана билдим. Менден бир аз күн кийин Беккул турду. Анда да чач жок. Биз төшөктөн туруп, тамтуң басууга жараган кезде Беккул экөөбүзгө Бурмаке таяк жасап берди.

— Көп бассаңар муунуңар кирет. Үйдү айланып басып келгиле,— дейт. Биз жолду катар тынып олтуруп, үйдү зорго бир айланып чыгабыз. Бирок мен бассам эле көңүлүм айнып, көзүм тунарып кетет. Жер астын-үстүн болуп, өлө мас кишидей көзүмө эчтеме көрүнбөй кетет.

Молодой жалгыз үй! Анын үстүнө биз четинен кыйрап, жыгылгандан бери бизге каттаган жан болгон жок. Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым: үйдү айландыра салган купкуу там, тамдын бурчундагы жалгыз аттын акыры, анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргол ойноп казган чуңкурлар... Ал чуңкурдун четки бирине топурак толуп, бүтөйүн деп калыптыр. Береги күрөндүдө кечтен бери таарынган эмедей букуюп, ала мойнок ит жатат. Көптөн бери көрбөгөнгө сагынып калгандай мага куйругун булгалап, көзүн жалдыратып, эркелеп коёт.

Арадан көп күн өттү... Бирок, тамактын тартышынан оңой менен муунубуз кирбей койду.

— Атаганат, тамак болсо бат эле тыңып кеткени турасыңар. Мен кантейин эми? Кудай бечара-карыпка боору ачыбайбы! — дейт Бурмаке кемпир. Дар дүйнөдө бир табак талкан бар. Аны үнөмдөп, анда-санда гана чаңыт-тап, жарма жасап, кары колу менен дарыгердей өлчөп, топ ооруга бөлүп берет. Бул жумурубузга жүк болбойт. II

Төшөктөн турганыма бир айдай болгондон кийин, бир күңү таенем келип, мени алып кетти. Алмакан эжем али айыга элек. Мен таенемди ээрчип, тышка чыгып баратканда, ал уйпаланып, көзүн жаап калган чачын бир жагына сылап жатып, мага бурулуп, «кетип баратасыңбы? Кош эми» деген кишидей аянычтуу, кайгылуу көзүн муңайтып кала берди.

Бир гана менин кетишим менен үй жеңилдебейт, мен-ден башка чубурган дагы беш жетим бар. Антсе да менин кетишим үйдөгүлөр үчүн оңой олжо эмес.

Таятамдыкы Чоң-Таштан[1] кырк чакырымдай ары — Кең-Сууда. Таятам чоң бай, бала-бакыралуу, алты уулу бар; алтоо тең четинен дүркүрөп байып келе жаткан.

Таенем мени балчайган, чоң курсак тору бээге учкаштырып алып, үйүнө кечкире келди. Мал кызуу төлдөп жаткан кез. Биз барганда быкпырдай көп койду саап болуп, агытып жаткан экен. Кой саап жаткан бир ак жуумал келин:

— И, энем келди,— деди бизди көрө коюп. Тосмо суудай мемиреген жазы, жумшак кечте, кыжылдаган сансыз кой аралашып, чаржайыт чуркурап, уйлар музоосун издеп мөөрөп, жер суунун тынчын алып, кечки тунук абаны экилендирип, айлана кайнаган күүгө толуп турду. Жалгыз молодой жымжырт жерде өскөн адам, мына бул жерден экинчи бир дүйнөнү көргөндөй болдум.

Бир топ күндөр өттү. Жакын айылдарга барып, бал-дары менен аралашып, аз күндө үйүр алып кеттим.

Бир күнү эртең менен таенем келинине айтып, бир кичине көнөчөккө мага айран куйдуруп берди да:

— Бар, кагылайын, козу кайтарып кел. Үйгө жиберүүчү болбо,— деди.

Таенем көзү бажырайган, балпайган, чоң кара байбиче. Чекесинин так ортосунда чоң меңи бар. Таятам жетимишке чыгып, былтыр өлгөн. Анын күмбөзүн тургузабыз деп он чакты кишиге кыш куйдуруп жаткан экен.

Айымжан таежеңем «киш-киш» деп козуларды айда-шып, короодон узатышып салды. Жер жайнаган жаш козуларды жогору карай айдап, мен кете бердим. Колумда узун чыбык. Кийин калгандарын сайып койсом, кээ бири туйлап кетет. Жашы мени менен тең — Курманбай таякем кызык көрүп, ээрчип чыккан. Бир аз ойноп жүрүп, эриккен кезде кайра кетип калды.

Козуларды жайып олтуруп, айылдан абдан узаган кезде, бир кырдан ашырып таштадым да, өзүм келер жолун тосуп бери жактагы бир дөңсөөгө көнөчөгүмдү коюп, олтура кеттим. Кызык көрүнөт: көнөчөктү улам айландырып, карай берем. Козулар бадалга кирип кетип тын-чып калган кезде чокоюмду чечип жайып таштап, алдыма тонумду жая салып, жата кеттим. Айланамда көп караан жок, мына мында гана Сарыбай байдын баласы куш салып, тамаша жасап жүрөт. Сарыбай — байлыгы-нан бүтүн көл өрөөнүнө, андан калса казактын Албан элине түгөл маалым болгон адам. Ошондуктан «Сан жыл-кылуу Сарыбай» деген атка конгон.

Бала береги борчук ташка келгенде, колундагы кушун бир сагызганды көздөй шилтеп жиберди да, чылк күмүш менен жабдылган атын шарактатып, төмөн карай кирип кетти. Андан жогору карасам, тээтиги бир алыскы чоку-да, жалгыз койчу, салмак менен гана созуп, озондоп, кырдан ашып баратат.

Ошентип туруп, көрбөй калыпмын, менин ылдый жагымдагы каптал менен, жүзгө жакын козу дүркүрөп агып, төмөн карай кирип бараткан экен. Шашкан бойдон, дүнүйөмдүн баарын олтурган жеримде калтырып, ала-сала куюндап, мен да жөнөдүм. Ээлигип алган ойноок козулар ошондон үркүп отуруп кой короого барып бир эле токтоду. Аларга жетпей калып, орто жолдон кай-тып келе жатсам, калганы дагы жамырап, жүрүп калган экен. Аларды тосконум жок, «эми болоору болду го»,— дедим да жайына коё бердим.

Эртеси дагы ушундай жайып чыктым. Күн ачык, ылдыйтан козу жайып бир бала келди. Бою менден чоң эмес, кийими жакшы, бутунда өтүк, баркыт шымы бар. .Колунда меникиндей көнөчөк. Экөөбүз козуларды кошуп жиберип, жогору жайпатып олтуруп, чоң беттеги калың табылгыны аралатып жибердик. Козулар табылгыга сиңип-сиңип кетишти. Өзүбүз бери жакта калып, бийиктен таш жарыштырып, ойной баштадык. Мен эки сапар ашырып ыргыттым.

— Ордуңан жылбай ыргыт,— дейт бала.

— Сен да жылбай ыргыт!

Күн ысый берген кезде оюнду таштап, көнөчөгүбүзгө келип, айран ичтик. Аны бая жалбырак менен көлөкөлөп кеткенбиз. Бала көнөчөктөн обочороок чөгөлөп алып, түтүк корулдатып ойноп ичти да:

— Сен дагы ушинтип ич, жакшы болот,— деди.

— Жөн эле ичем,— деп мен түбүнөн көтөрүп алдым. Ошол мүнөттө топ козу бөлүнүп алып, жүрүп калды.

— Тос тигини,— деди бала чөгөлөп, айран ичип жатып.

— Тоспоймун, ал сенин козуң,—дедим мен. Бала мага жакындай түшүп, бетимден аткып алчудай тикирейип келип, каршыма тура калды да:

— Эмне, атаңдын көрү, тентиген кул! — деди. Мен да тилимди тарткан жокмун:

— Атаңдын сени көрү.

— Арам кул, кимдин үйүндө жүрөсүң? Кайтарган козуң кимдики? Элиң кайда?..

Ошентти да мени жакадан алды. Мен да жакалап, жооп бердим. Бир сапар күрөшө кетип, ит жыгылыш болуп, будаланып кайра турдук. Ал бир кезде жакамды коё берип, ары кетип калып, издеп жүрүп, былжыраган бир түрү суук кара куртту чубалжытып, чөпкө кыпчып келди да:

— Мойнуңа салам,— деп жогору көтөрүп мага сунду. Ал келип жеткиче мен даярданып алып:

— Жакын жолобо, болбосо атырылтам,— деп тегеренип туруп алдым...

Бешимден өтө бергенде козуларды жамыратып айдап келдим. Топ киши кубалап козуларды көгөндөп болгончо кырдан аша коюп койлор да келип калды. Жаш тууган койлор козуларын жоктоп чуркурап, заматта жерди жаңыртып жиберди.

Короону тегеректей конгон төрт-беш үй бар. Башкы дардайган чоң ак үй менин таятамдыкы. Кой келери менен ар кайсы үйдөн идиштерин көтөрүп, бирден-экиден болуп, эрине баскан келиндер чыгып келди.

— Бол эми, бат-бат кармап жибер,— деди Айымжан таежеңем мага.

Менден башка да кой саадырып жүргөн бир тобу бар. Аралай кубалап, кой кармап жүрөбүз. Үч-төрт койду саадыргандан кийин, көпүрөгө келген эшектей кыйык бир кара токтуну кыйкылдатып, зорго жетелеп келди. Мындай арам болорбу, саанчыга желини жаңы тие бер-генде атып кетип, мени дыргаяктатып, алып жүрүп бербеспи. Өлбөй тирүү куткарбаймын деген немедей мойну-нан салаалаган колумду чыгарбай, тери шымды калдыратып, өлөрмандыкка салып, мен да жүрүп отурдум. Ошентип баратып, бир кезде жыңайлак бутумду курч туягы басып кетти эле сазайымды тартып, отура калдым. Койдун чыласына кесилип жүргөн бутум чатырап, канап кетти. Жакын жерде кой саап олтурган бир катын:

— Байкушту жаман басып алды ээ,— деди мени аяган кишидей, короонун башында, дүйнөнүн баарын көзү менен чолуп отурган таенем, менин жаңкымды көрүп калып:

— Деги, томаяктын баласына мал ошондой келет тура,— дегендей болду. Бул сөзү мага араң угулду. Мен секеңдеп, аксап барып, андан башкасын кармап келдим. Кой саадырып турсам, таенем жаныма келип, бутактуу кыпкызыл табылгы таягын оң колуна бош таянып тура калды да, менин үстүмдү айландыра карап алып:

— Ырысы жок, тонуңду эмне тыттырып алгансың?— деди.

— Бая Сасбактын баласы ала качып жүрүп ушинтип койду,— дедим мен койдун мойнунан кармап туруп, көгөндөгү козуларды карап калып.

— Ырысы жок, оюнду эмне кыласың? Сага ким жамап берет?

— Ойногон эмесмин. Менин козумду тоспойсуң деп, өзү келип тийишти,— деп улуюп жерге карадым.

— Ырысы жок, ырысы жок киши ошондой болот! Таенемдин сөөктөн өткөндөй заар тили менен сыйлап

туруп, үстүмдү бүтөп бергенинен, антпей жылаңач койгону жеңил көрүнүп турду. Ачуулангандан эки сөзүнүн бири «ырысы жок». Бул сөз энчиме басылгандай, көбүнчө мага жумшалчу. Ал Курманбайга канчалык ачууланса да бир айтып көргөн эмес. Ошон үчүн мен «ырысы жок» жалаң томаяктар үчүн гана бүткөн сөз болсо керек деп ойлочумун.

Жаңкы бала экөөбүздүн тарыхыбызды таенеме, Курманбай жеткирсе керек. Бөлөк киши айткан жок, билем. Ал айтканы бышык болсо, мени мактабасына көзүм жетет. Экөөбүз башынан өчпүз. Мен жокто таенемдин колтугуна кирип алып, көр-жерди жамап көбүн өзүнөн кошуп, мени бүлдүрүп, жамандай берчү.

— Малды буту менен тээп жиберет экен,— деп арзыбаган немелер менен жамандап жатканын да бир укканым. Мал тепкен кишини таенем жек көрчү...

Бир күнү кечке жакын:

— Сарыбай байдын байбичеси чакырат,— деп мени бирөө чакырып алып кетти.

Сарыбайдыкы Кең-Суунун ичинде, алыстан бадырайып турган эки ак үй эле. Тегерегинде дайым мандырдай болгон төрт-беш боз үйлөр тигилип турар эле. Ысмайыл, Букара, Карыбай деген балдарында да бирден ак үй бар. Бирок, Сарыбайдын өз үйү бүтүн Кең-Сууда бадырайып бөтөнчө туруучу.

Ушинткен Сарыбай байдын байбичеси мени киши катары санап, «ардактап» чакыртып жибергени мени таң калтырды. «Сарыбай» деп сырттан укканым менен үйүн көргөн жан эмесмин. Бардым. Тыштан бирөө мени баш-тап барып, ак үйүнө кийирди. Мен кирип токтогон алдыңкы бөлмөсүндө чымкый бачайы — макмалдын үстүндө жашыл тукаба чапанын желбегей жамынып, көөлгүгөн бир зайып отурат. Башында заңкайган торгун элечек. Байбиче ушул экенин байкадым. Жашы жетип калса да (бери болгондо элүү беште болор) кең дөөлөттүн аркасын-да, али карылыкка толук моюн суна койбогондугу көрүнүп турат. Семиз, чатыраган кызыл киши экен.

Мен кирип барганда: «мына бул жерге олтур» деген-дей ишаара кылып, өзүнө жакын жерден орун көрсөттү. Бир аз жымжырт. Тагдырым ушунун колунда тургандай, ааламга аян болгон байбиченин алдында, анын чечимин күтүп, байлоого түшкөн кулдай уңкуюп, мен отурам. Колума берген жалгыз нанды сындырып жеп отуруп.

«Балким менин жетимдигиме жаны ачып, бирдеме берейин деп чакыргандыр» деп ойлоп коём.

Байбиче бир кезде сол колун сунуп, мага бирдеме берди. Колума тийгенден кийин карасам; бири беш тыйындык, бири эки тыйындык — жети тыйын жез! Адегенде: «капырай, сан жылкылуу Сарыбайдын колунан жети тыйын чыкканыбы» деп ойлосом да артынан түшүндүм. Бул мага берген садагасы экен! Анткени Сары-бай бай көптөн бери ноокас эле. Бая мен келгенде элдин аягы басылбай, бири кирип, бири чыгып, төркү бөлмөдө жаткан байдын көңүлүн сурап жатышкан. Мен ушул үчүн чакырылып келипмин. Азыр мен нан жеп отурган-да, байбиче бирдемени дубалап жаткан молдодой, оозу башын күбүрөтүп, колунда аралаштырып кармап турган бир, эки жез тыйынга кезек-кезек «сув!» деп коюп отурган.

Садага бериш үчүн төрт кыбыласы түгөл жетим издешип, буга бүтүн Кең-Суудан мени туура такса керек!

Бир нанды жеп, жети тыйынды алганымдан кийин эми менде эч кимдин тыйынча да жумушу жок көрүндү: жолума түштүм. Бая мени үйгө киргизген неме иттен чыгарып койду. Жолдо бара жатып, бүгүн мени кордогондой, кемсинткендей болуп көрүнүп, көңүлүм иренжиди. Мени эмнеге чакырып кеткенине, мурун түшүнүп алышкандай, үйгө баргандан кийин Сарыбай байдыкынан эмне «олжо» менен келгеним тууралуу менден эч ким сураган жок.

Үч ай жүргөнүмдөн кийин бир күнү Элебес келип, мени алып кетти. Буга таенем да көп карышкан жок. Биз аттанганы жатсак:

— Кетсең кет эми. Сага бирдеме да кийгизе албай калдым. Жамандабай бар...— деген болду да, өзүнүн бир эски күрмөсүн берди. Жаздай жүрүп тапкан олжом ушул!

Таята, таекелерим, четинен бай. Бирок аларды башы-нан сараң кылып жараткан! Байлык жагына келгенде бул Кең-Сууда Чыңгышбай уулунан ашып түшкөн бай кем. Жалаң бир атадан тарагандар бир уруу журттай болуп, эртели-кеч малы жайылып чыкканда кара таандай каптачу. Ошентсе да, котур улак үчүн өлгөн өңкөй сараң. Тогуз жүз койлуу тун уулу — Сааданбай тери шымдан бөлөк, өмүрүндө кездеме кийип көргөн жан эмес. Али эсимде: бир күнү талаадан өөдөлөнүп өлгөн бир токту үчүн кадимкидей ыйлап, койчусун таң аткыча сабап чыккан.

Балдарынын аты уйкаш. Эң улуусу: Сааданбай, анан Мергенбай, анан Ийгенбай, Деркенбай, Орозобай, Кар-таңбай. III

Мен таятамкынан кеткенде туура Кызыл-Кыяга бар-дым. Элебес ушул жерде жолчу. Чоң-Ташка барбай, туура Кызыл-Кыяга эмне үчүн кетип баратканыбызды Элебес жолду ката мага мындай деп түшүндүрдү:

— Сен баягыда таятаңдыкына кеткенден кийин, силердин үйдү Кызыл-Кыяга көчүрүп алып, бүгүп таштап, жетимдерди биздин үстүбүзгө кийрип алганбыз. Азыр баарыбыз бир үйдөбүз. Эми ошентип оокат кылбасак болобу...

Кызыл-Кыя деп, кадимки атактуу Каркыра жарманкесинен элүү чакырымдай бери, бир чоң ашууну айтат. Каракол, Жаркент, Кулжа, Нарынкол — баарынын аралыгындагы түйүшкөн жери — Каркыра.

Кызыл-Кыянын түбүндө жайдыр-кыштыр козголбой жети-сегиз түтүн кедейлер отурат. Буларды «жолчу» дейт. Падыша өкмөтү буларды ар кайсы болуштан милдеттүү кылып жыйнап алган. Жолчулуктун мөөнөтү бери болгондо төрт жыл. Бирок ушулардын ичинде он жылдан бери турган жолчулар да бар. Өзү жайлоо мисалдуу жер. Кышында кардын тереңдигинен жолго орноткон карагайларга киречилер көчүгүн коюп, попорос тартар эле. Ат жолдон чыкты жок: кур этип тереңге кетет.

Ушу жерде дагы бир-эки түтүн орус бар. Булар жолчу эмес. Бири Башарин деген бир чоң бай. Мунун Кызыл-Кыяга келип түшкөнүнө көп жыл болсо керек. Бул тууралуу кыргыздар «башында жалгыз арабалуу аты менен келип, акиташ бышырып сатып, ошондон уланып, байыган адам...» деп кеп кылуучу. Жылыга жетимиш-сексен ую тууйт. Элебестин келини, Жанымжан ушунун уюн саайт экен.

Кызыл-Кыя өрөөнүндө булардан башка да ар кайсы коктуда, сайларда бал челек салган, мал кесибин кылган бирин-серин орустар болот. Деген менен бул өрөөндө Башаринден ашып түшкөн бай жок. Жалгыз гана Каркырадан отуз чакырымдай бери, Кызыл-Кыядан ары — Кутурган булакта «почточу Метирей» деген чоң көпөс бар. Метирейдин бул жердеги жайынан башка жана Караколдо, Түптө бирден үйлөрү болучу. Мунун аттарын жолчулар алыстан таанышат. Тетигиндейден келе жат-канда «тиги Маңкашка, тиги Чабдар ат» деп турушат. Мунун Кутурган булакка жай салып, почто тартып турганына да кыйла замандар болгон экен.

Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Артыкча кышкысы кыямат. Кышында жолчулар түн баласында жары-тып уйку көрбөйт. Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба... Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү.

Ошондуктан, эзелтен жүрөк үшүп жалкотой болгон кургурлар не бир бороондогон айсыз караңгыда, сак жат-кан кулактар алда кайдан ызылдап келе жаткан коңгуроонун дабышын уга коюп, төшөктөн ыргып туруп, бүлүк түшүп калар эле...

Мен Кызыл-Кыяга барганда, атам төшөктө жаткан экен. Оорусу кыйын. Иштин түбүнө жаңы түшүндүм. Мени таятамдыкынан алып келген себеби да ушул көрүнөт. Атам адегенде мени тааныган жок окшойт. Үңүрөйгөн терең кабагынын алдындагы алсыз көзү менен бир топко мени тиктеп туруп-туруп:

— И, сен белең! — деп койду да жөн болду.

Деги таятамдыкынан келгенге жараша, мына бу да чекем жылый турган жер көрүнбөйт! Атам көр оозунда турганына капары жок, Эшпай көз жашын көлдөтүп кардым ачты деп ыңылдап тамак сурап отурат. Береги кишиден калган бир жарманын түбүн шыпкап ууртап, ырсыйып, Ашымкан карындашым отурат. Айтор, бул үй отун-суусуз бир жерге жаңы көчүп түшкөндөй жутаңкы. Ошого жараша да киши-кирим бүлөлүү болсокчу. Жалаң биз, атамдан башкабыз күчүктөй чубурган алты жетим. Эми Бейшембинин балдары канча! Бейшемби — Элебестин жалгыз уулу, отуздан аша берген, суюк сакал, кыр мурун, узун бойлуу, кара жигит. Мунун үч баласы бар.

Ушинтип, эки үйдүкүн кошкондо жалаң чөбүрө балдар ондон ашык. Койчу эми, бир үйдө каптаган он төрт киши болдук да калдык.

Көп узаган жок, атам өлүп кетти. Бул момураган бир жумшак түн эле. Биз төшөккө жаңы жатканбыз. Уктап кетсем керек, бир кезде күтпөгөн жерден:

— Оо, тумшугу жоктор тургула! —деген Бурмакенин күндөгүдөн бөтөнчө ачуу дабышы менен селт ойгонуп кеттим.

Баарыбыз уйпаланып, кайра турдук. Үй чуулдап калды. Ошондо кайдан жеткенин билбейм, айтор, уйкулуу көзүбүздү ача электе бир катын жетип келип, Беккул экөөбүзгө бирден таяк берип, эшикке жетелеп чыкты да:

— Ме, мына муну таянып алып, көзүңөрдөн кан чык-кыча ыйлагыла, шордуулар,— деп үйдүн жанында бөйрөгүн таянып, өкүрүп турган Бейшембинин катарына саптап, тургузуп кетти.

Беккул колундагы таягынан узун эмес. Ал да көндү. Бирок жарытып үнү чыкпайт. Мен, оболу элди тыңшап алдым. Бейшемби «эсил кайран бир боорум» деп жатат. Мен «эсил кайран атакем» деп кирдим. Аңгыча Беккул Да мени туурап өкүрө баштады. Ошондо мен экөөбүздүкү бир сөз болуп калганына намыстанып, эл өкүрүп бир пас басыла калган кезде, Беккулга бурулуп, жыңайлак бутун тиктеп туруп...

— Сен кишини ээрчибей, өзүңчө таап өкүр,— дедим. Таң атып калган. Ошол кезде төмөн жактан топ кишинин өкүрүгү чыкты. Ордубуздан тура калып, биз да жамырадык. Ошондо Беккулду тыңшасам дагы эле «эсил кайран атакем» деп жүрөт. Токтой калып бурулдум да:

— Өзүңчө сөз таап ал дебедим беле,— деп уруша кет-тим. Ошенткенде ал токтой калды, мен кайра өкүрүп кирдим.

Байкай албай калдым, айтор Беккул дагы мени туурап жаңкыдай болду.

Бирок бул жөнүндө мен жаңылганымды кийин билдим. IV

Биздин айыл Серкенин кашаасында. «Серкенин кашаасы» дегенибиз: айланасы жүз саржанча келген бир таш короо. Буга көп заман болсо керек: четинен урап, бузулуп калган. Көлөмү кенен, бир теше бар. Бул короону башында ким салганын жана качан салганын ушул күнгө чейин анык билбеймин. Бирок ошол кезде бирөөлөр: «Илгери бир заманда бу жерди калмактар мекен этип, турган экен. Алардын бир нече миң серкеси болуп-тур. Кашааны ошо салдырыптыр. Тегерегиндеги аңдар болсо, жоокерчилик заманында казылса керек...» дечү. «Серкенин кашаасы» деген ат ошондон калган имиш. Өзү Түп суусунун боюнда мелтиреген талаада, жолго жакын. Ары-бери өткөн киречилер ушул жерде отурган жолчуларга түшүп, самоор койдуруп чай ичип өтүүчү. Жолчулардын кыштоолору ушул жерден көрүнүп турат, арасы тай чабым жер.

Бир күнү кечинде, тыштан отун кертип жатып, Жанымжан:

— Апей, эне! Баягы Урманбет келетат,— деди.

— Эмине дейт? — деп үйдөн Бурмаке күңк этти.

— Мына, келип да калды.

Эми Урманбет ким экенин билмек болдук го.

Менин чоң атам Алымбектен тарагандар бешөө. Аларды жашына карай баш ылдый айтканда мындай болуп чыгат: Барктабас, Баалабас, Элебес, Эстебес, Элебай. Барктабас менен Эстебес мен төрөлө электе өлүптүр. Барктабастан тукум жок. Эстебестен Урманбет, Турдумамбет деген эки бала калат. Атасы өлгөндөн кийин Урманбетти менин атам, Турдумамбетти Элебес асырап алат. Турдумамбеттин аты жаңы туулганда ушундай деп коюлганы менен аны элдин баары «Бечел» дечү. Анткени, маалынан өткөндөн кийин эки жыл бечел калыптыр. Ошол себеп менен түбөлүк аты «Бечел» болуп кала берет.

Урманбеттин элден безип кеткенине быйыл үч жыл. Эне, атам өлгөнүн бул көргөн да жок. Мунун көптөн бери кай жерде, кай калааларда жүргөнүн билүүчү да эмеспиз. Бирде, «Караколдо экен» деп, бирде «Анжиянга соодагердин малын айдашып кетиптир» деп гана бирөөлөрдөн угаар элем. Эми бирөөдөн «Каркырада бир сартка малай жүрүп, ал акысын бербей койгон соң, бир атын минип алып качып баратып, кайра кармалып кетиптир»,— деп угуп калуучубуз. Аныгын билген эч ким жок.

Жетимчиликтин айынан бул көрбөгөн азап, жүрбөгөн жер кечпеген суу калган эмес. Илгери бир үйдө казанда эт оодарыштырып жатып, «жетимчиликти менден көп көргөнүң жоктур» деп, кеп уруп отурганын да бир уккамын. Өзү бала күнүнөн шок чыккан. Бир жерге байыр алып турган жан эмес. Тынч турса буулугуп, ичи бышып кетүүчү. Канчалык айыл болсо дагы башынан кирип аягынан чыкпай көңүлү тынбайт.

Ушунун бир жоругу али эсте. Жаздын күнү, бир топ бала чүкө ойноп отуруп, кечинде үйлөрүнө тарап бара жаткан кези эле. Аңгыча Урманбет, оттоп турган бир саан уйга далп этип, секирип минип алды; уй сырак-сырак этип, тоңкочуктап мөңкүп кетти. Урманбет оңкосунан барып түштү, эл боорун тытып күлүп калды... Кийин борбуюн көтөрүп алган соң, элден биротоло кол үзүп, дайнын таптырбай кеткен. Нечен жолу издеп барып, жүргөн жеринен таап алып келсе да, беш түнөбөй кайра көздөн кайым болучу. «Эл, журттан безгендин акыр түбү оңбойт, мунуңду кой» деп ар кимдер айтып да көрдү, бирок өз оюн өлсө бербеген, айтканынан кайтпаган бир көк мелтей эле. Жакын туугандары нечен аракетке салып, «акыл, насаат» айтып жатса да «ооба сеникин билип турам» деп, ичинен тыңган эмедей унчукпай гана дулуюп отура берүүчү. Өзү далысы бир кез келген, болук, дордок бет, эрди түйрүк, кабагы бийик, кыпкызыл көзүнүн ары жагынан эрдиги жайнап тургандай неме эле.

Бая бул күүгүмдө келди. Башында жыртык боз калпак, үстүндө сүйрөлгөн узун кара таар, бутунда жалпак таман кашкарлык өтүгү бар. Бул кейпи кашкарлыкка жүрүп келгенин далилдегендей:

Эзелден энчисине басылгандай, үйгө кирсе дайым ирегеге барып отурмай адаты. Эми да ошол. Ирегеде бир ээрге жөлөнүп, бир бутун чала сунуп таштап, колун куушуруп, калпагын кабагына баса кийип, бирөөнүн тымызын сырын тартып отурган немедей, унчукпай гана дулуюп, үйдүн ичин көзүнүн алды менен уурданып карап отурат. Эмнени ойлоп отурат болду?

Бейшемби буга бирдеме деп акыл айтып отурат.

— Көп жыл эл көрбөй безип жүрүп да мүйүзүң чык-кан жок. Эми баш кошуп, эптеп оокат кылалы, жетимдерди багалы,— деди бир кезде.

Бурмаке да бир жактан, Бейшембиге жардамдашып:

— Алдыңа кетейин, эми тил ал! Аздыр-көптүр эсиң кирди, Бейшекеңдин акылын таштаба,— деп жатат.

Урманбет булардын сөзүн акылга салып, ойлонуп жаткан немедей «лам» деп сөз катпай, оттун жанында турган чоргосу сынык, кара кумгандан көзүн албай гана мелтиреп* отурат. Не бир айтылбаган акылдар айтылды. Бейшемби көп асылды. «Эми жибидиң го, калдың го» деп мен ойлоп отурам. Ал ошентип мелтиреген бойдон отурду да, күтпөгөн жерден бир кезде:

— Жок, кетем,— деп кыскасынан гана бир жооп кайырды. Башка бир сөз каткан жок, кечтен бери асылып айткан сөздөргө бар берген жообу ушул болду. Бейшемби түңүлбөй, мындан кийин да көп айтты. Урманбет бая тышка чыкканда артынан эре чыгып, сүйлөшүп да келген.

Ушул күнү кечинде биздикине бир нече киречи татар жигиттер келип түшкөн. Баары бир кур жаштар. Чай ичип, жайланып алгандан кийин, попорос чегип, гармон тартып, ырдашып, биздин жаман үйдү төбөсүнө көтөрүп отурушту. Урманбет бир кезде бери жактагы сөздү таш-тап коюп, ушулар менен сүйлөшүп кетти. Максаты — ушулардын киресине сүйлөшүп, Караколго түшүп кетмек болуп жатат. Мырзалардын эң жогору жагында, жүккө таяй, чалкасынан керилип, попоростун түтүнүн түндүктү карай буралтып, үйлөп, ырахаттанып отурган чарчы бойлуу сары жигит, Урманбетке кыйгачынан бир карап алды да:

— «Канча бересиң?» — деди көңүлсүнбөй туруп.

— Элүү тыйын беремин,— деди жетим көзү менен жалдырап.

— Жок, анда болбойт.

Соода бир топко созулду. Урманбет бир кезде:

— Бары бир сомго жетпеген акчам бар, садагаң кетейиндер,— деп жалооруп, чын сырын айтты да арты-нан: — Сексен тыйын берейин, анан өзүм түшкөн арабаны Караколго жеткиче айдап барайын,— деди.

Соодалашкан жигит бир топко унчукпай калып, артынан бирдеме эсине түшкөндөй!

— Бер, акчаңды! — деди.

Урманбет оң жак койнунан бир жоолукту сууруп чыкты да, учундагы топчудай түйүнчөктү чечип, бечара колу менен аяр тыйындарын санады. Мен ошондо аяп

кеттим да, «ай, дүнүйө ай! Ушул байкуштан албай койсо эмнеси кетет эле? Ушул эл бечара карыпты эмине аябайт, элдин баары мендей боору ачыбайт?» деп ойлоп кеттим.

Өмүрдө карыпчылыктан кайгылуу нерсе жок!

Урманбет бая бир тышка чыккан бойдон үйгө кирген эмес. Биз жатып жаткан учурда киречилер менен калдырап, жөнөп кеткендей болду. Беш жылдан бери бүгүн келип, бир конбой кеткенине менин ичим күйүп калды. Урманбеттин алдагы тагдырын ойлоп, көпкө уктабай жаттым...

Кечикпей ушул жаз Урманбетти жана көрдүк. Бул сапар Караколдон Каркырага өтүп бара жатыптыр. Анжияндык бир байга малай экен. Баягыдай эмес, бу жолу көңүлү көтөрүңкү. Минген аты бар. Аны мактап, Караколдон келатып, далай жолу солдаттардан качып кутулганын айтып отурду. V

Кийинки жылы жайында Элебес мени Василий деген адамга малай берди. Уй кайтарам. Василийдики Түптүн аркы өйүзүндө, Чоң Булактын оозундагы түздөгү жалгыз үй. Аппак шыбаган үйү алда кайдан жаркырап, көрүнүп туруучу.

Биз аттаналы деп жатканда Бурмаке:

— Эми жакшы жүр, ушинтип оокат кылбасак анан өзүң үйдү көрүп турбайсыңбы? — деди мага.

— Барамын, кайта жакшы болот — дедим мен. Тышка чыгып, мени аяктап, учкаштырып жатып дагы:

— Деги эмне бермек болду? — деп Элебестен сурады.

— Айлыгы эки сом.

— Мейли, эки сом болсо да бирөө бекер береби,— деди, аттанып алган бизге шыкырайып туруп.

Биз аттанганда асман бүркөлүп, төбөдө бир кара булут ары-бери уюлгуп, жел согуп, күн салкындап турган. Анткени менен көптөн бери күн жаабайт.

Талаа менен келебиз. Береги биздин алдыбызда Башариндин көп ую жер жайнап жайылып жатат. Уйчу күн бүркөк болсо да кеч жакындаганын сезгендей узун камчысын булгалап, ышкырып, айдай баштады.

Элебес эзелтен жөнү жокко капачыл, күйкөлөк адам. Кезек-кезек тору байталды курсакка күрс-күрс теминип алат да, капалуу, күйкөлөң сөзү менен кейип өзүнчө бирдемелерди кобурап кетет. Бара түшүп, иренжиген түр менен чыгыш жакты мурчуюп бир карап алып:

— Кудайдын күнү да бир тамбас болду! — деп коёт. Мен унчукпаймын. Эки жакты улам алмаштырып карап коём. Элебес байталды жана бир теминип алат да:

— Кудай бизди эмине мынча кууратып жасадың экен...— деп кобурап кетет.

Элебестин күйүк сөздөрү эзелтен кулакка сиңип, көнүмүш болуп калгандыктан үйдөгүлөр аны көп элес да кылбайт. Өңү дайым ачуу дары жуткандай тырышып туруучу. Өзү буурул сакал болуп, карып калган адам. Бирок «бул неге мындай» деп, мен ошонун күйүк сөздөрүнүн тамырын издеп, далай ойлончумун. Ушундай болор-болбоско капаланып киргенде кээде Бурмаке: «баягынын ачуусу дагы кармадыбы? Дүнүйөдө бир жаркырап отурар күнүбүз болор бекен?» деп коёр эле.

Василийдикине күн бата бардык. Василий орто бойлуу гана курсагы чоң, челкейген адам. Көйнөкчөн болуп тышта жүрүптүр. Бизди көрө коюп:

— И, келди? — деди, муруту менен билинер-билинбес жымыйып.

Түшүп үйгө кирдик. Кире берген жерден, төркү үйүнөн чокуна турган сүрөтү көзгө учурай түштү. Мага бул анча таңсык эмес, мындай сүрөттөрдү Башариндикинен да көргөмүн. Тамаша мына бу керебетинин тушуна кадаган чоң, боз сүрөт экен. Өзү сансыз бир көп аскер: уруш, аты «Кыйратуу». Жоо менен алышып, мында бирөө кылыч менен качырып келип, бирөөнү салып жатат. Жоого тийсең ошондой тий! Бери болжогондо бир миң аскер, качкан жоонун артынан чубап, күркүрөгөн сууга жаңы кирди.

Василийдин мурду коңкойгон, узун бойлуу көк көз катыны, үйгө кирип келген сары баш жөжөлөрдү чыйпылдатып, «киш-киштеп» айдап салды да, мештен бир кара чөөгүндү сууруп чыгып, бизге шорпо куюп келди. Үч-төрт жумуртка, эки кескен нан койду.

Тамак ичип олтуруп, Элебес тигилер менен анда-сан-да бирдеме деп, сүйлөшкөн болуп коёт. Василий өзү кыргызчага тантыр-мунтур. Мунун бойго жеткен бир сулуу кызы бар. Бул үйдө кыргызчаны таза сүйлөгөн ушул.

Тамактан кийин Элебес аярдабай аттанып кетти. Чет жерде туткунга түшкөн адамдай бирөөнүн көзүнө карап, мусаапыр болуп, мен калдым. Жатаарда катыны мага бир таарды колтуктатып, өзү менден боюн обочо алып, сокур кишини жетелегендей оозгу үйүнө жетелеп, алып келди да:

— Ушундай жат,— деп бурчту көрсөтүп, кетип калды. Көрсөткөн жерине таарды жая салып, үстүмө тонумду жамынып жатып алдым. Жымжырттык баскан момураган жумшак түн. Менин маңдайымда, чабыранын ичинде, үрпөйүп, бир тоок жатат. Мынабу мештин түбүндө мойнун куркуйтуп жаңыдан чөгүп жаткан каз болсо керек. Ошол арада, караңгыда көрүнбөй «мыяулап» дагы бир мышык жүрөт.

Бир аздан кийин ай көтөрүлдү. Терезеден тийген айдын шооласы үйдүн ичин жаркыратып жиберди. Тыш тыптынч, үйдүн жанында, жайдак короодогу уйлар эбак жуушап калган; бери четте, арткы буттарын ирээтсиз керип жиберип, эринип, дардайган бир күрөң уй жатат. Ушул кезде дүйнөдө шырт эткен шыбыш өчүп, Василийдин деңиздеги аралдай жалгыз үйү, толкунсуз көлдө токтогон кемедей каалгып, мемиреп турду.

Эртең менен уктап жатсам бир кезде Василий мени түртүп ойготту да, уйкулуу көзүм менен жетелеп алган бойдон кетти. «Кайда алып барар экен?» деп, жетелеген жагына кетип барам. Ээрчитип отуруп, үй артындагы арыктын боюна алып барып, агып жаткан сууну колу менен жаңсап көрсөттү да, мени таштап коюп, кайра кетти. Анын оюна эми түшүндүм. Мунусу бетиңди жуу дегени окшойт. Анын артынан: «менин эмнемден жийиркенди болду» деп бир ойлоп алдым. Эртең мененки жаңы салкын сууга жуунуп, кир көйнөгүмдүн этеги менен будалап, сүрткөн болдум да короону тегеренип кайра бастым. Катыны уйду саап коюп, үйүнө кетип баратып, мени көрүп, чала бурула калды да:

— Айда, тамак ашасенчи,— деди.

Кечээкидей жерге отургузуп тамак берди. Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алды-нан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү. Бир топ уккандан кийин мен:

— Билем,— деп башымды ийкедим.

Асман кирсиз ачык. Күн бүгүн кандай көңүлдүү тий-ген! Отузга жакын уйларды алдыма салып алып, Түп суусун бойлоп төмөн карай кирип кеттим. Жалгызмын. Көңүлсүз, киши эриге турган. Эки жагыма караймын. Бирок, мага көрүнгөндүн баары алыста. Тээ береки мунарыктаган, алда кайда бир түздө өгүздөрүн өңкүлдөтүп ары-бери чапкылап ойноп эки койчу жүрөт. Койлорун ийрип, жуушатып салыптыр. Андан ылдый, сай боюнда көп уйду камап таштап эки киши отурат. Тиги бирөө сайдан чыгып бараткан уйларды таш ыргытып, кайра тосуп салды. Кандай ырыстуу немелер деп, ойлоп коём. Бирок барыш мүмкүн эмес, алыс, чоң суунун ары өйүзүндө, жана күкүк болуп, суу кирип жаткан.

Көп болду. Уйлар токтобойт. Күн ысыганда ого бетер тынчы кетип, куйругун шыйпанып, чычаңдап, сайгак-тай баштады. Ошол арада мен бар уйду жыйнап айдап келип көгөргөн бир иримге туюктап, камап салдым да, өзүм бир жагынан тосуп туруп алдым. Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып ток-той калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи! Аңгыча болбой бар уй чакчелекей түшүп, кызыл уйдун артынан жана бир тобу сырактап жөнөп берди. Жоо тийгендей чачылган уйлардын кайсы бирин тосорумду билбей туруп калдым.

Эртең менен короодон чыгып баратканымда кожоюнум:

— Балчелекке жибербе, ато жиберсе...— деп, сөөмөйүн көрсөтүп калган. Ошол эсиме түштү. Айткандай, кара ниет кызыл уй түз эле ошол төштүн түбүндөгү балчелекти көздөй салды. Башкаларын унутуп коюп, мен да жалгыз ошонун артынан түштүм. Ал куйругун чычай-тып көтөрүп алып, өңкүлдөп кетип барат, мен артынан калбай безилдеп, кууп барам.

Балчелектин тегереги кеминде кырк теше келген чөп чабыш. Мунун бир чети тоого такалат да, экинчи чети Василийдин үйү. Чөбүнүн калыңдыгы атчан киши кирип кетсе бойлогус. Кызыл уй такырдан өтүп, ушу жерге жакындап калган. Бара түшүп, белден келген чөпкө кыл-кылдап, кирип кетти. Мен кызуу менен жүгүрө берип, балчелекке кандай жеткенимди да билбей калыпмын. Күн ысып, аарылар ызылдап, чыгып жаткан кези экен. Бир кезде сол көзүм тыз эте түштү. Жанталашып чапкылаганча болбой, ачышкан немедей жана бир тобу ызылдап келип, талап жиберди. Аары чаккан көзүм бир заматта бултуюп шишип чыкты. Уйга ушул жерден араң жеттим. Бир абийири: балчелектер аман калды. Оозум-дан кара суу келип, жүрөгүм аттай дүкүлдөп, кыйындык менен дем алып күйүгүп кеттим.

Кызыл уйду кайра тосуп келе жатсам, артынан жандай бир тобу күшүлдөп жетип калыптыр. Кошуп айдап алдым. Калганы ой, тоого чилдей тарап кетиптир. Экөөнөн башкасын ар кайдан терип жүрүп, зорго жыйнадым.

Василийдикинде эки айга жакын жүрүп калдым. Бирок, кийинчерээк өзүм калжырап, жүдөп кеттим. Тынчтык жок, кечинде үйгө келгенде да катыны тындырбай көр-жерге жумшай берет. Үстүмдөн тамтык жок. Эзелтен жуулуп көрбөгөн адырайган, тегирич шымым дал-дал бөлүнүп, кири муздай колдоюп, такымымды кызартып, өйкөп жүрөт. Боз көйнөгүмдүн этек-жеңдери бөлүнүп, туш-тушка самсаалап кеткенинен, кай бир мүмкүн болгон айрыктардын учун бири-бирине түйүштүрүп алгамын. Ошентсе да өзгөрүп кеткен жери жок. Ушул абалымды атасына жеткирээр бекен деген ой менен Василийдин баласына бир күнү ээн алып отуруп, айтканым да бар.

— Ушундай жүрүп кантип чыдаймын? Эгер эски-ускуңардан кайрылышпасаңар мен кетем,— дегемин.

Мунун жообун бир күнү тамак ичип отурган кезде алдым. Тамак ортолоп калган кезде, Василий шорпо ичип жаткан кашыгын коё коюп, мурутун бир сылап алды да, обочо жерде, тамак ичип отурган мага бурулуп:

— Ала турган акчаңа сенин өзүңө кийим алып берейинби? —деди.

Мен аз ойлонгонсуп калып:

— Анда болбойт го,— дедим.

— Неге? — деди, балпаңдап чайнап жатып, токтой калып. Катыны да менин жообумду күткөндөй тыңшай калды.

Анда кайта мага жаман болот го,— дедим мен шорпо ичип жаткан кашыгымды жерге коюп жатып.

Мындан кийин алар мени таштап коюп өздөрүнчө, кобурашып кетти. «Айтор эмнеси болсо дагы мен тууралу сүйлөп жаткан чыгарсыңар» деп ойлоп отурам. Бир топтон кийин мен жакка жана бурулуп:

— Анан Элебес эмнеге сага кийим бербейт? Биз кийимге сүйлөшкөн эмеспиз, Макул десең ала турган акчаңа кийим алып берем...— дегендей болду.

— Элебесте жок эмеспи,— дедим да бир аз ойлоно түшүп, артынан: — Эски-уску кийим кайрылышам деген убада болбоду беле? — дедим.

Мен тууралуу сөз ушуну менен бүттү да, алар өздөрүнчө кетти.

Эмненики экенин билбейм, ушул мүнөттө кызыл эзиле бышкан бир кесим этти алдыма коюп кетти. Мындан мурун бирөөлөр: «Орус сойгон эт арам болот, ал чокунуп мууздайт, жешке макирөө» дегенин уккамын. Эт алдыма келгенде бул сөз эсимде болсо да шек урбай жеп алдым.

Бир күнү уйларды короодон айдап чыгып баратып, күтпөгөн бир окуяга туш болдум. Кожоюндарым үйдө тамактанып отурган. Мен уйларды короодон жаңы эле айдап чыгып бараткамын.

Ошондо кайдан-жайдан жеткенин билбейм, бир кезде асмандан далпайган бир жору тик ылдый шорголоп түштү да мен кыйкырып жеткиче болбой, мындай узап, жайылып бара жаткан каздын бир баласын лып этип илип алып, шып этип атып чыгып кетти. Мен өксүп калып, өйдө көтөрүлүп бараткан жоруга оозумду ачып, аңырайып калыпмын. Терезеден көрүп калышкан белем, Василийдин ачуулуу катыны декилдеп жүгүрүп келди да:

— Немне карабайсың? — деп менин бетимди аткып алчудай болуп, көзүн акшыйтып, алдыма какыйып тура калды.

— Жетпей калдым,— деп колум менен ишаарат кылып, жүгүргөн жеримдин аралыгын көрсөттүм. Ачуулуу неме эле:

— Ах ты, чорт — деп келип, кулагымдан бурдап алып, тартып-тартып жиберди. Колунан бир сапар бошой түшкөндөй болдум эле, кайтып жана жетип, желкемден муунтуп, кармап алып дагы бир топ шылып жиберди. Он жашар баласы — Петке мени жакшы көрүүчү. Ал өз тили менен:

— Эне, урбачы,— деп мени аяп турат. Бизди көрүп, дагы бир кызы, сары чачын сексеңдетип жүгүрүп келди. Терезеден бирөө карап турат.

Андан башка менден алары да жок. Чатактан бошонгон соң уйларды алдыма салып алып, күндөгүдөн алыс кеттим. Кечти гана күтүп жүрөм. Бирок мага бүгүн күн абдан узарып кеткендей болуп көрүндү.

Күн эртең мененкиден калыңдап, асмандан жылчык көрүнбөй бүтөлүп алды. Үшүп кеттим. Күн суук тартып келген кезде, бая күнү жаанда коргологон бир тумшук-тун учунда чоң кара таштын түбүнө барып, бир ууч болуп, бүрүшүп отуруп алдым. Бутумдун ачылган жерлерин улам этегимди чоюп жаап коём.

Көп болгон жок, береги бир казандай кара булут эңкейип, түнөрүп келди да көк тарс-турс этип, жаркылдап туруп, шатыратып келип, төгүп берди эле бир заматта чөптүн башы жылтырап, суу болуп кетти. Мен баягы таштын түбүнөн козголбой уйларды алыстан гана көздөп отурам.

Кеч жакындаганда бар уйду жыйнап, үйдү көздөй айдап жибердим да өзүм кайра тарттым. Максатым — качмак. Бул тууралуу мурунтан ойлоп жүрсөм да бүгүн шертиме чындап бекип алдым. Үй анчалык алыс эмес, көрүнүп турат. Менин жүрөгүмдү өйүгөн — жалгыз суу. Суудан өтсөм болгону, ары түн болсо да коркпоймун. Бирок суу мурункудан тартылып калыптыр. Тайыз. Шымды жоон санга чейин түрүп таштадым да, тобокел деп, кечтим. Адеп киргенде бир аз жерге энтиге түшүп барып, жылма таштардан тая-тая четине чыгып кеттим. Шыйрагым какшап калды. Ошондон багалекти түргөн бойдон шүүдүрүмдө жүрүп отурдум...

Айыл жайындагы конгон ордунда экен. Тезек түтүнү быкшып жаткан таанымал, кара үйгө эл орунга отура кирип барсам керек. Отту тегеректей отурган көп бүлөө мага жамырап, карай калды. Үйгө кирип отура элек жатсам, Элебес:

— Э караңгүн эмне келдиң? — деди бетиндеги бырыштарын калың жыйнай түшүп, кабагын чытып.

— Баласыңбы деген ошол атаң көрү... Аз калганда чыдап, айыңды бир жолу эле бүтүп келбейсиңби? — деди сырттан Бурмаке.

Элебес баягы көнүмүш көр жемесине салып, толуп жаткан эле мага тийиштүү бирдемелерди айтып жатат. Мен күнөкөр! Кулакты жапырып, тили жок бир дудук болдум да калдым.

Көптөн кийин Бурмаке:

— Койчу эми, байкуштун ичкенин аш кылсаңчы? Карыган аюу! — деди. Бул сөз мага бир аз бел боло түштү.

Бир кезде элдин катары менен мага да бир аяк жарма келди. Кайгылуу, жүдөө кабагым менен салбырап барып, аякты колума алдым... VI

Жолчулар кыштагында.

Мындан бир нече күн мурун: «Ар болуштан төрт солдат алынсын. Алынган ар бир адамга төрт жүз сомдон акча берилсин» деп үйөздөн, болуш-болушка буйрук тараган эле. Ушундан көп узабай: «баягы Урманбет сол-датка кетмек болуптур» деп угуп калдык. Ушунун аныгын билип келем деп, Бейшемби Көлгө кеткен.

Бейшемби келгенде биз кепеге чөп үйүп жатканбыз. Жанымжан үймөккө чыгып, Элебес жерден алып берип турган. Бейшемби түшүп атын байлай электе:

— Баягы ырас бекен? — деди Элебес, турган жеринде айрысын кармаган бойдон.

— Ырас...

Элебес айрысын чөпкө кынай сайып таштап, Бейшембинин жанына басып келди да эңкейип, кончунан чакчасын алып, өлчөп туруп оозуна бир тартым асмайды кагып жиберип:

— Кана, кеп урчу! — деди оозун бүйрүп, мурчуюп.

— Биздин Эрке Сары[2] солдатка бир киши бермек экен. Ошого Урманбетти жазып бериптир,—деп келатканда Элебес:

— Болуш кармап бериптирби? — деп сөздү бөлүп калды.

— Иши кылып, жакшылар ошону эптүүлөгөн көрүнөт.

— Ал Көлгө кайдан барып жүрөт адам?

— Көп жылдан бери жедеп эриккен соң, быйыл элди көрүп келейин деп, бир башы ооп барып калган окшойт. Ал барган кезде жаңкыдай иш болуп жатыптыр.

— Деги, кайсы жерлерде жүрүп келиптир? Бейшемби кырчоодо байлануу турган атын бир карап

алып, бартайган колдорун карсылдатып ушалап койду да.

— Бул жолу ырдыкта, дуңганда жүргөн жеринен чыгып барыптыр,— деп бир аз унчукпай ойлонуп калып, артынан мындай деди:

— Кеткени менен өзү кетпей элге чаң салып, жаман аттуу болуп кетмек болду. Солдатка жазылгандан кийин Караколго барып, келип алып жакшылардын атын жыгып минип, бүтүн Эрке Сарыны чаңдатыптыр. Жана сол-датка кеткендерге төрт жүз сомдон бермек экен: анын эки жүз элүү сомун жакшылар[3] олжолоп кетиптир...

Мунун баары кийин чын болуп чыкты.

Бул мындай болот. Бир күнү Жылуу Булактын боюн-да жакшылар жыйналып топ кылып жатат. Ошол кезде Урманбет Аралдан аркыратып келет да, топтун үстүнөн чыгып көсөгөндөй барып, Ыбыке болуштун атын тала-шат. Ал жерден «муну кой, уят, башка самаган атыңды алып берели» дегендер болот. «Мындан бөлөк атты минбеймин» деп ал карышып жатып алат. Ошенткенден кийин, Урманбетти бир тобу жабылып урмак да болушат. Урманбеттин ырайымсыз түрүн көргөн соң, Ыбыке өзү да чочулап:

— Кой, эми бул капырды жайына койгула,— деп башкаларын тыйып коёт. Урманбет акем Ыбыкенин тору кашкасы менен зымырап жолго түшөт.

Ошол күнү эле: «Урманбет солдатка жазылып келип, болуштун атын миниптир» деген кеп, бүтүн Эрке Сарыга тарап кетет. «Эми Урманбетти болуштун кусуру урат» деп жорушат. Катын-калачтар болсо:

— Капыр, мындайды көргөн эмес элек! Өңгөдөн да ушул болуш акемдин атын мингени эмине жакшылык, ырымың кургур? Ушунча болуп, атын минмек түгүл, алдынан кыя баскан жанды көргөн жок элек. Эми анын кусуру урбай коёр дейсиңерби...» деп бир жагынан чуулдатып жөнөйт.

Ошондон кийин шашып калгандай Ыбыке дагы:

— Эми бу каапырга теңелип болбойт, андан көрө ал-дап-соолап тезирээк көзүн жоготкула,— дегенге келет.

Айтсак көп, анын бүлүгү тууралуу түркүн-түркүн эле сөздөр угулуп жатты.

Урманбет кетээрде Кызыл-Кыяга келип кетти. Кечке жуук эле. Айылдын алдындагы суунун боюнда топ бала болуп, ойноп жүргөнбүз. Ошол кезде карагер атчан, сур кийимдүү зыңкыйган бир солдат төмөнтөн чаап келди да биздин үйгө түштү. Мен тааный коюп:

— И, Урманбет келди,— дедим. Беккул экөөбүз жарыша жөнөп бердик. Артыбыздан бир аз элтейип туруп-туруп бир кезде Торгойакун да жөнөдү.

Биз келсек Урманбет үйдө жайланып, отуруп калыптыр. Баягы Урманбет эмес: үстүндө сур шинели бар, ичинде төш чөнтөктүү сур көйнөк, бутунда кычыраган жаңы, сары өтүк... бар кийими жарашып түптүз, типтик, чарчы бойлуу, зыңкыйган, бир сындуу солдат болгон да калган! Баягыда ушул жол менен Германияга жөнөткөн солдаттардан түк айырмасы жок. Жалгыз гана башында кыргызча көк көрпө тебетейи бар. Бу жолу алынгандардын баарына ушундай кийгизиптир. Бул кыргыздан алган солдаттардын белгиси сыяктуу. Менин көзүмө Урманбеттин кийимдеринин баары жарашып, алда эмнедей көрүнөт. Өзүнүн көңүлү да көтөрүңкү. Үйдөгүлөр менен мурункудай, дулуйбай, ачылып бажырашып отурат. Кыязы, менден мурун да бир топ сөз болуп өтсө керек.

Мен киргенимди эч ким элең кылбаган сыяктуу. Урманбет гана бир кезде, оң колтугунда отурган мага карап:

— Садага болоюн, өлбөсөң сен да бир адам болорсуң? — деп колдойгон эби жок, салмактуу колу менен жарылып кетчүдөй чебердеп, чекемден ылдый карай сылап койду. Бул сөздү эмне үчүн айтканын мен түшүнгөнүм жок, айтор не болсо да ырайымы түшүп турганын сезип, эреркеп, боюм жылып кетти.

Бурмаке бир кезде өзүн каптап быкшып турган кезек түтүнүнөн башын мындай буруп, Урманбетке карады да:

— Э балакетиңди алайын, болуштун атын минипсиң, ал эмнең? Бирөөнүн каргышына калып жүрбө. «Досуңдан душманың көп» деген. Антпей, тобо келтирип жүр алдыңа! — деди жумшак гана чын ниети менен.

Бул сөз Урманбетте бир бүркүм сууча даарыган жок.

— Колуман келсе аларга дагы мындан чоңду кылар элем.

Баятан унчукпай отурган Элебес, бу жерге келгенде аралаша түштү:

— Анан ошончо журттан барып көзөгөндөй Ыбыкенин атын мингениң эмнең? Элдин баары «мындайды көргөн эмес элек» деп, кеп кылып жүрөт. Ошонун түбү өзүңө жакшы болобу?..

Урманбет буга да чым эткен жок. Кайта кайратына келип:

— Мага башка эмес, так ошол Ыбыкенин өзү керек болучу. Атасынын көрү, өмүрүмдө өчүмдү бир алдым. Эми колунан келгенин эл менден аябай ак койсун. Мен болсом эрте көрө жүргөн кишимин,— деди.

«Мунусу текебердик болбос бекен» деген кишидей, Бурмаке ойлонуп калды да бир аздан кийин:

— Алдыңа кетейин, деги урунуп-беринбей, артыңды байкай жүр. Элдин каргышы деген жаман болучу. Өзүң алыска кетип барасың,— деген болду.

Урманбет Кызыл-Кыяга бир эле түнөп кетти. Эртең менен эле. Бүгүн күздөн кабар бергендей күн суук тар-тып, теректин жалбырактары куюлуп, жер бети сөөктөй кубарып, аба салкындап, чыкыроон тартып турган. Мынабу асманга төбөсү тийип тургандай, бийик заңгилди минип турган коюу, кара булут түнөрүп, улам калыңдап, бери карай чабуул жасап эңкейип келет.

Урманбет аттанып алган. Биз тышка чыкканда кошунабыз Байболот, ары жактан басып келди да, сол колу менен көзүнүн шоросун сүртүп жатып:

— Кош эми,— деп туурулган колун сунуп, ошо жер-ден таман ообой туруп жана: — Эми качан кетесиңер?— деген суроо берди.

Урманбет көчүгүн козгоп, оңдонуп отуруп жатып, дагдайган, кең көкүрөгүн жогору көтөрүңкүрөөк коюп, кайраттуу көзү менен кыраандай алыска карап калып:

— Ушундан Караколго барар менен жөнөтөт,— деди.

Атын камчыланып, эми жөнөй берерде, каргылданган үнү менен Бурмаке:

— Кош эми, алдыңа кетейин, кудай оң жолуңдан берсин! — деп карыган көзүнөн сымаптай мөлтүрөп, бетиндеги бырыштын изи менен кулап келе жаткан жашын жолдон тосуп алып, чертип жиберди.

Урманбет кайрат менен атын бир камчылап алды да жолго түштү.

Жогору бара түшүп, бир тумшуктан бурулуп кетип, ошо бойдон өмүрлүккө жоголгондой болду. Мен элден жалгыз калып, анын карааны жоголгуча жаңкы жерде таман ообой карап турдум да, көрүнбөй калгандан кийин бир аз туруп-туруп, үйгө кирип кеттим.

Түшкө жакын, чегедек жүктөп келебиз деп, күрөң өгүзгө учкашып алып, Бейшемби экөөбүз тоого кеттик. Сайда кетип баратып, адатындай зоңкулдап, Бейшемби ырдап коёт. Мындай чыкса кайталап ырдай берүүчү бир ыры бар эле. Бул менин да кулагыма сиңип калган:

Сулууну сулуу дейт экен,

Сулууң да сулууң курусун.

Суктантып жанды жейт экен,

Жакшыны жакшы дейт экен,

Жакшың да жакшың курусун,

Жалбартып жанды жейт экен...

Бейшемби ушул ырын айткан сайын мен, жакшылар тууралу соңку үч жолдун маанисине түшүнө албай «жалбартып жанды жейт экен» дегендин себеби эмне деп, ойлонуп калаар элем.

VII

Кыш. Чилде түшүп, аяз барынча күчөп турган кез. Биздин үй жата элек. Бирок түндүн далайы болуп калды. Көп бүлөө бир үйдө коломтону тегеректеп араң сыгылып отурабыз. Менин бир тизем отко жетпей бүктөлүп сыртта калды. Ушундайда мына булар малдаш ур-бай эле отурсачы! Башарин попоросту дайым катынынан жашырып, биздикине келип тартчу. Мына мында башкалардан жогору болуп уңкуюп ошол да отурат.

— Кыргыздын үйүнө кирсе кишинин алды жылып, арты муздайт экен,— деп коёт.

Эне-атасынын эбак өлгөнү менен иши жок. Бекдайыр байкуш, берегинде көз жашын көлдөтүп, кардына бирдеме сурап отурат. Эң кичүүбүз ушул. Мындан башкабыз аз да болсо, бирдемеге түшүнүп отурган сыяктуубу

Жанымжан жеңебиздин (Бейшембинин зайыбы) кыялы башынан ошондой эле:

— Ыйлаба, көзүң аккыр! Утур эле сага берип отургандай мында толуп туруптурбу? — деп оттун табына кызып турган ысык кычкач менен Бекдайырды шыйрак-тан ары салып калды. Ал чочуган бойдон аткып, бутун тартып алып, чаң этип, ачуу дабыш менен бакырып жиберди.

— Алда караңкүн ай, Каныша[4] өзү өлбөй эле, мени тирүүлөй бир бейпайга салып кеткен турбайбы, кокуй!— деп кейип Жанымжанга карады Бурмаке.

— Ыгы жок киришпей отургулачы ары! Булардын ата-энесин мен карызыма бердим беле? — деп, Жаным-жан суук жүзү менен кайра атырылды.

Ансыз ичи бышып тура албаган, ушундай эле чыр-чатакты күтүп тургандай, эзелтен кайгы менен үйүр Элебес бир жагынан илип алып:

— Караңгүн ай, катыгүн ай...— деп ого бетер ырбатып жүрүп кетти.

Суук ырылдап турган колтугунун тешигин кымтып коюп, бүрүшүп, ыйлап отурган Бекдайырды көрүп, жаны ачыгандай Башарин:

— Ай, байкуш! — деп акырын гана унчугуп, башын чайкап, бурулуп кетип, артында турган сынык каш ээрге карады.

Башариндин ушул көрүнүшү биздин оор абалды түшүндүргөндөй эле. Бирок, бул анын сөз жүзүндөгү гана «боорукерлиги» го. Болбосо ушунчалык бай туруп, бир кайыры тийбейби? Биз жайды-кыш дебей Башариндин бар жумушун бекер кылып беребиз. Жазында чөп үйгөндө, кош айдаганда, кышында короодон кар тартканда мен атка минип берем. Ала жаздай музоосун кайтарам. Ошончолук эмгегим сиңсе да бир эскисин берген жан эмес. Быйыл гана баласынын бир кайыш курун көпкө асылып жүрүп, араң колго түшүрдүм. Аны да бир далайга сүйрөп, атасына кеңешип туруп анан берди.

Жанымжан болсо жайдыр-кыш дебей декилдеп, таң заарынан туруп барып, мунун уюн саайт. Жетимиш-сексен уй сааш оңойбу? Ушунун көбүн сааган Жанымжан. Уй сааганда болсун, жана башка ар кайсы жумуштарда болсун, бул арада Жанымжанга тең келген эч ким жок. Бул жагынан Башаринге жаккан. Уюн саап бергенде анын берери — машинадан чыккан көк кашка сүт. Ушул бир чака сүт үчүн кай жеринен жазып калаар экенбиз деп, бир Жанымжан эмес, баарыбыз анын көзүнүн агы менен тең айланып, самаганын кылып берер элек. Минтпеске арга жок. Анткени, бир үйдө каптаган топ бүлөөнүн ачтан өлтүрбй жанын алып калып отурган ушул бир чака сүт эле. Бир чака сүткө бир чака суу кошобуз, ал эки чака айран болот. Оокат!..

Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант бер-ген. Бирок бая күнү келини Жанымжан менен бирдеме-ден улам уруша кетип, анын ачуусу менен Жумабекти талаадан кармап алып, чыңыртып басып туруп, бешмантын кайра сыйрып кеткен.

Жатар кез болду. Биз алты жетим бир жатабыз. Бизге төшөк салганда эч кимдин кабыргасына бата турган деле неме жок. Алдыбызга күндөгү көнүмүш кара кийизди жая салып, үстүнө бир жаман жуурканды таштай коёт. Бар болгону ушул. Эми башыбызга жеткен күнү тердик, желдик, тийип калат да, жетпеген күнү бу да жок.

Жаттык. Төрдө жаткан бирөө бат эле корулдап уйкуга кетти. Тышта кутурган бороон карды челип, ыргы-тып турат. Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат.

Беккул кереге жак четте жаткан. Ал да үшүгөн белем, бир кезде буту-колун жыйнап, бүрүшүп, бери жагына оонап жатты. Ошол мезгилде түнкү бороонго кошулуп, алыстан бир коңгуроо дабышы безеленип келе жаткандай болду. Дабыш улам жакындаган сайын катуулап келе жатат.

Элебес сак жаткан белем:

— Кокуй, жетип калды! — деп ыргып туруп, караңгыда керегеден бирдеме издеп жүрүп, кайсалап жүрүп мени ойготту.

Аңгыча болбой, бу жерге келип калганбы:

— Оо, Чодон! Оо, Элебес! — деп бирөө жолчуларды катарынан кыйкырып ойготту да, өзү токтобой зуулда-тып айдап кете берди.

Чыла жыттанган караңгы кепеде токулуу турган даяр аттарды мине коюп, биз да кечикпей жөнөдүк. Мен Бурмакенин чапанын чубалтып, тонумдун сыртынан кийип алгамын. Аттанганда этеги бутумдун учуна оролуп калды.

Ушундай калайман түшкөн караңгы, бороондуу түндөрде кулактын курчун алып, алда кайдан ызылдап келе жаткан коңгуроонун тириде жок, ачуу дабышы шордуу жолчулардын жүрөгүнө далай тийген. Аларды таттуу төшөктөн уйпалап, далай ойготкон!..

Кетип калган почтого сабап отуруп, ашуунун түбүнөн жеттик. Эми саал кечиксек, көргүлүктү ошондо көрмөк экенбиз. Кар найза бою түшкөн. Мындайда почтонун аттарын чубатып кошот. Күндөгүдөй кылып, аттарыбызды чананын алдына дароо кошуп жиберип, жөнөп бердик.

Атаңдын көрү, кыянат арам, почтонун өз аттары деле ойноп чыгып кеткендей экен. Көрчү, алдында барат-кан бизди тепсеп кеткени жүрөт. Амал жок, «Улуктун иши — кудай иши», улук кылган соң чара барбы?

Ашуунун орто ченине келгенде Элебес минген тору бышты кашайып туруп алды. Бул шордууну Бейшемби бүгүн Башариндин көпөсүн тартам деп минип барып, курутуп келген. Муну көргөндөн кийин почтого барат-кан төрө чанадан ыргып түштү да, Элебести чакырды. Элебес чанадан атын чыгарып, карга сорок-сорок сайылып төрөнүн жанына келгиче, ал бир жорук баштоочудай колун эптүүлөп, оңдонуп турду...

Чакыргандагысы ошол экен: Элебести аттан калпактай учурду да, жаңы жааган терең карга будалап, кечикпей узунунан салды...

Почто келгенде жолчулар кечигип, же ашуудан аты тартпай калса төрөдөн көрө турган сыйы башынан ушул. Бул жолчулар үчүн түбөлүк турган бир закон сыяктуу эле. Кечээ күнү Назыр бучук да жаман аты менен барып төрөдөн таяк жеп кайткан.

Биз ашуудан почтону чыгарышып, таңга жуук кайттык.

Ушунун эртеси бир кырсык болду. Күн бешим убак эле. Бир кезде кошунабыз Байболот:

— Э кокуй, Бейшемби, биздин уй менен силердин уйду Көлгө[5] кууп кеткен турбайбы! — деп алактап биздикине кирип келди.

Байболот кырк чамасында, куйтуйган гана бекенек, чымыр киши. Чоң ачылбаган, бүтүйгөн, чылк каштуу көзү бар. Жүз камчыласа чым этпеген, казысы көнөчөктөй бир кашка айгыры болучу. Мунун «күлүктүгүн» ошондон баамда: кээде, баласын урам деп айгырын минип алып кубалаганда, жөө немеге жетпей калуучу.

Жаңкынын жөнү мындай экен: Мындан бир нече күн мурун Жылуу булактын оюнда өңчөй зөөкүрлөр бозо ичип отуруп мастыктан чатак чыгат. Чатак тышта баш-талат. Карымбай деген бир байдын баласы атчан барат-кан бирөөнү чокмор менен көк желкеден ары берип калат. Ал ошол түнү кечке жатат да, жылдыз толгон кезде жан берет. Муну өлтүргөн жигит, биздин эл — Боордон, өлгөн жигит Жапак уруусунан болот. Ал өлөрү менен кун алабыз деп, бүтүн Жапак аттанып, таң аткыча Боордон жылкы тийип чыгат. Эртеси эки жактын эл билермандары баш кошуп, сүйлөшүп, бүтүм чыгарат. Боор кун үчүн түтүнгө бир карадан бермек болот. Чатак ушуну менен аяктайт. Бүгүн биздин уйду талаадан кууп кеткендин мааниси да ошол экен.

Байболот жаңкыдай деп кирип келгенде, Элебес насыбай ийлеп отурган жан аягын кармаган бойдон:

— Эмне дейт, катыгүн?! — деп көзүн чоң ачып, Бай-болотко тикийип, отурган жеринде катып калды.

Жайды түшүнгөндөн кийин Бурмаке:

— Жалгыз уйга көз арткыча балаңдын күнүн көрбөй кал! Жетимдердин убалы уктатпасын, арамдар! — деп жер-жеберине жетип, каргап-шилеп коё берди. — «Эки дөө кагышса, орто жерде кара чымын кырылат» болуп, тоюп семирген арамдардын кесепети бечара карыптарга тийчү болду...

Бул тууралуу биздин бир тыйынча жазыгыбыз болбосо да:

— Окшошкон салыктар, эми отургула, кудай силерге берди! — деди Жанымжан. Бул сөздү кимге көздөп жибергени белгисиз, айтор жетимдердин баарына орток айтылгандай болуп туюлду.

— Алда караңгүн ай, катыгүн ай. Карап эмне турбадыңар? — деп таяк жеп, алгандан кийин басылып жат-кан күчүктөй кыңылдап, Элебес өзүнчө кетти.

Байболот кирип келип, эшиктин алдында турган бойдон жер карап бир топ ойлонгонсуп калды да:

— Атасынын көрү, мен кайсы аялуу кул элем, бу көрөкчө ошолордун колуна барып өлүп берейин,— деп күүлөнүп чыгып кетти. Ал чыгып кетээри менен бир аз туруп:

— «Жатып өлгөнчө атып өл» деп сен да барсаңчы Бейшемби — деп, Элебес туурасынан Бейшембиге бир карап алып, кайра жактырбаган кишиче мойнун буруп кетти.

— Барам. Барбаганда силер эми мында менин кулак-мээмди жебей тынч койгон турасыңарбы? Андан көрө...

Бейшемби уйдун артынан Көлгө чейин кууп кетти. Бирок арадан бир-эки күн өтпөй: «Бейшемби Көлгө барып, уйду талашам деп таяк жеп калыптыр.

Сен кайдан чыккан тентексиң деп жакшылар, бир тобун тукуруп ургузуп коюптур» деген кеп угулуп калды.

— Мына, ээрчиген бир кишиси менен Бейшемби бүгүн өзү да келди. Ал баягы айтылуу Карабай старчын. Дагы эмне балээ менен келди экен?

Уйдун тарыхын айтып бүткөндөн кийин, бир аз туруп Бейшемби:

— Он беш сом чыгым түшүптүр, эми кайдан таап бердик? — деп Элебеске карады.

— Эмне чыгым ботом? Чыгымын кечээ эле бербедик беле? Дагы эмне балээси чыккан!

Бурмаке эч кимдин өңүнө карабай өзүнчө кобурап:

— Айтор жакшылары кургур чыгымдан көз ачырбас болду го. Жетимдерди эптеп, алдап-соолап отурган жалгыз уйду кууп кеткени аз келгенсип, эми эшиктеги жалгыз чолокко көз артып калганбы! — деди.

Төрдө, жаман шырдактын үстүндө отурган чекир көз старчын колунда эрмектеп, сындырып отурган жалгыз тал куурайын отко таштап жиберди да, Бурмакеге жооп берчүүдөй оңтойлонуп келип:

— Ээй, байбиче, журт менен бирге көрүш керек. Журттун ынтымагынан чыгып болобу,— деди салмак менен гана көптү көргөн, эстүү киши болуп.

— «Ынтымак» деп жүрүп да сыйпалып бүттүк. Ырамат, чыгымын улугу бир салса, жакшылары эки эсе кылып отуруп, мындагы элдин аягына да чыкмак болду. Биз эми кайда барып баш калкалайбыз... Кайда барып күн көрөбүз? — деди Бурмаке нааразы көзү менен старчынга жалт-жалт карап алып.

Эртеси, чөп чаап берүүгө чыкса алып берейин деп чыгымдын акчасын издеп, Бейшемби таң заары менен Василийдикине аттанып кетти. Старчын илээшип ай-дап алды. VIII

Мал көккө тоюп калган кез. Төрт-беш түтүн жолчулар кыштагынан ташынып, илгерки жайытына барып конгон. Бир Карпыктыкынан башкасы чогуу бир жерде.

Карпык — Кызыл-Кыядагы элдин байы, башынан ушунда байыган адам. Жаз болсо дайым элден бөлүнүп, жалгыздап барып конуучу. Жолчулар менен мурунтан

ынтымак кошуп көргөн жан эмес. Карпыктын өзү кырк-тын ары жагына кеткен, чокчо көк-ала сакал, көзүнүн ары жагынан арамдыгы көрүнүп турган сүйкүмсүз, түк-сүйгөн сары киши. Түсүнө караганда «адамга жакшылыгы жок» деп жоругудай неме. Эл муну «ач көз Карпык» дейт. «Кымызын элден кызганып барып ошондой конот» дешчү. Бир эсептен элдин айтаары да жөн эле. Өзү эл-ден обочо конуп, бээлерин байлап салып, күндө эки чанач кымызды артынып алып, ары түштүк жерге, Кар-кыра жарманкесине сатып келүүчү.

Кезек-кезек Карпыктыкынан кымыз ичебиз деп барган жолчунун катындары:

— Капыр, ырымың кургур, жаңкы, мисирейген кем-пири качан болсо чыныга куят,— деп келишчү.

Деги чанда бир болбосо мында көп баруучу да эмес. Кызыл-Кыяга келген бий, болуш, улук, жасоолдор гана ушунукунда болучу.

Бул тура турсун.

Бир күнү эртең менен бирөө төмөнтөн түрсүлдөтүп, биздики жакка бастырып келди да:

— Элебес, барсыңбы? — деп үн салды.

— Бар.

— Эмесе бүгүн бир киши бер!

— Эмнеге?

— Чоңкол[6] келет экен. Жол оңдотот дейт. Төмөн жакта жөн эле кыйратып келе жатат.

— Эмне болуп?

— Караколдон улук өтөт экен. Бол тез! — деп, атчан калганын айтпай бастырып кетти.

— «Чоңкол» деп укканда Элебестин мурунтан үшүгөн жүрөгү зырп эте түшкөндөй болду. Өзү сыр бермек-сен болсо да, түсү көрсөтүп турат.

«Чоңкол» — кыргыздын коюп алган аты. «Чоңкол», «стражник» дегенди коюп эле, кийин, «Чоңкол» деп кет-кен. Чоңкол десе бүтүн Каракол үйөзүнүн жаш баласына чейин билет. Аның Чоңкол десе, Чоңкол эле чиркин: эки колу токмоктой болуп, чүйлүсү казыдай буртуйган, муруту чычайып, көзү кутурган иттей кыпкызыл, сүрдүү келген, очойгон чоң орус эле. Бирок бул жеке колу чоңдугунан эмес, элди, көптү урганынан «Чоңкол» аталган.

Күн шашкеге көтөрүлүп калган. Бурмаке бир кезде:

— Кокуй, Элебес, Чоңкол келип калыптыр! — деп, териге ашаткы төккөн аякты боз-ала кылып кармаган бойдон бөкчөңдөп, ашыга кирип келди. Үйдөн көрүп турабыз. Топ Карпыктын үйүнүн жанына жыйналып жатат. Элдин ичинде Чоңкол жана бир топ жасоол, элүү-башы, старчын сыяктуулар жүрөт. Чоңкол ачуусун сыртына жыйнап, каарданып, элди аралап, сөгүп жүрөт. Бир кезде:

— Сенин кишилериң кана? — деп бирөөнө кекетип, омуроолоп келди.

Бул Тогузбай айлынын старчыны эле. Колун сермеп, бирдеме деп жооп берген болуп жатат. Ага болбоду, Чоң-кол акем атчан туруп, жогору болуп, кериле түшүп, басып-басып жиберди да аны таштап коюп, ошол замат жана бирине жетти. Арачалаар жан жок, таяк жегендер эринен качкан катындай корголоп, башын качырып жүрөт.

Элебес үйдүн ичинде жыртыктан шыкаалап турган. Бир кезде жыртыктан мындай болуп, мага карады да:

— Сен барчы,— деди.

Мен барып, жеткен кезде Чоңкол жыйналган топту койдой айдап жөнөп калган. Эл ошондон эле даңгыр жолго түшүп, жолдун ташын терип, кетмен, күрөктөрүн сүйрөп, жол оңдоп кирди. Жайпап жүрүп отуруп, Кызыл-Кыянын так түбүнө келгенде, эл ушунда убадалаш-кандай туш-туштан агып, жыйналып бир берди дейсиң... Пай-пай, бүтүн бир үйөзгө караган жан калган эмеспи, кандай.

Арытан шыдыр келип, ушу жерге жеткенде көпкө токтотту. Аңырайган, суу жеген аңдарды толтура албай түшкө чейин буйдалдык. Тыным алуу деген жок, Чоңкол сырттан багып, аңдып жүрөт. Бирөөнүн баш көтөргөнүн көрсө кутурган карышкыр тийгендей кылат. Торгойакун экөөбүз жүгүрүп, этегибиз менен топурак ташып жүрөбүз. Бирөөлөр: «баш көтөрбө, Чоңкол карап турат» деп коёт бири-бирине. Бир жерде чымды бырт-бырт сайып жатса, эми бир жерде сом темирлер чакылдап, төөдөй таштарды кулатып жатат.

Ушул убакта Чоңкол атын баса бир камчылап алды да топтун ичинен бирөөнү көздөп качырып калгандай болду. Эл жарыла берди. Ошондоң качырып барып, эл-Дин ортороок ченинде бешмантчан, чыкыйып турган бир кызыл жигитти, токмоктой колундагы муздай камчы менен басып-басып алды. Жигит сынып бараткан чыбык-тай кайкалай түшүп, мындай качып чыга берди. Эл аны көргөн соң, күрөктү баса-баса сайып тез кыймылдап, жабар-жубур болуп, заматта тириле түштү.

Бул унуткарылып калган кезде, биздин этегибизге топурак салып берип турган жигит, чым сайып жатып, жанындагыга кыйгачынан карап коюп:

— Жармадан бир кылт этип алсак кантет? — деди астыртан шыбырап.

— Саатыңды кой айланайын! Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,— деп жооп берди берки.

Чоңкол элди ылдамдатып, айдап салды да өзү береги бир эл тегиз көрүнө турган дөңгө түшүп алып, атын бирөөгө карматып коюп, тамак ичмек болду. Эки киши таманы жерге тийбей эбелектеп, жагынып, тамак ташып жүрөт. Өзү кыргыздын тамагына көнүп .алган. Алдына килкилдеген козунун эти, кымыз, боорсок дебей жайнап келди. Жалгыз өзү тарпка конгон жорудай ээн-жайлап отуруп алып, элди карап, мурутун кайра сылап коюп, ширин тамактарга оозун агытып жатат. Мен топурак ташып жүрүп, көзүмдүн кыйыгы менен карап коём. Чоң-колдун алдында жайнап турган тамактарды көрүп жана кызыктырып жеп жатканына чыдабай шилекейим түшүп кетти.

Бешимде Кызыл-Кыянын ары бетин аштык. Бул жакта көп анчалык аң, суу жеген жерлер жок экен. Ошондуктан жолдун ташын гана терип, илгери карай шыдыр жүрүп келебиз. Торгойакун экөөбүз жыңайлак элек, ушул жерге келгенде ташыркап, жадап калдык. Таманыбыз ысып, жерди көргүсү келбейт. Эми мындан ары сүйрөбөсө жүрө алар эмеспиз. Качалы деп акыл кыл.

— Макул,— деп ал менин сөзүмө кошулду. Болжошкон жерге келгенде экөөбүз элдин артында

калдык. Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кет-тик. Эл көрүнбөй калган. Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк.

Ошондон чыгып, күн батаарда Кызыл-Кыянын бери бетине араң эңкейдик. Жолду ката калдырап бараткан киречилер. «Соп-соп» деп кыйкырык-сүрөөн менен кыядан чыга албай жаткан өгүз арабалар...

Ал күнү үйгө жетпей, Кызыл-Кыянын түбүндө бир тааныш үйгө конууга туура келди. Эртеси мындан чыгып келе жатып, жолдо Бабайдыкына (орус Абышканыкына) тие кетейин деген ой менен мен барып, так жумуш-тун үстүнөн чыктым. Бабайдын кемпири короосун күрөп жатыптыр. Мындай учурлар көп туш келе бербейт! Кубанып кеттим. Жумушту көргөн соң баатыр болуп, түз эле короого шып кирип бардым эле, алы кетип, калжырап турган кемпир, оюмду түшүнө койгондой күрөгүн мага бере салды. Ал кыргызча, мен орусча жалгыз ооз билбесем да, бири-бирибиздин оюбузду башынан түшүнөбүз. Кем болгондо бир жумадан бери жыйналып жат-кан малдын тезегин күрөп болуп, кардымды кампыйтып, көңүлүмдү жайлап алдым да, жалган түштө үйдү карай жол тарттым... IX

Кызыл-Кыя — тогуз жолдун тоому. Чыгыш жагы — Каркыра, Жаркент, бери жагы — Каракол, Ысык-Көл. Ошондуктан кайдагы жем издеген Чоңколдой стражник, пристав, песир, бий, болуш дебей кезек-кезек ушундай жыйналып, баш кошуп алып жемге тоюп жата беришчү. Андан башка дагы, дайым ушул арада жүргөн, жол тоскон он, он беш жасоолдор бар. Булар кадимки болуштун жасоолу эмес, эки ийнинде жаркылдаган пагону бар, шарактатып кылыч асынган, кызыл тебетей жасоолдор... Муну «Кеңсалар жасоолу» дейт. «Кызыл чок» деп да аталуучу. Анткени, кеңсалар жасоолунун пагон тагып, кылыч асынгандан башка да бир белгиси — кызыл тебетей кийет. Булар Караколдон дайым ушул араларда жатып, жол тосууга, качкан-бозгондорду кармоого, тентекти тезге салып, бузуктарды «түзөтүүгө» дайындалып кел-ген немелер.

Ооба, түзөтүп жатат! Дүйнөдө ушул Кызыл-Кыядагы кызыл чоктордой бейпилдикте жыргап жаткан жан бар болду бекен?!

Кызыл чоктордун кесиби ошол, алар ээн жердин карышкырындай кутуруп, ары-бери өткөндү талап, тал түштө маңдайга чабуул жасап келе коюп, азык-түлүгүн артынып, жумушка түшүп бараткан бирин-серин кедейлерди кармап алып, атын минип, ээр токумун өзүнө жөө көтөртүп, жакшы камчысы болсо тартып алып, эрмектеп, ойноп жата беришчү. Ошентип, айда дээр ажа, кой дээр кожо жок, өзү бий, өзү кан болуп, бечера карыпты ыйлатып, той түшүрүп, канга тоюп, семирип жаткан жасоолдор...

Жасоолдордун ичинде аты чыккан Бала Курман, Чоң

Курман дегендер болор эле. Бирөөлөр көзү жокто Бала Курманды «Жинди Курман» дешчү.

Бала Курман деген чарчы бойлуу келген далылуу, көздөрү кутурган иттей алактап, кан жая берүүчүдөй кыпкызыл бетинен митаамдыгы ташып турган, тириде жок тентек, шок жигит. Бул ат жыгып мингенде өзгөлөрдөн бөтөнчө бир өнөрү башка жасоолдорчулап, бирөөнү тизгиндеп туруп, «Түш аттан» деп кажылдашып отурганыңды билбейт. Чаап келе жатып, алдында кетип бараткан адамга:

— Ой, жаның болсо бир жагыңа ооп кал, ооп кал!— деп алда-кайдан кыйкырып келер эле. Эгер ат көңүлүнө жагып калса, ал аттын да, ээсинин да шору кайнады дей бер — оңой менен кайра бербейт. Бир болсо парага шыкалып туруп анан берет.

Бала Курмандын Караколду көздөй кетип баратып, бир күндө он беш ат жыгып мингемин — деп, кеп уруп отурганын уккамын.

Ушул бир күнү Башариндики жактан бирөөнү ээрчитип, чапкан бойдон биздин айылга келди. Жанындагы киши бизге тааныш — биздин айылдын старчыны. Аттарын күшүлдөтүп, энтиктирген бойдон үйдүн жанына келип токтоду да, тыштан унчугуп, Бейшембини чакырып алып, адегенде эле:

— Бүгүн үйүңдү Ийри-Сууга көчүрүп барып тик! — деди Бала Курман чакчырылып. Кеңсалардын жасоолдору качан болсо ушундай өкүм келет!

Элебес үйдөн туруп:

— Эмнеге ботом? — деп үрпөйө түштү эле:

— Каркырага алтымыш үй тиктирилет, үйөздөн буйрук келди,— деди Бала Курман ого бетер чакчырылып, артына кеткен кылычын оңдоп.

— Өзүңөр билесиңер, көчүрүп жеткиргендей менде жалгыз аттан башка туяк барбы, айланайындар! —деди Бейшемби, Бала Курманга бир карап, старчынга бир карап жалдырап.

Бала Курман жаңкыдан катуулап, Бейшембини теше карап:

— Аныңда биздин жумуш жок, жеткир деген соң, жеткиресиң,— деди.

— Деги эмне кылат экен?

— Германияга жөнөгөн солдаттар түнөп өтөт. Кара-колдон улуктар келет...

Эми болбой турган жагына ала электе, бирдеме болуп, ийип калаар бекен дегендей:

— Кагылайындар ай, эми толуп жаткан чунак жетимдерди кайда калкалайбыз? — деди Бурмаке кемпир, алаканын күнгө далдаалап, көзүнүн болор-болбос шооласы менен жасоолго шыкырайып туруп.

— Оо, кокуй, жетимиңде улуктун эмне жумушу бар? — деп старчын туурадан чыкты.

Бала Курман беркисин ээрчитип алып:

— Бол, тез! — деп жөнөп кетти да Байболоттукун карай тартты. Үйүнүн алдына барып, атынын башын тар-тып, токтой калып:

— Ким бар үйдө? — деп үн салды. Алар кеткенден кийин Бурмаке:

— Арамдар, биздин жаман үйгө жармашкыча, Карпыктыкын эмне албайт? Анын биздей толгон бүлөөсү да жок,— деди өзүнчө.

— Жарабаган кепти кыласың да. Карпыктыкын да алуучу беле, кудайдан башканын баары колунан келип турган кишиникин? — дейт Элебес эстүү киши болуп.

Бу жерден солдат өтөөрү да чын эле. Жолчулар мындан төрт-беш күн мурун «Караколдон Жаркентке солдат өтөт экен» деген кабар менен бирин-серин малдарын ар кайда тыгып, аттарын токойго бекитип, бүлүнүп жүрүш-көн. «Эми эмне болор экен? Баякыдай болбос бекен?» — деп, эл үрпөйүп, чочулап турушкан. Ары-бери чапкылап жүргөн бирин-эки кызыл чоктордон сурап коюшат. «Мал, жанга тийбес бекен» дешет.

Ушунун кечинде, Карпыктын үйүнүн жанындагы көк майданга жыйырма-отуз киши жыйналып, топурап жатты. Жайкы момураган коңур кеч. Береги Башариндин тоосунда дүкүйгөн ак булут чокмороктоп, уюп турат.

Топтун ичинде,- казысын челкейтип, жапактан чыккан Байзак болуш менен биздин Ыбыке жүрөт. Байзак удаасы менен алты жыл болуш болгон адам. Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикий-ген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав. Каапырдын суру! Сүрүнөн алдына жан даап бара алар эмес.

Булардан башка да кылычтарын шарактатып, болуш, приставдардын кабагы менен кыймылдап, алардын кылт эткенин сезип, жагынып, жалаңдап турган бир топ кызыл тебетей жасоолдор жүрөт, Бала Курман да бар.

Атын жасоолго мингизип, издеп келип, кечээтен бери биздикинде жаткан жолоочу да ушу жерге басып келди.

Өзүн карасам: чапанынын оң колтугу менен этеги жыр-тык, жапырайган жаман тебетейи бар, маңы жапыз, сөзгө жарды, жанга жазыгы жок момураган бир бечара. Жаман шапалагын сөлдөйтүп, колуна коомай кармап алып, ортосун ачып, тегеректеп, жарданып турган топтун бир четине менден кийин барып бу да туруп калды.

Топтун ичинде болуп жаткан окуяга түшүнбөй мен:

— Бул эмне абаке? — деп, жанымда турган кара сакалдан сурап калдым эле, ал мени тоотуп ошо замат жооп бере койгон жок.

— Аны эмне кылат элең? — деп койду, бир топтон кийин туруп. Бу кишиден мен да экинчи сурагыс болдум.

Биз барганда кызыл чоктор бирөөнү ортого алып, өлөөрчө тепкилеп, жаңы тургузду. Эми кезек мына мунуку го. Байзак болуш эки колун артына алып, элдин алдыраак жагында кардын челкейтип, тамашага батып, карап турат. Пристав мурутун чыйратып, ачуусу ташып, түксүйүп, сырт берип, токтоно албай, ары-бери басып, жасоолдордун колун бошотпой, ур деп улам бирди көрсөтүп, тукуруп коёт. Жасоолдор анын өлөөр тирилерине карабай, башың-көзүң кайсы дебей, бир кишиге тобу жабылып, тепкилеп, минип калат.

Жаңкы биздикине жаткан жолоочу жанында турган бирөөдөн:

— Бул эмне? — деп сурай калды эле, ал:

— Ырамат, чыгымды убагында төкпөгөн... улукка үй тиктирбеген, айтор ушундай-ушундай эле немелер болсо керек,— деп жооп берди.

Береги бирөөнү жаман жанчты белем. Өзү, бирин-серин сербейген сакалы бар, көзү чекир, эки жаагынын сөөгү төңкөйгөн, далысы эңиш, арыкчырай киши экен. Кууш таноосунан дем ала албай, көгөрүп-татарып барып жатып калды. Көрчү, мына бу бир үйдөн суу сурап, көзүн оңурайтып, өлөрдөй жутуп жатат.

Бая биздин старчын Байболотту айдап келгенине мен эми түшүндүм. Эми кезек ушунуку дегендей, старчын жасоол дебей ортого алып бир кезде муну да минди. Куй-туйган, кичине неме көптүн ичинде көрүнбөй, тополоңдо жоголду да кетти. Ошентип жатканда баласы Торгойакун чыңырып өкүрүп келип атасына жөнөдү эле, жолдон бирөө кармап калды. Жакшы ургандары байге алчудай, буттан-бутка талашып, кийиздей сүйрөп, тепкилеп жүрөт. Бала Курман да бүгүн башкача табына келгендей жалаңдап, тентектиктин чегинен чыгып кеткен. Тигине, башкаларынын болгонуна карабай, ал Байболот туруп кетип баратса өчү калган немече артынан жана кууп же-тип, былчылдатып калды.

Жакшылар оюнду баштап коюп, кызыкка батып, жарданып карап турушат. Байболоттун иши бүткөндөн кийин пристав мурутун чыйратып түксүйүп, бир аз ары-бери басып турду да, бир кезде өтүп баратыщ жаңкы биздикинен келаткан жолоочуга жасоолдорду жаңдап өттү эле, жаланып турган ойрондор турабы — жабыла минди.

Ушуга келгенде топтун ичинен бирөө:

— Муну жаңылыш көрсөтүп салды,— деди акырын шыбырап.

— Ошондой болду,.— деди анын жанында турган. Жолоочу жазыксыз таяк жеп, ар кайда чачылып калган тебетейин, топусун, шапалагын жыйнап алып, көгала болгон бети-башын сыйпалап, көптөн кийин туруп келди.

Балакеттин эсине кайдан түшө калганын билбейм, старчын бир кезде:

— Бар, Бейшембини алып кел! — деп бирөөнү жум-алдынан чыгып:

Ошенткенде мен старчынды көздөй жөнөп озунуп, алдынан чыгып:

— Бейшекем үйдө жок, ал Каркырага үй жүктөп кет-кен,— дедим.

— Келе элекпи? — деди чакыйып тура калып.

— Жок.

— Сени кысталак, шашпа! — деп кайра басып кетип, бирөө менен сүйлөшүп калды. Бейшембинин бүгүн үйдө жогуна мен кубанып калдым.

Топ күүгүм кирип, көз байланган кезде тарады.

Биздин үйдү көчүрүп кеткенден кийин, убактылуу бир жаман алачык жасап алганбыз. Ошонун түбүндө, кемегенин жанында кечки тамакты (жарманы айтам да) ичкени отурганбыз. Аңгыча Бурмакем:

— Буга ченеп эле бер, Карпыктыкына барып, эт жеп келсин, старчын жасоолдор бүгүн ошондо конуп жатат,— деп калды.

Ошентип менин шыбагам бүгүн үйдөгүлөрдүн пайдасына калды. Карпыктыкына барсам, бир койду жаңы союп, терисин сыйрып жатыптыр. Кызыл чоктордун кылычтары керегеде шагырап илинип турат. Мынабу төрдө чытыраган бирөө бешмантчан болуп, жайдактанып алган. Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таш-тап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат. Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман.

Айтор бүгүнкү мында конуп жаткандар жалаң эле старчын, жасоол сыяктуу өңкөй ченден чыккан бейбаштар.

Карпыктын мисирейген, май жукпас, жылаан көз келини менин келишимди гана күтүп тургандай, үйгө жаңы кире бергенде:

— Ме, суу алып келе койчу! — деп жанындагы чаканы лып алып, мага кармата койду.

Ушул келин, качан да мен бардым болду көчүгүмдү жер жыттатпай, жумшайт да отурат. Ошондон жалкып, кээде кой союп жатса да баруучу эмесмин.

Сууну алып келип коюп, отурайын деп жатсам:

— Эшиктен отун терип келчи,— деди дагы.

Сабы шылкылдап, мокок чорт керкини тыштан из-деп жүрүп, караңгыда таап алдым да, караңгыда токулдатып, бир колтук отун кертип алып, кайра кирдим.

— Эми тигинин бутун кармап бер,— деди ирегеде союп жаткан койду көрсөтүп. Билегин түрүп таштап, талтайып, кой союп жаткан жигит бир жагынан этти бузуп, казанга салып жатат.

— Мындай тарт,— деп койдун бутун союп, мага көрсөтүп коёт. Кармап турам.

Карындын учунан чымчып, кармап туруп, бир жеринен чырт кесип алды да төгүп кел деп мага берди. Үйдүн арт жагында обочо жерде бир дүкүйгөн шыраалжынга алып барып төктүм. Үйдүн жанында бир эки ит чылапчындагы канды талашып, ыркырап, кабышып жатат.

Бири мени көрө коюп, кулагын элеңдетип, жүгүрүп келди.

Кайра келээрим менен чубалган мөөндү жана карматты. Мен чыгып баратсам, төр жакта отурган мастан кемпир:

— Ошол жактан биротоло сууга жууй кел,— дээри менен, келини да:

— Эмесе тигини да ала бар,— деп бая мен төгүп келген карынды көрсөттү.

Эби жок кармап алсам керек, жаңкы жерге барып, эми төгөйүн деп жатсам, мөөндүн бир учу жылмышып кетип, жыңайлак балтырыма былжыраган бирдеме жая берди. Жанымда бир ит бирдеме үмүт этип, жагынып, шыйпаңдап турат.

Тапшырган милдеттерин түгөл орундап кайра келсем, менин шыбагама бир бөйрөк, бир шыйрак калтырып коюптур. Аларды жүгүрүп, үйгө жеткирип таштап, кайра келдим.

Казан борт-борт кайнап эт бышып жаткан. Коноктор өз ара бирдемелерди кожурашып отурат. Бирде ат чабышты кеп кылып, Сарыбай байдын кызыл аргымагын мактап кетишти. Ушул мезгилде «бирдемесин бүлдүрүп аламбы» деген кишиче, мышыктай табышын билдирбей чебердеп басып, баягы жолоочу кирип келди, мунун келгенин эч ким байкоос алган да жок. Жалпак тебетейин көзүнө кийип, күнөөлүү кишиче салбырап, «менин ордум ушул болот» дегендей акырын гана кирип, кой сойгон жигитке таяй барып, эшиктин так алдына келип отурду. Жигит от ичкерештирип жатып бир топтон кийин жолоочуга карап:

— Баатыр, кайдан? —дегендей болду, өзгөлөргө угуз-бай, жолоочунун өзү гана уккудай кылып, акырын.

Жолоочу төр жакты чала-була бир чолуп карап алды да:

— Жасоолго ат мингизип, ошонун артынан жүрөм,— деди.

— Качан минди эле?

— Көп болду, бүгүн он сегиз күн.

Бул экөөнүн сөзүн менден башка байкап отурган жан жок эле.

— Анда сенден бир үмүт этип жүрсө керек,— деди жигит, бир аз унчукпай калгандан кийин.

— Анысын мен да билип жүрөм. Бирок жанымда жалгыз тыйыным жок. Ээр токумумду көтөрүп, өзүм талаада жөө калдым. Катыным оокас эле, он беш күндөн бери анын эмне болгонунан да кабарым жок. Жакада оокаттарым бир жактан ээсиз калды. Өзүм жалгыз боймун...

— Үйүң кайда?

— Кең-Сууда. Ошол өрдөштөн жакадагы оокатыма түшүп келем деп, мингизип жибердим. Өзү чекеме бүт-көн жалгыз ат. Быйыл эки жакка да көп минбей көзүнө карап, багып- жүрдүм эле, аягында минтип кырсык чалып алды...

Көмөрөсүнөн түшүп, уктап жаткан Бала Курман бая бир жагына оонап кеткенден кийин ойгонуп калган. Бир кезде уйкудан абдан ойгонуп, оозун кең ачып, керилип, эстеп алды да жамбаштаган бойдон жатып:

— Тиги эмне жүрөт? — деп уйкудан жаңы бошоп, канталаган, сүрдүү көзү жолоочуга кадала түштү.

— Жолоочунун жанында отурган үйдүн жигити:

— Атына келиптир,— деди үнүн калыбынан көтөрү бүрөөк чыгарып, элге угуза.

Ошондо Бала Курман унчукпай гана ордунан шашпай туруп, ирегеде шалпайып отурган кишинин так желкесине келди да, төбөсүнөн тик ылдый карап туруп:

— Ат керекпи?! — деп кекээр сөзү менен эки бөйрөгүн таянып кайкайып тура калды. Жолоочу:

— Уруксат болсо...— деп акырын гана күңк этти да жок болду.

Ошондо Бала Курман жолоочуну шилиден ары келтирип туруп, эки тепти да, чалкасынан салды.

— Ме саган ат! — деп чалкасынан жаткан кишини эки колдоп жаактан ары алмак-салмак салгылады. Мен жакын отурат элем, тигилердин эпкини келип тийгенде атып тура бердим. Жолоочу бир кезде колу менен башын коргоюн деди эле:

— Тим кой, ушул жатканың оңой! — деп какшык-тап, колун кагып жиберди. Ыкылдата келип курсакка тепти. Уруп жатат, уруп жатат...

Көптөн кийин төр жаткан кимиси:

— Болду, кой эми,— деди сабырдуу дабышы менен. Бала Курман коймок эмес эле, бирок чарчагандан

кийин токтоду көрүнөт. Урганын токтотту. Киши көптөн кийин ордунан туруп: «жолуңар болгурлар, ушунчаңар туруп, бириң арачалап койбодуң» деген кишидей болуп бети-башын сыйпалап көрүп, ар кайда жаткан тебетейин, топусун терип кийди да кектүү жүз менен ачуусу кайнап, тишин кычыратып, ошол замат чыгып кетти. Ал чыгып баратканда бирөө:

— Эт жеп кет,— деп унчуккандай болду. Буга жооп да болгон жок. Кайта бул сөз ага какшык көрүнүп, ого бетер жанына жайсыз тийди. «Өлбөсөм бир жерде кезигишээрмин!» дегендей кылып, ичинен кекенип кетти. Эт бышып калган. Эми жыргамак болуп жатканда, Карпык мага карай:

— Тур, конокторго суу куй,— деп буйрук этип калды. Коноктор ордунан козголуп, бирдары чапанын чечип, жеңилденип, оңдонуп отуруп жатты.

Эми ары жагында деле, айта коёрдук неме жок, конокторго табак тартылгандан кийин, мага бир кескен карын, бир түйүм ичеги, моюндун бир омурткасы тийгенин гана бир билдим. Элге шек алдырбай карынды жеңиме кымырып койдум. Анткени мен качан да бир кой сойгон үйгө барып келгенде: — Эмне алып келдиң, кичи дей турган үйдөгүлөрдүн карызы эсимде болучу.

Карындан башкасын тез кайсап жибердим да карап калдым. Бирок бул жолу жаңылышканымды артынан сездим. Анткени, жакында бирөө мага устукан бере койгон жок. Эт чыгарган жигит, казандын жанында отуруп, бир карап алды да, кайра мени менен жумушу болбой кызыктырып жей берди. Ушул мүнөттө жалгыз мен карап калганыма ызаланып, «колумдагыны үнөмдөп жебей» деп ойлонуп калдым. Өзүм тик карабаганым менен көзүмдүн кыйыгы элде.

Көптөн кийин элдин мен жак четинде отурган бир буурул сакал ууртунан майын чубуртуп чайнап жатып мени көрүп калды да, тагдырыма түшүнө койгондой:

— Ме,— деп чала мүлжүгөн жиликти сунду. Жанда жок элпектик менен атып турдум. Абийирим эми кичине жабылгандай болду.

Эл этти жеп болгондон кийин «эми эмнеси калды дей-сиң» деп ойлоп, мен жылып жүрө бердим. Тыш караңгы экен, мына бул алдымда тырс-тырс оттоп, караңдаган эки жылкы жүрөт. Биздин үй эбак жатып алса керек. Мен алачыкка жакындай бергенде, кемегенин жанында, төрт бутун койнуна чогултуп, үрпөйүп жаткан барак жүн көк дөбөт тура калып, жазыктуу немече көзүн жалдыратып, шыйпаңдап мага жетип келди. Менин бечаралыгым менен иши жок байкуш, жеңимдеги карындын жытын билип, «ушундан бир үзүп берчи» дегендей, жан-алы калбай, ар жак, бери жагыма чыгып, куйругун булгалап коёт.

Алачыкта абышка, кемпир гана калып, башкалар тышта жаткан экен. Мен төрт балага бир салынган өз төшөгүмдү таап алдым да, жылуу төшөктүн бир четин билдирбей ачып, жанга шырп алдырбай барып жылаандай жылып кирип кеттим... X

Бүгүн баарыбыз үйдө элек. Түшкө жакын убакыт болучу.

— Күндө бир убак ысык ууртабасам бүткөн боюм курушуп туруп алат,— деп Элебес күндөгү маалында, мулук кара кумганга чай кайнаттырып алып, ичип олтурган. Күндө ушул убакыт ченде бир маал талкан салып, чай ичип алганда боргулданып, бүткөн боюнан тер кетип, жыргап калаар эле. Бурмаке анын маңдайында, жалгыз чыны менен чүмчүлөп, чай куюп берип отурат. Калганыбыз союп жаткан малдын кан-жинин аңдып турган иттердей, анда-санда көзүбүздүн кыйыгын салып коюп, ушул чөйрөдөн кетпей тооруп отурабыз. Элебестин алдында жайнап турган «дүрдүйнө» — сүткө көөлөнгөн бир чөйчөк талкан! Баарыбыздын баятан аңдып отурганыбыз ушул.

Ал кезде биздин эң ардактуу тамагыбыз — талкан эле. Алар качан чай ичкен сайын, биз көзүбүздү жалдыратып, карап отургандан кийин, Элебес бир кезде сыйрасы менен алаканыбызга бир кашыктан талкан салып берип коюучу. Талкандуу кашык келип, колубузга тий-генде, анын ичине талкан жабышып, кайра кетип тургандай, кашыктын учун бир топко бошотпой, колубузду батыра кырып, жуктап кетебиз. Ошого чоң канаат кылып, бир кашыктан талкан колубузга тийгенден кийин, Элебестин жанында Бурмаке менен Жумабек гана калып, башкабыз туш-тушка тарап басып кетүүчүбүз.

Беккул бир кезде, бу жактан энчисин алгандан кийин, ирегеде жаргылчакка талкан тартып отурган Жанымжандын жанына тоорулуп барып отуруп калды. Аны көрүп Бейшемби Жанымжанга карап:

— Алдыгындан Беккулга бир уучтап берип койчу,— деди, төрдө бүкүңдөп насыбай ийлеп отуруп. Күрүлдөгөн жаргылчак дабышынан укпай калдыбы, жок атайы ошенттиби, айтор Жанымжандан жооп болгон жок.

— Ууштап бер дейм, ой! — Бейшемби жана бир ун-чукту. Калып өзгөргөн жок. Ошенткенде, Бейшембинин ачуусу келе түшүп:

— Атаңдын көрү ит, сени жебесем эле!.. — деп, керегеде турган камчысын көздөй жутунганда, табагын көтөрүп алып, Жанымжан эшикти карай жөнөдү. Безилдеп кетип барат, Бейшемби артынан түштү. Ошентип кууп баратып, бир кезде жете түшүп, шилиден ары коюп өттү эле, Жанымжандын колундагы табагы ыргып кетти. Алар антип жаткан кезде Беккул болуп, бир топ балдар жүгүрүп барып, көк шибердин арасында жайнап калган буудайды тоокчо терип жеп жатышты...

Бир күнү Бейшемби бир жактагы жумуштан келип, үйгө жаңы гана түшүп отурган. Бар болгону — бир аяк жарма ичип, Элебестин чакчасын сурап, насыбай тартууга гана үлгүрдү. Ушул заматта Бейшембинин улуу баласы Жумабек:

— Байке, бир киши мамыдагы атты чечип жатат,— деп үйгө жүгүрүп кирди.

— Каранкүн, катыгүн! — Элебес элтеңдеп, ордунан ыргып турду.

Дүрбөп тышка чыксак орусча кийинген, салбыратып чач койгон он тогуз куракта бир ак куба жаш бала турат. Орусча окуган бала экен. (Ал кезде окуган балдардан баштап, элден ат жыгып минүүчү.) Караколдон Кар-кыраны көздөй кетип баратыптыр. Ийнине асынган булгаары сары сумкасы бар.

Бала кызыл атты чечип, өз атын мамыга байлап жат-канда, жанына басып барды да Бейшемби:

— Жол болсун баатыр? — деди, шашпай гана жай дабыш менен.

Бала абалы мындай эле деп, жөнүн айтуунун ордуна көргөн жерден:

— Ал аттын ээрин! — деди, колу менен кызыл атты нускап, чыйралып.

Бир аз аярдай калып Бейшемби:

— Кечээ эле Каркырадан үй көчүрүп келдим эле... Баатыр, эми өзүң бил,— деди.

— Мага десең бир эмес, беш барып кел,— деди да, бала кызыл аттын куюшканын чыгарбай туруп, ээрин шыпырып ыргытып жиберип, өз ээрин токууга кам урду.

Баланын бул кебетесин көргөндөн кийин, Бейшембинин кыжыры келип, «ушундан келгенди бир жолу көрөйүнбү» деген кишидей нечен жолу ызырынып барып, балага кол салчудай болуп турганда Элебес менен Бурмаке мунусун сезип калып:

— Кой балам, буга теңелип болобу? Өз башыбызга балээ болот,.— деп акырын басып койду.

— Ушул турган Каркырага мынабу өз атың деле ойноп жеткиргидей экен.

— Анда жумушуң жок,— деди бала чорт кесип. Ыракымы түшүп калар бекен деген кишиче Бурмаке:

— Биз бир бечара жолчубуз, кулунум! Бизди аягын. Жан сактап турган жалгыз ат. Өзүң жаш бала экенсиң, кудай өмүрүңө береке берип, мындан бетер улуктукка жеткирсин,— деп жалынып-жалбарып жиберди. Бурмаке жогорку жакшылыгын, балага чын ниети менен айткан жок — амалсыздан. Жан айласы үчүн айтылган кеп эле.

Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду. Кызыл атты катуу камчыланып кетип баратканы бизге кыйын тийип, аяп, артынан карап, кала бердик.

Ушундай ары-бери өткөн бузукулардан жалкып, жолчулар аттарын көбүнчө токойго, коктуларга алып барып, кишен салып коюучу. Бүгүн бизге жаман жерден туш келди.

Аттиң кедейлик! Жаңкы жерде бир, эки сом болгондо, кызыл атты алып калар элек. Ал кеткенден кийин, Кызыл аттын күйүтү көпкө басылбай, Элебес адатындай кулак-мээнии жеп:

— Алда каранкүн ай, ушунун тушунда жетип келе Койгонун каарачы!.. деп ирээнжип, Бейшембиге капаланып отурду..

— Бул Өбалакеттин келип каларын мен кайдан билдим? — дейт ал.

— Эми кайгырганда не, кайгырбаганда не... Карып-тардын кайгысына карай турган заманбы? Атакөйү кызыл аттын Бир тери бар экен. Өткөн иш өттү...— деп, Бурмаке аларды жубаткан болот.

Булар ушинтип жатканда мен бир кендир көтөрмөнү алдым да күндөгү маалды көрүп, отунга кетип калдым. Бара жатып үйдөгүлөрдүн абалын ойлодум, өзүмдү бир боштондукка чыга түшкөндөй сездим. Берегинде Чоң Курман жасоол:

Ак-Суунун башы балгынды,

Ак-Байтал, Кең-Суу салкынды,

Айтпай кантип коёюн,

Ашыктыктан дартымды.

— деп аттын сыдыра басыгы менен акырын гана зыңкылдап өтүп баратат.

Беккул менен Эшпай Башариндики жактан келе жатып жолумдан чыкты. Жаңы бирдеме таап, олжолуу болгон эмедей жаркылдап, кубанып келе жатышат. Жакын келбей жатып эле, тетигиндейден мени көрө коюп Беккул:

— Биз Башариндикинен токоч жедик,— деп алда-кайдан сүйүнчүлөдү.

— Эмне алып бардыңар эле? — дедим.

— Бүлдүркөн, карагат...

— Канча токоч берди? — дедим мен кызыгып. Буга Беккул жөнөп бергиче болбой озунуп, Эшпай:

— Мага мынча берди,— деп чилмийген алаканын сайып, оң нолу менен аны туура кертип көрсөттү.

— Беккулга канча берди?

Калтылдаган элпек колун дагы жаңкыдай кылып, өлчөп туруп:

— Беккулга мынча, мага мынча берди,— деп Беккулдукунан өзүнүкүн чоңураак кылып көрсөттү.

Башариандин үйүнүн маңдайында бир чал бар эле... Аны биз «Бабай» дечүбүз. Мунун эки уул, эки кызы бар. Төртөө тең бойго жеткен немелер. Улуу баласы былтыр солдатка кеткен. Өзү бай эмес, малдан үч, төрт жылкысы болуп, орточо гана оокаты бар. Кызыл-Кыяга келгенине он жылча болуптур. Бабай өзү жетимиштерге келип калган. Карылыгы жетсе да анчалык күчтөн кала элек чал. Бапыйган чоң сакалы бар, кочкор тумшук, кызыл көз неме. Кыргызча «жаман, жакшы, акча» деген-ден артык тил билбейт.

Кээде ушунукунан токоч жейбиз деп, атайы тоого барып, карагат, бүлдүркөн терип барып берчүбүз. Кечке жуук болгондо айттырбай барып, талаада жүргөн уйларын таап алып, үйүнө айдап келип берип, андан да алчу-буз. Көңүлү жай болуп турган убактарда капысынан жөн барып калсак да берүүчү. Бирок, бул максатка же-тиш үчүн туштап туруп, тамактын үстүнөн чыгыш керек. Ошондо да келээр менен бере койбоду деп ызаланып, кетип калбай, чыдаш керек, белгилүү мезгилге чейин күтүп туруш керек. Бирок алып барган малыбыздан баары пул боло берчү эмес. Терип берген жер-жемишибизди кабыл албай, кайтарып салган кездери да бар.

Бир каталыгым эсимде. Бир күнү мен тоодон эки чыныга жакын бүлдүркөн терип келдим. Үйүнө кирчү эмеспиз. Адатыбызча, кайырчыдай эшикте жалдырап күтүп турсам, мени көрүп кызы чыгып келди. Мен ага бирдеме деп айтуунун ордуна, мага көйнөгүмдүн этегин жайып, бүлдүркөндү көрсөттүм. Кыз эң мурун колумду анан этегимди карап-карап турду да бир кезде:

— Керек жок,— деп кайра кирип кетти.

Менин багыма башынан «сыр билгич» кемпири кезикпей, кызы туш келгенине өкүнүп кете бердим. Кетип баратып: «Көңүлдөрү куш болуп турган учуруна кезикпей калдым го» деп оюма кетти.

Ушундан кийин бүлдүркөндү бир жууган калайга салып, үстүн таза жалбырак менен жаап алып баруучу болдум.

Ошентсе да Башаринге караганда, бизге Бабайдыкы бир аттам жакын көрүнүүчү. Башариндикине мындай жөн салды барганда токоч бермек түгүл, тентек баласы — Петке бизди көрсө кыжыры кайнап уруп, ызалап коё берүүчү. Ошондон жалкып анда көп бара алчу да эмеспиз.

Бир күнү кечинде, үйдө отурсак, Байболоттуку тан карса-курс, жаң-жуң эткен бир дабыштар чыгып калды. Бирөөнө тобу жабылып, уруп жаткан сыяктуу. Анча болбой:

— Карма доңузду, союп сал! —деген Ыбыкенин үнүн тааныдык.

— Кокуй өлтүрдү, өлүгүңдү көрөйүндөр, кырабы

мындагы элди! — деп чаңк эткен дагы бир катындын ачуу дабышы чыкты.

Биз дүрбөп тышка чыктык. Иңир кирип, жер караңгылап калган, жаңкы жаң-жуң Байболоттуку жакта болуп жатат. Көптүн ичинде Ыбыке, Карабай старчын болуп, Эрке Сарынын бир топ жакшылары жүрөт. Ыбыке жигиттерин көкүтүп, тукуруп коюп, болуп жаткан жоруктарга көз сугарып, камчысын ээринин кашына таяп, кесирленип, ат үстүндө гана карап турат. Жерде төрт-беш киши тополоң түшүп, кармашып жүрөт. Бизге Байболот жалгыз бир жак, калганы бир жактай болуп көрүндү. Анткени ошончо элдин жабылып жүргөнү жалгыз Байболот.

— Карма, доңуздун колун байла! — деди бирөө караңгыда түрсүлдөшүп жүрүп.

Байболоттун он жашар, кибиреген кызы бир эсе чыңырып барып, атасына түшө калат да бир эсе безеленип, кайра энесине жүгүрүп келет.

— Кокуй, балдардын жүрөгүн түшүрмөк болду, бул тукум куруттар! — деди Байболоттун катыны, чыңырып жүргөн кызын ала коюп, алактап.,

Ошол кезде Байболот кандайдыр, топтун ичинен бир жолу суурулуп чыга түштү да качырып барып, Карабайды камчы менен басып-басып алды.

— Атаңдын көрү кул ээй! Бул жамандын күчүн! Кармабайсыңарбы?! — деди Карабай башкаларына. Бай-болот эр эле, карматпай, качып баратып, улам артынан жеткенин кайрылып сабап жүрөт. Ошентсе да көп коё-бу, бир кезде Байболотту жабылып кууп жетип, желенин жанына алып келип басты эле, бир уй үркүп кетип, мурунтугун үзүп алды...

Бул окуянын түбү мындай экен: Байболоттун эрден чыгып келген бир кызы бар болучу. Муну бир топ жакшылар менен Ыбыке баш болуп, Байболотко бир ооз айтпай, Каркырада бир казакка барып, кыздын сырты-нан куда түшүшөт. Калың бычышат. Кызды колмо-кол бермек болуп, ал жерден кудамудалары менен биякты көздөй жөнөп калышат. Калыңдан алган элүү кой, жыйырма чакты караны күн мурунтан айдатып жиберишет. Ошону менен калдайган калың кол бир күнү Байболоттукуна келип жетет. Келсе — кыз жок, ал мындан бир-эки күн мурун бир сүйгөнү менен качып кеткен. Анын качаарын Байболот да, катыны да билген эмес. Тигилер бул жорукту келгенден кийин гана бир билишет.

Жаңкылар келип, Байболотту басып жыгылгандын жөнү ушул экен. Себеби биринчиден, калыңга келген

малды кайтарып берүү керек; экинчиден, кудага шер-менде болушту.

Баарынан да малды айтсаңчы! Кудадан айдап кел-ген малдар эмгиче Ыбыкенин айлына барып калган да көрүнөт.

Карабай будаланышып жаткан топтун ичиңен көптөн кийин күйүгүп чыгып келип, атына минди да, кайра бери карап туруп, камчысын секеңдетип:

— Шашпа, солдатка кыл алдында Бейшемби экөөңдү кармап бере албасам элеби!.. — деди.

Ушинткенде Бейшемби селт карай калды да:

— Карабай, ыгы жок тийишкендин эмне кереги бар? — деди.

— Сенде кылмыш көп баччагар. Тура тур, шашпа...

— Кудай урбадыбы, мен бирөөнүн бүлөсүн бийлей алчумунбу?

— Унчукпа, чочко! — деди Карабай качырып барып салып калчудай ызырынып.

Бейшемби камданып бирдеме дегени келе жатканда Ыбыке:

— Кана, жүргүлө, булардын эсебин өзүбүз табабыз,— деп атынын башын кайра тартты да тобу менен дүрбөп, жөнөй берди.

Булар кетээр замат Байболот катыны менен түн катып, Караколго жүрмөк болду. Катындын өңөргөн бешиги бар. Бул жөнүндө убара болосуң, барба деп, ар ким айтып көрсө да Байболот:

— Мейли, кайда калбаган бир жан. Улугу адил болсо ошол жерде текшерип көрсүн,— деп мойноп, көнбөй койгон.

Биз жатып алган кезде түрсүлдөтүп, жөнөп баратышып:

— Жанымжан, үйдө Торгойакун калды. Уйду саап берип тур,— деди Байболот.

Эртеси биздин үй өз-ара кужурашып, кечээ Байболоттукунда болгон окуя тууралуу кеп уруп отурушту. Башка кишиден Назыр бучук деген киши отурат. Кечээги Карабайдын айтканын кеп кыла келип, Бейшемби:

— Атасынын көрү, кетсем да ошолордун бирин жайлап туруп кетермин,— деп койду.

— Кой балам, аның балалык чыгар, «Өлбө жаным өлбө»,— деп өзүбүз минтип араң турганда, балээни чакырып эмне кыласың,— дейт Бурмаке.

Ушул убакта бирөө келип, Бейшембиге бир кагаз берип кетти. Сырты чапталуу экен. Ичин ачты да оку деп мага сунду. Урманбеттен келген кат экен. Өмүрүбүздө «кат» дегенди көргөнүбуз да ушу болсо керек. Баягы бир жылы Турат молдонун үйүндө жүрүп, билип алган чала сабатым менен тамтаңдап окуй баштадым. Сөздөрдүн башын жыйнап түшүнө албай, көңүлүмдө булдур гана бир нерселер калып барат. Бир жеринде: «Биз Украин, Ашкабат деген жерлерден өтүп кеттик. Кайда барып токтоорубуз азыр маалым эмес...» деген сөздөр бар. Аягына бир ыр жазыптыр:

Арт жагымды карасам.

Алыста калды сансыз жан.

Келгис жерге жол тартып,

Керменге кетип баратам.

Кара чунак көп жетим,

Кабарсыз болуп мен кеттим.

Көтөрбөскө чара жок,

Падышанын милдетин

Бу дүнүйө жалганың,

Ичимде көп арманым.

Душмандан кегим ала албай,

Айдалып кетип калгамын.

Өткөрүп нечен күндөрүн,

Мен алыста жүрөмүн.

Өлбөй жүрсөм бир күнү,

Керменден кайтып келермин...

XI

Мындан бир нече күн мурун эл ичине: «Падыша кыргыздан солдат алмак болуптур» деген сөз тараган. Бул сөз адегенде «имиш-имиш» сыяктуу болуп көрүнсө да бара-бара абдан чындыгына жеткендей ырбап, күчөнүп алган. «Солдат эмес, солдаттарга ор казууга кара жумушка алынат экен» деп да коюшат. Сөз кеп... Ошондуктан жайлоодо болсун, жакада болсун элдин кары-жашы дебей эрмеги да ушул болуп, эртели-кеч бир дөңгө жыйналып алып, ар кылымдын башын чарпып аңгемени ушундан козгойт да жатат.

— Атасынын көрү, солдатка баргыча ушул жерден эле өлүп беребиз — деп күүлөнөт бир кур боз балдар.

— Чындап башка күч келсе, колдо мал деги бар, кедейлерден сатып, ордуна жиберсек да, балдарыбызды бир сапарынан алып каларбыз,— дешет, дагы бирөөлөр.

— Ушинтип эле турбас, балким заман оңолуп кетээр.

— Байлар го балдарын сатып алып калсын, түгү жок биз эмне кылдык?

— Мейли, кайда болсо бир өлүм. Алам десе мына, солдатка кеткенде биздин кайсы аялуу баш, айдалуу малыбыз артыбызда калып жатты эле. Кедейге кайда болсо баары бир. Бирок кетсек да ошо бизди кармап бер-гендер менен соо калышпаспыз,— дейт эми бир даары.

— Алда кандай заман болоор экен...

— Бул эр азаматтын башына туулган кыйын күн!

— Солдат алган менен деле байлардын түрү коробойт экен, дагы эле салмактын баары баягы көрө жүргөн кедейлерге түшөт экен го...

— Жанын кыйып, ким эле бара коёр дейсиң, эл да ойлоно жатаар...

Ушинтип элдин эси бир жерде турбай уйгу-туйгу түшүп, эки таалай болуп жатты.

— Солдат алуу тууралуу падышадан эл-элге буйрук тарагандан кийин: Кыдыр, Баатыркан, Ырыскелди, Соодонбек сыяктуу бугунун кочкор башы жакшылары баш кошуп, кеңешип, бир даары беребиз, бир даары бербей-биз дегенге келишет. Кыдыр — беребиз деген жагынын башы. Жакшылардын бул өңдөнүп, бир чечимге келе ал-бай эки жарылып калтылдакка түшүүсүнүн чоң себеби да болду. Анткени, солдат бербейли деп ага чыдабай, берели десе «эгер бизди солдатка кармап берчү болсоңор, алды менен силерди жайлап туруп, анан кетебиз» деп колуна түкүрүп, дүркүрөп, бирден көтөрүлгөнү турган калың букарадан айбыгып, артын качырып, жалтактап турган эле. Эми чыны менен карарып алган элдин түрүн сезип, өздөрү да ашуудагы туюкка камалгандай бир жагына чыга албай, айласы кетип турган сыяктуу эле.

Ушул себептен болсо керек, мындан көп узабай сол-дат бербейбиз деген үчүн Албан казагынын Абубакир, Узак, Жаманке деген жакшыларын Каркырадан кармап алып, Караколгр алып кетиптир, деген кеп угулду.

Ушундай учурлар болуп жаткан тушта апийим тилими келип калды. Ушул бир-эки жылдан бери кыргыз жерине кытай, дуңгандар келип, элге апийим айдоо жайылган. Мурун апийимди Үрүмчү, Кашкар, Турпан, Кулжа-дан келген кытай, дунгандар гана айдаса соңку кездерде кынык алып кыргыздар да айдоочу болгон. Ошону менен кошо кыргыздан кызыл кулак, соодагер чыга баштаган.

Бир күнү Солто деген тууганыбыз келип, Беккул экөөбүздү ушул апийим тилимине алып кетмек болду. Солтонуку — Сарытологойдо. Быйыл Чоң-Таштан жер которулуш болуп, биздин Эрке-Сары бүт ушул жакка оонаган. Сарытологой — бириндеген, бузулган, жаман тамдардан курулган бир көчө кыштак.

Биз менен бирге Ырай дегендин баласы — Кыдырманы да алып кетмек болду. Ырай оорулуу, чолок киши — балдак менен жүрөт. Кыдырма мунун жалгыз баласы. Өзү үч баш жан. Малдан жалгыз кыңыр куйрук, жамбашы чабдар аты бар. Өзүнүн өмүрүндөгү кесиби — жакын арадагы базарлардан барып, насыбай алып келип, ошону айыл аралатып, кыдырып сатат да жүрөт. Күн көргөн бар оокаты ушул. Анын уулу Кыдырма менден саал кырдуураак, далылуу, болук, жайык бет, кызыл тоголок бала. Бирөөдөн жалынып жардам сурачудай, дайым аянычтуу болуп, көзү жалдырап турар эле. Күрөшкөндө, жумушка келгенде өзү теңдүү балдардын камбылы. Тоодон ышкын тергенде, отунга барганда, мени койчу эмес. Экөөбүз кээде отунга барганда, ал менден мурун ары-бери кылып алып жиберип:

— Батыраак кыймылда, болбосо карагайдын ичине жалгыз таштап кетем,— деп мени коркутмакчы кылып коюучу.

Ошону менен үчөөбүз Солтого жалданып кеттик да, Кызыл-Кыядан көз жумдук... XII

Сарытологой деген жер ушул.

Бүгүн күн мындай жакшы тиерби! Ысыкта жоон топ киши береги бир уч-кыйыры жок түздө суу бойлоп айдалган апийимди кесип жүрөбүз. Керилген беш-алты теше. Муну Солто, Караколдо бир Абдылда деген чоң соодагер татары менен ортоктошуп айдаган. Абдылда Солтонун көптөн алынышып алган адамы.

Апийим тилими кызыган кез. Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты бур-курап турат. Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт. Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом.

Биздин келгенибизге бир топ болуп калган. Апийим тилишке жаңы келгенге караганда, үйрөнүп калдык. Адеп келгенде апийимдин же кардын чыгары тилип, же мөлчөрүнө жеткирбей кыртышын гана чийип кетип жүрдүк. Мындай болгондо апийимден жарытып сүт чыкпай сызылган гана кара так болуп калат. Эми чөгөрө тилип койсо карды жарылып, экинчиси сүт чыкпай (чыкса да жарытпай) өлүп калат. Ошондуктан терең да, тайыз да эмес өзүнүн мөлчөрү менен тилиш керек. Көнүп алган адам кандай ыпылдатып ылдам тилсе да апийимге зыян келтирбейт. Бирок кожоюндарыбыз бизди урушуп, тил-деп жүрүп үйрөтүп салган. Тилгенди, кырганды билип калганбыз. Кыдырма, Беккул, мен үчөөбүз, көбүнесе боюбуз жетпей апийимдин башын төмөн ийип келип, анан кесебиз. Ошентип жүрүп кай бирин сындырып коюп, далай тил укканбыз да.

Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет. Көчкүн болсо куркуйган узун бойлуу, балчайган сары неме. Иттин анан көзү! Көзү бир көргөн кишиге укмуш эле. Бирөөгө ачууланганда ышкырып барып, чагып алчу жыландай болуп, акырайган, чоң көзү чанагынан чыгып, эки эсе чоңоюп кетер эле. Бул көбүнчө Беккул экөөбүзгө ушундай болуп көрүнчү.

Күн бешимге таяп калган. Бир кезде Беккулдун башы айландыбы айтор, кесип бараткан солунун башына жетпей туруп, өңү кубарып мындай чыкты да, дүкүйгөн бир шыраалжындын түбүндөгү көлөкөгө барып, ыкшыйып калды. Аны Көчкүн бир топтон кийин жоктоп, көзүн чоң ачып, акшыйып тура калып:

— Беккул кана? — деп барк этти.

Бир аздан кийин кайда экенин таап алып, жанына барып:

— Эмне жатасың? — деп ороңдоп бир тийди. Беккул жантайып жаткан бойдон ыңгыранып, жүрөгү айнып, кускусу келип турган немедей кабагын чытып:

— Башым тегеренип кетти,— деди.

— Атаңдын гана көрү... Жүр! — деп Көчкүн бир бул-куп алып, биздин жаныбызга дегдеңдетип, сүйрөп келди да: — Амалын мунун! Силерди биз мында согумга сойгону алып келдик беле? —деп бир колунан кармап алып, жаакка коюп жиберчүдөй акшыйып, бир топко кекетип, тилдеп турду. Тилеке деген жигит ар жактан туруп:

— Алда Көчкүн ай, аны эмне кыласың эми кыйнап. Жата берсин,— деди жоош гана.

— Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөтүп ичпесе киши суугуна тегеренип, жыгылып калат,— деген дагы бирөөнүн калыс үнү чыкты.

Күн аркан бою калганда:

— Эми калганын силер кесип келгиле,— деп Кыдырма, Беккул, мен үчөөбүздү таштап коюп, калганы кете беришти. Айылчы кетип баратып, бизге сөөмөйүн көрсөтүп, эскертип койду:

— Жакшы кескиле. Эгер эртең көрчү болсок таарын-байсыңар...

Аны коштоп, Көчкүн дагы:

— Жакшы кеспесинчи анан, атаңдын көрүлөрдүн жөн эле көздөрүн өлүп алайын,— деди кетип баратып, кайрылып бизге карап. Ар күн ушул. Күн баткыча, биз кесип бүткүдөй өлчөлүү жер калганда болжоп туруп «эми калганын силер кесип келгиле» деп, бизге табыш-тап кете беришчү. Кээде биздин үстүбүздөн контрол кылып бирин коюп кетет.

Апийимди тилип болуп күн батарга жакын үйгө кайт-тык. Биз келсек, Солтонун үйүнүн жанында, бир бечара дунганды стражник алдына алып каарланып сөгүп турган экен. Бул стражник Кең-Суу, Сарытологой, Чоң-Таш элине түгөл маалим адам. Алдындагы ак боз атын кыргыздар алыстан тааныйт.

Эр өлтүрүп, күнөөлүү болгон немедей, башын жерге салып, муңайып отурган дуңганга олунуп, стражник:

— Үч күндөн берки алганыңдын баары кайда? Тап сволоч... — деди. Көчүгүн ээрден көтөрө түшүп обдулуп.

«Бул азапка кайдан туш болдум эле» деп, башкадан жардам сурагандай жалдырап, эки жагына бир карап алып, дуңган:

— Болсо аңтарып таап ал,— дегендей кылып, кын-жылган түр менен көзүн ыкшыйтып, стражникке карады.

Дуңганды баса калып, мууздап жиберсе да эчтеме өнбөсү көрүнүп турат. Стражник, оозуна тийгени менен ылгабай сөгүп туруп, бир кезде колундагы кокозону керилип келип, жерге бир салды эле, кокозодогу апийим бол этип ыргып кетти.

Дуңган— барып турган бир бечара. Өзү мындан он беш жыл мурун Үрүмчүдөн бир байга жалданып чыккан экен, кийинки кездерде кожоюну Караколго келип, апийим айдап байып, апийимди артынып алып, өзү кайра тартат да, муну таштап кетет. Бул андан калгандан кийин ар кайда сандалып жүрүп, акырында Сарытологойго келип, эптеп жүрүп быйыл чейрекке жакын апийим айдап алган. Ушуга бел байлап, жолго каражат кылып, быйыл жериме кайтамбы деп жүрүүчү. Кытай жерине кайткан кишиге мындан бөлөк каражат өзү да жок эле. Ушул дуңгандын бирөө кеп сураса, адегенден эле «хатын, бала он беш жыл көргөн жок» деп баштачу.

Мынабу жерде менин боорум ачып кетти. Эгер ушу мүнөттө менин колумдан келсе, канча болсо берип, мынабу түксүйгөн, ырайымсыз, дүнүйөкөр, ачкөздөн бечара дуңганды бошотуп алышка, өзүмдү даяр эсебинде көрүп турдум. Он беш жылдан бери жердин түбүндө багаркөрөрү жок жетим калган катын-балдарын бир көрөмбү деген үмүт менен быйыл бир алакандай жер айдап, ала жаздай саргарып, багып келип, андан кырып алган беш кадак немесин алтындай сактап жүргөн байкуштукун акырында келип мынабу ач көз тартып алганы жатса кантип ичиң түтөт? Же бир элдей болуп байып, дүнүйө көбөйтөм деп жүргөн адам эмес. Барып турган бир бечара. Берегинде бешмантчан болуп, желденип, эки колун артына алып челкейип турган Ыбыкеге бечара дунган жалжал карап коёт. «Ушу мени бир коргоп, бирдеме деп койбос бекен» деп ойлойбу? Ыбыке антпейт. Дунгандын аянычтуу, кайгылуу тагдырына ушунчадан бир мен кайгырып тургандай болом.

Стражник баркылдап сөгүп, ат менен тепсетип, кам-чынын алдына алчудай бир эсе качырып барып, бир эсе кайра тартып турду да, бул жерден эчтеме өңбөсүнө көзү жеткен соң, бир убакта жалгыз дунганды алдына салып, кежигеден түртүп, айдап алып ары карай кетти.

Кожоюнубуздун катыны күндөгү убакта Кыдырма, Беккул мен үчөөбүздү отунга жумшап жиберди. Жолугбузда бир боз үйдүн жанынан өтүп баратып:

— Стражник жүрөт, баягыны каттыңар беле? — деп, күңкүлдөп жаткан бирөөнүн дабышын уктум.

Токой алыс эмес, күндө барып, отун алып жүргөн жер. Кайтканда күчтүү деп Кыдырманы жогору жагыбызга салып, Түптүн суусунан кол кармашып кечтик.

Биздин келишибизди күтүп тургандай, үйгө кеч кире келип көчүк баса элек жатсак Көчкүн:

— Жүргүлө,— деди өзүбүздөн мурун ордунан обдулуп калып...

Кайда алып барарын биле элек жатса да иштин түбүнө көзү жетип тургандай, Кыдырма:

— Кайда? — деди чарчаган түр менен кабагын чытып. Көнбөскө чара жок. Көчкүндүн жол башчылыгы менен бир ээсиз таш үйгө бардык. Үч капка жайма таруунун жанында бир келин соку күйшөп туруптур. Ар кайда чачылып жаткан сокуларды көрсөтүп:

— Кана, бир-бирден алгыла! — деди Көчкүн.

Кезек-кезек:

— Күйшөгүлө, атаңдын көрүлөр! Жаныңар барбы!— деп бизди айдап-айдап коёт. Чабалыбыз Беккул. Ал сок-билекти араң эле көтөрүп таштайт. Ага Көчкүндүн ачуусу келип:

— Тамакты кандай ичесиң? Ошондой кыл,— деп сөөмөйүн Беккулдун көзүнө такады. Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду. Ошенткенде Беккул сокбилекти ыргытып жиберип, өңүн бузуп, эшикти көздөй өңгүрөп жөнөй берди эле:

— Кайсы атаңа барасың? — деп кекетип, колунан силкип, кайра кармап келди. XIII

Бир күнү түшкө жакын апийимден келип, үйдүн жанында арыкка колумду жууп олтуруп, Байболотту көрдүм. Алдына мингени өзүнүн эзелки кашка айгыры. Бир жасоол айдап алыптыр. Экөө тең Ыбыкенин ак үйүнө келип түштү. Мында бир топтон бери пристав жаткан. Чоңкол да ушу чөйрөдө болучу. Пристав — баягыда Карпыктын үйүнүн жанындагы топтун ичинен мен көргөн ачуулуу пристав. Кыргыздын жайын жакшылап жаттаган!

Байболот атынан түшүп, үйгө киргиче мен аңырайып карап калдым да кирип кеткенден кийин ошондо жүгүрүп кирип бардым. Эшиктен кире берген жерден, төргө, үстөлдүн үстүндө мурутун чычайтып, сурданып, бир кагазды тикийип тиктеп отурган приставды көрдүм. Чоң-кол бул жолу жок экен. Приставдын алдында, жерде, улуктун урматына кулдук уруп, жүгүрүп отурган кишилердей старчын, элүүбашы сыяктуу бир тобу отурат. Карабай бар. Мен кирип барганда бирөө:

— Жүр ары! — деди эле чегинип барып, эшиктин далдасына туруп калдым. Приставдын оң кол жагында, үстөлдө элден өзүнүн бөтөнчөлүгүн көрсөтүп тургандай, чалкалай тартып чиренип, Ыбыке отурат. Байболот кирип барганда, бул мурутунан күлүп, приставка карай:

— Таксыр, баягы тентегиңиз ушул,— деди.

Улук жалт карап алып, алдындагы кагазга сүйрөңдөтүп бирдемени жазып коюп, анан:

— Сен доңуздун баласы, элди эмне бүлдүрүп жүрөсүң? Айтчы, гана! — деп оң колу менен үстөлдү таяна түшүп адырая калды. Байболот жаман шапалагын бүктөй кармаган бойдон, боюн токтотуп, шашпай гана жай дабыш менен:

— Мен жазыктуу болсом, айбымды тартайын. Абалы күнөө кимде, ошону акыйкаттагыла!.. — деди.

Пристав бирдеме- дегени камданып келе жатканда Ыбыке:

— Старчындарды сабап списканы тартып алганыңды эмне дейсиң? — дей бергенде Байболот жулуп алгандай:

— Тартып алганым ырас. Буга бизден бөлөк элдин түгү коробойт экен. Солдатка кетсек, биз көрөт экенбиз. Эгер силер элдин чын камкору болсоңор, калыстыгыңар кайда? Ошол спискада байлардын, жакшылардын балдарынан кирген бирөө барбы? Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан приговор жасап, он жетини он тогуз кылып, кыркты отуз кылып каттап берип отурасыңар. Байлар болсо, балдарын сатып алып калат экен, алардын ордуна түгү жок томояктар, биз кетет экенбиз. Эми кайда силердин калыстыгыңар деп суук жүзү менен Ыбыкеден көзүн алып, приставка карады. Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап:

— Ит, чочко! Көрсөтөмүн сага!..— деген сыяктуулар менен далилсиз сөгүп, кур опузалап отурду.

Падышанын адил жардыгына каршы болгон ит, сени азыр мен эмне кылып жиберейин? — деди бир кезде.

Байболот жашыган жок. Кайта «эми тартынсам да, тартынбасам да баары бир» деген немедей, кайратына келип, чыйралып, приставдын көзүнө тике карап өзүнүн түсүн эркин бийлеп алып туруп, эми чындап жооп берди:

— Падышам адил дейсиң. Жерибизди оторлоп, бизди сураганына мына быйыл элүү жылдан ашкан экен. Ошондон бери биз эмнени көрбөдүк? Илгери Кокон каны сурап[7] турганда да муну көргөн эмеспиз. Адеп келе сала жер-суубузду тартып алды. Жердин эң соорусун ырасийден көчүп келген мужуктарга алып берди. Аны-сына да көндүк. Ордубузду бошотуп, өзүбүз мындай чыга бердик. Эң аягында тоо-таштын арасындагы бирди жарым жерибизден өйдө тартып алып, өзүбүздү кууп чыгып, капчыгайга камады. Көрө турган күн, иче турган суубуздан ажырадык. Кыштообуздан айдап чыгып, оордубузга пасөлкө түштү. Биз бир теше жерге жетпей жүр-сөк, мужуктар түтүнгө кырк элүү тешеден жер ээлеп жатты. Жерибизди сугарууга суу да тийбеди. Жадаганда ак кардуу мөңгүнүн арасын ыраа көрбөй, казыналык деп алып коюп, туяк кат алды. Бирди жарым-малыбызды да кеңири отко салбадык. Отунга барсак карагай башы кармап алып, өзүбүздү уруп, аркан жибибизди тартып алып, протокол кылып, айдап жиберет. Ырамат, налогдон көз ачырбай отуруп, бизди түгөл итке минген томаяк кылды. Ырамат, чыгым үчүн саап ичип отурган жалгыз уюбуздан өйдө саттык. Барга бардай, жокко жоктой түшпөдү. Жердин баарын басып жаткан көпөстөр менен, жалгыз үйлүү жардылар наликти бирдей тарттык. Улук-тардын ары-бери жүргөн чыгымы да биздин мойнубузда болду. Аны мөөнөтүндө таппай калсак түрмөгө камады. Ушулар аз келгенсип, акырында келип, бизден солдат алам дейт. Бу кайда эми падышаңдын адилеттиги? Бизге кайсы көрсөтүп койгон сыйына ошентет? Падыша өкмөтүнүн кылганы аз келгенси, бий, болуш, старчындар бир жактан чыгып, ээн жерде камаган карышкыр тобундай кара букараны эки жактап, ортого алып, соруп отурса — бул биздин күнүбүз эмне болот? Качанга чыдайбыз? Канткенде күн көрөбүз?

Бул жерге келгенде, приставдын сөзгө жыгылып калган белгиси сезилип калса да «бул иттерге сыр алдыр-бай, катуу туруш керек» дегендей болуп, ачууланып, түк-сүйүп, бардык күчүн сыртына жыйып турду.

— Эмесе сенин оюңча падышанын кылган иши терс экен го? Мындагы улуктар сага...— деди пристав, чычайган мурутун оң колу менен жанып калып.

— Улуктун адилеттиги ошобу. «Орус, кыргыз» деп, бирине-бирин кырды бычак жоо кылып коюп, тамаша-сына карап отурат. Поселконун жоон муштумдары биз бирдеме дей электе келип, ооз ачырбай баса калат. Эгип койгон эгинибизди тартып алат, чөбүбүздү чаап алат. Кокус бир малыбыз жерине түшсө бүтпөгөн доого калабыз. Бир малдын басып кеткен туягына бир кара төлөйбүз. Сотко кетебиз. Жолдон мал өтсө кармап алат. Ушуну кылып отурган улуктарыбыздын салыгын биз алар-дан артык тартпасак, кем тартпайбыз. Акыры аягында уруштагы солдатка керек деп, уй ичибиздеги буюмга налик салды. Аркан жибибизди, астыбызга салынган кийизибизди алды. Жадаса бутубузга кийип турган байпагыбыздан өйдө чечип бердик. Силер элдин камында жүргөн улук болсоңор, ушуларга эмне адилеттик кылбай-сыңар:

«Муну менен сөз жарыштырып, убакыт өткөрүүнүн кереги жок» дегендей пристав көзү тасырая түшүп:

— Бас үнүңдү! — деп анын сөзүн айтып бүтүрбөй муштуму менен столду коюп калып, ызырынып. Байболотко жай басып барды да кайтып, оң жагында турган пагону бар жигитине:

— Айдап барып кама, итти! — деп буйрук берип калды. Байболот анын алдына түшүп кетип баратканда, оюна жаңы бирдеме түшө калгандай аны кайра чакырып, токтотуп туруп, пристав:

— Сенин бабаңды таанытам мен азыр! «Солдатка барбайбыз деп айткыла» деп элди азгырып, сөз таратканыңды билесиңби? — деди кабагын түйүп туруп.

— Эл өзү билет. Бирок элдин баары көнүп отурган жери жок. Айтканыбыз айткан. Мурун айтылган сөздүн бир оозун кайтып албайбыз. Биз эми чыдагандан...—деп барып, ачуусу менен сөзүнүн аягын бүтпөй токтоду Байболот.

Пристав бардык үнү менен:

— Айдап кет, итти! — деп бир барк этти да, аны ай-дап жолго түшкөн соң артынан ачууланып, кекетип калды...

Ушундан он чакты күн өткөндө, мага бирөө бир кат окутту. Кат Байболоттон экен. Сөздү бирден эжелеп, көзүмдү үйрөнтүп барып анан окубасам, кандай кат болсо да жалган жерден шар кете албаймын. Менин багыма мынабу кат көп молдолордукундай табышмак эмес, колу жаман болсо да, даана жазылган кат экен. Эң мурун ичимден бир сыйра күбүрөп окуп чыктым. Кат мындай:

«Мен түрмөдө жатам. Арыз-арманымды угаар эч ким жок. Кыргызды бу жерде жан ордуна да санабайт. Пагону жаркылдаган полицалар бизди кеңсалардын ченине жолотпойт. Улуктарга жибербейт. Кыргыздын жакшылары болсо бий, болуш талашуудан, бирөөнү жакыны кылып жанына алып, бирөөнү кырына алып, кырсыгын тийгизип, пара жеп, кулкунун майлоодон бошобойт. Журтту кан-какшатып, ыйлатып, пара жеген киши биз-де — эң мыкты адам болот деп үмүт эткендер ушулар. Анте албагандар — жарамсыз, колунан түк келбейт!.. Мына «мыктылар!» жер-суу болсо жылдан-жылга колдон кетип отуруп бүтүп барат. Алардын оюна бул кирип да чыкпайт. Ач арыктын абалына кароо, арыз муңуна кулак салуу, жердин камын ойлоо, элдин тагдырына кара-шуу дегендерди булар ойлоп да койбойт. Алардын бар максаты: жаат курап жайлоо талашуу, даражага жетүү, элге чыгым салып, зоболосун тийгизүү, кедейдин жыйырма коюн ашырып, жүз кылып, байдын миң коюн кеми-тип эки жүз кылып каттатып, арадан жем түшүрүү, өчуккөнүн жасоолдорго, полицияларга сабатып, ыза көрсөтүү, жүрөгүн алуу, алсыздарды ыйлатуу, улуктарга, сотторго жагынуу, парага семирүү, өз кулкундарын тойгузуу... алардын бар ою ушул. Эми кызыл кулактарды, соодагерлерди ал. Кедейлерди бир жагынан жокчулукка учуратып, түгөтүп бараткандар ушулар эмеспи? Жайын-да бир сом берсе, күзүндө бир кой кылып алат. Бир маа-сылык тери берсе бир уй алат... Пара деген кыргыздын сөөгүнө жедеп сиңген. Парасыз кылдай иш бүтүрө ал-байсың. Судьяга бир арыз айтыш үчүн томаяктар жалгыз уюн сатат. Жакында Сатаркул үй-бүлөсү менен чу-бап, арыз берем деп Караколго келиптир. Көрүнүп турат эч кимден кайыр жок...» XIV

Эгин орогу болуп калган. Карыялар «быйылкыдай эгин чыгып көргөн эмес» деп жүрүүчү. Бирок чанда бир болбосо, элдин көбү бирдемеге алагды болуп тургандай, апийимден бөлөк жумушка баштагыдай баспайт. Апипийм — кайда болсо пул. Эл муну жакшы билет. Мындан башка жумушка кирүүнүн ордуна элдин көбү жоого аттанчуудай ат жаратып минип, ээр токумун жабдып, айбалта, найза жасатып, күн-тун дебей чакылдатып, усталарды узантып жаткан сыяктуу.

Бая күнү да бирөөнүн:

— Не бар, не жок, даяр болуп туруш керек. Замандын түрү жаман...— деп отурганында да бир мандем бар өңдөнгөн эле.

Кыдырма, Беккул, мен үчөөбүз тышка жатчубуз. Бүгүн күндөгүдөн эртелеп:

— Тургула,— деп бирөө жабуусун сыйрып кетти. Ыксыраган ширин уйкудан эрксиз ойгонуп кетип, уйпалактап, көзүбүздү ачсак, жер билинер-билинбес агарып келе жаткан экен. Биз ашыгып кийинип, бирден кокозону белибизге байлап, камынгыча бирөө жол баштап, жогору карай жөнөп да калды. Апийим кыштактын башында, жолдун боюнда. Күндө жанынан өтүп жүрүүчү бир кара үйгө жете бергенде, алдыбызда бара жаткан Көчкүн:

— Бас ой! Ок, кибиреген атаңдын көрүлөр! — деди бизге бир жеринен эсесин кетирип койгондой.

— Ичибизден кырмачыбыз Айылчы менен Түлөбай деген жигит. Сүт жакшы чыккан күнү булардын ар бири эки чыныдан (эки жарым кадак) алат. Айылчы — арамза неме, кээде Кыдырма менен менин кокозомду[8] карап коюп:

— Алганың ушул элеби? — деп суракка ала берүүчү. Бул биздин кыра албагандыгыбыздан эмес, кымтып алдыбы деп, шек уруп айтканы. Мындайга көнгөндөр апийимди жалбыракка ороп туруп, ычкыр кашатына катып алат. Же кетип баратып, солдун арасынан бир жерди болосоп туруп таштай салат. Бул көбүнчө кытайлардан калган адис дешчү. Бирок Кыдырма экөөбүз мындай кылбайбыз.

Апийимди жалган түшкө чейин кырдык. Түштө үйгө келсек Солто менен Абийир (анын агасы) кечээтен берки апийимди жыйнап, эки жың, үч жыңдан кылып таңып, тактанын алдына кулатып жаткан экен. Апийим мындай көп болорбу. Бая бир түнү кыштоодон ороо казып, үч пуддай апийимди дагы көмгөн. Бирок бизге көрсөтпөйт. Апийим көмүшкө келгенде, же бир өз ара жашыруун сөз кылышмак болгондо, бизге:

— Силер бара тургулачы,— дей салышат.

Бир күнү кечинде дагы баягы үчөөбүз тышта, отко картошка салып коюп, кемегенин жанында отурат элек. Үчөөбүздүн тең көйнөгүбүз апийимге чылап алгандай сарала болуп, каңырсып турат. Үстүбүзгө жуккан апийим, чимкиригин үнөмү жеңине сүртүп жүргөн жаш баланыкындай болуп, какачтанып катып калган.

Биздин ылдый жагыбызда, бир үйдүн үзүгүн сыйрып алып, бир эки катын кийиз жамап отурган. Ары жактан ийик ийирген бир катын келип кошулду. Акырын гана күңкүлдөп, бирдемени кобурап отурушат. Ары жактан келген катын, бир убакытта кыштоонун артында тартак-тап, саржан салып жүргөн замчыларды карап алып (алар орус эле):

— Ушулар келип жер ченегенден бери жарыбадык. Жылдан-жылга тегеректин баарын кууруп эле келе жатат айтор...— деди.

— Бу жерден бизди дагы бир жакка оолатат экен деп жүрүшөт го,— деди кийиз жамап жаткандын бири.

— Апей, койчу! Ушуну менен кыштообуздан үч жолу которду эми...

— Анысын ким билсин. Бая күнү бирөө «бу жерге дагы мужуктар келип түшмөк болуптур» дегенден улам айтам...

Алардын сөзүн коюп, биз өзүбүзчө кеттик. Кыдырма бир кезде Кызыл-Кыя жактагы карагайлуу, бийик тоону карап алып:

— Бүгүн түндө качпайлыбы? — деди мага.

Бул биздин көптөн берки жашырын сырыбыз эле. Вирок качкан менен анда баргандан жыргабай турга-нымды, андан калса Элебестин «мына, баягы желмогуз дагы келди» дей турганын ойлоп, мен убада бериштен баш тарттым. Кыдырма ач талаада калган жаралуу жандай муңайып, чыгыштагы тоону дагы бир карап алды да, бир аз ойлонуп калып:

— Силер качпасаңар койгула, мен качам,— деди.

— Сага эчтеме эмес, биз барсак Элебес жакшы көрбөйт,— дедим мен.

— Мында кайсы чекең ысып отурат? Же таманыбызды тындырбаса, же бир уйку бетин көрбөсөк. Үстүңдү карачы, ушинтип жүрүп чирип өлөбүзбү? — деди көйнөгүнүн жеңине катып калган апийимди ушалап коюп.

Бир себептен качсамбы деп да ой кылдым. Мындагы мен эш тутканым Жыргалаңда орустун малын багып турган бир кыргыз бар эле. Былтыр ошондо мал багып үч айдай жүрүп келгем. Мен качып барганда көп болсо ушуга берер деп ойлондум. Мага бул Солтонукунан алда канча жеңил көрүндү.

Биз ушинтип отурган убакта, Айылчы тышка чыгып, бизге жакын жерге келип, саара кылып туруп жатып:

— Атакөйү, жамандардын эчкиче бөлүнүп алып отургандарын! — деп кекээрдүү, какшык күлкүсүнө салып жымыйып койду. Менин көзүмө буларга биз күнөөлүү иш кылып жатканыбыздай көрүндү.

Убадасына жетиптир, бир күнү эртең менен туруп жатсам — Кыдырма жок. Жаткан ордунун жылуусу көп кете элек экен. Буга карап, мен таңга жуук туруп кетсе керек деп жорудум. Бирок артынан түшкөн куугунчу шордууну куткарбаптыр. Күн шашке ченде, бирөө алдына салып алып, биз апийим кырып жаткан жерге өкүр-түп айдап келди. Кыдырманын көз жашы салаа-салаа болуп ыйлап жүрөт. Бизге жакындай бергенде, айдап келе жаткан кишиси:

— Сенин атаң Ырай эмес — мен. Бас ылдам! — деп камчы менен желкеден ары түртүп жиберди.

Алар келе жатканда Айылчы мага жаман көзү менен алайып:

— Мынабу жамандар кеңешип туруп качырса керек,— деди. Артынан — силер менин кулумсуңар. Силерге кожоюн мына мен! — деп өзүнүн төшүн көрсөттү.

Бир айдан кийин Элебес келип, Беккул экөөбүздү учкаштырып алып кетти. Апийим тилими бүтүп, эми биздин анча керегибиз деле жок болуп калган. Мен да жарытып жумушка баспай жана баягыда «Кыргыздан солдат алат» деген кабар аскарлап алып, «эми заман кандай болор экен» деп, элдин санаасы бир жерге токто-бой калтылдап турган убагы эле. Анын үстүнө «Солдат бербесе падыша уруш чыгарат экен, айылга солдат чыгарып, элди кырат экен...» деген өңдүү кептер бир жак-тан тарап кеткен. Бул убактарда ат жаратып минип, айбалта, найза жасатып, элден элге чабарман жибертип, кабар алып, күн мурун күтүнүп жаткан жерлер да болду. «Убаданы бир кылып, бар жерди текши кабарландырып туруп бир күнү кирели» деп камынып жаткан элдер бар экен деп да угулуп жатты.

Мен эң артына учкашкамын. Эңишке келгенде эс ала түшүп, өргө келгенде артына шыпырылып кетип барам. Күн бешим ченде жолдо, карагайдын арасында бир жалгыз үйгө түштү. Эркеги жок экен, үйдүн катыны бизди кош көңүлү менен тосуп алып, отко чай койду. Элебес тааныш экен. Экөө кобурашып отурат...

Ушундан жарты сааттай убакыт өтпөй, күтпөгөн жер-ден алыстан, айкырык-өкүрүк менен келе жаткан топ кишинин жалаңкычтай, ачуу дабышы чыгып калды. Үйдүн катыны менен Элебес сөздү коё коюп, өңдөрү бир заматта кубулуп, делдейе калышты. Жабыла тышка чык-тык. Биздин маңдайыбызда, токой аралап кеткен жалгыз аяк жолго салып, тебетейин булгалап, үстү-үстүнө камчыланып, кыйкырык-өкүрүк менен кетип бараткан бирөөнү көрдүк. Токойдун биз жак четиндеги бал челектин жаны менен бир топ малды чаңдатып айдап жана бир топ адам өттү.

Элебес, карагайдын ачыгына чыгып, аңды-дөңдү карабай чапкылап кетип бараткан элге карай:

— Ой, эмне? — деп дабышынын барынча унчукту. Ашыгып бараткан элдин эч кимиси жооп берген жок. Берегинде бир, алдындагы койго шашып баратып, арты-нан кууп келе жаткан койчуга караган карышкырдай алактап, кетип бараткан бирөөнү көрүп, Элебес дагы жаңкыдай кыйкырып, иштин жөнүн сурады эле, ал:

— Падыша менен кыргыз урушуп калды! — деди да буйдалбай чаап кете берди. Бар укканыбыз ушул.

Ушинтип мындан бир нече мүнөт мурун жайбаракат жаткан дүйнө заматта бүлүнүп, чакчалекей түштү да калды.

Биз үйдүн чайына күтпөй аттанып кеттик. Күн батарга жакын Кызыл-Кыяга жакындаган кезде, тору бышты-сын энтиктирип, Бейшемби алдыбыздан чыкты. Ошондон бизди баштап алып, калың токойго салып, кайра төмөн карай алып кирип кетти. Бул убакта түн кирип калган. Баягыда биз отун алуучу калың токойду аралап, күңүрт тартып үн-сөз жок кетип барабыз. Алдан бир аз убакыт-тан кийин калың токойдун ичинде бир жерден билектей от жарк этип, кайтып өчүп калды. Биз ошону карай тарттык. Барсак баары биздин үй-бүлө! Башариндин чоң, кызыл бээси менен карагер кунаны жүрөт. Айраң каласың... Элебес менен сүйлөшүп жатып бир кезде Бейшемби:

— Кызыл-Кыяда жолчулардан жан калган жок. Башарин бүтүн мал-мүлкүн таштап качып кетиптир,—деди акырын гана, бирөөдөн жашырып, кеп уруп отургандай.

Мага көптөн бери сагынып келе жатып, Кызыл-Кыяны көрбөй калганым арман болду. Бабайдын үйүнүн артындагы тектир эсиме түштү. Бул тектир мени далай жубаткан. Ушунун кылда чокусуна жалгыз чыгып алып, эки жагыма карап, менден алда канча төмөн турган Башариндин үйүн көрүп, жер жүзүнөн тандап келип ушул жерге чыккандай, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем. Чарчаган денеме жаңыдан бир кубат кире түшкөндөй сезээр элем.

Тектирдин тескейинде, бир жыбытта жылып аккан булак бар. Ушул булактын түбүндө отуруп алып далай жолу ойлонгонмун. Кэзде үйдөгүлөр урушуп жаныма кайгы батканда өзүм атайы жалгыздап, ушул жакка кетип калар элем. Ушул тектирден караганда тээтиги Каркырага кетчү жакты, алыстан бүлбүлдөп турган Түп-түн көпүрөсү анын күнгө чагылышып, быжырап турган сайма жыгачтары көпүрөнүн үстү менен кербендер чубап, узун тартып, акырын гана каалгып жылып, өтүп бараткан өгүз арабалар, андан ылдый Чоң Булактын оозундагы Василийдин жаркыраган үйү, мен уй кайтарган жерлер, Башариндин Ак-Сайдагы бал челеги, Бабайдын чөп чабышы, мен чөмөлө тарткан ой, Серкенин кашаасы, Кыдырма болуп ышкын терчү чоң күңгөй — баары да саналып, көрүнүп туруучу.

XV

Биз эки күндөн кийин Сарытологойго көчүп барып, элге кошулдук. Элдин баары тоо таянып конгон...

Бир күнү Каркырадан Караколду карай өтүп барат-кан он бештей казак орус ушунда тие кетип, маңдайда атыш болду. Буга мергенчилерин алдыга салып, эркек аттуунун баары кеткен. Күн бешим болучу. Атылган мылтык үндөрү сайдагы айылга жазбай угулуп турат.

Ушунун кечинде:

— Жапа баласы менен окко учту,— деген кабар угулду.

Бу жолу кыргызда булкунган катуу күч — калың букара-кедей, батрак, орто чарбалар болуп, көтөрүлүш-түн тизгинин баштаган да ушулар эле. Бий, болуш, манаптар өңдөнгөн кыргыздын эл билермандары болсо, ушул окуя башталгандан тартып, бир бет алып кете ал-бай, эки ортодо жалтактап калып, аягында калың букаранын күчүнө көзү жеткен соң, көпчүлүккө эрксиз баш ийип, элдин кур шарданында гана жүрүп калган эле. Ошондуктан булардын көпчүлүккө кошулуп, согушка кириши — чын дили менен кириши эмес, анчейин гана калың элге кадырымды сактап калайын деген ой менен, жүзүн саткандык болуп көрүндү.

Элде тынчтык жок. Күндө бир жерге которулуп конобуз. Түн болсо эркек аттуунун баары айбалта, найзаларын кармап, бир жакты көздөй тартып беришет.

Бир күнү Бейшемби:

— Жоодон мал алып жаткандар көп болду... Мен эчтемеге тийгеним жок,— деп келди. Аныкын туура көрүп, Бурмаке:

— Албаганың жакшы, балакетиңди алайын! Бирөөнүкүнө кара санап кереги жок. Замандын түрү минтип турганда, кишиники эмес, өзүбүздүкү буюрарын кудай билет,— дейт.

Болуп жаткан окуялар тууралуу элде кулак элүү:

— Байсоорунду алып коюптур дейт.

— Саяк көтөрүлүп, бери карай көчүп калыптыр.

— Арык тукуму беш жүздөй кол курап, Караколго кириптир...

— Сарыбагыш эли кол курап, «урушабыз, качпасын» деп элди токтотуп жатат дейт.

— Саруу, Желдең, Кызыл сууга кирип, бир топ кыргын болуптур.

— Замандын шыйкы жаман. Элдин кача турган түрү бар.

— Кыргыз жеңилип калыптыр...

Ушундай алып качты сөздөр саат сайын, мүнөт сайын жаңылап угулуп жаткандай болот. Эл кимисине ишенерин билбейт. Ушунун артынан дагы бир күнү — «Пишпек менен Караколдун ортосундагы зым карагайларды жыгып, көпүрөлөргө өрт коюптур...» деген кабар угулду.

Арадан бир кыйла замандар өттү. Элдин түрү баштагыдай эмес, үй буюмдарын жеңилдетип, алганын алып, таштаганын таштап, камынып калган. Кээ бирөө дүнүйөсүн талаага таштап кетүүдөн кыйбай, салыкка салып жатып:

— Эми бул дүнүйө кимге буюрар дейсиң,— деп коёт.

— Залим падышанын кылганы!

Ушинтип эл ары-бери толкуп туруп күндөрдүн бирин-де четинен бузулуп-жарылып, көчүп да калды. Көчкөндө бүтүн эл түбүнөн көтөрүлө катуу толкугандай, жер бети шыкай толуп, камалышып, айдаган малдай каптап, эгин-тегин дебей тепсеп, кытайды карай бет алып, агып алып бир жөнөп берди дейсиң — «кудай», тирүү пендесине бербесин!.. Кээ бирөө жолду катар кетип баратып, ар кай жердеги бирин-серин байлардын зайымкелерине, бал челектерине, үйлөрүнө, эгин, чөптөрүнө чаап барып, от коюп, жалын асманга зуулап, чатырап күйүп, жердин бетин жоо тийгендей кылып, сыйпады да кетти. Ушулардын катары менен Башарин, Василий, Метрейдин үй-жайларынан, бал челектеринен, үйүп койгон сары кыр чөптөрүнөн ыпын неме калбай күйүп, малдары жоонун алдына түшүп, Кызыл-Кыянын бети бүгүн жылас болду. Эл кумурскадай аралашып, чуркурап, ата-баладан адашып, ар бир уруу журт өзүнчө белги кылып, желегин асманга көтөрүп алды. Орулбаган эгиндер, чөптөр, ак сарай үйлөр күйүп, түтөп артта кала берди...

Мен Жолбун деген байдын тору тайын жайдак минип, коюн айдашып алгам. Башариндин кызыл бээсине сылай жүк жүктөп, анын үстүнө Беккул менен Эшпайды мингизип алдык. Бурмаке да бир бээге минип, эки баланы учкаштырып алган. Айтор, ушундай болуп жүк жүктөгөн унааларга экиден, үчтөн бөлүп учкашып чиркешип элден калбай эптеп, биз да жүрүп келебиз...

Эки күн дегенде Каркыранын башына келип түштүк. Бул жердеги Албан казагы алда качан жөңкүлүптүр. Шашканынан: ар кайсы журттарда чечилбеген үйлөр, казан-аяктар жатат. Ээсинен адашып калган иттер жүрөт. Деги дүнүйөгө кайрылган жан жок, эл өзөндөй агып, чыгышты карай кете берди.

Эми жолдогу бар жорукту терип кереги эмне, көчүп жүрүп отуруп, Каркыра, Туз, Капкак, Текес, Нарынкол деген жерлерди басып, кытай чек арасына да келип жеттик. Ушул кезде арттан сүрө түшкөн аскерлер да жакын калган. Мындан бир-эки күн мурун:

Кыргыздын бешиктеги баласынан өйдө дымын чыгарбай кырсын,— деп түркестан губернатору беш жүз солдат жибериптир,— деген каңшаар угулган. Көкүрөк элинен кийин, төмөнтөн көтөрүлгөн саяктар жүрүп отуруп Корумду, Чоң-Ташка келгенде артынан аскерлер кууп жетип капчыгайга камап алып элди кекилик уулагандай кылыптыр Ата-энесинин көзүнчө кыздарын зордуктаптыр. Бул кабар да жеткен. Балким ошолорбу, ким билсин!

Ушундай бирдеменин шек-шыбаасын билгендей, бүгүн элдин түрү да башкача болуп, көчтү таң заары менен жүктөгөн.- Шашке кез болучу.

Күн сурданып тумандап, чыкыроон тартып турган. Мелтиреген талааны каптаган көч кытайдын жерине өтө албай ары-бери толкуп, ийрилип турат...

Так ушул убакта арт жактан удаасы менен эки жолу күрсүлдөп замбирек атылды. Кай жерден атып жатканы маалым эмес. Баятан араң турган эл муну көргөн соң илгери карай дыр коюп жөнөй берди эле, чек арада турган кытай черүүлөрү (аскерлери) алдынан тарсылдатып аткылап дүркүрөгөн калың элди кайра жапырып таштады. Койлор мылтык үнүнөн чочуп, дыркырап кайра ачты. Эл кызарган өрттөй эки жоонун ортосунда калды! Калың көч уюлгуй түшүп, бир аз кидирип туруп булкунду эле, черүүлөр дагы жаңкыдаи жооп аларды. Тарсылдаган мылтык сүрүнө чыдай албай толкуган көч кайра жапырылды... Ошентип, бирде илгери карай каптап, бирде кайра тартып, уюлгуп, калый элдин тагдыры бир ууч болуп, акыр заман айланып турду.

Акебай эй! Мына мындан кыргын табат экенбиз дейт берегинде суру кетип турган бирөө.

Кетип калды!..— дешет.

Замбирек күрсүлдөп жана бир эки жолу атылды. Жаңкыдан жакын. Эл чуркурай түштү!..

Ошол кезде баятан бирөөнүн чегине батпай толкуп, тирешип турган калың журт «эми өлсөк да сенден өлөлү, сен өлтүр!» деп башын өлүмгө байлап, бардык күчүн жыйып бир таштагандай, черүүлөрдүн тарсылдатып, ок жаадырганына карабай калың көч, дүркүрөп каптап алып жүрүп берди. Ошол замат ээн жерде койго тийген ач бөрүдөй эми калмактар да чын оюнду баштады. Туш-туштан тарсылдатып аткылап, элдин үрөйүн алып, үйүрдүү малды үйүрү менен, жүктүү малды жүгү менен четинен тизип алып жөнөдү. Бара-бара тандап, малга, дүнүйөгө тойгондон кийин, көчтү аралап, сулуу кыздарды, келиндерди коштой качып кетип жатты. Муну көргөндөн кийин кыздарын жаман кийинтип, түрүн бузуп алгандар да болду.

Эл кара талашып алактап кетип баратып, бир кезде Музарттын күркүрөгөн, тайгак суусуна көч-мөчү менен, бешиктүү катын бешиги менен камалыша чуркурап барып, чогуу бойдон бир күрүлдөп кирди дейсиң — эми мындагы кыргынды сураба! Чуркураган сансыз үндөр адамдыкы экенин, айбандыкы экенин айрып болбойт. Бир жерде жүктүү мал агып бараткан, бир жерде элечеги чубалып, бешиктүү катын агып келе жаткан, бир жер-де өлүп, суунун четине тырайып чыгып калган, бир жерде көмөлөнүп сууга кетип бараткан баласына чыркырап түшө калып жаткан, бир жерде селейген өлүгүнүн жанында боздоп турган... Эми кайсы бирин айталы! Кимди-ким билген заман. Өмүрдө түгөткүс бир жомок болуп жатты...

Мына мында адамдык ажарынан кетип турган бир катын безеленип, жүгүрүп келип:

— Кагылайын журт, жалгыз калып барам! — деп жоон топ көчкө жетип барды эле, эч ким кулак салбаган соң, сууга кирип бараткан бир жүгү бар өгүзгө барып жармаша кетти.

Мен Жолбундун коюн айдашып кийин калгамын. Өзүбүздүн көч кайда кеткенин билбеймин. Эл түгөл Музартты кечип, ары өйүзүнө чыкканда түн кирди. Эртеден кирген черүүлөр, калмактар али тынчытпай, элдин заманасын кууруп, таң аткыча тынчытпай жылкы тийип, жогору айдап барып, бир караңгы сайларга жыйнап жатты. Коктулар малга шыкай толуп, тетиги күңүрттөгөн караңгы терең сайларда үйүрүн издеп, чур-кураган жылкылардын үнү түштөгүдөй создугуп угулуп турду-

— «Кызасыз кыямат жок» деген ушул. Илгери кыргыз да калмакты ушундай кылып бир чаап алганда «мунун эсеси кырк жылда кайтарылат» деп калган экен. Ошого быйыл кырк жыл...— деп бир кур карыялар кетип баратып, өзүнчө кобурап коёт.

— Дүнүйөгө көз тойбогон ач көз байлар, демейде кедейге бир тайдын күчүн берчү эмес эле, эми кантип жаны калып жатат экен?! — деп коюшат дагы бир катындар.

Эл Музарттан өтүп, жүрүп отуруп бир мейкин талаага келип токтоду. Бул убакта түн жарымы болуп калган. Аттын үстүндө башы шылкылдап бараткандар да мындан көп. Бакка жаңыдан учуп келип, жайланып жаткан таранчыдай, жандын баары кожурап, жүгүн түшүрүп, уук, керегелерин бузуп жагып, дароо казан асып жиберишти. Эл эки, үч күндөн бери казан асканы ушулдур! Көчтүн баш-аягына көз жетип болбойт.

Ошентип, эл бир аз тынчып баратты эле, бир кезде күтпөгөн жерден бир топ мылтык атылып калды. Баягы-дан бетер эл дагы чакчелекей түштү! Караңгыда эчтеме көрүнбөйт. Жандын үрөйүн алып, тарсылдатып, кирип келе жаткан черүүлөр экенин, же кууп келе жаткан ас-кер жетип калганын билип болбойт. Айтор эмнеси болсо да жандын баары чочуп, бүлүнүп, жаңы түшүрүп отурган жүктөрүн ашыгып кайра жүктөй баштады. Шашкан бойдон коломтодо жалбырттаган оттор жанган бойдон, асылуу казандар асылган бойдон жайнап кала берди. Бирине кайрылган жан жок.

Тарса-тур жаңкыдан күчөп кирип келди. Калың жоонун кучагына түшүп, кырылып бараткандай чуркураган эсепсиз үндөр эмне экенин адам түшүнбөй калды... XVI

Көп болду. Кыш түшүп калган. Эл катуу кысылды. Малдын баары качып келе жатып жолдо бүттү. Падыша солдаттарынан кийин Кытай Калмактын куралдуу черүүлөрү чек арадан кезигип, эң акыркы малдарын ажыратып калды. Ак кардуу бийик ашууларда, күнсүз капчыгайларда калды. Кыямат кайым төрт жактан кысып, ач-арыктар чындап кысыла баштады. Бир табак данга катын-балдарын сатты. Ачарчылык залдарынан элди келте оорусу каптап, тунжурап, четинен кырыла баштады. Ата-баладан, бала энеден ажырады. Баягы баш аягына көз жетпеген сансыз көчтүн эми дайыны да жок. Кытай жерине келгенде чилдей тарады. Алды Үрүмчү, Жылдыз, Күчөргө чейин кетип, арты Чолок-Терек, Көк-Терек, Кулжа, Текестерде калды. Ошентип кыш-күрөө кирип келгендиктен, ар ким өз башын арачалап, куу жанды куткарар бир тешик издеп, алда качан сызган.

Мына, берегинде көптөн адашкан жетим козудай сербейип, өмүрдө укпаган Көк-Теректи көздөй бет түзөп, көк жылгаяк муз басып, мынабу сур булут минип турган бийикте, жалгыз көч менен сандалып, биз да кетип барабыз. Бурмаке бөкчөңдөп, күчү жок бутун араң шилтеп, тайгактан тая-тая кетип баратып, кыямат кайым эми орногондой кезек-кезек бирдемелерди кобурап коёт.

— Кудай ай! Ак кар, көк музда чиедей жаш балдар менен эми кандай көргө алып барып тыгаар экенсиң! Кыш-күрөө бул...

Эзели кар өксүбөгөн бийик ашуу чаңыттап, аязы зыркырап күчөп алды. Калың бубак турган талдын баштары сынып кетчүдөй болуп ийилип турат. Бул чөйрөдө бизден башка мыдыр эткен жан жок. Батыш жакта гана бир тоонун арасынан үй өңдөнгөн бир-эки кара көрүнөт. Алыс. Мындан башка дүйнөдө тырс эткен неме көзгө илинбейт.

Элебес кызыл бээни жетелеп баратып, чыгыш жакты шыкырайып бир карап алды да:

— Бороон болбогой эле! — деди.

— Кудай, айланайын, жамандыгыңа ала көрбө! — дейт Бурмаке.

Агыяздан чыккандан кийин үч күндө Көк-Терекке жеттик. Эки тоонун арасында, сайдын боюндагы жети-сегиз түтүн Кызайдын айлына кеч курун суукта келип, жүк түшүрүп жатсак айылдын катын балдары бизге таңыркагандай жабалактап чыгып, карап турушту. Дөөлөт-бак деген Кызайдын жанына түшүп, көлдөн ала чыккан бир аз ууктарды жерге сайып жиберип, алачык жасап алдык. «Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы» деген-дей каптаган он үч бүлөнүн токумдай алачыкка сыйба-сына ылаажы барбы! Башка түшсө ким көтөрбөйт. Ушул алачыктын ирегесине чейин шыкай камалып, айбандан айырмасы жок, болумсуз өмүр өткөрүп, биз да кыштан чыктык го!

Көп өтпөй бу жердиктер менен үйүр алышып кеттик. Мурун «Кызай» десе «кандай эл болду» деп таңыркаар элек. Эми көрсөк адаты, тили, турмуш салты — казактан айырмасы жок.

Бу жердиктер бирин-эки субай салтаңынан башка малынын көбүн Боз адыр деген жерге кыштатып, колунда калган малдарына тоодон чокулап, чөп чаап алышат экен. Тоолору бийик. Ошондуктан кышында чөптү сырганактап ташыйт экен.

Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет. Ошондон зуулдап отуруп, сайга барып бир түшөт. Сайдан көтөрүп алып дагы жогору чыгат.

«Сырганактап» деп ушуну айтат экен. Ушул зоолордон чөп ташып жүрүп, мен да далай сырганак көрдүм.

Бир күнү Дөөлөтбактын баласы — Нуржан экөөбүз келдик. Мындан мурун сырганак көрө элекмин. Үймөк карагайдын арасында экен. Чактап таң десем болбой жатып, мага чоң көтөртүп коюп, бийиктин башына араң жеттим. Сыргалай турган жерге келгенде Нуржан мени алдыга салмак болду. Буга мен салгандан көнө койбой:

— Мунуңду билбеймин, абалы өзүң жүр,— дедим. Ал чөбүн жерге коюп, менин жаныма басып келди

да тааныбай жаткан кишидей эңкейип, бетиме карап туруп:

— Ой! Өлсөң кунуңду берейин. Жүр, түш алдыга!— деди. Бул сүйлөгөн сайын карагайдын арасы тилин туурагандай чаңкылдап, тең унчугуп турду.

Бул алдыга түшкөндөн эмне тартынат деп ойлоп, мен кол тырмоочумду мыктап, жиптин учун бышыктап кармап алдым да чөпмөбүм менен бийиктен өзүмдү коё бердим. Зыркырап кетип баратып, бир кезде көчүгүмдөн сыз өтүп кеткен соң, сунуп жиберген бутумду бүгүп алайын десем, учу кайрылып калып күүлөнгөн бойдон барып оңкомон түштүм. Андан оңоло бергенче болбой, артымдан зуулдап келе жаткан Нуржан коюп өтүп, эки-үч ала салып кеттим.


Бир күнү Бейшемби мага бир кат алып келип окутту. Ошол күнү бир жакка барып келген. Катты мен окуй электен мурун анын маанисин ал Элебеске түшүндүрүп:

— Арыз. Эртең ушуну Кулжага берип жиберебиз,— деди. Кат үч барак кагазга жазылып, бир бетине жалаң кол коюлган. Бери болгондо эки жүз адамдын колу бар. Печет басылыптыр. Аягына коюлган колдорун киши тааный турган эмес. Каттын өзүн да кыйналып жатып араң аягына чыктым. Кээ бир ариптерин ажырата албай, бир сөзгө көпкө токтой берип, сөздүн маанисин кемитип алып «ошол жерин кайра окучу» дегизип отурдум.

Кат мындай жазылган.

«Орусиянын Кулжадагы Консулунун атына, Пржеваль үйөзүнүн кыргыздарынын суранычы.

Биз Пржеваль үйөзүнө караган Куртка мерген, Күңгөй, Ак-Суу, Түп, Күрмөнтү, Кең-Суу, Түргөн, Бирназар, Сөгөттү болуп баары сегиз болуш элинин кыргыздары 4595 түтүн эл кытай жерине келдик. Келгендердин көбү Кара Букара кедейлер. Жетим-жесирлер. Суранаарыбыз төмөнкүдөй: падыша өкмөтү биздин жерибизди, суубузду тартып алып, өзүбүздү тоого-ташка кууп чыкты. Бирок ошол карагайлуу тоолор да бизге тийбей, кийин казыналык болду. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду. Ошентип талаа мужуктарга, тоо — казынага өтүп, биз күн көрүштөн калдык. Жадаганда от жагуу да кыйын болду. Бир түп карагайдын баасы он эсе кымбаттап, уч сомдон он беш сомго жетти. Белетти бир жыл-да эки жолу ал деп күчтөдү. Кедейлер муну кылууга колунан келе албады. Эгер бир түп карагай кыйсак, карагай башы он түп карагайга пиртөкөл жасады. Ар бир болуш жылына бир нече миң сом штраф төлөп отурду. Ошондо да колунда барлар төлөп, эчтемеси жок кедейлер түрмөгө камалды. Урушка жардам бер деп буйрук этти, биз буга беш жолу жардам бердик. Үй ичибиздеги кийим ,кечек, жипшуубуздан өөдө бердик. Тигип отурган үйүбүздү алды. Жылына бере турган эки налогдон башка түтүн башына дагы беш сомдон салык салып отурду. Гүбурнатордун буйругу боюнча бизге апийим айдатып, бир кадак апийимге он эки сомдон такси койду. Эгер муну башка жакка сатсак, төрт айдан түрмө кесип же болбосо беш жүз сомдон штраф салды. Мындан биз зыяндан башканы көргөнүбүз жок. Эң аягында келип, өзүнүн убадасын унутуп, он тогуздан отуз бир жашка чейин урушка барып, ор казууга киши бересиң деп буйрук чыгарды. Эл муну көргөндөн кийин солдатка алат экен деп түшүндү. Бу да биздин мойнубузга түштү. Кыргыздын эл билермандары өзүлөрүнүн балдарын, тукум журттарын спискеге кийирген жок. Байлар болсо сатып алып калды. Биздин он жети жаштагыбызды он тогуз кылып, кырктагыны отуз кылып каттап берди. Биз буга нааразылыгыбызды билдирсек, четинен түрмөгө камады. Анда жаткандарды атып, аса баштады. Түрмөдөн жаралуу болуп качып келгендер кабарды жаман деп угузду, ал атып өлтүрүп жатат деди. Мына ушундай катуу кабарларды уккандан кийин бизден тукум койбойт экен деп чочуп, кытай жерине карай тартып бердик. Жолдо катар кезиккен паселкөлөр бизди тосуп туруп, мылтыктын алдына алды. Арттан аскер түшүп, бизди койдой кырды. Мал жаныбыздын көбү Текестин оюнда Музарттын суусунда калды. Кытайдын черүүлөрү бизди чек арадан камап, эң акыркы калган мал-мүлкүбүздү тартып алды. Азыр биздин үй-жайыбыз, тамак-ашыбыз жок, бир татым тузубуз жок, кыш-күрөө болсо кирип келди. Ачарыкпыз. Абалыбыз кыйынга түштү. Ошондуктан биздин көз жашыбызды көлдөтүп сураган арыз-арманыбызды, ыракым этип, биздин башчыбызга жиберүүңүздү сурайбыз. Бечара карыптарга көрсөтө турган жардамыңыздар болбос бекен? Колубузду коюп, печет бастык».

Каттын сөзү ушул. Мунун натыйжасын бир айдан кийин уктук. Консулдан ракым болбоптур. XVII

Бул жердеги Кызайлардан мен барбаган үй жок. Биз-де тамак тартыш, ошондуктан түн кирди болду, салып жүрө берем.

Бул жөнүндө менин бир адисим бар эле. Ал болсо үйлөргө кирбей туруп, абалы сырттан шыкаалап, ичин байкап алуу. Мындай кылганда менин келечегим белгилүү болот, анткени кайсыдан соң кайсы үйдүкү бышарын жаңылбай белгилеп алып, баарынан кур калбай биринен сала биринин үстүнөн чыгып отуруш керек.

Бирок кээде жаздым болжоп коюп, өзүм зыян тарт-кан жерлерим да бар. Булардын бир жаман жери: отко бир-эки чычала салып коюп, ошону менен жарым түнгө чейин болсо да бүлкүлдөтүп отура беришет. Жумушун кылып, чөбүн ташышып берген үйлөрүмдөн күтүп отуруп тамак ичип кетишти өзүм парыз көрчүмүн.

Жаңкыдай амал курам деп жүрүп, капилеттен бир күнү карматып салганым да бар. Күндөгү кесибим боюнча бир күнү Бызаубак дегендин үйүнөн шыкаалап жатсам, ары жактан бирөө караңдап басып келип:

— Нагып жүрсиң, ай? — деди, Мен шашып калып:

— Эчтеме...— дедим да мындан бөлөк сөз таппай, тилим күрмөлүп, жылып жүрө бердим.

Даулетбактын Нуржандан кичүү баласы тентек эле. Кээде дөңгө чыгып алып биздин жаман алачыкты эр-мектеп чамгарактан таш ыргытчу. Бир күнү мен тоодон отун көтөрүп келсем Бурмаке:

— «Мышыкка оюн, чычканга өлүм» деп, мындагы журтту да жан деп жараткандыр. Бизди шылдыңдаганды кудай шылдыңдап калсын!..— деп күңкүлдөп сүйлөнүп отуруптур. Жаңкы баланын чамгарактан ыргыткан ташы төшөктө жаткан Ашымкандын бетине келип тийген экен. Ал бир топтон бери оору болучу. Кыңылдап ыйлап жатат. Баятан бери бир суу талды быкшытып, туш-туштан жабылып үйлөп, күйгүзө албай отурабыз. Көк түтүн колкобузду атып, коюн-кончту ороп, түндүктөн чыкпай быкшып, кайра каптайт. Элебес оозун желге толтуруп алып, күрүлдөтүп үйлөп-үйлөп койду да кай-тып күйбөгөнүнө ызаланып:

— Толгон отундан таап келгениң ушубу? — деп түтүнгө какап, мага карады.

Ушу күнү кайдан бир күтпөгөн жерден Карпыктын уулу Исрайил келип калды. Кыргыз аттууну көрбөгөнүбүз көп болгон. Берегинин өңү алда немедей учурайт.

— Эл-журтту киши сагынат экен. Капырай чын эле Бейшембисиңби ой! — деди жалактап кирип келип, Бейшемби экөө теңтуш эле.

Бул элди сагынып, атайы бизге учурашканы келген сыяктанып көрүнсө да, максаты бөлөк экени кечикпей маалым болду. Көк Терек өрөөнүндөгү Эрке Сары тукумуна Ыбыке чыгым салыптыр. Ысрайилдин келгени ушул экен. Бирок Ысрайил аны салган жерден «чыгым» деп түшүндүргөн жок: «агайын-туугандык менен... ынтымак кошуп...» дегендей кылып жасап айтты.

— Эгер биз өлүп жатсак, ошончо жерден издеп келбес элеңер ээ? — деди Бейшемби.

— Неге? Агайын-тууганын да киши кыябы?

— Туугандын кылары ошол болсо, туугандан да кеч-тим. Биз өлсөк эл көмүшпөй эле койдун!

— Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып бул эмнеси? Ай-тор жакшылардан көргө кирмейинче кутулбайт экенбиз го!..— деп Бурмаке чыкты.

Бир топ ойлонуп калып Бейшемби:

— Мурун чыдап келгенибиз да жетет. Баарын отоп болуп эми төшөк орунчубузду сатабызбы? Мени тооругандан көрө, мына мынча жетимди багып отурганыма кубанса болбойбу. Жакшыларыңа айта бар. Эми биздин жон терибизди сыйрыбасын. Ыбыкенин ою менен боло бергендей анын эми баягы заманы жоктур...— деди.

— Антпе, агайын-туугандын баары көнүп олтурган-да, жеке сенин ынтымактан чыкканың болбос...

— Көнгөн эл көнө берсин. Мен агайындыктан да, ынтымактан да эрте чыккан киши болчумун. Кайра-кайра бизге эмне кызыга бересиңер?—деди Бейшемби.

Ушул кезде биздин жаргылчакка талкан тартам деп, төмөн жактан бир катын келди. Бул качан болсо балдардан кызганып, талканын тышка тартуучу. Эми да ошол ою менен арпасын тышка коюп, үйгө кирип, жаргылчакты алып чыгайын дегенче болбой Эшпай аңдып туруп көр чеңгели менен табакта буудайдан аткып алып, үйдү айлана берди. Тапкан олжосун жанынан артык көрүп уучунан жулуп чыгып кетчүдөй калтыраган колу менен четке качырып барып, бурдугуп өлүп барат.

«Кудай» билет, Эшпай ошондо колундагы бир ууч буудайын дүйнөдө эч нерсеге «алмашпас» эле деп ойлойм. Анысын жегенден кийин эмки жолу билмексен киши болуп, көрүнөө келип уучтайын деп бара жатканда өзүн капканы келе жаткан итке тап бергендей, катын:

— Кой ары! — деп колу менен жазгап жиберди. Ысрайыл аттанып кетти.

Ушул кездерде элдин чыгымын тартмак турсун, өз жаныбызды багуу кыйынга түшүп турган. Анын үстүнө «черүүлөр чыгып, качкындарды кайра айдайт экен» де-ген каңшаарлар угула коюп, «кыштын кыраан чилдесинде кызыл чиедей, жылаңач балдар менен эмне күнгө түшөөр экенбиз» деп чочуп турганбыз.

Ушинтип жаткандын тушунда, бир күнү Алмакандан улуу эжем — Чүкөй эринен качып келди. Түн ортосу чен эле. Бир кезде:

— Тур, отко күйдүң! — деген Бурмакенин дабышы менен ойгонуп кетип, карасам ошол турат. Мен жылуу болот деп, күндө коломтонун жанына додолоп койгон күлдү жазданып жатчумун. Туруп, оттун жанын бошото бердим.

Мына, Чүкөй менен азыр он төрт бүлө болдук! Бизди жыргап отурат деп келди бекен? Бирок мунун кайненеси башынан өч болучу. Күн көрсөтчү эмес. Аны башы-нан билебиз. Кантсин байкуш, жедеп сөөгүнөн өткөн соң амалсыз, бизди пааналап келсе керек.

  • * *

Жаз келер замат кыштай мекен эткен жерибиз менен коштошуп, жөөжалаңдап кайра көчүн жөнөдүк. Бул жолу мурунку келген жакка түшпөй, Кулжа бетине салдык. Бар унаабыз экөө. Бири баягы Башариндин чоң кызыл бээси. Экөө тең тырбыйган арык.

Бүгүн бир ээн жерде кетип баратсак, черүүбү айтор мылтыкчан бирдемеси алдыбыздан чыгып жүк жүктөп бараткан тору атты минем деп, көчтү токтотуп туруп алды. Өзү салпайган бир болумсуз неме. Калмак экен. Тилин билбесек да оюна түшүнүп турабыз. Ырайымы түшүп кетчүдөн бетер жалпак тилге салып жалынган болобуз. Унаалардын бели талып кетти. Ал минем дейт, биз таштап кет деп асылабыз. Болбойт. Жедеп айла кет-кенде Бейшемби жанынан он сомчо сууруп берди эле, «баятан берки менин тилегим да ушул болчу»,— деген-дей, жаңкы неме бизди таштай берип жөнөп кетти.

Андан кутулуп, бир топ узагандан кийин, Элебес:

— Э ботом, акчаны жаңкыга эмне бердиң! — деди.

— Бербесек каран калганы турбайбызбы? Арты-нан барып алып келгидей дарман турабы? — деди Бейшемби.

Көк-Теректен чыккандан тартып, төрт күн тынбай көчтүк. Суу-Ашуу деген ашууга түшкөнбүз. Мунун баш-аягы жакшы жүргөндө сегиз күндүк жол дейт. Али биз теңине келбедик.

Бир күнү көч үстүндө куландан соо кетип баратып, бир убакта кызыл бээ шылк этип кулап түштү. Элсиз талаа болучу. Чочуп кеттик. Үстүндөгү жүгүн алып жибергиче болбой, акыркы дарманы менен арткы аяктарын бир эки серпип алды да бир демде өлүп кетти...

Өмүрдө көч үстүнөн өлүм бербесин! Бул бизге чоң кайгы болду. Анын жүгүн бөлүшүп көтөрүп алдык. Мага жаргылчактын бир бети тийди. Ушундан ары мен ан-дан кутулган жокмун.

Кечинде бир элсиз сайга келип конгон элек. Эртеси кар жаап көчө албай калдык. Эртең менен чаңыт жарма жасап, ичип отурабыз. Он төрт кишинин ортосунда үч аяк бар. Кезек күтөбүз. Мага келе жаткан аяк кап-ортосунан эле, колума тийгенде карасак чандырына чыга түштү. Билем, аяк сунган адам бир четин өз жагына баса кармаса толтурадай көрүнөт.

Күндөн-күнгө «тамак» кыйындап баратканын кеп уруп отуруп Бурмаке:

— Кантет элеңер, барда бардай, жокто жоктой ичүү-чү. Эптеп өлбөй Көлгө жетсек болду...— деп бизди жубаткан болуп отурат. Анда Элебес:

— Заманыңарга таарынгыла, бизге таарынмак белеңер! — деп сөз кезеги келбеген жерден кошулуп, адатынча мурчуюп, тескери карап кетти.

Балдарда күн жок. Бирин-бири көпсүнтүп, тырмактай немени кыртышы сүйбөй, териси тарып кеткен сыяктуу. Эч кимдин кылдай нерсеге көтөрүмү жок. Мындай кездерде «ары турчу, бутуңду тартчы» деген сыяктуу сөздөр кычап кетет. Баарынан да Бекдайырды кара, өмүрүндө бир жымыйып күлбөгөндөй үңүрөйгөн терең көзү жашылданып, алдына бирөө бирдеме таштай салса бакырып барып, баса калчудай болуп отурат. Чөйчөктү бөксө куйдуң деп, баятан бери таарынып, ашына албай отурганын көрүп Бурмаке:

— Тиги каапырга кичине тамызып койчу,— деди эле Жанымжан булкунуп барып, тунуп, көгөрүп турган жарманын үстүнөн сузумуш болуп:

— Ок көзүң челейгир, ме! — деп кекетип, Бекдайырдын чөйчөгүнө куйган болду. Анын артынан:

— Өлүгүңдү көрөйүн, ушулардын жаны деле иттен бек! Кашайган кудай буларды кандай көрбөйт!..— деп каргап-шилеп жиберди. Бекдайырдын капшабы менен бул каргыш баарыбызга тең тийип кеткендей болду.

Ушул убакта жолдо өтүп бараткан бир казак катын кирди. Колунда бир баштыгы бар, түбүндө томпойгон бирдемеси жүрөт. Жарыган неме эмес. Ачыккан адамдын түсү. Тура түшүп, мунун артынан жана бир жигит кирип келди. Бул келгенден кийин, бир аз туруп жаңкы катын чыгып кетти. Анын артынан кечикпей жигит да жөнөдү.

Ушулар кеткенден кийин аз туруп ары төмөн жактан бир кокуйлаган дабыш чаң этти. Муну уга коюп, Бейшемби тышка чыкты. Тыш алай-дүлөй туман, эч нерсе көрүнбөйт. Бейшемби чыгаары менен дабыш чыккан жакты көздөй:

— Ой эмне? — деп кыйкырык салды эле:

— Мынаны карачы акетай! — деп көрүнбөгөн бирөө жооп берди. Үн аялдыкы. Ошондо Бейшемби:

— Ой жолуң болгур! Ошонукун тартып жегенден көрө өлгөнүң жакшы эмеспи?! — деди, катуу дабыш менен караңгы тумандын ичинде баркылдап.

Жаңкылар экен. Баягы катын чыгып баратканда анын колундагы баштыгын жигит көрүп калган экен. Аны менен удаа чыгып кеткен себеби да ошол окшойт. Артынан жете барып, катындын баштыгындагы бирдемесин тартып жеген жатыптыр. Бейшемби жаңкыдай деп кыйкыргандан кийин, үн өчүп калды.

Биз бу жерден көчкөндөн кийин, эки күн дегенде Кара-Үңкүргө келдик. Суу-Ашуунуң орто чени. Кара-Үңкүр дегени кеминде бир короолуу кой баткыдай зоонун түбүнө бир эни-чени жок, калдайган чоң кара таш. Бир жагынан өзгө тарабынын баары туюкталып, орто жери кол менен жасалгандай кайкайып барып, экинчи жагына арта салынып, салаңдап турат. Атам заманынан бери кербенчилердин конушубу: ичи-тышы үнөм от жагып тургандай капкара көө. Кар бубактап жаап турган. Биздин алдыбызда гана келип түшүп жаткан он-он беш эшектүү кашкарлыктардын үстүнө камала-самала кирип барып, үңкүрдүн бир четине алачыкты шоңшойто койдук. Биз конуп жайланып жаткан кезде, аттарынын жүнү жылтылдаган үч киши келип биздин «үйгө» түштү. Бүгүн бул үңкүрдө биздикинен бөлөк үй өзү да жок. Кытайдын улуктары экен. Кулжа тараптан чыгышкан окшойт. Ашуунун жан чыдагыс аязында мына мындай топучан жүргөн адаттарына таң каласың.

Көп бүлө тыгылып-сыгылып, эшикти карай ыктап, тар алачыктын төрүн үчөөнө бошото бердик. Өзүбүздү коё туруп, булар үчүн казанга чай койдук. Кийим порумуна караганда чоңу мынабу мурдун кыпчып койгондой, таноосу тар, көзү кыйпыйган, чап жаак, кара сур неме болсо керек. Экөөнүн жанында бир уйгур тилмечи бар.

Жатаарда улук, тилмечине бирдеме деп койду эле, ал:

— «Аттар жоголсо сен төлөйсүң» дейт,— деди үйдүн ээси ушу го дегендей Бейшембиге карап. Ошентсе да Бейшемби боюн токтотуп:

— Жоголо койбос,— деди камаарабаган кишидей. Бирок бул сөздү уккандан кийин, Бейшемби таң ат-

кыча какыйып, аттарды кайтарып чыкты.

Эртеси алар ары, биз бери жөнөгөнү жатсак, тилмеч улугунун дагы бир буйругун жарыялады.

— Сен Чолок-Терекке чейин бизди жеткиресиң дейт,— деди тилмеч.

Бейшемби ары айтып, бери айтып келип, тырбыйган эки жылкыдан башка мал жоктугун, алар улукту көтөрүп жеткире албай тургандыгын, өзүбүз ач талааны кезип, кызыл чиедей жаш балдар менен кылчылдаган ашууда жөө чубап, тамаксыз, күчсүз кырыла жаздап, кур жаныбыз келе жаткандыгын айтты. Аягында:

— Мына улугуңузга биздин жайды ушундай деп түшүндүрүңүз... Бечараны аяңыздар,— деди.

Тилмеч Бейшембинин сөзүн кытайчага которуп берди. Артынан улугунун сөзүн угуп алып тилмеч дагы:

— Аныңды билбейбиз. Кандай кылсаң да жеткиресиз дейт! — деди.

— Мен жеткиргидей алым болсо көрүп турасыңар го. Улук киши бечаранын алына карабайт бекен? — деп калды Бейшемби, бир эсе тилмечке жалдырап.

Булар ушинтип көчтү көпкө токтотуп, эрмектеп турду да, оюна бирдеме түштүбү, жок бир себеп мененби айтор, бир кезде үчөө тең аттанып алып жүрүп кетти. Алар жөнөп мындай узай берери менен баятан демин чыгарбай муунтуп коюп, эми чечип жибергендей «ох» де, кеңири бир дем алып Бурмаке:

— А кудай, айланайын, жетимдердин биртике ырыскысы бар экен,— деди.

Жолубузду тарта бердик...

Суу-Ашуунун башына жакындаганда, Чүкөй эжемди бир Кызайга сатып жибердик. Андан бир уй алдык. Минтпесек өлүмгө таяп калгандай учурга жетип калганбыз. Ушуну менен кытай жеринде мени менен уялаш эки эжем калды. Мындан улуусу — Батыйма деген эжем да Кытайга баргандан кийин, мурунку Көлдө экенде бер-ген күйөөсүнөн качып баратып, жолдо бир дуңганга кармалып кетиптир деп укканбыз. Кай жерде экени маалым эмес. Бирок алган дуңганы Карашаар деген жерге алып кетиптир деген кабар бар эле. Өлүптүр деп да угулган. XVIII

Он үч күн дегенде Суу-Ашуунун берки бетине түштүк. Көк-Теректен чыккандан бери же кадимки казак, кыргыздын шоңшойгон боз үйлөрүн же бир таранчылардын дүкүйгөн багын көргөн жок элек. Бияк андай эмес. Али жетпегенибиз менен алыстан мунарлап, карарган бактар, шаарлар көрүнө баштады.

Бир секиге чыга бергенде, туура маңдайда дүкүйүп турган бир бакты көрсөтүп, Элебес:

— Тээтиги көрүнгөн Кулжа,— деди.

Бирок биз Кулжага киргенибиз жок, ал ары жакта калды...

Бир күнү кечке жакын, Калжат деген бир таранчынын (уйгурдун) кыштагынын жанына келип кондук. Ара-да бир чоң сай бар. Жүктү түшүрө элек жатып мен Бек-кул менен Эшпайды ээрчитип алып кыштакты көздөй жөнөдүм. Жакындап барганда кеңешип туруп, көчөлөрдү сыртынан бөлүп алдык.

Мен адегенде бир узун көчөдөн баштадым. Жети-сегиз үйдөн тиленип, экөөнөн кур чыктым. Көчөнүн орто жеринде бир чоң короого кирип баратсам, ойноп жүргөн бир кичине бала мени көрө коюп, жүгүрүп үйүнө кирип кетти. Ары жактан бирөө:

— Ким уу? — дегендей болду эле:

— Тиламчы,— деди бала. Көз бакырайган бир кара катын ички үйдөн чыгып келип, эшигине туура тура калды да:

— Нема? — деди, менин максатыма түшүнүп турса дагы. Мусаапырлыктын барып турган муңдуу кейпине түшүп, салбырап:

— Ата-энем жок жетим элем. Кайыр сурап жүрөм...— деген болдум.

Ал мени ошол жерде туруп тур деп буйруп коюп, өзү кайра кирип кетти.

Ошол замат алакандай бир сынык нан алып чыкты да, караңгыда кошкурган аттай көзү коркунуч тартып «этим бир жерине тийип кетпегей эле» дегендей менден обочо туруп, колун сунду. Сурап келгеним колума тийген соң, жолго түштүм. Ал менин карааным жоголгуча артымдан карап турду.

Экинчи үйдөн эчтеме албай чыктым. Ал турмак:

— Сен уурусуң,— деп киргизбей дарбазасын тарс эт-тире жаап жиберди. «Мен өңдүү бирөө келип бирдемесин алып жалкытып койсо керек» дедим ичимден жүрө берип. Бир топ ары барганымда, туура жагымдан бир ит жүгүрүп келип, чаңкылдап үрүп, тегеренип туруп алды. Анын артынан жана бирөө келет. Бул экөөнү көргөндөн кийин ар кай жактан үрүп чыга берип, көбөйүп кетти. Бирок баары бирдей батым эмес, кээ бирине калп эле жер сыйпалап тап берип койсоң алдакайда жоголот. Бир кара дөбөт ыргыткан ташты барпактап, кууп кетет да жеткен жерине арс этип, бир каап алып кайра келет.

Кендир мүшөктөн тиккен көйнөгүмдүн белин курчанып алгамын. Тапканымды жылаңач койнума тыга берем. Бу жерге бизден мурун да тилемчилер көп келе берип, элин тарытып койгон экен. Муну мен башкы бир-эки үйгө киргенден эле байкагам. Ошентсе да кечинде үйгө келгенде карасак, үчөөбүздүкү бир кыйла нан. Үйдөгүлөр тамак ичпей бизди күтүп отурган экен. Бурмаке сүйүнүп кетип:

— Мына, оокат кылат деген ушул,— деди биз кирип барганда.

Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип, өзөк жалгап алдык.

Бу жерден көчкөндөн кийин Дардамты, Ачаноку, Жалгызсай шаарларын басып, күндөрдүн күнүндө Кет-мен деген жерге келдик. Кеч курун болучу. Сай өрдөп барып бир тоонун арасына кондук. Күн жылып көк чыгып калган кез. Арып чарчап келген кишилер, келер менен ары-бери камтып, бирдеме ууртамыш болдук да жата кеттик... Түн кыска. Бир кезде кобур-кобур эле бир дабыштар чыгат. Бирөөлөр ыйлап отургандай... Мен ойгонуп кеттим. Таң атып калган экен. Менден башкалары баары туруп алыптыр. Бир тобу коломтону тегеректеп алып, күйөрман адам өлгөндөй шолоктоп ыйлап отурат. Таң калдым. Элебес:

— Э каранкүн! Уйкуң келсе бизди ойготуп койбойсуңбу? — деп ушуну кайра-кайра айтып, Жанымжанды жемелеп отурат.

Мурдун быр эткире чимкирип коюп:

— Же бир элге чендесекчи кокуй! Каран талаада калат деген ушубу? — деп Бурмаке мындан бетер шолоктойт.

Баарынан жемелеп айтып жаткан сөздөрү Жанымжанга гана тийип жаткан өңдөнөт. Ал демейде мындай жемеге туруп берчү эмес эле. Бу жолу «күнөө менде, өлтүрсөңөр мына турупмун» деген кишидей башын жерге салып, унчукпай гана жер чукуп отурат. Бар болгону жаңыдан көзүмдү ачып окуяга түшүнө албай жаткан мени көрүп:

— Тур! Кайсы ырысыңа жатасың!— деп мени үстүмдөгү жабууну булкуп жиберди.

Түшүндүм. Түндө жалгыз уйду ууру алып кетиптир! Короону Жанымжан кайтарган. Ал бир кезде бала эмизем деп үйгө кирип бешикти таянып туруп, ошол бойдон үргүлөп кетиптир. Төө кирип кетсе көрүнгүс бир кабак-тын үстүнө конгонбуз. Эшиктин алдынан бир аттаса кабакка кирет. Жакында кылтыйып жаткан уурулар Жанымжан үйгө кирер замат чечип жөнөптүр. Ал үйгө таңга жуук киргем дейт. Уйду жөн эле кабак ылдый күчкө салып, сүйрөп, кеткен окшойт: изи баскан малдыкындай эмес, жаанда дыргаяктап кеткен немедей эшилип калыптыр.

Бейшемби Кетменге чейин издеп барып келди. Кет-мен шаары биз конгон жерден отуз чакырымдай жер эле.

— Бир уйдун изин бир калың токойго кийрип жиберип, таппай калдым,— деп келди.

Кечээ жолдон көчүп келе жаткан бир тууганыбызга кошулуп алганбыз. Бүгүн эки үйүбүз бирге көчмөк. Булар менен көлгө чейин бирге бармакпыз! Бирок Бейшемби издеп барып келгенден кийин, бизден түңүлүп алар көчүп кетти. Жалгыз үй калдык! Ошондо чоң-кичине дебей, коломтону тегеректей отуруп алып, мүрзөнүн башында өкүрүп жаткандай жабыла үн салып, күңгүрөнүп бир кеткен экенбиз... Жалгыз гана Бейшемби үн да, сөз да жок мелтиреп отуруп алды.

Жалгыз уйдан айрылган соң, бир-эки күндөн кийин үй ичибизди Кетменге алып барып сатып жиберип, идиш-аякты жалгыз тору атка жүктөп, калганын өзүбүз көтөрүп, жөө жалаңдап биз да чубадык.

Дагы бир күнү Добун деген дунгандын бир кичине кыштагына келдик. Апийим отоосу болуп калган кез. Эки-үч күн өргүү болуп, бу жерден жумуш таап алдык.

Бир күнү, түш ченде жумуштан бошоп келип, баарыбыз үйдө отурат элек. Бир кезде Бекдайыр иним сопсоо туруп эле колунда кармап турган аягын кармаган бойдон шылк этип отурган жеринде кулап кетти.

— Ой, карма тигини! — деди, Бейшемби чочуп кетип. Бурмаке «Ай ушуну сен эле кылдың го» дегендей шек-түү көзү менен Жанымжанга карады. Мен да ошондон шек урдум. Көп бүлөдөн кутула жадап жүргөн Жаным-жан, муну кылбайт деп да болбойт.

Бекдайыр мүрт кетти. Аны алып барып кыштактын баш жагындагы бир жерге төмпөйтө салдык. Жедеп түгөнүп, соолуп калганбы — эч кимдин көзүнөн кылайып жаш да чыкпайт...

ДарегиКыргызстан

XIX

Бүгүн Чонжу деген бир ысык жерден жөнөдүк. Бет алганыбыз тээтиги көрүнүп турган кара тоонун алдын-дагы дүкүйгөн бак. Ал — Ак-Суу. Ары жер өр, ары чөл. Таш тилип чор болуп таманыбыз тартылбайт. Жолдон кезиккен жан болсо четибизден ыйлап жиберип, жалынып жардам сурачудай болуп, сурубуз качып, ар кай жерде бирден, экиден сенделип араң жүрүп келебиз. Бурмаке таягы менен бөкчөңдөп жүрүп келе жатып, адатындай кобурап кетет:

— Ушул күндөр да унут болоор бекен? Ай таң, унутула койбос...

Бир аз бара түшүп дагы:

— Балким... Адам чиркин курсагы тойсо бир эле күндө...— деп коёт.

Күн аркан бою калганда Байыңказак деген жерге жакындадык. Жолду ката ысыкта бир тамчы суу көргөнүбүз жок. Тил оозго батпай, жанталашып акылдап, өлүп бараткандай болобуз. Ошондо биздин тагдырыбызды эртеден бери бийиктен көрүп тургандай, калаанын четине жете бергенде, четки үйдөн бир таранчы жигит бир чака суу менен алдыбыздан чыкты. Чөмүчү бар экен. Жазга жуук чуңкурдагы сары сууну талашкан уйдай жабыла баш салып көзүбүз алайып, өлгөнчө шимирип жатабыз.

— Көп ичпегиле, ооруп каласыңар,— дейт таранчы жигит.

Сууга канып алгандан кийин, мындай чыга берип Бурмаке:

— Кудай өмүрүңдө жамандык көрсөтпөсүн, балам! Бечара карыптын сообу жетсин...— деп алкап коё берди.

Күн бата Ак-Суу шаарына жетип кондук.

Ак-Суу — чоң шаар. Жаркент үйөзүнө карайт экен. Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык. Шаарга кирген-де бөлүнүп кеткенбиз. Кайтканда болжошкондой кошулуп алдык. Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур. Жанына барып:

— Үйгө алып барбай баарын эле жеп саласыңбы? — деп калдым эле:

— Мына кичине эле жедим,— деп менин бетимди карабай туруп сууга чыланган бир сынык нанын көрсөттү. Сайдагы таштарды чокоңдой басып, үйгө келдик. Эми мындан ары жүрө албасына көзү жеткен соң, баш кишилерибиз кеңешип туруп, бу жерге бир аз күн токтоп, жумуш кылып, оокаттанып алып жөнөйлү дешти. Эки түнөгөндөн кийин Ак-Суудан бирөөнү таап алдык. Бул ушул жердин дамылдасы болуп турган — Мамирмазин деген адам экен. Муну кечээ тиленип жүрүп, күтпөгөн жерден Эшпай таап келди.

— Мына бу шаардын четинде бир үйгө барсам «атаң-агаң болсо айт, бизде жумуш бар, келсин» деди,—деп келди.

Айткандай эле Бейшемби барып келгенден кийин биз көчүп бардык. Шаардын күн чыгыш четинде, кашаттын боюнда дардайган чоң дарбазалуу үй экен. Үйүнүн жанында бир тешеге жакын багы бар. Бизди чет жакта бир чоң коруктун ичиндеги жалгыз тамга алып барып кондурду. Бул Мамирмазиндин үйүнөн бир чакырымдай алыстыкта. Өзү сокмо там. Ичи-тышы шыбалбаган. Эшигинин каалгасы жок, күнсүз жагында шыкырайган, бир терезенин орду тургансыйт. Үйдүн ичинде ар кай жерде, алда качан какырап калган уйдун жампалары жатат. Төр жак төбөсүндө мамынын түбүндө жыгачка жаңсай салган бир чабалекейдин уясы бар. Үйдүн төбөсүнө, боорлоруна булайып чөп өсүп алган. Тегереги тизеден беде. Биздин там коруктун күн батыш жак четинде. Көчө жагында суу жүргүдөй кылып койгон тамдын бир кичине тешиги бар. Жерге отуруп караганда, көчөдөн ары-бери өткөн адамдын аягы бу жерден көрүнүп турчу.

Күн эртең менен намаздан кайтып баратып, Мамирмазин биздикине кирди. Кирпидей тикирейген узун кашы бар, кабагы терең, чокчо сакал, кипкичине чүңүрөйгөн кара киши экен. Элүү чамасында бардыр. Көзү кандай болсо, сөзү да, кыймылы да ошондой чапчаң, жеңил, бир мүнөт тынчтык таппаган адам сыяктуу. Ары жагында куулук сактап тургандай капкара болгон ишенимсиз көзү үркөнчөөк аттай жалт берип турат. Кирип келип жаандын артынан жаңы тирилген кумурскадай, ар кай жерде кыймылдап жаткан үйдүн ичиндегилерге заматда көз жүгүртүп алды да, бизге керек боло койбогон жерден:

— Биз угуп жатабыз жерине барган кыргыздарды орус четинен өлтүрүп жатат дейт,— деп калды уйгурча тил менен.

Бир аз ойлонуп калып артынан буларга ушундай айтсам түшүнүктүү болот деген кишиче чала-була казакчалат.

— Азыр барган мен мына балаларыңа балбай...— деп, жооп күткөндөй Бейшембиге карады. Бейшемби:

— Азыр биз деле кете койбойбуз. Көптөн бери жол жүрүп, өзүбүз азып калдык. Бу жерге бир аз токтоп, сиздер өңдөнгөн агайындардын аркасы менен оокаттанып алып, анан жөнөбөсөк, азыр кете турган ой жок. Абалы жерибизден кабар алалы дейбиз. Орус чегине болсо жетип калдык. Эми шашылыш жок,— деди.

Базарга түшкөн малды сынап жаткандай менин баш-аягыма айландырып карап алып, ийинимден жогору көтөрүп, тартып коюп:

— Кетмен чабышка али жарабапсың,— деди Мамирмазин.

Өзүнүн үч уулу бар экен. Экөө катын-балалуу болуп эбак бөлүнүп кетиптир. Азыр Мукбул деген кенже баласы колунда экен. Мунусу бойдок. Жашы жыйырма бирлерде бар. Көзү чоң, тартайган бойлуу неме. Ортончусу Бакырдин — атасы түспөлдүү. Бирок мүчө курулушу андай эмес, эткээл, мойну кыска томурайган чымыр жигит. Мүчөсү туташ бүткөн немедей кишиге караганда тула бою менен бурулат. Мунусу көбүнчө соодагерлик кылат экен. Быйыл Жусуп болуш деген кайнатасы менен шериктешип беш тешеге жакын апийим айдаптыр. Апийим алып Кулжага жылына барат экен.

Кечикпей Беккул, Эшпай мен үчөөбүз энчиге тараткан малдай бөлүнүп кеттик. Беккулду Мамирмазин, Эшпайды улуу баласы Шерпеден, мени ортончусу Бакырдин алып кетти. Алар уй кайтарып калды, мен апийимдин отоосуна: шаардын башына чыгып кеттим. Бу жерди «өстөн» дешет. Чегиртке болбогон жылы элинин дыйканчылыгы көбүнчө ушул арада болот экен.

Өстөнгө барсам он чакты киши жабалактап апийим отоп жаткан экен. Бакырдин мени базарга салчудай колумдан жетелеп отуруп, түгөйү жок бир сары жигиттин жанына алып барып токтоп, менин калпагымды алып, кайра кийгизип коюп:

— Мына сага шерик,— деди.

Жигит мага таңыркагандай аңырайып оозун ачып, тула боюман чоло калтырбай карап алды да, артынан какшыктап жымыйып:

— Аа! Абдан тапылыпты! Өзүм үргөтүп аламан. Кел,— деди, колундагы чанжы менен солду көрсөтүп.

Жигитке караганда мен чабалдык кылдым: солдун орто ченине барганда, ал өз жагын отоп, менин алдымды таштап, кете берди. Алыс калдым. Кезек-кезек:

— О, жүрле! — деп үнүн көтөрүп кыйкырып коюп, кайтып:

— Нан йемсээң!—деп коёт. Мени тамашалап оюнчук кылып алды.

Бара түшүп чалкалап, күндү карап коюп, калпагын ошол жакка баса кийип, чанжыны кыйкаңдатып, бир-эки шилтеп алат да:

— Ойнада-а-а! — деп созуп ырдап кетет.

Күн бешимге кулаган кезде нан жейбиз деп баары чогулду. Дандырга жабылган беш-алты калдайган жука нан келди. Ортолоп келген кезде, менин оң жагымда отурган сары жигит, калган нанды сындырып, эң үстүнө бир чоң сыныгын калтырып, кадырлуу коноктун алды-нан өтүнгөндөй, кичи пейилдик менен колун ийкеңдетип, мага:

— Ал! — деди.

Баары колундагысын жеп болуп, эми жерден ала турган ирээти келип турса да, тигинин өтүнгөнү боюнча бири кол суңбай мени күтүп тура калышты. Алдым. Четинен тиштеп бир-эки чайнай электе, топурак аралашкан бир таш барып тишиме кычырай түштү. Ошол замат оозумдан алып кайра таштадым. Эл дуу күлүп жиберишти...

Апийим отоосунда мен он чакты күн жүрүп калдым. Жакында бүтөр эмес. Башкалары күндө кечинде топ-топ болуп, чогулуп, ырдап, күүлдөп алып, шаарга кирип кетишет. Бирлери нашаа чегип, кызып алат. Жапан талаа-да жалгыз алачыкты багып, бир уйгур малай экөөбүз калабыз. Карамагыбызда үч ат калат. Аны кайтарабыз, ар кайсы жерге жаңылап аркандап, мезгили менен сугарып турабыз.

Бир күнү түшкү тамактан кийин эл эс алып жаткан кезде, мен алачыктын артында бир кумурсканын уясы-нан өтүп барып, жалаң этиме кийген бешмантымды жайып коюп, жыңалач болуп, битин карап отурат элем. Ошол убакта менин жанымдан бирөө басып баратып:

— Дадаң кычкырып йатупту,— деп кетти.

— Эмнеге?

— Таң.

Муну Бакырдинге барып айттым эле:

— Барып тез кел! — деди, басып баратып үңүрөйгөн терең көзү менен мага бурулуп карап.

Үй баягы корукта. Барып, ойдо жок жерден Бурма-кенин өлүгүнүн үстүнөн чыктым. Мен кирип барсам, Бейшемби «мына, көрдүңбү? Сени биз ушуга чакырганбыз» деген кишидей мага бир карап алды да, кайтып Бурмакенин өлүгүнө карады. Жыгылганына бир жумача болуптур. Муну мен азыр билип отурам. Бетине бир ак немени жаап, сундуйтуп мындай алып коюптур. Ашууда жүк көтөрүп келе жатып, тыныккан немедей Бейшемби менен Элебес, эки жерде сумсайып, жымжырт тартып отурат. Тамдын бурчунда, Бурмакенин ийрип бүтпөй калтырган жип-шууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан отурат. Анын бери жагында бүрүшүп, Ашымкан, Жума-бек отурат. Эшпай келиптир. Беккул менен Бечел жок. Өлүккө жыйналып турган бар эл ушул. Бирок кадимки жорук-жосундай үн чыгарып, ыйлаган бир да бири жок. Жымжырт тартып, адамды куса кылып ич бышырган жалгыз там. Опураган эчтеме жок. Эшиктин алдында, очоктун жанында бир колтуктай бактын куураганы жатат. Баягында көкөйүмдү тешип, Көк-Теректен көтөрүп келген жаргылчак жатат. Үйдүн көчө жагында, бир чуңкурда алда качан тозугу жетип, бирөөдөн калган жалгыз кепичтин тарпы жатат.

Үйдүн ичинде жайындагы чабалекейдин бир уясы али бар экен. Балапандары чыйпылдап жетилип алыптыр. Каалгасы жок эшиктен энеси шып этип учуп кирип, балдарына жем берип жатат. Ушул уяны баягыда балдардын бирөө бузам дегенде:

— Кой, убал болот. Бу да бир күн көрөйүн деген макулук,— деп Бурмаке тийгизбей койгон. Азыр уяны көрүп, ошол эсиме түштү.

Өлүктү көмүшүп коюп, мен өстөнгө кайра чыгып кеттим. Жолдо баратып, Бурмакенин өлө элегинде «атаганат, эч болбосо Көлгө жетип өлсөк арманыбыз болбос эле» дегени оюма түштү. Менин алдымда, жыйырма саржандай жерде эки бутун салактатып, эшек минген бирөө кетип бара жатты. Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт. Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды. Бир казак артынан жөө кубалап алыптыр. Бул жаңкы ат чыгып кеткен дарбазага жаңы жете бергенде, бир уйгур жигит, дарбазаны шарт жаап жиберип:

— Наге барсе? Нимишка? — деп аны жибербей тосуп калдык.

— Ойбай аке, сенин «нимишкең» бүткөнше ол кетип калды гой! — деди берки, коё бер деп жулкунуп. Булардын натыйжасын көрбөй калдым.

Эки айдан кийин Токмолдо менен Элебес өлдү. Бу жолу мен Мамирмазиндин бир күйөөсүнүкүндө болучумун. Үйү Байын казакта. XX

Эгин орогу бүтө жаздап калган убак. Бир күнү кожоюнум туруп, эми бизде жумуш бүттү, сен кете бер,— деди.

Күн батарга жакын чыгып, жылдыз толо Мамирмазиндикине келдим. Жаңыдан тамак ичкени жатышкан экен. Мен үйгө кирип, бир аз отургандан кийин кызынын ал-абалын сурап алып, артынан:

— Сен Бейшеге барып келчи. Алар мында,— деди Мамирмазиндин катыны.

Айтары менен чыгып кеттим. «Мен келер замат үйгө жибериши кандай» деген сөз оюма шап этти.

Биздики ат короонун жанында, бир тамда экен. Бул мУРУн музоонун короосу болучу. Ушул тамга башында да биз өңдөнгөн бирөөлөр турса керек. Очогу бар, түштүк жакта бир шыкырайган караңгы терезеси бар.

Барсам Бейшемби төшөктө жаткан экен. Жанында көп какырып ботала болгон бир чылапчын жатат. Жамачылуу, кызыл чепкенин айкарасынан жаап салыптыр. Аттын чыласында жатып, сарала болгон бир тутам, ным шакелди түтөтүп коюп, күлгө бир быр эттире чимкирип, мурдун тартып бышактап ыйлап очоктун жанында жеңем отурат. Бир демге түшүнбөй жаткандай, энесинин жаш агып турган көзүн анда-санда жалдырап карап коюп, муңайым тартып Жумабек отурат.

Отто баятан бери быкшып жаткан шакелдин бир убакта дүр этип жанып кеткен жарыгы менен тактанын алдынан таруудай көзүн жылтыратып, жөргөлөп бараткан бир чычкан көрүнө түштү.

Үйдөгүлөр жаңы үчөө гана! Баягыда алты канат үйгө батпай бир айыл элдей опур-топур болуп жатчу көп бүлөө бүгүн кайда? Ошонун баары четинен өлүп, бүтүп олтуруп, аягында мынабу үчөө гана калган сыяктанат. Бүгүн өлүктөй жымжырт. Көптөн жүрүп келип, мынабу үйдү жаңы көргөнүмө башыбыздан бир кырк жыл өтүп кеткендей болуп көрүндү.

Башта мындай мен көпкө жүрүп, бир жактан келгенимде: «и, кандай» деп барар замат имерилип, сүйлөшүп калчу Бейшемби бу жолу лам деп сөз каткан жок. Мен бая кирип барып, бир аз отургандан кийин, өлүп баратып керээзин айтчу кишидей, биз жакка бир эки мертебе бурулуп, жакшы эле ыңтайлангандай болуп келди да, кайтып: «Эми койчу ары, мен да чарчадым го, өзүңөр билгиле... Жайымды көрүп отурбайсыңарбы» деген кишидей болуп тетири карап кетти. Көз алдындагы караңгы бурчту карап жатып, кезек-кезек бирдемелерди кобурап, жөөлүп коёт.

Бир кезде мен жеңеме карап:

— Бейшекем оору беле? — дедим акырын гана бошогон дабыш менен.

Мен муну айтканда, жеңем эми мындан ары көрө турган күнү бүтүп, өмүрдүн акыркы сааты калган кишидей колунда бир тал куурайы менен жерди чукуп, салбырап, акырын гана жашын төгүп, үнсүз ыйлап отурган. Мага бир аздан кийин жооп берди.

— Качантан бери? — дедим.

— Көп болду...

Жашын төгүп-төгүп алат да:

— Ата дүнүйө ай! Ушундай жерде өлмөк белек!! — деп коёт каргылданган жашыган үнү менен.

Күзгү күн жаап турган. Мен. бир тыпын үйгөн, эшиги жок жайдак тамда жаткамын. Таңга жуук бир кезде кечээги кайгылуу кара тамдан жалгыз жеңемдин жалгыз муңканып ыйлап жатканын уктум... Аларды мен экинчи дүйнөдө кезиктирбеймин да. Бирок ошондогу чындыкты жеткирип айталбасам өзүм өмүрдө күнөөлүмүн деп санаймын.

Нечен кайгылуу кара күндөрдө жокчулукка чыдап, ушул жерге бизди сүйрөп жеткирген Бейшемби эле. «Мынча жетимди чубуртуп бөөдө кырылгыча, четинен таштап сатып кетели» деп Элебес нечен айныганда да, Бейшемби болбой көшөрүп жүрүп отурган. Бейпилчилик-те көрсөткөн эрдик — эрдик эмес. Кыйын кыстоо замандарда көрсөткөн эрдик. Жөнөкөйдө кайрылган кайрымдуулук эмес, башыңа түшкөн кара күндөрдө кылган кайрымдуулук...

Бейшемби өлгөн соң, биз бир аздан кийин ак баарыбыз бытырап тарай баштадык. Жеңемдин төркүнү казак-тын Коңут Бөрүк уруусунда болучу. Ал ошол жактан төркүнүн таап алга, жалгыз баласы менен өз жанын ала качып кетти. Эшпай Шерпедендин колунда. Беккул,

Ашымкан мен үчөөбүз Мамирмазинде калдык. Бечел болсо Бейшемби өлөрү менен жоголгон.

Бир күнү катыны менен турганда Мамирмазин мени чакырып алып:

— Сен эртең же бүрсүгүнү Тогуз-Булакка жөнөйсүң... Кой быйыл ошондо кыштайт. Жакшы багып кел,— деди.

— Ал кандай жер? — дедим мен.

— Тогуз-Булак... Малга жайлуу жер. Анда менин күйөөм Армолдо көчүп барат. Кызым бар. Сен ошол Ар-молдонун коюна кошуп кайтарасың. Тамактан ачыкпайсың. Дайындап коём. Уктуңбу?..

Ушунун эртеси курман айт болуп, мени бир күнчө токтотуп коюшту. Уйгурдун заңында улуу дамбылдалар, молдолор бүгүн түтүнгө кыдырып куран окуйт. Мамирмазин да бүгүн табына келгендей, эртең менен ашыгып, чала-була чай ичип, селдесин заңкыйтып оронду да, менин ийниме бир бош куржунду салып алып, үйдөн ээрчи-тип чыкты. Көчөнүн башынан баштап, адегенде бир чет-теги тамга кирдик. Биз эшиктен кире бергенде, орто жашаган бир кара катын:

— А, моллаке, келиңиз! — деп ордунан ыргып туруп, жүгүнүп сыпайылык менен каршы алды. Менин отурган-отурбаганым менен жумушу да жок, айтор молдо отурду болду дегендей, тиги куттуу жерине барып конгондон кийин, өзү да ордуна барып отурду. Молдо төргө чөк түшүп, кашын серпип көздү жумуп, куран окуп жат-канда, мен үстөлдө не бир түрдүү кылып жасалган ширин нандарды көзүмдүн алды менен бир сыйра кыдырып өттүм. Куран окуп бата кылгандан кийин молдо:

— Биссимилла,— деп бир түйдөктөлгөн аңдын четинен кол учу менен чебердеп ооз тийди. Мен аны туура-дым. Милдетин чапчандык менен өтөп жиберип:

— Оомийин, аллоакбар,— деп молдо колун жайып бата кылып эми турайын деп жатканда, үйдүн катыны менин куржунума эки нан салып берди. Андан чыгып экинчи үйгө кирдик. Кайсы үйгө кирсек да менин көргөнүм мындан өзгөргөн жок. Ар бир үйдөн экиден кем эмес нан алып чыгабыз.

Бир көчөнүн башына чыккандан кийин көтөргөн куржунумдун эки көзү тең шыкай толуп чыкты. Ошол убакта Мамирмазин:

— Үйгө алып барып төгүп кел,— деп мени жиберип ийди. Беш саржандай узап калганымда:

— Тез кел! — деди. Жолдо кетип баратып, «баягы менин кайырчылык заманымда эл ушундай март болсо-чу» деп, бир ойлоп алдым.

Мен кайра келгиче Мамирмазин бир да үйгө кирбей мени күтүп туруптур.

— Бул күнү үйдөн кур калыш болбойт. Бул бир кудаанын берген насиби...— деп коёт.

Ошо күнү шашкеде чыккан так бешимге чейин тын-бай кыдырсак керек. Куржундун эки көзүн төрт жолу толтуруп барып төктүм.

Эртеси таң эртең менен төшөктөн жаңы туруп, чокоюмдун боосун байлап жатсам, Мамирмазин алактап же-тип келип:

— Кана, жөнөгүн! Армолдонун кою кетип барат,— деди.

Койду айдап чыгып баратсам үйдөн:

— Ачка кетти го,— деген катындын үнү чыкты.

— Нан алды, болот.

Тышка чыксам Армолдонун кою сайды бойлоп, төмөн карай жайпап бараткан экен. Бир топ жерге баргандан кийин мен да артынан жеттим. Койчусун таануучумун. Аты — Жамат,— көзү көк таштай, чеңкийген, ээрдинен эзели желки кетпеген, мойну ичке, куркуйган сары неме. Экөөбүз бет маңдай туруп сүйлөшкөндө, мен жогору карап калчумун. Жашы жыйырмаларда бар.

Мен коюмду кошуп жиберип, Жаматтын жанына жакындай бергенимде:

— Эй келдиңби? — деди күлүмсүрөп оозун ырсый-тып. Мен да белгисиз бирдемеге кубанып бараткандай болом.

— Тогуз-Булакка качан жетебиз?

— Э токтамай кетсек, күн бата барып каламыс — деди камаарабай, өз жагында кийин калып койгон бир боз койду таягы менен жазгап калып.

Бир аз бара түшкөндөн кийин:

— Энди кыштай экемис жолдас боламыс...— деди.

XXI

Биз Тогуз-Булакка келгени бир айча болгон. Мында көбүнчө мал кыштаткан байлар отурат. Кышында суук кыйын болсо да мал эти менен чыгат. Жер от. Чийдин бийиктиги атчан кишинин бою менен тең. Бир түп чий-дин дүңгөсү кучак келип, башына турган бубактар салаңдап, кой аралаганда жонуна куюлуп турат. Коён десең ушунда. Бир жерден он-он бештен чубайт. Койлор жаңы келген кезде коёнду көрүп дыркырап жөнөп берчү эле. Эми көнүп калган; Капылыстан чыга түшүп, чуу койгон коёндон селт этип коёт да кайра башын жерге салып оттой берет.

Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго:

— Айт! — деп калып таякты жиберип алат да кай-тып: — Кап, сенин! — деп тийбегенине кейип калат.

Коёнго калганда колу түз. Кээде көздөп туруп урган-да таяк таамай барып, чийге тийип калып коён кутулуп кетчү. Бир итибиз бар. Бирок жарамсыз. Качырып кирген коёңун бир аз барганда жоготуп жиберип, капылыстан кезиккен экинчи бирөөнү кууп кетип, андан да кур кайтат.

Бир күнү атайын чыгындык. Коёндор жазатайым качып калган учурда жолсузга салбаса, көбүнчө өздөрү жасап алган белгилүү жолдору менен жүгүрөт. Чийди кырчып жол салып алат. Жамат бир мезгилде ушундай жерлердин бирин ыңтайлап, дүкүйгөн бир чычырканак-тын түбүнө бугуп калды да, мени коён айдаганга жиберди. Кеттим. Чий аралаш чыккан бир калың карагандын артына чыгып:

— Айт, айт!— дегенимче болбой, булак-булак ыргып, көп коён жабыла качып жөнөдү. Жамат тосуп туруп калганда таяк алыс кетти. Бери жактан дыркырап барат-кан коёндор, аны көрүп калып, үркүп жолдон чыга берди. Кийинки жолу урганда бирөө будаланып барып оңолуп кетти. Мен коёндун жатактарын таяк менен салгылап, өлчөп чыгарып турам. Бир сапардан жети-сегиз коён бир чубады. Ошол топто кетип баратып, жолдошумдун тушуна барган кезде бирөө жалп этти. Чокмор таамай тийди белем, жүнү бурк эте түштү. Мен жетип барганымча Жамат коёндун арткы бутунан көтөрүп алып:

— Жыктым! — деп ырсайып койду.

Ошол замат терисин сыйрып, бир чоң чийдин түбүнө от коюп, күлгө будалап кактап жибердим. Этти жеп болгондон кийин карасак, бети-башыбыздын чоло жери жок. Жаматтын мурду көө болуп жүрөт.

Кеч кирип кетти. Чачылып жайылып жаткан койлорду ышкырып жыйнай баштадык.

Армолдонуку айылдан обочо бир жалгыз боз там. Жанында бир боз үйү бар. Мында согумдун эти турат. Жамат экөөбүз ушунда жатабыз. Боз үй кой короонун эшигинин алдында. Армолдо бир семиз бээни союп таш-тап, өзү Кулжага кеткени көп болду. Үйүндө бешиктеги жалгыз баласы менен катыны гана калган. Өзүнөн катыны көп жаш, ары кетсе жыйырма бештерде деп айтарлык чарчы бойлуу, көзү капкара, бети тоголок чымыраган кара катын. Сөзгө сараң, өзүнүн керегинен артык унчукпайт. Тышка чыкпай, отту жагып салып, узунду кечке мештин маңдайында отурганы отурган. Эртели кеч үйдө болгондо мешин жаккан, чайын кайнаткан биз. Өзү болсо тамагын таптап ичип, ысык үйдө ырахаттанып отурганды гана билет. Кечке аязда жүрүп ачыгып келсек да биз мезгили менен тамак ичпейбиз. Эртең менен кеткен бойдон кечинде келип бирдеме жалмайбыз. Өзү болсо шашпай отуруп алып, тамакты жайланып ичип болгондон кийин анан бизди чакырат. Эт салса шылдыр шорподон башка артпайт. Мунусуна да чыдаар элек. Биз жей турган эленбеген кара нанды кайрачкайра жасагандан эринип, көп кылып, бир гана жасап алат да, сактай берип аны көгөртүп салат. Күндө көгөргөн чирик нан жейбиз.

Ушу жоругуна чыдабай кетип, бир күнү үйдөн чыгып баратып, өзүнө чала-була угуза, Жамат:

— «Ач кадырын ток билмейди». Биздин көргенимиди өзү бир күн көрсө кайтер эди? Ай, кудай жазаңды бергир!..— деди.

Бир күнү эртең менен тамакка отуруп жатсак алдыбызга көпкөк болгон бир-эки нан келди. Чирип кетип-тир. Күндөгү жеп жүргөнүбүздөн да бөтөн. Арасында пахтанын майдасындай үлпүлдөгөн бирдемелер илээшип жүрөт. Адам жей турган эмес. Катынга өчөшкөн болуп, экөөбүз эки табакка толтура туурап, чайга чылап алдык да тышка чыгып, итке куюп бердик. Ит жыттап алып басып кетти. Жамат жаны кашайган кишидей эшикти ачып туруп төрдү көздөй каңк-каңк эттирип табагын ыргытып жиберди. Ошону менен ачка кеттик.

Мамирмазиндин бул кызы кессең кан чыкпай турган бир жез тырмак эле. Бул тууралуу энеси да «ушу кызым абдан сараң» дечү.

Жалган түш ченде өз жагымдагы койлордун четин кайра жапырып таштап, Жаматтын жанына басып келдим. Анын кабагы бүркөк, ээрди кеберсип кеткен.

— Эртең менен сага эмне болду? — дедим.

Желки болгон ээрдин жалап өзүн карай тырсылдап оттоп бараткан боз токтуну «киши» деп алып:

— Тукуму куруп кетсин онун! Оган биз де бир, ит де бир болды,— деди.

— Ушинткенибизди билер дейсиңби? Табагын ыргыт-кандан көрө кылганын көзүнө айтканыбыз жөн эмеспи?

Ушуну айттым да бекер урганча мен бир аңгемеге салып кеттим. Илгери бир бай оруска жүрүп, тамакка кенелгенимди кеп урдум. Байдын кеңирилигин, молдугун айта келип, угуучумдун көз алдына не бир түрдүү та-мактын жети атасын тизип өттүм. Булардын ичинен көбүнчө бал менен майга түрдөп бышырган ширин нандар кулагына жагымдуу тийип жаткандай болду. Жамат менин сөзүмдү ыкласы менен тыңшап туруп, улам шилекейин жерге түкүрүп коёт. Бир кезде:

— Токташы! — деп мени төшкө түртүп алып, көзү чакырая .түшүп: — Каскыр улып жатыр,— деди.

Тыңшай калдык. Элсиз талаада, көрүнбөй муңдуу кылып улуп жаткан топ карышкырдын чуусу чыкты. Менин уккум келет. Экөөбүз койдун эки чети менен тез жүрүп отуруп, алдына чыктык. Эчтеке көрүнбөйт.

Талаа көңүлсүз. Мелтиреген эни-чени жок боз талаа. Күндө көргөн күнүң бир калыпта болот да турат. Эч бир өзгөрүш, жаңылык жок. Бар көргөнүң аңгыраган боз талаада жайылып жаткан кой. Абактыда жатып зарыккан туткундай ичиң бышат. Кулак кескендей жымжырттыктын ичинде кечки күнгө чагылышып, көзгө бүлбүлдөгөн закымды карап туруп, ар кыл ойго кетем. Ушул күндөн кетсем, алдан бир жаңылыкка кабылчудай болом. Бир калыптагы жымжырттык бузулуп, тезинен бир жаңыдан дүйнөгө кезиксем дегендей болом. Бул өмүр бир көңүлсүз, супсур көрүнөт. Кээде кыялданып келип жакын арада мындан куткара турган алдымдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай толкуп, өзүмдү бактылуу сезем. Ушундай белгисиз ойлорду эш кылып, кезек-кезек койдун четине Жамат экөөбүз баш кошо калган жерде, мен:

— Ушул күндөр бат эле өтүп кетсечи? — же болбосо: —жакында жазды көрөр бекенбиз! — дегенди айта берер элем. Жамат мунумду жаратпайт.

Дагы бир күнү ушуну кайталап айтканымда:

— Ай... Акмаксың да... Өмириңдин тез өткенин тилейсиң,— деди.

Ошол замат мен:

— Тез өтпөгөндө ушул өмүрүңдүн эмнеси кызык сага? — деп жооп күткөндөй бетине карадым. Муну айтып коюп, артынан, «ушул өмүргө өзү ыраазы болсо керек» дедим ичимден.

Тамак өпчап. Жарытпайт. Бир күнү жаныбыз кашайып, боз үйдөгү алабакандан эт кесип алып, чокко бышырып жедик. Жатаар кеч болучу. Үч баканды туурасынан коюп, туздаган этти шыкай илген. Казы-карталар сүрсүп, тоңгон муздай буртуюп турат. Жамат байпагынын

кончунан учтуу бычагын сууруп алып, ар кайсысын бычактын учу менен түртүп коюп, анан мага карап туруп:

— Куның кеткен ит, мыналардан бизге кыштай бир тистетпеди ал!

От май каңырсып, үйдүн ичин каптап кетти. Жамат этти аралап, али кобурап жүрөт.

— Көзү тоймаган кунсыз! Өзиң бермеген немени биз бийтип жетик. Эң болмаганда сорпаның майын да калпып аласың. Биз болсок, аязды-аяз билмей мыңдаган койдың артында сандалып ач жүрмиз. Сен болсоң барин жыланша сорып, ырахаттанып ыстык үйдө жатасың...

Дагы бир түнү ушинтип жатсак, майдын жыты менен келип, катын көрүп койду. Караңгыда ары жакта өзүнүн там үйүнөн басып келип, боз үйдүн жыртыгынан шыкаалап, көзүн жылтыратып туруп:

— Бул силердин эмне кылып жатканыңар? — деди. Унчуккан жокпуз. Жамат экөөбүз бир-бирибизге карадык да тим болдук. Катын кирип келип, бир эсе бакан-дагы этке, бир эсе отко карап алып:

— Андай кылбай жүргүлө! — деди жүзүн суутуп. Ушул жерде бир түтүн казак отуруучу. Үйү биздин

кой короонун артында. Үйдүн ээси кыркка жакындап калган бир жесир катын. Он экиде бир эркек баласы бар. Экөөнүн маңдайына бүткөнү бир ноопаз, үч кой. Жамат экөөбүз кээде түн ичинде бошой калганда барып калар элек. Катын ачык-айрым, жалпылдаган неме. Биз барганда бүлөсүндөй ачылып, жапылдашып калат. Биз да жыргап калабыз. Кээде жарым түнгө чейин кобурашып отура берип, түндүн кандай өткөнүн да сезбейбиз. Кыш-тын узун түнүндө капкайдагыны кожурашып отуруп кайтканда тойдон таркагандай, көптөн берки черибиз жазылып, сергип калар элек. Эрмегибиздин көбү жесир катындын баласы болучу. Кээде Жамат экөөбүз ушунун талаадан ноопазын минип, кетип бараткан жеринен кармап алып, өлөң айттырчубуз. Баланын төрт-беш ооз бир өлөңү бар:

Ойда жок келем деген осы жайга

Кедейлер жалданып жүр бирден байга.

Каңгырап, жетим-жесир сая таппай,

Биз болдук быйылкы жыл ар бир сайда...

Ушуну айткан сайын энеси:

— Осы карагым аман жүрсө болды маган. Куу дүние кимге опа болар дейсиң... Айналайын карагым! — деп коёр эле.

Бир күнү Жамат экөөбүз келип, ушунда жарым түнгө чейин отуруп калдык. Ары жактан дагы бир байдын койчусу келди. Баары беш-алты кишидей болдук. Мен эшиктин алдында каптагы тезекти жамбаштап отурам. Коломтодо чок күйүп болуп, акырын гана карарып, күңүрт тартып барат. Үйдүн ичи кобур-кобур. Аңгеме жүрүп отуруп, бир иретте биздин кожоюн катынга да тийип өттү.

— Апырым ав, тамак сога кайтип сиңеди экен ширкин!.. Өзи типти бир кыймылдамай отурады гой,— деп калды жесир катын, Жамат экөөбүзгө кезек менен карап.

— Ийе, үйдөн жылмайды.

Катын бул жөнүндө кепти узартып калды:

— Өзи де бир адамга жылдызы жок, түгин салган неме экен. Осы алты айдан бери авыл отырып бири-биримиздин үйимизге кирип көргөн жан эмеспиз. Адамдан осынша безген не деген жан өзи? Онан баскалар казан асбаяк, соган күнү калып отурган жок гой. Сол куу пейил неме сендерге да жөнди тамак бирмес ав деймин...

Эми муну таштап коюп өлөңгө кирдик. Баарыбыз кезек менен айтууга убада болду. Буга мен унчукканым жок. Адегенде жесир катындын баласы баштады. Баягы биз угуп жүргөн өлөң. Мага кезек келгенде:

— Мен билчү эмес элем,— деп тарткынчыктай баштадым эле:

— Ие билесиң, айт! — деп жаалап жиберишти. Аларга кошулуп Жамат бир жактан: Кыргызыңша жырла,— деди мени карап жыл-мыйып. Кызып турган соң амал жок, бирдеме дедим.

Кулдурап көзүм тунарды,

Жакшылык болор күн барбы?

Кимге айтамын ким угат,

Ичимдеги арманды?

Ар кимибиз бир сайда,

Адашып калдык ар кайда.

Амал куруп турганда,

Кимден болот бир айла?..

— Басе, сенде бар! — деди бирөө мен айтып токтогондон кийин.

Менден кийинки кезекти таштап коюп, мени менен эми таанышып жаткандай тарыхыма кирип кетишти.

— Бу жерде кимиң бар сенин? — деди жесир катын мага үңүлүп карап. Айтып бердим. Менин ар кай жер-ден сүйлөгөн, чачыранды сөзүмдү, алар дитин салып угуп турду.

— Жериң каерде деги?

— Каркырадан бир күнчүлүк ары —Ысык-Көл деген жер болот,— дедим.

— Нече күңдө жетеди? — деди ары жактан келген байдын койчусу.

— Билбеймин. Бияктын жолун көргөн эмесмин.

— Каркырадан ары күндүк болса, бу жерден Каркырага үч коңуп жетеди. Төрт күндүк жол экен,— деди Жамат менин сөзүмдү түзөтүп.

— Бу жерде карасатын жакының жок экен да? Энди жериңе кете алмай калганың гой?

— Көрөбүз го...

— Аман болсаң, болганы бейшара! Эр жетип алсаң бир күнү сартты тастап кете берерсиң...— деди жесир катын мага жаны ачыгандай.

Булардын сөзүнөн корутунду чыгарганда бүгүн бул үйдө менден өткөн шордуу жок сыяктанып көрүндү. Ушул отургандардын эң шордуусу мен болуп, алар мага караганда бир бакыттуу немедей туюлду...

Бир кезде тышка чыктык. Жылдыздарга карасак түндүн далайы болуп калыптыр...


Жаз чыгары менен Армолдонукунан койду бөлүп, тоого чыгарып кеттик. Эртең кой менен кетем деген түнү мен, таң атканча чырм этпей какыйып чыктым. Улам бир жагыма оонаймын. Уйку жок. Түн — жыл көрүнөт. Бүгүн таң атса бир бакытка жете тургансып, көңүлүм толкуп, алда кайда бир белгисиз нерсеге сүйүнгөндөй болом. Түн караңгысында, көзүмдү бир жумбай кыял басып, жалдырап, карап жатам. Тышта бирдемелер шыбыр-шыбыр болуп, кайра басылып калат. Катарымда жаткан Жаматка караймын. Ал жаман тонун баса жамынып эчтемеден капары жок корулдап, уктап жатат. Мага караганда, бул туткунда калган бир бактысыз немедей көрүнөт. Анын келерки тагдырын ойлоймун. Ай бечара!..

Эртең менен койду айдаганы жөнөп жатсам: — Кош энди. Кыштай даамдес болдук...— деди Жамат.

XXII

Кийинки жылы Мамирмазин коюн өз колуна кыш-татты. Күндө тоого жаям.

Ушу жылы күздөн тартып, эчкиге кара өпкө келген. Мамирмазин эчкилүү бай, койдон эчкиси көп. Эки, үч ай ичинде кара өпкөдөн бир тобу кырылып кетти. Быйылкы кара өпкөнүн тушунда мунун көбү эчки болуп калганы, менин таалайымдан болгондой көрүнөт. Ар бир эчкинин өлүмү жаныма ийне жанчкандай батат. Талаада жүрүп бирөө кекейип, оттобой туруп калса анын айыгып кетишин күйөрман кишимдей тилеймин. Кожоюндарым бул кырсыкты менин каражолтойлугумдан болгондой, менин ичимде бир ала курт бардай көрүшөт. Мамирмазин өзүнүн багына кирип мага күндө бир жаңы таяк кесип чыгат. Күндө таң эртең короодон чыгып баратканымда: «Капыр ушунун эмнеси бар» деп күмөн санагандай, ала көзү менен артымдан карап калат. Анын шектенип карап, акырайганынан атып жибергени жеңил өңдөнүп, эшиктин далдаасына киргиче беш саржан жер алыс көрүнүп, кыйпылдап отурам.

Бир күнү кожоюнумдун бир жакшы көргөн кара төбөл эчкиси талаадан ооруп калды. Эртең менен болучу. Бир кезде карасам, көзү өлүмкү тартып, чөп кыркпай кекирейип, койдун бир четинде туруп калыптыр. Эчкилеринен муну бөтөнчө жакшы көрүүчү.

— Эчкилердин көбү ушунун тукуму. Ак жолтой өзү,— деп катыны кеп салып отурар эле. Чөп жесе жазылып кетчүдөй, артынан дедектеп туруп калган жеринен улам козгоп айдап коём. Ал көңүлдөнбөй туруп, башын жерге жакын алып барат деле кайтып «жок, жүрөгүмө барбайт» деген немече бир тал чөп кыркпай, көзүн үргүлөтүп, кайра кекейип туруп алат. Кечке алек болдум.

Кечинде мен барганда Мамирмазин тышта туруптур. Алдынан чубап, кирип бараткан койго көзүн алактатып кыдыртып, өткөрүп жиберди да, кирпигин тез-тез кыйпылыктатып:

— Бүгүн аманбы? — деп сабырсыздык менен мага карады. Ошо замат жооп бере койбой басып баратып таягым менен тай туягымдын карын кың эттирип, кагып калып:

— Кара төбөл ооруп келди,— дедим кылмыштуу немедей болуп.

Мен койду короого камап, эшигин бекитип жатканым-да Мамирмазин үйүнө кирип кетип, катыны менен күң-күлдөшүп калды. Катуураак сүйлөгөндө сыртка угулуп туруучу. Катынынын жашы кырк чамасында. Чекеси, көзүнүн тегереги, эки жаагы калың бырыш. Бети жайык, эрди жука, көзү акылдуу адамдыкындай караган, тилдүү неме. Эрине караганда бул ойлонуп сүйлөгөндөй сөзү салмактуу. Көздөгөнүнө жеткирип айткан уу тили бар.

Эшикте жүрсөм, аш үйдөн бир кезде:

— Бул капыр кара жолтой болду го? — деп алып артынан — аркыны тамак ич деп кой? — деди катыны.

— Кимди? — деди кызы.

— Муканды.

Булар бизге өздөрүнчө ат коюп алган. Эшпайды — Эшан, Беккулду — Беки, мени — Мукан, Ашымканды — Ашы деп чакыруучу.

Кирип, эби жок колжойгон чокоюм менен эшиктин алдына, сары чылапчынга жакын барып отурдум. Башынан энчилеп койгондой менин ордум дайым ушул болучу. Мамирмазин, катыны, Мукбул, эки кызы, эркек баласы болуп төрт-беш киши бийиктиги карыш келген жапыс үстөлгө тегеректеп отуруп алып, жабырап, тамак ичип жатышкан экен. Беккул менен Ашымкан жок. Суукта, жылууга кирип ысык кесме колума тийгенге боюм чымырап, сүйүп барат. Кесме ортолоп калган кезде эки жаагымдан самсаалап тер кетти. Улам агып келе жатканда тонумдун этегин кайрып келип сүртүп коём. Тамак ичип жатышып, эшиктин алдында отурган мага катыны экөө кезектешип, анда-санда бир суроо берип коёт. Мага карышкыр көргөндөй карашат. Баарынын алдында байлаган койдой мен отурам.

— Бул эмне, күндө бири ооруп келет? — деди бир кезде Мамирмазин мага карап кабагын түйүп.

— Мен кайдан билейин. Малга келген бир кырсык да...

— Өлүп отуруп бүтө турган болду го! Бу сенин эмнең бар? — дейт катыны.

— Эчтекем жок...

Мага билдирбей өздөрүнчө кобурашып кетип артынан:

— Сен бирөөгө кошуп кайтардың беле? Айтчы ошону! — деди Мамирмазин.

— Эч бир койго кошкон эмесмин.

Биз ушинтип отурган кезде короодон бир эчки бакырып калды. Тамак ичпей таш ичкендей болуп, колумдагы ашымды таштап жиберип тура жөнөдүм. Баягы кара башыл эчки! Мен жеткенде дагы бир бакырып, буттарын бир-эки ирет серпип алды. Артымдан Мамирмазин жете келип:

— Эмне болуптур? — деди көзү бакырайып. Ага бер-чү жооптун ордуна, өлүп жаткан эчкини көрсөттүм...

Ошондон кайтып үйгө келгеним жок. Өлгөн эчкини жайлаштыргандан кийин бардым да баягы Бейшемби өлгөн тамга кирип, караңгыда түйшөлүп барып жата кеттим.

Эртеси Мамирмазин мени багына ээрчитип барып, өрүктүн жыгачынан бир таяк кесип берди. Таяк бутактуу кадимки дубаналардын аса-мусасынын өзү! Аны берип жатып:

— Сага кандай таяк түтпөйт кысталак! Ме мына муну бысмылда деп тутуп, сындырбай алып жүр. Мындан бөлөк таяк алба! — деди.

Койду жайып кете бердим.

Мен мынабу кырдан аша бергенде, тээтиги маңдай-да алыста жыбырап кой жайылып жаткан бадалдуу бийиктен бирөө заңгырап сайды көтөрүп коё берди. Тааныймын — Жоломан. Бул өзөндө мындай обон салган койчу жок. Кандай алыста, кайсы кырда жүрсөм да мунун үнү белгилүү — баягы экен дейсиң.

Бул Элакун деген байдын койчусу эле, өзү казак. Кайтарган кою миңге жакын. Жоломан бир топ менден улуу да, чоң да, мага караганда көптү көргөн, көөнөргөн немедей. Бирок ал мени баласынтпайт, мамилебиз теңтуш кишилердей. Экөөбүз кошулган жерде көптөн тааныш немече бири-бирибизден кенедей сыр жашырып калбай сүйлөшөбүз. Кээде койду токтотуп жайып таш-тап кезек менен жомок айтабыз. Жоломан ошондой, ал канчалык айтып жатса дагы бир түгөнбөй улам ары жагынан табылып тургандай болот. Өзү болук кызыл жүздүү келген бети топтоголок, көзү кыраандай жайнаган эр көңүлдүү неме.

Анан чиркиндин обону! Чынымды айтайын, мен андай обонду экинчи бирөөдөн укканым жок. Мунуку өзгөлөрдөй жалгыз гана адамды жашытып, ичке муң түшүргөн кайгылуу карандай арман эмес. Кайта көңүлдү көтөрүп кайгыдан алып кайрат бергендей эркин эле. Үнү алда-кайдан таанымал. Бадалдуу бетке миң койду жайып таштап, өзү тоонун кылда башынан таягын таянып эңиштеп туруп алып, теңи жок бийик уккулуктуу коңур үнү менен сайды жаңыртып бирде көтөрүп, бирде калтыратып барып, салып кеткенде дүйнөдөгүнүн баары мырс этпей, жалгыз ошону тыңшап тургандай болуучу.

Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алда-кайда көтөрүп сергитип таштачу. Атам замандан берки армандын күнү бүтүп, эми алдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай болуучу.

Жоломан күңдө ушул. Кээде күнгөй-тескей болуп койду бет маңдай жайып таштайбыз. Койлор табылгынын арасында тескейдин карын тээп, айлана жымжырт тартып мыдыр этпей токтоп калган кез болот. Ошол кез-де Жоломан акең заңгилдин башына туруп алып бир коё берет дейсиң! Ошо мүнөт талааны безеп турган таасирдүү бийик үнүндө бир түрдүү сыр бардай. Мени сагыныч жайлап, көңүлүм толкуп алда кандай бир белги-сиз талапка талпынгандай боломун. Экинчи чыкпачудай мунарып батып бараткан күн ого бетер таасирленип алда кайдагы өткөн күндөр эске түшүп, дүйнө бир пулдук көрүнүп, өмүрүм түштөй элестеп, алдымда бирдемелер каршы туруп алгандай болор эле.

Бир күнү Жоломан экөөбүздүн козубуз кошулуп кетти. Мен койдун алдына жаңы жетип, бөлүп таштайын деп жатсам ал:

— Бара берсин, кечинде бөлүп аларбыз,— деп койду. Койлорду жогору каптатып жиберип өзүбүз сайдын

аягында калдык. Бекер турганча көр-жердин башын чатып, аңгеме козголду. Экөөбүз тең таягыбызга өбөктөп бет маңдай турабыз.

— Сага кожайының калай карайды? Тамакты үсөн деп берем? — дейт Жоломан.

— Жарытпайт. Бир жез тырмак келини бар. Менин күнүм ушунун колунда. Кишинин ачка жүргөнү менен жумушу жок. Былтыр кичине түзүк эле. Быйыл эгини болбой калгандан бери ого бетер куну кетип калды. Той-соң да, тойбосоң да бир чыны кесме. Эчкисине кара өпкө келе баштагандан бери мындан бетер куну кетти. Сеникичи? — дедим мен жогору карай өрдөп бараткан койду карап коюп кайтып анын бетине карап.

— Меники эртели-кеч эки убак тамагын тойгуза береди. Тамагы кеңири. Азыкты гана аз алам...

— Анда жакшы экен.

— Сен, усу Мамирмазинде дагы эки-үш инилерим бар деп эң кой. Оларыңдын күнү не болуп жатыр? — деди Жоломан, бир аз үнсүздүктөн кийин.

— Аларды мен анда-санда гана бир көрөм. Кечинде барып жатып калам. Эртең менен өзүң өңдөнүп таң заарынан чыгып кетем. Кээде тамак ичпей кетсем да унчугушпайт.

Көзүн ирмебей бир азга бутун тиктеп ойлонгонсуп туруп:

— Сага солоруң кыйын экен гой! — деди.

— Ооба, баарынан ошолордуку кыйын...

— Эч нерсе эмес...

Ушул шаарда Ахмед деген дагы бир койчу бар эле. Өзү отуз бештерден ашып калган. Алыстан караганда байкалбаган, берекесиз сакалы бар, жапалдаш сары жигит. Жаңыдан бир асыл буюм таап алып кубанып турундай кыбыңдаган көзү дайым күлүп туруучу. Ак-Сууда бул малай жүрбөгөн уйгур аз. Койчулардын арасында биз муну көптү көргөн бир карыядай көрөбүз. Койду кандай жерге жайса токтоорун, асманга карап алып күндүн ачылаарын, бороон болорун, карышкырдын кай мезгилде түлөөрүн — баарын беш колдой билет. Колу май-да-барат иштерге чебер. Жанынан ийне үзгөн жан эмес. Кементайын, шымынын жыртык-тешигин талаада отуруп өзү жамап алат. Качан да болсо кементайынын ичиндеги жеңи чолок жамаачылуу кара күрмөсүнүн бир чөнтөгүндө ар түрдүү курак жип, кийимдин өөндөрү жүрүүчү. Кээде кементайын чечип, күрмөсүн, шымынын алаасын, кашаттарын көрсөтүп:

— Мине, осыларды өзүм жамап алдым. Катыным болмаган соң кайтесин? — деп жылмайып күлүп коёр эле. Ишмекер катындардыкынан мунуку түк айырмасы жок. Жамаачыларби менен кыйышып тигиштери жымылдап турат.

Жоломан экөөбүз турсак, бул күндөгү адатындай:

— И, турган экенсиңдер,— деп тетигиндейден күлүп жаңкы жерде бизге басып келди.

Үчөөбүз кошулгандан кийин, койдун артынан басып жогору карай жүрдүк. Сайдын орто жерине барганда кайра кыялап, жонго чыктык. Ахмед кобурап барат. Бир кезде көзүн шыкшыйтып чыгыш жакты карап алып:

— Бүгүн боран болар мекен а? — деп койду.

— Жонго чыгып бир чоң кара таштын түбүнө кобурашып, бир аз отургандан кийин, ордумдан тура калып:

— Үшүп кеттик го — деп жибердим эле:

— Эндеше нан жесек жылынар бекенбиз? — деди Ахмед өзү да баятан бери менин абалымда турган немедей.

Ахмеддин жүзаарчысын жайып коюп белге түйгөн бирден наныбызды чечип алып үч жактап туурап кирдик. Наныбыз бири-бирибиздикинен оодук кыйдыгы көп эмес. Ахмеддин наны саал жукараак экен. Анын үстүнө четинен кетип жеп коюптур. Жоломандыкы калыңыраак, айтор эмнеси болсо да баары тең ортого түшүп кетти. Эми мындан аркысын темпке карай ар ким өз багыбыз-дан көрмөкпүз... Кеч кирип келе жаткан кезде Жоломан экөөбүз коюбузду бөлүп алып жон ылдый жөнөп бердик. Ахмед өз жагына кетти. Мен алдыга түштүм. Жер алай-дүлөй түшүп, кардуу бороон дүйнөнү бийлеп турган. Бети-башыбызды тумчулап араң жүрүп келебиз.

Ошентип келе жатып, бир кезде мен артыма бурулуп карай бергенимде, бир үч карышкыр булак этип жонго чыга түшүп, так Жоломандын коюнун тушунан качырып сала берди. Мен көрө коюп чыйылдаган жапыс үнүм менен кыйкырып калдым эле бирөө жалт кайра тартты. Жоломан көз алдында болуп жаткан окуяны ошого чейин көрбөйт. Ал кулак мурдунан чолоо жер калтырбай тумчуланып, тебетейин көзүнө баса кийип алыптыр. Жерди карап келет.

Аңгыча эки карышкыр эки-үч койдун куйругуи жутуп жиберип, бирден койду бөлүп алып сайды карай зыркыратты. Жоломан ошондо гана көрүп, узап кеткен карышкырдын артынан айкырып эми жөнөдү. Карыш-кырлар алактап анда-санда жалп этип артын карай коюп, алдындагы койдун куйругун кызыл-ала кылып кыйратып кетип баратат. Артынан кыйкырып кууп кетип бараткан койчуну тоотушпайт. Жоломан сайга кирип жакындап калганда гана карышкырлар койду таштап жиберип, аркы бетке аткып чыга беришти. Шашпайт. Кайта кылчактап карап коёт. Кар кызыл жаян болуп калды. Үч койду жаралап кетти. Бир койдун куйругу шеңирейип жартысынан азы гана калыптыр...

Эртеси келсем Жоломандын кабагы бүркөө. Бүгүн күндөгүдөй эрмектешип, сайда көтөрүп обон салган жок. Мага да көңүлсүз болду. Ал да унчукпайт. Кыязы кечээ кожоюну урган белем! Бети көгала, мойнунда бир айрык бар.

Кечке жүрүп бар айткан сөзү:

— Кечээ көрөр замат неге айгайламадың? — деди мага, кабагын бүркөп туруп.

— Айгайладым гой! Өзүң бөркүңдү көзүңө баса кийип алып эшитмедиң. Каскыр авелде үшев еди, ман айгайлап жиберген соң бири кайра тарткан. Оның үстүнө боранда давысым катты эстилмей жатты...— дедим мен казакчалап.

Ушу күнү кечинде менин коюма четтен бир жолбун кой кошулуп келди. Жоломандыкы эмес, бөтөн. Аны катыны менен кеңешип туруп, шарыяттан бирдемесине жөлөп коюп Мамирмазин түн ичинде союп алды. Бул күнү Мукбул үйдө жок болучу. Чоң шамшарын курчутуп жатып: Бар жетелеп кел, кудай өзү кечирет...— деди мага Мамирмазин. Мен койго баратып: «Ушунча малы туруп молдо башы менен ушундай кылат экен ээ» дедим ичимден. «Эгер эчкиси кырылбаса мындай кылбас беле?» деп жана оюма кетти. XXIII

Жаз чыккандан кийин мени кара жумушка салып, Ыйманкулга кой кайтартты. Ыйманкулдун мында кел-генине бир жарым жыл болот. Казак бала бою мендей, көзү бакыракай, мурдунун учу талпагайыраак, кашынын үстүндө кыйгач сызылган тырыгы бар боз жалпак бала. Ушул Ак-Сууда бир агасы бар болучу. Ал Ыйманкулду Мамирмазинге тапшырып коюп, өзү жаздын алды менен Жаркентке көчүп кеткен.

Кош айдап жаткан кез. Бу жердин элинде чанда биринде болбосо амачтан башка жер түртө турган нерсе болбойт. Байларында да ушул. Ак-Суунун аягындагы боз топурактуу мейкинге түшсөңүз ар кай жерде арымы жок амачтарын чокчоңдотуп кош ат менен жер айдап жүргөн элди көрөсүз.

Ушундай коштун бирин мен да жетелеп жүрөм. Амачты Мукбул кармайт. Кошко киргенибиз көп болгону менен айдаган жерибиз чамалуу. Таң заарынан кирип, жылдыз толгончо жүрсөк да бир арбыбайт. Куураган амач укум жер албайт! Керээли кечке бир жерде кайра-кайра тегеренип жаткандай болосуң. Оң колумдагы күрөң ат булкуп алганда, башы менен бирге кетем.

— Тарт! — деген ачуу кыйкырык менен кайра тырышып-тырмышып тарткан болом. Түн ичинде уйкуда жатсам да артымдан бирөө «тарт!» деп дайым ашатып сөгүп жүргөндөй болот. Килейген чым менен уруп жиберет. Мен чымдын эпкини менен көмөлөнүп барып кайра турам. Кошту токтотуп коюп, Мукбул көзү бакырайып ата-энемди кыйратып сөгүп, муштумун камдап мени көздөй басып келет. Чочуп ойгонуп кетсем эчтеме да жок.

Кечинде болсо эки колум карышып далым көтөрүлбөй калат. Өзүм да көптөн бери сасык тумоолоп жүрөм. Мурдумдан суу токтобойт, каңылжаарым какшып, башым каңгырайт. Денем чыйрыгып, көзүм тунарып, жаным жер тартып туруп алат. Жатмак кайда? Жадаганда мурдумдун суусун алууга мурча жок. Керели кечке эки колум делдейип, эки жакта — тизгинде.

Үрөн алып келем деп Мукбул бүгүн кечинде үйгө кеткен. Элсиз жалгыз талаада жалгыз күрөң ат экөөбүз калдык. Асманда таруудай чачылган жылдыздар жымыңдап, караңгы түн кирди. Мен аттын алдындагы чөбүн оңдоп коюп, жем берүүчү таарды жамынып амачтын жанына бүрүшө кеттим. Айланама караймын. Шаардын анда-санда жеринен жылтылдап от чыгат. Мынабу бир эбаккы бирөөдөн калган бузулган жалгыз тамдын жанында эмгиче үйүнө кетпей топурап бир топ эшек жүрөт. Айгырлары аңгырап алыша түшүп, бири-бирин тырактап куушуп кетет. Мага караганда ушул эшектер боштондукта жүргөн өңдөнүп көрүнөт. Жаздын коңур салкын жели жүрдү. Алда кайда бир балчык сууларда бакалардын чардаганы угулат. Менде уйку жок. Караңгыда, алда бир жерден карышкыр улугандай, көзгө көрүнбөгөн бирөөлөр жашырын бирдеме деп шыбырашып жат-кандай элестейт. Караңгы түн жым-жырт тартып, бирде-мени тыңшап турабы... Кошту бир айдан ашык айдасак керек. Мунун артынан арык чабуу, сугаруу келди. Же ак топурак келип, бул эл эгинди кеминде үч сугарып алат.

Ушундан тартып үйдү кезек-кезек гана бир көрүүчү болдум.

Качанда мен талаадан келген сайын Ашымкан карыңдашым эшикте жалгыз томсоруп, карагаттай мөлтүлдөгөн акылдуу көзүнөн акырын гана мөлтүлдөтүп жашын төгүп отурганын көрөр элем. Ал башкадан айла болбой, бир мени күтүп отургандай, качан мен келген сайын жетим козудай жүдөгөн жүзү менен алдымдан чыгып арыз-муңун мага даттаар эле. Ушул байкуш армандуу жашын алдыма тартып, менден эмне жардам болот деп ойлойт экен!

Бир күнү дагы талаадан келсем эшиктин алдындагы бозоргон кирпичке көчүгүн коюп, тоону карап муңайып отуруптур. Мени көрүп эреркегендей ого бетер ичин тар-тып шолоктоп кетти. Үн чыгарбай акырын гана бышактайт. Бети жүз жыл ыйлаган адамдыкындай.

Жанына басып барып:

— Эмне? — дедим акырын. Адамдын боору ооругудай чилмийген колун калтыратып, жаман мата көйнөгүнүн этеги менен эңкейип, жашын сүртүп жатып:

— Равкан уруп койду! — деди жашып.

— Эмне кылбайсың деп урат?

— Жөн эле...

— Көп урабы?

Мончоктотуп жашын төгүп-төгүп жиберип кайтып сүртүп алып мага жалдырап:

— Күндө урат. Энеси, баласы... баары урат. Тамак да бербейт? — деп ичине дарты сыйбай солкулдап кетип, калганын айтпай койду. Ыйлаганда бүткөн боюнун баары кыймылдап турду.

Сооротоюн деген ой менен:

— Беккул кайда? — деп көңүлүн алагды кылдым.

— Сайда, уй кайтарып жүрөт.

Жеңим менен жашын сүртүп, башынан сылап калып:

— Кой, мындай ыйлабай жүр садага. Антсең мен капа болом! Жаман болот...— деп тескери карап басып кет-тим. Мен талаадан келген сайын ушунун бозоргон тамга сүйөнүп, журтта калган жетим козудай жалгыз бозоруп ыйлап отурганы жаныма далай баткан. Көңүлдү бузуп ичиме туз салып, жүрөгүмдү далай жаралаган. Менин жайымды көрүп туруп, муңайган армандуу кыздын жалдырап жардам сураганы мени далай кайгыга салган...

Ыйманкул экөөбүз тышка кой короонун жанына жатчубуз. Күндө чарчап келгенге карабастан ал койдон, мен жумуштан бошоп келгенден кийин мемиреген жум-шак түндө көпкө чейин уктабай кобурашып жатаар элек. Ушинтип жатып кээде кыска түндүн атканын да билбей калчубуз. Экөөбүз жанаша жатып алып, болор-болбосту кеп уруп көпкө кожурашып алгандан кийин, ичибиз кайгыдан бошоп, көңүлүбүз сергип калгандай көрүнөөр эле. Башкага батынып айтпаган капкайдагыны биз айтаар элек. Ошол бири-бирибизден кыпындай жашырбас элес. Ыйманкулга айткан сырымдын баарын мен Беккулга айтпас элем. Андан жашырып калаар элем.

Ушунубуздан тоюп кеткен немедей бир күнү:

— Антпей жүргүлө, ал жакшы ырым эмес! — деп кожоюнубуздун катыны тыйып койгон.

Дагы бир күнү ушинтип жатканда чапанын желбегей жамынып, үйүнөн чыгып басып келди. Анын дарбазадан чыгып келе жатканын көрүп биз сөздү коё койдук. Так башыбызга келип токтоп:

— Бу силердин бүтпөй турган эмне кебиңер бар? Айткылачы! — деди.

— Жөн эле жатабыз,— дедим мен. Ал бир аз туруп:

— Сүйлөшпөй жаткыла, жетет эми! — деди да кайра басып кетти. Ушуга биз өнөкөт алып кеткенбиз. Муну-бузду койбогон соң өгүнчөрөөк бир күнү:

— Бириң короого кирип жаткыла! — деп да айткан. Мунун минтип жатканыбызды көп баркка алчу эмес.

Соңку убактарда Мамирмазин баштап өздөрү бирдеме-ден чочуп тургандай сиркеси суу көтөрбөй кеткен. Биз ошондонбу деп ойлоп жүрдүк. Мындан бир нече күн мурун:

— Төмөндөн большевик деген келет дейт,— деген кабар угулган. Он алтынчы жылы кыргыз үркүнүндө кандай кубулмалуу кабар угулуп жатса мынабу да ошондой! Кайта бул кабар андан суук. Мындай кепти көбүнчө Мамирмазинден болбосо мында келген өзүндөй эшендерден, молдо, сопулардын сүйлөшүп отурганда чет бучкактап угуп калабыз. Булар Мамирмазиндин көздөй болгон адамдары. Бири да большевикти жакшы дебейт.

— Төмөнтөн большевик деген келет дейт.

— Большевик жаман каапыр, адамга ырайымы жок, бир жандан кечкен неме дейт. Кезиккенин атып, асып, кыйратып келет экен...

— Казак орустун колуна түшкөн адамды коё берет экен. Большевиктин колуна түшкөн адамды кескилеп, кыйнап өлтүрөт экен.

— Меньшевик деген да бар дейт. Эл меньшевик менен казак орустун жеңгенин тилеп отурат. Калайык калкка ошондо гана жакшылык орномок. Бирок большевик каапыр эсепсиз көп сыяктуу. Анын санаты жок дейт...!

Ушинтип өмүрдө көрбөгөн, укпаган элге большевикти эч бир адамга ырайымсыз, өзүнөн башканын баарын талоо, кыруу, жоюуну гана билген бир кан ичээр, жан алгыч, шумдук кылып көрсөтүп жатты. Ушундан башка алардын эч бир максаты жок сыяктуу болуп сүйлөнүп жатты.

Бир күнү тамак ичип жатып, катын-балдарынын алдында Мамирмазин мындай деп отурду:

— Большевик жакындап калган окшойт. Жолдо катар кезиккен шаардын мал-мүлкүн талап алып, катын-бала дебей кырып, жоюп келатат дейт. Казак орустун бир шаарына кирип жалгыз жанын калтырбай кырыптыр. Өзү санат жеткис көп дейт. Эртең, бүрсүгүндөн Жаркентке кирет экен. Анда келсе бул жер алыспы? Бир түн катат да кирип келет. Эл Кытайга жөнөп жатат. Мукбул эми биз кандай кылабыз..?

Баятан бери демин ичине алып, Мамирмазинден көзүн албай эрип калган катыны, көзүн бадырайтып, чоң ачып алып:

— Йа-а-а алда! Ушундай балаа де. Мынабу кесепет-тердин бизге кесели тийбес бекен? — деп мага карады. Биздин эмне кеселибиз тиерин мен түшүнгөнүм жок.

Ушул кабар угулганына он чакты күн болбой, Ак-Суунун кээ бир байлары четинен бузулуп, жарылып, үй-бүлө, мал-мүлкү менен Кулжаны карай көчүп да калды. Большевикти жогоркудай түшүндүрүп, азгырып алдап жатып өгүздөрү менен бирге бирин-серин кедейлерди да жөнөткөнү болду. Бирок биздин Мамирмазин эмне ой менен экенин билбейм — козголгон жок. Муну менен бирге жана бир топ немелер калды. Жусуп болуш калды.

Күндөрдүн биринде Ыйманкул экөөбүз Мамирмазинден качып кетели деп сөз байлаштык. Бул ойду баштап чыгарган мен элем. Ыйманкул да буга кынжылган жок. Муну айтканымда «мен да ушуну ойлоп жүрдүм эле» дегендей кылды. Бар айтканы:

— Мындай чыкканда кокус тентип, талаада калып жүрбөйлү? — деген гана сөз болду.

— Тентибейбиз, жумуш таап алабыз. Кайда жүрсөк бир болобуз. Өзүң көрүп турасың, ушу күндө туруп кантип чыдасак болот? Ушинтип жүрүп эле өлүп кетебизби?..— дедим мен.

— Тигилерди кантесиң? — деди Ыйманкул. Мындай чыкканда бир бел байлаган кишим бардай мен:

— Өзүм абал ушу жерден узабай туруп, аларды кантип алам? Мамирмазиндин колунда туруп, айткан оюм менен болобу? — дедим.

— Ырас, алар биз менен бирге жүрүп же качууга жарабаса...

— Ошондой, аларды жалгыз мен көтөрүп жүрө ал-баймын.

Бирок шарт ошондой болуп болжогон убактан мурун жөнөп калдык. Түн жарымы болчу... Бир убакта мен Ыйманкулду түртүп ойготуп, кулагына шыбырап:

— Тур, таң атып кетти! — дедим.

«Ушу биз бир балааны тилеп жүрбөйлү» деген кишидей, адегенде тура койбой ыңгыранып, мен жакка бир оонап алды.

— Тур, эртеңкиге калсак менин жок болорумду билесиң. Бүгүн же кеттик, же калдык,— дедим мен дагы уйкусурап турган жаш баланы сооротуп жаткандай.

Акырын туруп кийине баштадык. Короодо койлор оор ойго түшүп, өмүрлүккө жуушаган немедей мемиреп, тынып жатат. Биз туруп басканда дандырдын түбүндө жат-кан кара дөбөт «бух» деп калып, кайтып «и, силер белеңер?» «Мен да башка бирөөбү деп чочуп кеткеним» дегендей букуюп, башын жерге коюп кайра жата берди.

Биз төмөн карай кирип, калаанын аягында бир ээнге чыккандан кийин, жолсуз жер менен туура батышты карай салдык. Ар кай жерде түн катып, эгин сугарган дыйкандар жүрөт. Шаар кызык уйкуда. Жер караңгы. Мен силерди көрүп турам дегендей асманда жылдыздар жымың-жымың этишет.

Түндөгү бойдон жүрүп отуруп бешим ченде Кыргыз-Сайга келипбиз. Бул — Ак-Суудан элүү чакырымдай бери бир казак орустун шаары. Ак-Суу менен Кыргыз-Сайдын ортосунда бир гана кыштак бар. Муну кичи Ак-Суу дейт.

Кыргыз-Сай көп чоң эмес. Чамалап айтканда беш жүздөй түтүнү бар чакан гана бир шаар. Бул жерде өмүрүндө кыргыз болуп көргөн эмес. Ошондуктан бул эмне үчүн Кыргыз-Сай аталып калганы маалымсыз. Өзү тоонун түбүндө. Батыш жагында бир чиркөө турат. Шаардын эки чети менен тең жыландай ийрелеңдеп агып жаткан чоң суулар бар. Конуш жайлуу жерге түш-көн! Ак-Сууга караганда мунун табият байлыгы мол.

«Кыргыз-Сай» деп сыртынан укканыбыз менен өзүн биринчи көрүп турганыбыз. Ошондуктан келе сала шыдыр кирип кетүүгө бата албай, береги бир кара чокуда отуруп алып, көз алдыбызда жайнап турган шаарга карап көпкө чейин ойлонуп турдук. Бир топ замандан бери орус бетин көрө элекпиз!

«Кече бир күнү ата журтубуз кескилешип кеткен бирөөнүн колуна тамак издеп, бүгүн кайсы бетибиз менен барабыз? Азыр биз кирип барсак ошондогу кеги менен баары бир кыргыз деп экөөбүздү тең бир чоң муштуму бир жерге жайлап салса кантебиз? Жөн өлтүрсө да бирдеме, кескилеп, кыйнап өлтүрсө арачалап коё турган ким? Биздин өлүгүбүздү издеп, бул жерге ким келер дейсиң? Келгенде жарым тыйынча пайдасы не? Биздин мында тентип келип, кимдин колунан өлгөнүбүздү ким билет? Өлтүрөр да сүйрөп барып бир кабакка таштай салаар. Карга кузгун көзүбүздү чукуп, курт-кумурска уялап, бир-эки күндө ирип-чирип да бүтөөрбүз. Же мындай кылбас бекен? Мындай кыла тургандай биз эмне кылдык? Ал кезде муштумдай балабыз. Биздин колубуздан эмне келет? Кылса чоңдор кылды. Ошондо «Сары орус-тун баары орус» деп, орус аттуунун баарын жоолабай, элүү жыл эзген залим падышага, андан калса көпөс байларга каршы чаппады беле? Ушуларды эске албас бекен? Мындан өтүп ары жүргөн менен шаар жок, баары бир өлөбүз. Же жолдон ойлонбодук. Жок — барабыз. Өлсөк өлөрбүз. Бизчелик эл өлбөй коюптурбу. Биз өлгөндө дүйнөнүн кылы кыйшайып калмак беле. Он алтынчы жылы Корумдунун оозунда койдой кырылган эл эмне? Биз ошолордон артыкбызбы? Айда, барыш керек. Бара көрөрбүз...»

Чокуда жатып, ушундай ойлор көз алдыбыздан бир заматта жамырап өттү. Ушинтип, ойлонуп отурдук да бир кезде жондон түшүп келдик. Курсак ач. Кеч кирип барат. Ары жактан сезбей келсек да көчөгө кирген жерден бир калың жоонун арасына камалып калган айбандай көрүндүк. Адамдары мындай сүрдүү көрүнөрбү! Көчөдөн бирин-сериндеп кишилер өтүп турат. Чычайган муруттуу казак орустар. Шымдарынын эки жаны көк. Мындай адамдарды биринчи көрүп отурган сыяктуубуз. Ар бир адам жаныбыздан өткөн сайын электр тогу келип тийгендей болот. Бирөөлөр эми качырып келип, бизди кылыч менен салып калчудай, баарын чакырып алып, таш менен аткылап, кыйкырып, жабылып сабачудай болуп көрүнөт. Ар бир адам аттаган сайын ушул көрүнүш элестеди да турду.

Бара-бара көнүп кеттик. Адегенде бир чоң көчөнүн башынан түшүп, аягына чейин эч бир үйгө бурулбай, максатсыз адамдай кеңгиреп, жүрүп отурдук. Экинчи көчөгө түшкөндөн кийин бир короого кирсек, кожоюну жылаңбаш чыгып келип, эшигинин алдына чендетпей туруп, түксүйүп:

— Нан жок, айда! — деди. Барбайган чоң сакалы бар жапалдаш келген, күрсүйгөн жоон неме. Бая биз көрүп келе жаткан казак орустардыкындай шымынын эки жаны көк менен кыйылган. Ушул мезгилде сарайынан бир эки короз мелдешкендей жарыша чакырып турду.

Кайра бурулуп басканы жатып:

— Жумуш сурайбыз,— дедим мен.

— Жумуш! Кандай жумуш экен? — деди күлүм-сүрөп.

— Кандай болсо да...

— Силердин колдон эмне жумуш келет?

— Келишинче...

Уйкудан ойгонуп кетип, азыр эсин тааныган киши-дей көзүн кеңирээк ачып, бизге карап түсүн өзгөртүп:

— Айда,. жумуш жок! — деди.

Кеч кирди. Ыйманкул экөөбүз ал күнү шаардын четине чыгып, талаага түнөдүк. Эртеси дагы жолубуз бол-бой калды. Шаардын аягында гана бир кедейдин үйүнөн өзөк жалгап алдык. Жумуштан түңүлүп, кайыр сураганга кирдик. Бул кесипке мен Ыйманкулдан тажрыйбалуумун. Баягыда кытайдан кайтып келе жатып: Кал-жат, Жалгыз-Сай, Ачанокун, Дардамты, Кетмен, Добун деген жерлердин бирин койбой таптаган биз элек. Бирок, кайырчылыктын кандай адисине салган менен бу жердин элинен көп өнбөдү. Энесинен адашкан жетим козудай көчө тентип калдык. Бирде табылса, бирде жок.

Ушул калыпта жүрүп арадан үч-төрт күн өттү.

Дагы бир шор кайнап жүргөн күнү көчөдөн келе жатып, бир казак жигитке жолуктук. Эки бетинин сөөгү уркуйган, узун бойлуу неме. Колунда чала бутаган кайың таягы бар. Үстү башы самтыр-сумтур, кейпи: көп итке талатып азыр кутулуп чыккан адамдын өзү. Жай сураштык. Бу жер менен анча-мынча тааныш экен. Биз жайыбызды сүйлөп жан багууга кеңеш сурадык. Ал:

— Эндеше сендер булай кылыңдар,— деди бир кезде, жаныбыздан суу көтөрүп, өтүп бараткан бир казак орус катынын көз алдынан өткөрүп жиберип, ойлонуп калып. Ыйманкул экөөбүз ынтаабыз менен оозун тиктей калдык.

— Орустарга таудан ышкын терип келип берсеңдер нан береди...— деди.

— Ышкыны кайда болот?

Артына бурулуп таягы менен нускап:

— Сонау көрүнгөн бийик,— деди, бир карагайлуу тоону көрсөтүп.

— Канчалык бар?

— Азыр жөнөсөңдөр кечке жетесиңдер...

Сөз бүттү. Ыйманкул экөөбүз келечек тагдырыбызга ышкынды бел байлап, ач-өзөк буралган бойдон тетиги мелмилдеген көк жайыкты бет алып жүрүп кеттик. Биз ошол асман мелжип турган бийик тоого барабыз!

Бул кезде күн бешим болчу. Сайдын жолуна салдык. Кечке жүрүп, күүгүм кирген кезде бир жалпак чокуга келдик. Бирок ышкындуу жерге бүгүн жетпей калдык. Айыл жок, бир балкачынын үйү бар эле, кийин калды. Түн кирип бараткан соң, ышкынын эртең табарбыз деп, бир калың чөптүн арасына кирип, муздак балтыркандан тоё жеп алып, ошо жерге жата кеттик... Мындан башка кылар айлаң кайсы?

Түн караңгы. Тоонун аркыраган суугу бир кезде үшүтөйүн деди. Экөөбүз тең тизебизди бүрүштүрүп, бири-бирибизге ыктай беребиз. Айлана жымжырт. Мемиреген коюу караңгы түн алда кандай бир нерсеге түшүнө ал-бай жаткандай бирдемени тыңшап тургандай болот. Батыш жакта бир сайда өмүрдөн бөлөк жаралгандай жар-кылдап турган жалгыз от ченден бир ит үрөт. Алыс... Биздин маңдайыбызда түнөргөн калың карагайдын ичин-де, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөн коркунучтуу дабышы чыгат. Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат. Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат...

Табияттын ушундай кубулуштарын байкап жатып, көңүлүм белгисиз бирдемеге козголгондой, мен көпкө чейин уктай албадым. Ыйманкул эбак корулдап кеткен.

Бир кезде таң агарды. Ыйманкулду ойготтум. Ал ордунан турбай жатып, оболу жаагына куюлуп калган шилекейин алаканы менен жанып алып, «Бул жерге кайдан жүрүп келгенбиз» деп таң калган немедей, чылпактуу көзү менен алактап эки жагына карады.

Түнөгөн жерибизден бир аз ары жүргөндөн кийин, бир бийик борчуктардын арасындагы калың ышкынга кезиктик. Күн тоодон кылайып калган. Шүүдүрүм кете элек. Чөп белден. Тык-тык эткен кекиликтердин үнү угулат.

Күн түшкө кулаган кезде, экөөбүз эки кучак ышкын менен тоодон түшүп келдик. Сайдын оозунда кардончунун жанынан өттүк. Кыргыз-Сайга кирип ышкыныбызды кыдыртып жүрөбүз. Алар биздин бечара колубуздан тан-дап туруп керегинче алышат. Биз алардын бергенин алабыз. Ошентсе да кечээтен бери эмгек кылып, ач талаага түнөп терип келген ышкыныбыз бир көчөнүн аягына жеткен жок. Бардыгерин төрт үйгө саттык. Бир, эки тутамдай ышкыныбыз бирдемесинен айыпталып өтпөй калды.

Анткен менен бүгүндүк каражат таап алдык. Түш оой берген мезгилде мындай чыгып чиркөөнүн арт жагында бир арыктын жээгине келип, тапкан наныбызды сууга чылап жей баштадык. Туура жагыбызда капталдап кеткен жалгыз аяк жол менен бир-эки казак орус баласы бизди тамашалап ышкырып өтүп барат. Артындагы бирөө бизге таш ыргытат. Аларды көрмөксөн болуп олтура бердик. «Байдын эрке балдары болсо керек» деп ойлойбуз. Экөө тең тентек.

Жаныбызга дагы бир жегендей нан алып калдык.

Ушинтип багып жүрүп арадан бир топ күн өткөндөн кийин, ушул жерде бир түтүн кашкарлыктан жумуш табылды. Калаанын аягында апийим бар экен, экинчи отоосу жүрүп жатыптыр. Күндө эртең эрте кетип иңирде кайтабыз. «Ырас болду» деп кубанып калды.

Бирок бул бакыт узакка барган жок: үч төрт күндөн кийин жумуш бүтүп, биз дагы сенделип көчөдө калдык. Баягы кесипке кайра түштүк...

Эмне себептен экени эсте жок. Бир күнү Ыйманкул экөөбүз бөлүнүп кетип эртеси табыштык. Ал бүгүн кечке мени издептир. Шаардын чет жагында бир көпүрөдөн,

кечке жуук кезигиштик. Ыйманкул ач окшойт көрүнүп турат: эки жаагы сорулуп, көздөрү чүңүрөйүп, керээли кечке шамалда жүргөн койчудай ээрди кеберсип кургап турат. Кечетен бери ачыкканын, эчтеме таппаганын, кай-да жүргөнүн айтты. Экөөбүз тең көпүрөнүн жыгачына жөлөнүп, сууга карап өбөктөп турабыз. Ансыз өткөргөн тарыхымды мен да сүйлөп бердим.

Ошентип турсак эле күтпөгөн жерден бир кезде:

— Эми мен кантемин? — деп Ыйманкул жашыл кетсе болобу!..

— Ой, сага эмне болду? — дедим мен.

— Же жумуш жок, же жатар жерибиз жок...— деди жеңи менен жашын сүртүп жатып.

Ыйлаган баласын сооротуп жаткан кишидей, үнүмдү каадалуу салмак менен чыгарып:

— Жумуш табылат. Ушунча журттун ичинде жүрүп өлүп калмак белек. Кой, ыйлаба. Ой жолуң болгур! Анча-мынчаны көрбөй да киши болобу? Мамирмазинде деле чыдап жүрбөдүкпү? — дедим мен кайраттанып.

— Анда эч курбаса жатар жерибиз бар эле го... Ыйманкул колдураган колу менен көзүнүн жашын

эки-үч ирет сүртүп алды.

— Кой! Ыйлаганды кой, болду. Мындай жерде кайрат керек,— деп ээрчитип алып ары карай басып кеттим.

Ушундан көп узабай мен ушул жерде Кыргыз-Сайдын малын багып турган бир кыргызды таап алдым. Күңгөйлүк саяк экен. Аты Шадыкан. Үркүндө Кулжага барып кайтышыптыр. Бул жерде кыргыз бар деп менин оюма да келген эмес. Көптөн бери «кыргыз» деген ат эсимден да чыгып кеткен сыяктуу эле.

Бул кыргызды мен бир казак жигиттен уктум. Ал бир күнү мага көчөдөн жолугуп:

— «Ушул шаарда бир кара тоголок кыргыз бала тентип жүрөт дейт. Көргөнүңөр болсо мени айтып койгула» — деп бир мал баккан кыргыз сени сурап жүрөт,— деди мага.

— Үйү кайда экен! — дегенимде:

— Мынабу калаанын башына чыксаң, эки боз үй көрүнөт. Ошонун бирөө,— деген.

Буга сүйлөшкөндүн эртеси кыргызды таап бардым. Үйү баягыда биз ышкынга баратып көргөн Сайдын оозун дагы эки боз үй экен. Ошондо жолдон кирбей өткөнгө азыр өкүнөм. Бир үйү казак. Кыргыз-Сайдын малын ушул эки үй багып турат экен.

Шадыкан чепейген арыкчырай гана сары киши. Сербейген сары сакалы бар. Эки жаагы менен ээгинин са

калынын узундугу бирдей. Жашы кырктардан ашык эмес. Үстүндө жеңи кырылган кызыл чапаны бар. Ар бир сөзүн кылдаттап ойлоп сүйлөйт. Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Тасырайган көзүнүн үстүндө коюу кара кашы бар. Бул Шады-кандын зайыбы болуу керек деп жоромолдодум. Мындан башка дагы бир аял жүрөт. Бул тигинден жашыраак. Сөөк-саагы ичке. Жөө жыландай сүйрөлгөн, узун бойлуу, кара тору неме. Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек. Бул Шадыкандын келини болуп чыкты.

Баары төрт баш жан экен. Экөөндө тең бала жок. Иниси уй кайтарып кетиптир. Кечинде көрдүм. Жашы жыйырма бештер чамасында, алаңдаган чоң көзү бар ак куба жигит. Аты — Жапаркул экен. Кечинде кирип келип, отурбай жатып:

— И, мунуңар ким? — деп жат көзү менен алактап мага карады.

— Талаадан таап алдык,— деди Шадыкандын аялы тамашалап. Жапаркул менин жайыма түшүнгөндөн кийин:

— Кыргыз дейсиңерби? Адам, кыргыз көзгө сонун көрүнүп калыптыр,— деди мага шектүү көзү менен карап.

Тамак ичүүнүн алдында, Шадыкан менин келечектеги милдетимди түшүндүрүп отурду. Эки үйүбүз ушул шаардын уюн багабыз. Музоо-сун багуу да биздин моюнубузда. Күзүндө музоо башына бирдемеден эгин берет. Ырас болду. Өзүбүз да сендей бир баланы таппай жүрдүк эле. Катын-калачтар кайтара албай эгинге түшүрүп жиберет. Сен эми жакшылап кай-тар. Алар өздөрүнүн оокатын кылсын. Тиги үйдүн да бир баласы бар. Ошол экөөңөр кайтарасыңар, билдиңби...


Шадыкандын аялы — Жийдекан бир кезде:

— Тур, кагылайын музоого бар,— деп акырын мени түрткүлөп, ойготуп жиберди. Таң атып калыптыр. Мен туруп тышка чыксам, тоонун башынан күн жаңы кылтайып келе жаткан экен. Кечигип калыпмын. Айлана көшүгөндөй момурап жымжырт тартып турат. Асманда кашыктай булут жок. Аба таптаза. Тумшукту желге тосуп жаткың эле келет.

Келечектеги жолдошум менен эми тааныштым. Экөөбүз үйдөн бир чыгып, төмөн карай бирге бастык. Көзү капкара, мурду кырдач, эти жок чилмийген арык кара бала. Бою менден пасыраак. Эски тону бар. Бутундагы чокоюн, балтырын жип менен чырмап алыптыр. (Мен жыңайлакмын). Кийизден кылган боз байпагы бар.

— Атың ким? — деп сурадым.

— Ыракымбай.

Бир аз бара түшкөндөн кийин мага кылчайып күлүмсүрөп:

— Сеникичи? — деди.

Кедейдин баласы болгон менен турмушка көп ийленип, быша элек болсо керек. Көрүнүп турат. Ата-энеси, агасы, эжеси бар экен. Агасы Жапаркул менен уй кайтарат экен. Биз бада чогулта турган жерге барсак, агасы ошол жерде туруптур. Тартайган узун бойлуу, жаагы кере карыш келген, мурду куштун тумшугундай ийри, коюу мурут кара жигит. Өзүнө жараша чубалган узун кара таары бар. Орустун берген эскиси болсо керек.

Бада шаардын кылда башындагы бир көпүрөнүн жанына чогулат экен. Ушу жерден биз эки уйчу, эки музоо-чу болуп,— төрт киши тура калып, уйларды бир бөлөк, музоолорун бир бөлөк кылып, ийрип турабыз. Катын-калач дебей ала-кула болуп, ар кайсы көчөлөрдөн бирден, экиден самсаалап, топ-тобу менен музоолорун, уйларын айдап келип, өткөрүп берип жатат. Мына мында бир моюну күрсүйгөн күрөң бука жердин астынан унчуккандай алда кайдан күңгүрөнүп келип, боштондукка семирип, жерди челип, күчтүү буту менен топуракты жонунан алыс чапчып ыргытып турат.

Күн көтөрүлүп калган. Бада чогулуп болду белем. Бир кезде Жапаркул алдынан жаза тайым учкан бөдөнөгө тап бергендей колун сермеп калып:

— Ал, айда! — деди.

— Жерге батпаган малды топуратып айдап жөнөп беришти. Музоолорду ийрип калып, алар узап кетээр менен биз да жөнөдүк. Бери болгондо беш жүз бар! Жогору карай айдап отуруп Сайдын оозуна жакын тоонун түбүндө, мелтиреген түздө бир чоң бактан өттүк. Муну «Ыйбандын багы» дешет экен. Тегереги бек. Ичинде дүйнө жемиштин баары бар. Бактын көлөмүн көз менен өлчөп айтканда кенен эки теше бар дей турган.

Ушул бактан бир аз өтүп талаа түгөнгөндөн кийин Сайдын ичинде бир калың токойго кирдик. Музоолор токойго житип-житип кетти. Өзүбүз музоолордун жолун тосуп, Сайдын ооз жагында бир чоң көлөкөлүү талдын түбүнө бекиндик. Күн ысый баштады. Ыракымбай бери жактан баратканда мага:

— Бызаулар жаман. Кашып кетеди,— деп эскертип койгон. Иш жүзүндө муну мен өзүм да көрдүм. Ыйбандын багына келбей жатып, улактай секирип, эки жаш музоо кайра жөнөгөндө зорго жетпесминби.

Музоолор токойго кирген соң, тынчып калды. Биз чокоюбузду чечип, батек-байпагыбызды жайып таштап, жеңилденип даяр болуп отурдук. Бир аз убакыт озду.

Ошентип эчтемеден капарсыз отурсак эле, бир кезде, катарымда жаткан Ыракымбай:

— Кетти! — деди.

Узунумдан түшкөн бойдон кылчайып карасам, эки музоо төмөн карай сырактап жөнөп калган экен. Жат-кан жеримден учуп туруп мен да жөнөдүм. Музоолор суунун ары өйүзүндө кетип барат, мен алдынан утур чыгайын деген ой менен жолду кыскартып бери өйүзүнө салдым. Менин чыкканымды көрүп калгандай, бара түшүп алар катуу жөнөдү. Мен да көшөрүп алдым. Ыйбандын багына кеч кирбей бир тумшуктан имериле бер-генде качкындарга кууп жетип, кайра тостум.

Кайра келсем Ыракымбай бери жайылып чыккан бир топ музоолор менен алек болуп жүргөн экен. Мен жанына келгенден кийин күлүктүгүмө ыраазы болгондой:

— Жетип алдыңба? — деп ырсайып койду.

Аз туруп дагы бир тобу жөнөдү. Мен алыстан качырып калып үчөө кутулуп кетти. Буларды да «кетти!» де-генде көрүп калдым. «Кетти» дедик — түшүнүктүү. Мындан артык сөздүн кереги жок. Ыракымбай кээде капысынан шашып калганда гана «кетти, кетти» деп эки-үч айтып жиберет, Бул сөз көбүнчө музоолор чукул жер-ден качып жөнөгөн кездерде жумшалат. Бирок мен куугандардын көбүн куткарганым жок. Ыракымбай куугандардын чанда бири болбосо көбү жеткирбей кетти. Жеткирбесине көзү жетеби, же даки болуп калганбы, айтор мендей жанын таштап артынан сүрө түшпөйт. Бир аз жерге чымын-куюн болуп куугансып барат да музоолор узай бергенде туруп калат.

— Ай аттигиниң, бир тобун качырып жибердик ээ— дедим мен кейип.

— Оо, бүгүн жакшы! — деди Ыракымбай.

— Эмне үчүн?

Бир эки баса түшүп жакын келип, мени жаңы көрүп тургандай бетиме тиктеп тура калып:

— Күндө кудай салмасын, жыйырма отуздан кетедин...— деди.

— Тосчу эмес белеңер?

— Тосамыс. Алиги Жапаркулдун келинчеги өзү бир маймактап жүрө алмаган неме экен. Кашкан бызоулардын барын де мен кайратынмын. Кейде бызоулар жабыла кашып жөнкигенде жалгыз өзүм ээ бол май калам. Ол эш нерсеге да жарамайды. Авзын ашады да турады. Анау бир күн жыйырмадай бызоу кашып барып, эгинге түшүп кетип орус төлөтөм деп пале салып!..

Кеч бешимден ылдый кулаган кезде!

— Энди айдайтын убак болду,— деди Ыракымбай.

— Мезгилин билесиңби?

— Дал убагы энди, биз барганда бир аздан кийин сыйыр келди... Чачылып кеткен музоолордун баш аягын жыйнап, экиден, үчтөн болуп, топ-тобу менен көлөкөлөп жатып алгандарын тургузуп айдай баштадык. Улактай секирген жаш музоолор, айдаган жерден сырактап, оюн салып жөнөдү.

Эртеси түш мезгилде күн жаады. Эртеден бери бүр-көк болучу. Асман тамтыгы чыгып, сөгүлүп жаткандай жаркылдап тарсылдап туруп бир кезде чоргодой төктү. Жарк-журк этип келип тириде жок катуу дабыш менен күн күркүрөгөндө музоолор диртилдеп жыгачтардын түбүнө корголоду. Мен коюн-кончумду кымтыланып башын жогору каратып, үйгө жөлөп койгон куургучтай үп-сүйүп, бир чоң талдын түбүндө бутумду тиктеп тикемден туруп турам. Жыгачтын жалбырактарын тырсылдатып, жаан тынбай сабап турат.

Ушул жерде жалгыз өзүм жымжырттыкта туруп, ойлонуп кетипмин. Кыялдын бир тобун жамыратып өт-көрүп жиберип, бир кезде Ыйманкул эсиме түштү. Экөөбүз ажырашканга бир топ болду. Мен баякыда Шадыкандыкына келгенде ал бир казак оруска малай жүрүп кеткен. Ошондон бери көрүшө элекпиз. Жүргөн үй кайсы көчөдө экенин да билбейм.

Киши колдуу болуп өлгөнү, жок өз ажалынак ооруп өлгөнү маалым эмес: кийин Ыйманкулду өлдү деп уктум.

Арадан бир айдай убакыт өткөндөн кийин үйрөнүп кеттим. Күндө тоодон түшүп келе жатканда, Ыракымбай жолдон үйүнө бурулуп калат. Мен музоолорду ай-дап шаарга кирип кетем. Кай бир үйдүн музоолорун үйүнө айдап барып берсем нан берүүчү. Бирок бардык музоонун үйүн тааныбаймын. Ошондуктан кээ бир музоолордун артынан түшүп алып, кайда бурулса ошондой ээрчип жүрүп отурчумун. Ошентип барып үйүн таап алам. Ал үйдүн музоосун таанып, белгилеп коём.

Бирок баарынан бирдей жолум боло берчү эмес. Көбүнесе байлардын үйү кур чыгарат. Качан да болсо жардылар кайрымдуу келет дейт Жек Лондон. Муну да баш-тан кечиргенбиз. Казак кыргыздын айылын аралап жүргөндө да, непир дандырдай болгон ак үйлөрдөн кур чыгып кайдагы бир үтүрөйгөн жаман үйлөр берер эле. Мынабу Кыргыз-Сайдын казак орустары да ошондон айырмасы жок.

Ушулшаардын күн чыгыш жак четинде короосу буюмга жарды бир жапырайган жалгыз үй бар эле. Бири мала кызыл, бири күрөң — эки музоосу бар. Жазбай тааныймын. Ушул үйдүн музоосун айдап барып бергенимде кур койчу эмес. Жашы кырк чамасында, жүзү жарык, бою типтик токтоо бир катыны бар. Жай ирмеген күлүмсүрөгөн сүйкүмдүү көзү менен караганда кишинин ичиндеги сырын көрүп тургандай болучу. Мүнөзүнө караганда — сөзгө сараң. Качан да мен барган сайын ушул катынды көрөр элем.

Бир күнү кечинде барсам мага бир жуп-жумуру калач берип жатып эки бөйрөгүн таянып тура калып, көзү менен карап калып мага бирдеме деди. Казакча тантыр-мунтур тилди билчү. Түшүндүм.

— Баягыда кайыр сурап келген бала сен белең? — дегендей болду.

Бизге жакын жерден безелентип бирөөнү кууп барат-кан ак корозду карап калып мен:

— Анда жумуш сурап келгемин,— дедим анын бети-не карабай уялыңкырап туруп.

Ушундан ары тартып көбүнө таанылып алдым. Мурун көргөндө «казак» дечүлөрдүн көбү кийин мени «бызоучы» деп чакыруучу болду. «Бызоучы» деген ат мага бир даражалуу болгонумдай көрүнөт. Кулагыма жакшы угулат.

Бир күнү кечинде музоолорду шаарга кийрип жиберип бир көчө менен кайра келе жатсам Жийдекан жолукту. Бирөөнүн ишин кылып алпарып берип үйгө кай-тып бараткан экен. Күн батып калган. Күндөгү музоо чогултчу жерден өтүп баратсак ат сугарып турган бир жигит:

— Эй, бызоу неге эгинге түсүрөсүң шайтан! — деди бизге карай.

— Качан көрдүң?— дегенимче менин сөзүмө күтпөй:

— Эми жиберсе, ато баш сындырам! — деди, биз өтө бергенде муштумун түйүп калып.

— Атаңдын башы сындырасың! — деп калдым мен. Муну уккан, укпаганын билбедим. Оозумдан ушул сез чыгары менен катарымда бараткан Жийдекан мени кап-талдан укуп калып:

— Кой, антип айтпай жүр, кызык баласың го! Оруска теңелип. Келип алып уруп койсо кантесиң? — деди. Унчукканым жок.

Биз үйгө келгенде Жапаркул койнуна катып келген бир сынык бөлкөнүн күкүмүн кенедейин жерге түшүрбой чебердеп табакка күбүп жаткан экен. Бирөөнүн ишин кылып берип алып келген нанын Жийдекан да кошуп жиберди.

Тамак жагына калганда бул үйдө бир Шадыкандан башканын баары табышкер. Катындар болсо көрүнгөндүн жипшууларын ийрип, эскисин жамап, бирдемелерин кылып берип алат. Мен — музоосун айдап барган үйдөн алам. Жапаркул талаада тууган уйдун музоосун жеткикирип берип алат. Тапкан олжобузду кечинде баарыбыз ортого салабыз.

Алардыкынан менин дагы бир артык кирешем бар эле. Ушул Кыргыз-Сайдын тоосунан бүлдүркөн сыяктуу бир баржайган жемиш чыгат экен. Мурун көргөн эмесмин. Өзү таштуу жерде күңгөйдө болот. Ушуну казак орустун катын балдарына терип алпарып берсем нан берүчү.

Бирок баарыбыздын күнүнкү тапканыбыз бир жеген-ден чыкпайт. Кээде Жийдекан менин таап келгениме алымсынбай:

— Жолдо жеп алгансың го? — деп күмөн санап оозума карар эле.

— Жегеним жок, бергени ушул,— деймин. Ушундан он чакты күн өтпөй Кыргыз-Сайга бир чоң

өзгөрүш кирди. Анын себеби баягы мен Ак-Сууда уккан «Большевик» деген сөз! Бул сөз Кыргыз-Сайда да көптөн бери жайлап алган. Ошондо Ак-Суунун эшендери, байлары Большевикти көпкө кандай түрдө кылып түшүндүрсө, бул жер да ошол.

— Большевик — бир элдин таалайына каршы жаралган калайман. Адамды аё деген жек, жандан кечкен бузук. Жаш балдарды кылычтын мизинде, найзанын учунда ойнотот. Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү... Мына, Большевиктер ушул үчүн гана жаралган. Аларда мындан бөлөк тилек жок. Анын колуна түшкөн адам жатса соо калбайт...—деп түшүндүрүп жатты, Кыргыз-Сайдын бузукулары.

Бирок ушул кеп кандай укмуштуу болуп айтылып жатса да Кыргыз-Сайдагы малайларды көп коркунуч даарыган жок. Мунун себебин өзүм да билбеймин. Талаганда менин эмнемди алат, өлтүргөндө менин кайсы жазыгым үчүн өлтүрөт дегениби, айтор көп сезген жок. Кайта мен да ичимден ошолордун келишин тилеген кишидей алар келсе ушул көңүлсүз, сур өмүрдүн жымжырттыгы чакчелекей бузулуп, өзүм эки таалай жолдун бирине түшүүчүдөй болуп, алда кандай бир белгисиздикке көңүлүм толкунданат...

«Большевик келет экен» деген сөздөр мурун бир алыскы кабар сыяктанып көрүнсө да, бу күндө жедеп чындыгына жеткендей, андан эч ким качып кутулбай тургандай, не болсо да эми анык болордой көрүнүп турду. «Жакын калыптыр. Бүгүн-эртеңден келет экен. Жаркенттен өтүптүр. Большевиктер жердин бетин бербей каптап келет дейт» — деген сыяктуу сөздөр күндөн күнгө күч алып бараткан.

Ушундан көп кечикпей:

— Казак орустар большевиктен чочулап турат. Опекун, атамандар баштап качууга камынып жатат. Курал жарактары менен кытайга кире качып кетип жаткандар да бар экен...— деген кептер жайылып кетти.

Теги Кыргыз-Сайда баштагы түр жок. Майрамдарда жыйналып арак ичип, бийлеп үйдү төбөсүнө көтөрүп, жабыла ырдап жыргап жатканда, мен көчөдөн кетип баратып терезесинен көрүүчү үйлөр кайда! Байлардын сол-кулдаган кыздары, боз балдары болуп, эртели-кеч майрамдай кийинип, чогулуп ырдап, гармонь тартып зоок-тор мурункудай тышка чыкпайт. Алар барып алып абаны жаңыртып, көк шиберди уйпалап жатчу токойлор, суунун жашыл бойлору, бул күндө той таркагандай болгон.

Мен бир күнү шаардан үйгө кеч кайттым. Күн ачык. Асманда жылдыздар жыбырай баштады. Кетип баратып жолдо бир суунун боюна көңүлүм тартып отургум келди. Ушундай жымжырттыкта табияттын сулуулугун карап отурганды сүйөр элем. Суунун боюнда бутумду сунуп, тунук аба менен эркин дем алып, акырын гана шыркырап жаткан агымга карап, ойго кетип отурам. Айланам өлүктөй жымжырт. Алда кайда бир алыстан баканын чардаганы угулат. Бир кезде шаар жактан муңдуу кылып чиркөө кагылып, анын караңгы түндү кайгылуу кылып калтыраткан дабышы менин кыялымды терметип алда кайда узатып кетти...

Казак орустар үч күндөн бери тынбай көчүштү. Эртеден кечке Сайды бошотпой арабаларын калдыратып, карагайдын арасына барып жоголуп жатты. Байлар бирин-серин калган дүнүйөсүн алып, акыркы көчтөрү менен сандалып бүгүн кетип баратты. Большевик келет деп болжогон күн да бүгүн. Мына мында бирөө араба сынып артына чычаңдатып бир уюн байлап алып жакындап калган жоодон качып бараткандай ашыгып түшө калып бирдемелерин оңдоп коюп, жан талашып жогору карай тартып барат. Шаарда чанда бир эчтемеси жок томаяктар бирди-жарым кемпир-чалдар болбосо көп жан калып жарыткан жок. Шашканынан качкындар малынын көбүн таштап кетти. Мен кайтарчу музоолор күндөгүдөн анча бөксөрбөптүр. Закон боюнча судя качпайт экен деп укканбыз. Күндө кайнап жаткан Кыргыз-Сай бүгүн өлүктөй тунжурап, ээсиз үйлөрдө кыткылыктаган тооктордун, өрдөк-каздардын гана үнү чыгат. Эки күндөн бери чиркөөө да кагылган жок.

Күн бешимге таяп калган кез эле. Мен музоолорду тоодон түшүрүп келе жаткам. Жалгызмын. Ыракымбай үйүнө кетип калган. Асман ачык. Аба кечке жуук салкын тартып турду. Эгин баш алып калган кез.

Ушинтип кетип баратып бир убакта төмөн жакты караганымча болбой, Чарын жактан жердин бетин бербей кылкылдаган сансыз адам сап тартып, мелтиреген талаага салып, туура Кыргыз-Сайды карай беттеп келе жатканын көрдүм. Азыр алыс. Чарын менен Кыргыз-Сайдын аралыгы табактай чуңкуру жок мелтиреген түз. Ушу жерден караганда ой-чуңкуруна чейин алакандагыдай көрүнүп туруучу. Береги каптап келе жаткан сан-сыз аскер атам замандан берки арманына жетип жердин четинен баштап, бул дүйнөнү кыйратып адамзаттын жаңы өмүрүн жасап келе жаткандай калың туман болуп көтөрүлгөн коюу чаңды кийин таштап зыркырап айдап келет. Жоону бет алып кылычын жанып, мылтык октоп, найзасын сунуп келе жаткандай теңи жок жандуу коп аскерди көргөндө мага баятан бери сезиктенип келаткан коркунуч ордуна кубаныч өңдүү бир белгисиз түс кирди. Ушуларга бир аралашсам, эзелтен берки арманымды бир айтып калсам, ошолор менен бирге болуп, кандуу май-данга бирге кирсем — ошентип эзелтен капаста жаткан черимди бир чыгарсам дегендей бир белгисиз сезим пайда болду. Этим кызып, боюм дүркүрөп, жүрөгүм кабы-нан чыкчудай толкуп кетти. Мунун себебин өзүм да билбей калдым. Бир себепте найзанын учунда кетемби деп да ойлоп алдым.

Мындай да эмес. Ушул жерди жеткирип айта албай, жаман тил менен сомолоп гана койдум. Буга мен күнөөлүү!

Агымдап келе жаткан калың кол эми шаардын аягына жакындап калган. Мен Ыйвандын багынан өтүп ой-го түшкөн кезде көрүнбөй калды. Ошол убакта кайдан-жайдан экени маалымсыз: Сайды бет алдыра беш-алты ирет чуулдатып мылтык атылды. Айланамды карасам тырс эткен жан билинбейт. Ар кайсы жерлерде анда-санда бурк эткен мылтык түтүнү гана көрүнүп калат. Мен үйгө жетпей орто жолдо калдым. Кишиси көрүнбөгөн мылтыктар атылып, улам жакындап келет. Капилеттен ок жанып кетеби деп делбелектеп кетип бара жатып бир кырга чыга биргенимде так мени сыйпап өтүп жат-кандай тириде жок ачуу дабыштар менен дагы бир топ мылтык атылды. Эчтемеге түшүнбөйсүң... Ары жактан камырабай келсем да бул жерде шашып калдым. Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жер-де түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:

— Эй, жин урган неме. Жат былай! —-деп колун сермеп калды. Бир аз бүшүркөп, ушул немени тааный кет-тим! Баягы Ыйманкул экөөбүз тентип жүргөндө ышкынга жумшаган казак экен.

Музоолор эгин чөп дебей каптап төмөн кирип кеткен. Мен чалканга кирген кезде ары жактан дагы бирөө де-мин ала албай энтигип жүгүрүп келип:

— Ой бай ай, энди кайтемиз! — деп жанталашып биздин жаныбызга корголоду. Ал келип кошулгандан кийин үчөөбүз чалкандын арасы менен жөргөлөп жогору карай жүрдүк. Менин бети-башым билектерим тызылдап калды. Чалкандын чакканын да байкаганыбыз жок. Жөргөлөп баратканда бирөөнүн согончогу менин оозума тийип кеткендей болду. Чалкандын киши бою келген калың жерине барып жаттык. Капчыгайды жаңыртып мылтык үндөрү жазбай угулуп турат.

Арадан он беш мүнөттөй убакыт өткөндө кылыч мылтык асынган шыңкыйган сур кийимдүү карагер атчан бирөө так маңдайыбызда бир жондон чыга түшүп, биз жакты карап атын ойдолоктотуп токтой калды. Коркуп кеттик. Аңгыча болбой бир жайпак тебетей казак ошол атчандын жанынан өтүп, бизди карай далбактап жөнөп калды. Калың чалканда тыгылып жаткан бизге алактап жетип келип:

— Өй, жүрүңдөр! Бизге тиймейди экен. «Жай-жайың-да тынч жата бериңдер» — деди. Ане өзү карап тур,— деди. Өңүндө чочуган түс жок — камаарабайт. Биз чал-кандын арасынан туруп алып үйдү карай жүрдүк.

Шаңдуу, сүрдүү аскерлер биздин эки үйдүн жанын-дагы жол менен жогору карай тынбай дабырттап өтүп сайга кирип жоголуп жатты. Катын-калач дебей жабалактап тышка чыгып карап турушат. Бизди жалт-жалт карап коюп аттын бардык жүрүшүнө салып, жогору карай койгулап, өтүп бараткан аскерлерге карап:

— Я арбак!..

— Бечара карыпка кубат бер!..

— Я парбардыгер сактай көр!

— Оң жолуңдан...— деп коюшат беркилер. «Кудай билет» булар ушуну кимге арнап айтып жат-

канын өздөрү да билбесе керек деп ойлойм. Ушундай десе, чаап баратыга кай бирөө бизди карай колун жазган:

— Коркпогула, коркпогула! — деп коёт.

Ошол көптүн ичинде кетип баратып, энтиккен атын токтотуп экөө биздин айылга бурула калды. Жолдун боюндабыз. Экөө тең жаш жигит. Бири татар. Казак орустардын жөнүн сурашты.

Буларга жооп бере турган эркектер Ыракымбайдын атасы менен эле Шадыкан! Татар жигит беркилердин сөзүн жолдошуна улам орусчалап берет. Ал атынан өбөктөп алып бардык дити менен угуп турат.

— Казак орустар кайда кетти? — деди бир кезде. Бу жолу апалактап Шадыкан жооп берди:

— «Болыиевиктер Сары токойдон бери өтүп калыптыр» — деп мындан эки-үч күн мурун айтып жүрүшкөн. Үч күндөн бери көч тынган жок. Эң акыркы көчтөр бүгүн жөнөдү.

Баары тең ушундан ары карай капчыгайга кирип жоголуп жатты. Малдарынын көбү мындан...

Омуроосу көбүктөнүп турган атынын тизгинин тар-тып кетүүгө ыңтайланып жатып орус жигит бирдеме деп калгандан кийин татар:

— Эми силер коркпогула. Эч ким тийбейт. Шаардын ичине барып чогулуп алгыла...— деп жүрүп кетти.

Жогору карай тынбай дабырттап, чаап өтүп жаткан аскерлерди көрүп, менин көңүлүм толкуп турду.

Абал ушинтип жаткан тушта, Кыргыз-Сайдагы бирин-серин катын-калач малайлар кеч кирип, бир жерге чогулуп алды[9]. Баары төрт-беш түтүн. Эки түтүн бадачы да ушундабыз. Үйлөрдү жайына таштап, кийизмийиз өңдөнгөн гана бирдемелерди көтөрө келгенбиз. Жыйналган жерибиз бада чогулчу көпүрөнүн артындагы жалгыз үйдүн жаны. Үй ээси качып кеткен. Короосу жымжырт турат. Биз отурган жердин түштүк жагы менен кыйгап агып жаткан Кыргыз-Сайдын суусу бар. Көк шибер чөп...

Түн кирди. Эл эчтемеге түшүнбөгөндөй бири-бирине сөз катпаң ар кай жерде жалдырап гана карап отурат. Ошол кезде бир солдат жолдон бурулуп бизди карай тартты. Алдында куйругун чолок кырккан карагер ат. Баарыбыз карап турабыз. Бая кечинде бизди бу жерге жыйнап кеткен солдат го дел ойлодук. Ошол болуу керек... Жаныбызга бастырып келип оң колу менен кылы-чын кармап атынан түштү да четте турган бирөөнө карматып койду. Түрү жаман! Келе салып элди койдой ийрип отургузуп салып, аралап эмне бар деп ар кайсы жерде томпоюп жаткан буюмдарды кылычы менен бир сыйра сайгылап өттү.

Ошентти да кечикпей ишке киришти. Өзү бир четке туруп алып, жалдырап карап отурган элди, четинен бир-ден чакырып алып, коюн-кончун тинте баштады. Бар болгону «Отур, тур» — деген гана сөздөрдү билет. Катарга туруп кезек менен барып, каралып жатабыз. Тинткен кишилерин башкаларга кошпой, бир бөлөк отургузуп жатат. Биз ошентип жаткан кезде, эртең мененки Чарындан чыккан аскерлер кууган жоонун артына түшүп, дабырттап өтүп Сайга кирип мылтык аткылап караңгы түндүн тынчын алып жаткандай болуп турду. Алар антип жатканда, биздин солдат коюн-кончубузду тинтип, балдырап сөгүп өз иши менен болуп жатты. Кай биринин жанынан бирдемелер таап алып, караңгыда будалап чөнтөгүн көздөй уруп жатат.

Бир кезде кезек мага келди. Мен отурган жеримден ошо замат тура койбой бир аз кидирип калдым эле ал ордунан атылып туруп:

— Тур! Ах ты...— деп сөгүп жиберди.

Ошондо менин жанымда жарым тыйынга татырлык буюм жок. Үстүмдө тамтыгы кеткен жалгыз чапаным бар. Бутум жыңайлак. Солдат чөгөлөп туруп, колтойгон жоон колу сыйпалап келип денеме тийгенде бүткөн боюм дүркүрөй түштү. Оболу балтырымдан жогору карай бир сыйра кайсалап өтүп, анан чапанымдын ичи-тышын айландырып карай баштады. Чапандын кээ бир жеринде чогулуп калган жүндүн бөлтөктөрүнө көбүрөөк токтолуп, кенедей жерин калтырбай карады. Башымдагы жаман калпагымды алып, ичин карап кайра берди. Мени болгондон кийин экинчи топко кошуп койду. Менден кийин Шадыкан эле. Аны тинтип жатканда чапанынын эки жак өңүрүн эки колу менен далдайтып өзү кармап турду. Бир убакта анын бешмантынын чөнтөгүнөн бирдеме таап алып жанына салгандай болду.

Эл ортолоп келген кезде тоо жактан төмөн карай өтүп бараткан бир-эки солдат бизди көрүп бери бурулду. Аларды көрүп биздин солдат ишти токтото коюп, алдынан утур чыгып, биздин көңүлүбүздү жайлап коркунуч-тан коргоп турган кишинин сыпатын бергендей алар менен жаяктап сүйлөшө кетти. Тили жок айбандай кама-лып биз отурабыз. Алардын тили орусча. Бирок кебетесине караганда жаңкы неме бизге жаны ачып, бир жерге чогултуп акыл-насаат айтып, түшүндүрүп биздей шордууларды коркунучтан коргоп турган бир камкорчу болуп жаткандай көрүндү!

Ошентип караңгыда кобурашып туруп ал экөө бир кезде бастырып кетти. Алардын карааны жоголоор менен берки кайра ишке киришти. Калгандарын тизип коюп, бирден чакырып баягыдай тинте баштады.

Жалгыз арман бүгүн ушунун өң-түсүн жакшы тааныбай калгандык! Бая бир ширеңке тартып, бопоросун жандырганда гана бир чала-була байкап калдык. Орто бойлуу, тикийген сары муруту бар, кабагы бийик, көзү жаман, ырайымсыз бир ченден чыккан митаамдын сыягы. Солдатча кийигени болбосо жүрүш-турушун, кейпин, ырайымын — баягы Кызыл-Кыядагы Чоңколго окшоттум. Так ошонун өзү!

Түндүн далайы болуп калган. Караңгы. Солдат бир кезде баарыбызды тинтип бүтүп, олжого карык болуп алгандан кийин, өзү мындай бир четке чыгып тыныгып бопорос тартып алды. Бара-бара дандады! Бопоросун тартып болгон соң камчысын үйүрүп, боктоп, элди койдой ийрип, башыбызга үзүктү чүмкөп келип:

— Жаткыла!—деп буйрук этип баарыбызды жаткыра баштады.

Менин оң жагымда бирөөнүн башы кылтыйып калды эле:

— Башыңды чыгарба! — дегендей кылып сөгүп келип, камчы менен бир салды. Ою менен болуп жатабыз. Өткүндөн коргологон немедей жалпы көмөрөбүздөн түшүп үзүктү чүмкөнүп калдык. Солдат текши көрүнбөй жатты бекен деп аралап көрүп жүрөт.

Бир кезде биздин маңдайыбызда жаткан топтун ичинен:

— Ой бай, Жаке! — деп чаңырган бир аялдын ачуу дабышы чыкты.

Ошенткенде мен чүмкөнүп жаткан үзүктүн четин кичине жылчык кылып карасам, солдат бир аялды жаткан жерине тур деп жетелеп жатат. Тааныдым, Ыракымбайдын жеңеси. Он тогуз жаштарда сулууча келген бир ак жуумал келин эле. Жаңкы жаман үндөн кийин солдат билектен алып, дагы жүр дегенде келин тарткынчыктай берди эле, бешмантчан чыпыйып турган немени жондон ары чып эттирип тартып жиберди. Келин жаңкыдан бетер бакырып барып, үзүктүн алдында жаткан кайын ата-сынын жанына барып корголой түштү. Элдин көбү шыкаалап окуяны көрүп турат... Солдат тарсылдатып сабап кирди. Аңгыча болбой:

— Ой бай, карагым ай! Кайтейин, баарымыз кырыламызбы энди?—деди бирөө. Кайнатасынын үнү. Ошент-кенде келин табышын чыгарбай калды да солдаттын коштоосуна эрип жүрүп берди. Артынан карап турабыз... Бизден бир аз мындай узап бактын ичине барып токтошту. Бак жаныбызда. Алар отургандан кийин, караңгыда чөптүн башы кыймылдагансып эми келиндин агарган жоолугу гана көрүнүп калды...

Кайра келгенден кийин, солдат эми эчтеме калган жокко» дегендей аттанып алды да төмөн карай салып кирип кетти. Келин элден уялгансып, бакта калып, ал кеткен сиң бир топтон кийин келди. Жаңкынын артынан наалат айтып биз калдык...

Эгер ушул түндү айтып калтырбасам, бул менин мойнумда кечилгис карыз болуп калаар эле. Муну менден бөлөк эч ким айтпайт да. Экинчиден мен муну так ошол түнкүдөй так ошол жерде болуп өмүрдү кайта көрбөймүн да. Бу жерде жалгыз сөз артык айтканым да жок. Кайта жетпегени көп...

Эртеси бирөө барып түндө болгон окуяны Большевиктердин бир чоңуна жеткириптир. Биздин арабызда илгери малай жүрүп, орусча тил билген бир кыргыз бар эле. Ошол айтыптыр. Алардын башчысы солдаттын түндөгү жоругун угуп алып тишин кайрап ачуусу келип: «Ошону таанысаңар көрсөткүлө, азыр атып таштаймын!» деп-тир. Командирдин бул сөзү чын ниети менен айтылганына көзү жеткен соң, жаңкы барып даттанган киши «мынабу» деп көрсөтө берген экен, көптүн алдында ошол эле

жерден тапанча менен басып жибериптир. Баракелде!

Ошол солдат эсиме түшкөн сайын наалат айтып коём.

Шашке ченде Большевиктер көп казак орусту тоодон айдап түшүрүп келди. Баары тең атчан. Көбү жаман кийинип кейпин бузуп алган. Тандап алып келгендей жалаң Кыргыз-Сайдын баягы жоондору. Бирок баары эмес. Көбү качып, кутулуп кетиптир. Буларды шаардын кылда башындагы бир чоң көчөгө ийрип алып ортосунда бир кара аргымакчан жаш жигит бардыгеринче шакылдап сүйлөп казак орустарды жекирип сөгүп турат. Биз карап турабыз. Эч кимден айбыкпайбыз, үйүр болуп аралашып эле басып калдык. Большевиктердин башчысы жаңкы жигит болсо керек деп ойлодук. Өзү жалындаган кайраттуу көзү бар, шыңкыйган арыкчырай узун бойлуу, келбеттүү келген ак куба сулуу жигит. Алдында кулагын карышкырдай тикийткен сулуу кара аргымак ооздугун кемирип туйлап турат. Жыйналган туткундар айыбы мойнуна коюлуп кесилген күнөкөрлөрдөй үн да, сөз да жок жерди карап тунжурап калган. Буларды ушинтип жекирип турду да бир убакта он чакты кишини бошотуп жиберип, калганын айдап алып, ары карай кирип кетишти.

Бешим ченде Кыргыз-Сайдын аяк жагынан бирдеме тыртыр этип көпкө басылбай атылып жатты. Өмүрдө биз угуп көргөн дабыш эмес. Ушул убакта күн бүркөлүп кичине дыбырттап турган.

— Пулемет менен атып жатат!..— деди бирөө.

Бул дабыш басыла түшкөн кезде, так ошол тырылдап жаткан жерден тоону карай күрсүлдөп замбирек атыла баштады. Замбирек үнүн мен баягыда Музарттын суусунда таанып калгамын. Ойдон туруп атып жаткан замбирек огу асман менен зуулдап, күңгүрөнүп кетип калың карагайлуу тоонун ичине барып күрс-күрс түшүп жатты.

Кечке жуук. Жапаркул менен Ыракымбайдын агасын мал союп бер деп Большевиктер алып кетиптир. Алардын кошу шаардын аяк ченинде болчу. Булардын кеткенин угуп артынан мен да жөнөдүм. Мен барганда экөө бир уйду жыгып салып, терисин сыйрып жаткан экен, Мен кошко жакындай бергенде, көрүп калып Жапаркул:

— Кет ары! — деп колун шилтеди.

Муну кандай ой менен айтты деп ойлоп кайра баса тургандай токтоп калдым эле, алардын ары жагында бирдемени кайтарып ары-бери басып турган сур кийим-чен солдат, Жапаркулга бирдеме деп колун шилтеп койду. Ал жөн болду. Солдаттын мунусу мени «Тим кой» дегени экен. Бардым. Союп жаткан уйдун бутун мага тарттырып коюшту. Аны союп болгондон кийин мен кемегелерде асылуу турган жети-сегиз казанга толтура суу куйдум. От жактым.

Ушундай бир топ майда барат жумуштарды бүтүргөндөн кийин бир кезде Жапаркулдун буйругу боюнча кетейин деп жатсам:

— Эй баранчик! — деп бир солдат мага колун булгап калды. Бая мен күйпөңдөп бирдемелерди кылып жүргөн кезде бул солдат ары жакта бирөөнүн жанына барып, мени колу менен көрсөтүп, бирдеме деп сүйлөшүп жаткан. Алардын кыймылын алыстан көрүп көзүм чалып турган. Жанына бардым. Мага бир чоң кескен бөлкө менен бир эски көйнөк карматты.

Ошондо кубанганымды сөз менен айтып болбойт: талмадан жазылган адамдай кур оозумду ачып ырсая берипмин. Өмүрдө кишиден мындай сыйлык көрбөгөндөй болдум. Ошол кезде менин көйнөгүмдүн жыртыгынан кардым чердейип туруучу.

Муну алып кайра тартып калганда, Жапаркул мени жолдон чакырып алып, ичеги-карын болуп бир топ немелерди ороп берип үйгө алып кет деди. Анда Ыракымбайдын агасы:

— Эй коя турсаңшы, аналар бирдеңке деп жүрмесин,— деп башын көтөрүп, жаңкы мага көйнөк берген солдат жакка карады.

— Өздөрү «алгыла» дебедиби? — деди Жапаркул. Толгон олжону көтөрүп алып мен үйгө кайттым. Мен-

ден кийин тигилер да көп олжо менен келген экен. «Бечарага мындай кайрымдуу болорбу» — деп үйдөгүлөр кубанып жүрөт.

Большевиктер ушу күнү кечинде Кыргыз-Сайдагы казак-кыргыз малайларын жыйнап алып сөз сүйлөп-түр.

«Большевик-бузук! Большевик көрүнгөндү атып, асып, кыйратып отурат» — деп душмандар ушак тарат-кан. Большевик — көрүнгөнүн атпайт! Анын ата турган душмандары бар. Большевик силер өңдөнгөн бейбечарага, карыптар үчүн жаралган. Адам баласынын арманына бүткөн! Ал силер үчүн кашык канын аябайт. Биз жер үстүндөгү эзүүчүлөр менен байлар, помещиктер менен бүткөнчө күрөшүп эмгекчилердин жыргал өмүрүн жасайбыз. Адамзат жаралгандан берки арманыңарга жеткиребиз. Биз ошол үчүн жаралганбыз. Коркпогула! Өмүр бою силерди кулдукта кармап келгендер менен тартынбай күрөшүп, турмушуңарды түзөгүлө! Большевиктер алып берген энчиңерди жегизбей, теңдигиңерди алгыла. Мына, большевиктердин силерге бере турган сыйлыгы...— дегендей жалындуу, жандуу сөздөрдү сүйлөгөн.

Ал жерде отургандар жабыла көтөрүлүп үн салып: — Ой айланайын! Эрдигиңе баракелде!! Арман

жок!..— деп күүлөнүп жерди күңгүрөтүп казып тарашыптыр.

Эртеси карасак — көчө-көчөнүн баарында сайылып калган кызыл желек! Биз бада чогултчу көпүрөгө да желбиретип бирди сайып кеткен. Кыргыз-Сайдан тандап туруп кырк беш кишини атыптыр. Ошолор менен бирге опекун, атаман судьялар атылып кетти...

Ошентип большевиктер шашке ченде Ак-Сууну карай дүркүрөп берди. XXVII

Ушул жерде Алымжан деген бир түтүн татар бар эле. Үйү батыш жакта, бир четки көчөдө. Өзү колунан анча-мынча иштер келе койгон ат үстүнөн табышкер бышык адам. Эки баласы бар. Улуусу мени менен тең чамалуу.

Мен ушунун жумушун көп кылдым. Отун таарычумун. Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз. Эң болбогондо суу ташып, короосун тазалачумун. Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар. Ушунда жүрүп кай бир күн Алымжан үйүндө боло калган кездерде Ак-Сууда калган инилерим жайынан кеп уруп, «Ушуларды алууга бир маркабатыңыз тиер бекен» — дегендей кылып сөздүн четин чыгарып коёр элем. Бул тууралуу Шадыкан аркалуу да бир айттыргамын.

Алымжандын мурунку зайыбы өлүп калып кийин качкын кыргыздан бир аял алып калган экен. Анысына бир жылдай болуптур. Аты Бурулкан, төркүнү күңгөйлүк саяк, кадимки Талканбай манаптын жакын тууганы экен. Ушуга деп «боор» тартымыш болчумун.

Боорукерлик кайда! Тили заар. Мен качан үйүнө барсам, илгерки Карпыктын келининдей кылып көчүгүмдү жер бастырбай жумшай берет.

Ушул бир күнү түнүчүндө тамак-аш коюучу тамынан мурч алып кел деп мени жумшады. Өздөрү тамак ичип олтурушкан. Там көрдөй караңгы экен. Быкыраган көр-жердин арасын кайсалап, бир топ убакыт издедим да таппай коюп кайра келдим. Ошондо Бурулкан мени бир көр жемеледи дейсиң...

— Ошол кенедей немени таппай эмне болдуң? Өзүң тоголок жетимсиң. Сен минтип жүрүп кантип адам болосуң?! — деп келип жемелебеспи. Ушундан улам мен өзүмдү бир өмүргө ылайыксыз жаралган адамдай көрдүм. Жөнөкөйдө деле менин элден бир жерим кем тургандай көрүнчү.

Бир күнү жумушун кылып, көңүлүн жайлап коюп Бурулкаңдын алдында инилерим жөнүнөн кеп уруп отуруп «Ушул арманымды жездеме бир жеткирсеңиз» дегендей кылганым бар эле. Ал «Макул, айтып көрөйүн» деген. Азыркы «кылмышым» ошого кырсык болдубу деп оюма шак этти.

Акыры менин багым жеңгендей, Ак-Суудан Алым-жандын бир жумушу чыгып каларбы. Бул кабарды бил-ген соң мени ала бар деп жалынып асты-үстүнө түшүп, асыла кетпейт бекенмин. Ал макул болду.

Мен бир күн жумуш кылып берейин деп Алымжандын өзүн көз кылып бир уйгурдун эшегин сурап алдым.

Алымжан үйдөн бирге чыккан жок.

— Сен кете бер, мен артыңдан жете барам,— деп мени жөнөтүп жиберип өзү калып калды.

Мен шашкеде чыгып, шаардын четинде бир чоң сайдан өткөн соң, Ак-Сууну көздөй кеткен кара жолдо кал-дым. Кыдыңдаган көк эшектин үстүндө, ширидей кара бутумду салаңдатып, ээн талаа менен жалгыз кетип барам. Алымжан келе жатат бекен деп, кезек-кезек артыма кылчактап коём. Бир тумшуктан имериле бергенимде, жогору жагымда жумуш кылып жүргөн үч-төрт кишинин бири мага колун булгап, алыстан кыйкырып:

— Вайй. Мундака ке, мундака ке! Ман саңга пулоо ясап дудар салып бирай! — деп мени тамашалайт.

Ак-Сууга бешимде жеттим. Алымжан жок. Ал эртең менен мен жөнөп жатканда Ак-Сууга мурун барып калсаң болуштукунда бол. Ошондон табышабыз,— деген.

Эмки болуш Мамирмазиндин күйөөсү Элахун экен. Аныкы шаардын четинде бир чоң ак үй болуп чыкты. Болуш ошол дегенде кулагыма жаман тийди. Барсам, Мамирмазиндин кызы Раухан жүрөт. Мен барда күйөөгө чыга элек болучу. Күйөөсү картаңыраак киши. Өзү жыйырмага жаңы кирген, эки бети бышкан алмадай мөлтүрөгөн сулуу кыз эле. Мага баштагыдай болбой, сыртын салып сурданып калыптыр. Бая мен барып короого түшкөндө, ары бери жанымдан өтүп жүрүп, бир сөз унчук-кан да жок. Бир кезде мен эшегимди байлап коюп өзүм

короодо бир арабанын дөңгөлөгүнө сүйөнүп турсам чыгып келип, эшик алдындагы тепкичке тура калды да, тетигиндейден:

— Сен эмне жүрөсүң? — деди мага салкын дабыш менен.

Уктап баратып ойгонуп кеткен адамдай кыймылдай түшүп мең:

— Беккулдарга келдим эле — дедим. Раухан ошондон тик кетти.

— Аларды алганды сага ким коюптур?! Алмак түгүл кылына тийе албайсың!.. Келген убараң,— деди.

— Көрүшөрбүз... Калыска түшүп, адал сүйлөгөн эл болсо...

— Калыс? Сага калысты ким коюптур? Калыс эмес андан аркысына барсаң да түк жок,— деди да менин эмки жообума күтпөй, чамынып кайра кирип кетти. «Эриң болуш болуп, кудайга колуң жетип турган экен!» деп ойлоп артынан карап мен туруп калдым. Муну атасынын күйүтүнөн айтып жатабы деп да ой жорудум. Анткени баягы большевиктер Мамирмазин анын кудасы Жусуп болуш өңдөнгөндөрдү баш кылып, бул жерден да кырк, элүүдөйүн сулаткан экен. Менин табам канып калды.

Түн кирди. Чиркин Раухан бая кечинде үйгө кирип бир чыны чай ич да деген жок. Мен эшегимди шакелге байлап таштадым да жаандан коргологондой бүрүшүп, акырдын жанына томпойдум. Сарайдан бир тердик таап жамбашыма төшөп алгамын. Баш жагымда күңүрттөп, күрт-күрт чайнап акырда бир-эки ат турат. Бүгүн бу короодо эки ат, көк эшек, мен төртөөбүздөн башка мыдыр эткен жан жок. Караңгы сарайдын алдында жатып, мынабу чоң үйдүн ичинде дүрдүнүйө тамакты жайна-тып салып, жабырап жыргап отурган элди терезе аркылуу чырактын жарыгы менен көрүп отурам...

Эртеси Алымжан экөөбүз ушул жерден табыштык. Короодо турсам кирип келип, атынан түшүп мени атты кармап ушундай тур деп койду да, өзү ары жакта бир үйгө кирип кетип көпкө кечикти. Зарыгып күтүп турсам бир убакта келип, атына минди да:

— Жүр эми. Кайда жаңкының? — деди.

— Мынабу жакта,— деп чыгыш жакты нускадым. Мамирмазиндикине келсек, кичүү кызы тышта жүрүптүр. Биз аттан түшүп, Мамирмазиндин зайыбын кызынан чакыртып жибердик да өзүбүз эшиктин алдында күтүп тура калдык. Мен алдыдагы тагдырымдын эмне болоруна көзүм жетпей, эшегимдин чылбырынан кармалап ойлонуп турам. Он мүнөтчө болгондо Мамирмазин-дин катыны, чапанын желбегей жамынып, жай басып чыгып келди да бизге бет маңдай жерде тамга сүйөнүп барып отура кетти. Артынан Мукбул келди да энесине катар отурду. Алымжан экөөбүз бир жак, алар бир болуп маңдай-тескей отурабыз. Беккул менен Ашымкан көрүнөт бекен деп мен короо жакты уурдап карап коём.

А деген сөздү Алымжан баштады. Мага берген убадасы боюнча жатык кылып, шыдыратып бир топ сүйлөп чыккансыды. Булар катындын өзүнө да беш колдой маалим иш эле. Бирок Алымжандын сөзүнүн аягына чыкпай катын салгандан тик кетти. Мунун жөнү мындай эле, ошондуктан мындай болуу керек деп сүйлөшүп келүүнүн ордуна а дегенден эле:

— Мен бербеймин. Инилерин баккан акымды албай туруп кантип берем.

— Өзүңүз эстүү кишисиз. Ушунун бергидей алы барбы? Өзү бир тентип калган бечара жетим экен,— деди Алымжан.

— Алы жок болсо мен инилерин бербейм. Алы кел-ген кезде алып кетээр!

— Андай болсо сизде булардын да акысы болоор...

— Эмне акысы?

— Төрт бир тууган төртөө тең кызмат кылыптыр. Алардын эмгеги жокко чыгабы?

— Менин колумда муну менен үчөө жүргөн. Бир иниси менин баламда. Аны менен сүйлөшкүсү келсе өзүнө барсын. Эми мендеги шордууларына келгенде, мунун бир карындашы аяк бошоткондон башкага жарабайт...

Айтыш жарты сааттай созулду. Алымжан катуу тургай эле деп кыпылдап анын жеңишин тилеп мен турам. Жок, ал бир убакта канча кылса да бул иштен эчтеме чыкпасына көзү жетип, күдөрүн үзгөн кишидей бошоп калды. Катын чыйралып сала берди.

Бир убакта баса калчудай акшырайып, мага карап алып:

— Бейшемби тирүүсүндө сени баш кылып, баш отуңар менен алып калган. Буларда сенин эми кылдай тиешең да жок. Алмак түгүл кылына тие албайсың. Буларды сен алып, мындай чыккандан кийин ачтан өлтүрүп, же бирөөгө тамакка сатып кетесиң. Чындап алгың келсе ал, журтуңдан сенден бөлөк эстүү-баштуу киши келсин. Бир берсем ошондо берем. Үч жылдай баккан акымды төлөйт. Алар бекер кетеби? Сен эмнеңди бересиң? Бар. Сөз ошол...— деп сайрал коё берди.

Алымжандын кейпин көргөндөн кийин мен «эми мындан аяна турган эмне калды» деп ойлоп, кемпир менен чындап айтышкым келди.

— Бул жерде менин эл-журтум турабы? — дедим, кемпир сөзүн бүткөн убакта.

— Турбаса барып ээрчитип кел!

Ушул сөз менин сай сөөгүмө жете түштү.

— Бизди бактым дейсиң. Сенин малыңды ким бакты? Булар үчүн киши жалдайт белең? Кайта сенде биз-дин акыбыз бар эмеспи? Жатып ичкен жалгыз Ашым-кан экен. Эки кишинин эмгеги бир кишинин тамагына татыбайбы...

— Адамга биздин жазыгыбыз жок. Кишинин акы-сын жегенди билбейбиз,— деди кемпир менин артымдан.

Жаным кашайган бойдон: «Кишиге залалсыз болсоңор байың эмне атылып кетти» деп айтып жибере жаз-дап барып, кайтып кой, минтип айтсам жарасына тийип алармын дедим ичимден.

Бир топтон кийин жоошуган өңдөнгөн дабыш менен кемпир:

— «Молдокем дүйнөдөн кетиптир. Кудайдын буйругу...» — деп жайпай айтып куран окуганга жарабайсың да, келер менен «инилеримди бер» дейсиң,— деди.

— Куран окуганды билбеймин. Мен молдо эмесмин.

— Динден безген айбан!

— Диниң экөөң мени көп болсо Кыргыз-Сайга жет-кирбей жутуп коёрсуң. Мен ансыз да...— деп барып сөзүмдүн аягын таппай токтодум. Мен ошенткенде Алымжан:

— Сиз муну менен айтышканды коюңузчу. Бул балалыгы менен айтат. Кана, инилерин бересизби? Эмне дейсиз? — деди.

Кемпир ага жооп бербей дагы мага келди.

— Жүзүкара, арам, биздин кичине белибиз мертигип турганын көрүп айтып жатканын кара! Сени нан урар!— деди да артынан: — бизден кетип да чекең жылыбаптыр го? Үстүңдө мен бергенден башка кана сенин жыргап кийип келгениң? Сен андай десең мен азыр үстүңдөгүнү дырдай жылаңач кылып чечип алам! — деди.

— Чечип ала турган дүнүйө мынабу болсо, колуңа келип бердим го. Алганда муну эмнеңе жаратат элең? Сен жыргатып койсоң ушинтээр белек? Бизди кай жерде жетиштирип койгонуң бар?..

Алымжан бир кезде ордунан обдула калып:

— Жүр эми. Болбосо кантээр элек, кетели,— деди. Бул сөз жаныма найза жанчкандай тийип:

— Кетебизби? — деп аянычтуу көзүм менен жалдырап ага карадым. Алымжан жаңкыдай деп айтты да мага карабай аттанып алып жүрүп кетпесинби. Ал кет-кен соң, бул жерден жалгыз эчтеме өндүрө албасыма көзүм жетип: — Тагдыр ошол экен, өлбөсөм сени да бир көрөөрмүн...— дедим да жолго түштүм. Жашыганым жок. Кайта кайратыма келип чыйрала бердим!

Турмуштун кыйынын көрбөй жанын кастарлагандар гана жашык келет. Өмүрдө токсонду кечирип, сансыз кыйынчылык менен күндө салгылашып жүргөн адам мындайда жашыбайт. Андай адам ары чыдамдуу, ары бекем келет!

Мен эми кетсем да армансыз болуп кетейин деген ой менен мындай чыгып, буйдага киргенден кийин Беккулду көздөй салдым. Кой кайтарат экен. Алыстан артынан кубалап кетип барам. Ал шаардын аягы менен коюн жайып отуруп, бир талаага барып токтоду. Мени жакын барганда көрдү. Ошол жерге коюн токтотуп коюп, барлык өнөрүмдү салып Беккулду буза баштадым. Ушул жерден узасак эле көлгө кетип, кулдуктан кутулуп жыргай турган кишиче өз көзүм менен көрүп келгендей кылып, Ысык-Көлдү, Ысык-Көлгө барган элдин «жыргап» жатканын жел тийгизбей мактай бердим. Кенен бир чай кайнам үгүттөдүм. Ошого чейин Беккулдан бир ооз кеп чыккан жок.

Жедеп айла кетип баратканда:

— Өмүр бою эле ушинтип кулдукта жүргөндү сүйөсүңбү? Кейпиң алдакы. Жыргай турган жагыңа барсаң болбойбу! Караколго большевик келип, биз өңдөнгөн бечара-карыптарга жардам берип жатат дейт. Сен барбасаң өзүм кете берем. Кана, мени ээрчип жүрөсүңбү? — дедим.

Беккулдун бетинен ошондо гана бир кичине муюшкан белги сезилди. Бул олжону түшүргөндөн кийин эми мен апалактап шашып ары жакта бир кичине казак койчунун жанына барып:

— Сен мына мунун коюн бир пас көздөй тур. Бир кой жоголуп кетиптир, биз ошону карап келели. Эмгегиң үчүн мына муну ал,— деп белимде кайыш курумду чечип бердим. Жаш бала экен, көндү. Ошол жерден эшекке Беккулду мингизип, өзүм куйругунан кармап алыи, сабап жүрүп отурдум. Кетип бара жатып улам артыма кылчак-кылчак этем. «Ай, эми биздин ырысыбыз болсо бирөө кезикпегей эле» деп алактап барам.

Ушуну айтып салганымча болбой Ак-Суунун бери четине чыга жаздап калган кезде, шаардан чыгып төмөн карай кетип бараткан бир эшекчен бала так алдыбыздан кезигип, бизди көрүп токтой калганы! Жүрөк туйлап кетти. Кармашса бизди койбой турган чоң неме.

— Кайда баратасыңар? — деди.

Жүрөгүмдүн аптыкканын токтотуп, капарымда эчтеме жок кишидей, үнүмдү калыбындай чыгарууга тырышып:

— Бир кой жоготуп ошону издеп баратабыз,— дедим.

Тергөөчүм эшегинин мойнун тиктеп, бир аз ойлонгонсуп унчукпай калып артынан:

— Ай таң... Силер качып бараткан немесиңер го?! — деди.

— Качып кайда баралы, жарыктык? — дедим. Бактыбыз бар экен, жаңкы неме ошентип бизди бир

топ эрмектеп турду да бир кезде:

Хы! — деп эшегин моюнга бир салып алып жүрүп кетти. Өлүмгө таяп келген бир балакеттен кутулгандай ал жөнөрү менен батышты карай биз да сыздык.

Эшектин куйругунан алып, баягыдай сабап кетип барам. Бир жерге келгенде, күн ысып тердеп кетип, чапанымды чечип Беккулга өңөртүп койдум. Ошол кезде бир дем алып, арт жакты карасам Ак-Суу бүлбүлдөп алда кайда калган. Куугунчу көрүнбөйт.

Күн бата Кыргыз-Сайга келдик. «Эми артыбыздан кууп келер бекен деп жүрөм».


Шадыкан күзгө жетсек эле көлгө кетебиз деп жүрүчү. Тоодо талап менен жашыруун сырды сактап, саргарып мен да ошол күздү күтүп жүргөм. Мына, ошол саргарып күткөн күз да жетти. Бирок не керек. Шадыкан ошол убадалуу күзүндө кайтып токтоп калды. Биздин ырысыбыз чорт кесилип, ала жаздай көксөп келген, тоодой талап бир күн өрт өчкөндөй болду.

— Азыр эл жаман деп угабыз... Көлгө барган кыргыздар ачарчылыктан кырылып, орус четинен бырчылдатып өлтүрүп жатат дейт. Аман болсок эл оңолгондон кийин барабыз,— деди Шадыкан бир күнү отуруп.

Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду. Ишенбеймин «андай болбосо керек» деп өзүмчө жакшылыкка жоруймун.

Мындан түңүлгөндөн кийин бир күнү талаада жалгыз өзүм музоо кайтарып жүрүп, ойлондум да кечинде келип:

— Биз көлгө кетебиз,— дедим күтпөгөн жерден. Мунум орой айтылды. Бирок мындан сыпайы сөздүн

кереги да жок эле. Менден бул сөз чыгат деп Шадыкандын мурун оюна да келбесе керек. Кабагынын алды менен инисин бир карап алды да ичип отурган аягын жерге коё коюп:

— Эмне дейсиң? — деди менин жанакы сөзүмдү укпай калган немедей.

— Көлгө кетебиз деймин,— дедим. Оттун жанында жаткан бир жарты тезекти ушалап жатып.

— Ким менен кетесиңер?

— Өзүбүз эле...

— Э, кокуй. Жолдо бирөө силерди серейте чаап кетпейби?

— Чапса кантели, көрөөрбүз!

— Кой, антип балалык кылба. Көлгө барган киши жыргап кете турган болсо биз деле көрүп турабыз. Азыр заман оюнчук эмес. Анын үстүнө жол билбеген жаш баласыңар. Мындай чыкканда бирөө жайлап кетсе, силердин тарпыңар кимге табылат? Ойлон...

Шадыкан «акыл-насаатты» көп айтты. Бирок канчалык кулагыма куйса да бир эм болгон жок. Мен «кетем» дегенден карыш жылбай көшөрүп туруп алдым. Бирок кеткенде абалыбыз эмне болот, жолду таап бара алабызбы, нече күндүк жер, жолду катар эл болуп отурабы, ач болобузбу, ток болобузбу, аман-эсен жетебизби — ушул жактары мага күңүрт эле.

Ушундан он чакты күн өтпөй багым ачылып, Кара-колдон келген бир орусту таппасмынбы. Муну мага билдирген Жапарбек деген казак бала болду. Бул экөөбүз мурун тааныш элек. Мен көлгө кетем деп жүргөнүмдү биле турган. Ушу бир күнү кезигип:

— Караколго бир орус кой айдап кеткени жатат. Ошону менен бирге кетпейсиңби? — деди. Ойго келбеген жерден мен кубанып кетип:

— Ырас айтасыңбы? — деп кадала түштүм.

— Ырас. Бу жерден үч жүз кой сатып алды. Өзү соодагер экен. Мен да ошого жалданып кой айдашып кеткени жатам. Дагы бир жигит алды. Бир жумадан бери камынып жаткам. Эми жумушу бүтүп кетүү гана калды. Эртең жөнөйбүз. Сен кетем десең сүйлөш,— деди.

Аярдаганым жок. Ушул кабарды угаар замат, өзүн ээрчитип караколдук киши турган үйгө салып жетип бардым. Ал баягыда Кыргыз-Сайдын опекуну турган бир тунукелүү көк үйдө экен. Биз дарбазадан алактап кирип барсак, короодо бирөө соконун дөңгөлөгүн чыгарып алып араба жасап жатыптыр. Колунда балкасы бар.

— Жаңкы киши ушул,— деди Жапарбек акырын гана мага угузуп.

Адегенде мунун түспөлүн илгери Кутурган булакта почто тартып туруучу Метрей көпөскө окшоттум. Көзү көк таштай, мурду чочконун тумшугундай теңирейген чарчы бойлуу семиз адам. Башына кийгени өзүнүн теңирейген мурдуна ылайыкталып жасалгандай, кайкы тумшук кара шапке; бутунда саал эскириңкиреп калган жылтылдаган намеркан өтүк. Өзү соодагерликке жедеп бышкан, майлуу жердин жытын алыстан сезген, бир шум болсо керек деп ойлогудай. Сыягына караганда бир ачуулуу неме.

Анча болбогондо мен булардан калып калмак экен-мин. Эртең жүрөрү бышык болуп чыкты. Мен өлүмдөн алып кала турган бир зарыл жумушка барган немедей, жумуш кылып жаткан кишинин алдына басып барып, ийилип тура калдым да:

— Кожоюн, менин бир иним экөөбүз сиздин коюңузду Караколго чейин айдашып бирге барсак болоор бекен? Тамак өзүбүздөн,— деп калдым.

Баятан жанына келип турган менин адам экенимди же айбан экенимди айырбай турган адам, мен жаңкыдай дегенден кийин эңкейип иш кылып жаткан боюнча, мага жат көзү менен бурулуп туурасынан оңурая калды да:

— Жарайт,— деп коюп, кайра иши менен боло берди.

Ар нерсе өз тушунда кымбат! «Жарайт» деген жалгыз ооз сөзгө кубанганымдан жүрөгүм атып кетти. Ошондонбу же башкаданбы айтор, жүрөгүмдүн толкуну басыла электе дагы:

— Каракол нече күндүк жер? — деп керексиз жерден сурап койдум. Бул убакта мен кетүүгө ыңтайланып, бир бутумду кайра тартып калган элем. Кожоюн ошо замат жооп бере койбоду. Мен бир бутумду аттаган боюнча жооп күтүп тура калдым. Жаңкы бир топтон кийин башын көтөрүп, менин кете элегимди эми көргөн кишиче мага карап алып, кайтып ишине кетип:

— Бир жумада жетебиз,— деди.

Мындан мурун кетүү жөнүндө алда кандай болот деп, сары-санаа болуп жүрчү элем. Эми чындап ишке киришмек болдум. Иш чукул. Бул кабарды кечикпей үйдөгүлөргө жеткиздим. Атам тааныбаган бирөөнү эш кылып, жерге тийбей сүйүнүп жүрөм, Шадыкандар эми бизди кетиштен калды деп жүргөн окшойт, аларга бул кабар жайсыз тийип, эми чындап кетериме көздөрү жеткендей болду.

Ошондо кетсе жолдо өлүп калат деп чыны менен бизди аядыбы же кызматыбызга кызыктыбы Шаадыкан — дагы баягыдай асылды, бузду, көлдү жамандады, жолдун жан чыдагыс коркунучун айтты, кокус бир жаза тайым болуп, ач талаада жайрап кала турганыбызды да эскертип өттү. Койчу эми, токсон алакет жорук. Мен жедеп көнбөй турганыма көзү жеткен соң:

— Эмесе Беккулду таштап өзүң кет. Аны бөөдө өл-түрүп аласың дегенге токтоду.

Бу жерге келгенде да мен:

— Кетсек экөөбүз тең кетебиз. Өзүм кетпеймин,— деп кесип айттым.

Эртеси болду. Жүрөк алып учуп жүрөт. Соодагер турган короого эки жолу салып барып келдим. Мындай чыкканда кандай күнгө түшөрүм ойдо жок — ушу жерден эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм. Өмүрлүк тагдырым жалгыз ушул сапар менен чечилчүдөй көрүнөт.

Акыркы барганымда үч жүз ирикти короого камап, санап соконун дөңгөлөгүнөн жасаган кичине арабасын жабдып, жолго чыга тургандай камынып жатышкан экен. Жалданган эки казак бала, бир жактан бөлкө ташып келип, капка салып жатышат. Бөлкө көтөрүп менин жанымдан өтүп бара жатып Жапарбек:

— Азыр жөнөгөн жатабыз,— деп кетти.

Иштин чукул калганына көзүм жетип, ошо жерден кайра Беккулду көздөй жөнөйүн дегенимче болбой, жаңкы кожоюнубуз мени да бөлкө ташыганга жумшады. Жөнүмдү айттым эле:

— Анан барасың,— дегендей кылды.

Бөлкөгө кетип бара жатып: «Беккул менен сенин жумушуң жок ээ» деп ойлоп алдым. Барып кайтканымча кокус үлгүрбөй каламбы деп кыпылдап жүрөм. Чукул жерден жөнөп калса, сен иниңди алып келгиче тура турайын деп ошол мени күтүп турмак беле!

Бөлкөнү тез ташышып жиберип, буйдалбай кайра Беккулду карай зымырадым. Ал шаардын четинде музоо кайтарып жүргөн. Жакын болучу. Өзү да алыс кетпептир. Эртең менен үйдөн чыгып бара жатканда алыс кетпе деп айтып койгом. Музоолорду бир аңызга таштап коюп, көйнөгүн алдына жайып салып ырсыйып, битин карап отуруптур. Куураган маяны шуудуратып жетип барып ашыгып мен:

— Жүр, кетмек болдук! — деп ээрчитип алып, үйдү карай жүрдүм. Үй болучу, эгин алынып болгондон кийин шаардын аягына келип конгонбуз. Биз барганда Жапаркулдан башканын баары үйдө экен. Бара сала мен:

— Тигилер жөнөп жатат. Биз эми кетели,— дедим. Эми бир жаңсыл боло турганыбызга көздөрү жет-

кендей болду. Шадыкан:

— Айткан тилге көнбөй балалык кылдыңар. Жол тартып бара жатып, кийин жаза тайым бирдеме болуп калсаңар «атаңдын көрү баякынын айтканы келди» деп, бир өкүнөрсүңөр. Жаныңарда жалгыз тыйын каражат жок. Кетсеңер ана, бир аяктай буудай куурутуп койдум. Ошону азык кылып, эптеп кетерсиңер. Андан башка берели десек колубузда жок,— деди да катынына карап: — Жаңкыны алып бер,— деди.

Жийдекан ордунан туруп, чыгдан жактан куудурап, катып калган бир кичине жаман чаначты алып, мага берип жатып:

— Ээленип алган немелерди эмне кыласың? Тим кой, бара берсин. Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду. Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт. Оозу бир кара шоона менен буулган. Биздин азык ушул болсо керек!

Жийдекан жарма куюп бизге сунганы жатканда Шадыкан:

— Талкан чалып бер. Бир жолу тоюп алышсын. Мындан кеткен соң эми буларга ким берер дейсиң,— деди.

Акыркы жарманы ичип, эми туруп бара жатканыбызда:

— Бутуңарга да бирдеме илип албай кеттиңер. Жыңайлак, ташыркайсыңар го. Баргыла эми бечаралар. Жолуңар болсун...— деди Шадыкан, биздин тула боюбузду түгөл карап алып.

— Эчтеме эмес. Жетербиз. Кошкула! —дедим да, мен Беккулду ээрчитип жүрүп кеттим.

Жаңкылар жөнөп калган экен, чаң буркурап калды. Биз кошулуп, эки казак бала — төртөөбүз каптаган көп кой менен батышты карай сапырылып жүрүп бердик. Жалгыз атын кичине арабасына кошуп алып, кожоюн өзү илгери кетиптир. Алардын азык-түлүгү арабада. Көп койдун туягы менен чаң көтөрүлүп кетти.

Бир кезде шаардын четине чыгып, жазылган сары талаага түштүк. Батыш жак өрттөй кызарып, күн кыл-кылдап батып бараткан. Те береги маңдайда алыстан булдураган кара тоонун чокусунда чокмороктоп турган топ ак булутка күндүн нуру чагылышып, жер-дүйнө мемиреп, алда кандай бир белгисиз жорук таасирлентип турду. Асман жарык. Акырын гана бир калыпта сыйпап өтүп турган сүйкүмдүү жел бар. Тура түшүп, жаңкы кара тоонун алдынан дүкүйгөн бир чоң кара бак көрүндү. Күндөгү көргөнүңдөй эмес! Мага баары кошул-ташыл болуп келип, таасирлентип, жүрөгүмдү козгоп жиберди. Ошондо мен нечен жылдар чиритип жаткан туткундук-тан жаңы бошоп, алдымда бир зор кубаныч тургандай, карыпчылыкта кетип баратканымды унутуп жиберип, сайран талаада бардык үнүмө салып, озондоп коё берип-мин. Эх! Чиркин өмүр...

Бүгүн түнү менен жүрүп, эл жатар убакта Чочоной деген бир жерге келдик. Кожоюнубуз мурун келип, атын отко коюп салып, бизди күтүп турган экен. Биз жакындай берген кезде, алдыбыздан утурлап келип:

— Ушул жерге токтоткула! — деди.

Койлорду туш-тушунан чыгып, ийрип жибердик. Ушунда түнөй турган. Койлор жуушап калган кезде, Беккул экөөбүз бери жакта калып, кожоюн эки малайын ээрчитип алып, арабасын көздөй кетти. Араба бизден обочо болучу. Бир убакта колдоруна бир-бир кесим нанын кармап алып, экөө тең кайра келди. Түн караңгы. Анда-санда бирдемелерди күңкүлдөшүп коюп, төртөөбүз бир жерде отурабыз. Жаныбызда мемиреп жаткан койлордон бөлөк айланабыздан эчтеме билинбейт. Тегерек тынч. Караңгыда келип, бу жердин кандай экенин да байкабадык. Бизге жакын жерден шылдырап бир арык агып жаткандай болот. Түнөргөн тоолор, терең кашаттар...

Алдыбызда тигилердин нан жеп жатканын көрүп, эликтегендей бир убакта мен чаначымдын оозун чечип, буудайдан Беккулга бир уучтап берип, өзүм да өлчөгөндөй кылып, ошонун көптүгүндө уучтап алдым да, чаначты такымыма кысып койдум. Ошол убакта «булар бая-тан бизди беришет деп турган го» деп ойлогон немедей, Жапарбектин жанындагы жигит бизге карай:

— Өздериң көрүп турсыңдар гой. Сендерге берейик десек өзимиз аш калгалы турмыз. Бизге бергени мына,— деп колунда күңүрттөгөн бирдемени көрсөттү.

Анын өлчөмү канча экенин караңгыда ажырата албай калдым.

— Кыргызың бир неңке берген жокпу? — деди жаңкынын артынан.

— Колунда жок болсо эмне кылсын? Бир аяк буудай кууруп берди.

Токочун чайнап кетип, унчукпай калып, бир аздан кийин дагы:

— Эгер жериңе барган кыргыздарды али өлтүрүп жатса кайтесиндер? — деди.

— Бизди эмне кылдың деп өлтүрөт?

— Сүйтсе да аныгын билмей чыккансындар гой,— деди бизге өзү бир камсыз болуп бара жаткан кишидей.

Бул сөз мени бир ойго калтырып салгандай болду. Ошентсе да:

— Мейли, бара көрөрбүз! — деп кенебеген киши болуп койдум.

Биз ушинтип отурсак, бир убакта жогору жактан өзү көрүнбөй кожоюнубуздун үнү чыгат. Бирдеме деп, бапылдап, сөгүп жүрөбү.

Бизди чакырат. Карасак аты бошонуп алып, карматпай жүрүптүр. Жабыла жүгүрүп, туш-тушунан чыктык. Бир сапар камап алып, кармай турган болуп келгенде ортобузду жарып, чыгып кетти. Ушул ат качып кетсе бүгүн акыр заман орночудай жаныбыз калбай безилдеп кууп жүрөбүз. Мен бир жерге жүгүрүп бара жатып, арыкка бутумду салып алдым.

Ошентип жүрүп, аны көптөн кийин кармабадыкпы... Кожоюн аттын тизгинин силкип, сөгүп, арабасына алып кетти. Биз өз жайыбызга кайттык.

Төртөөбүз тең каршы-терши болуп, баягыдай отурабыз. Бир-бирибизге лам деп сөз катышпай, жымжырттык жайлап алды.

Коркунучтуу түш көрүп жаткандай кара түндө отуруп, мен бир кезде терең ойго кеттим. «Ийе, ал күндөр алыс калды. Бир заманда алты канат үйдү каптаган 14 бүлө бар элек. Алар бу күндө кайда? Арып, азып кырыла турган болгондо жан айласы үчүн жалгыз уйга сатылып, Кулжада бир кызайдын колунда Чүкөй эжем калды. Алда кайда бир дуңгандын жеринде томпоюп, Бекдайырдын жалгыз молосу калды. Элебес, Бейшемби, Токмолдо, Бурмакелер өлдү. Алардан калгандан кийин, жалгыз баласын колтуктап алып, төркүнүн издеп, Жанымжан кетти. Кайда кеткени дайынсыз болуп Бечел жоголду. Ырайымсыз бирөөнүн колунда туткун болуп, тирүүлей көзүн жалдыратып Эшбай менен Ашымкан калды. Мына ошончо каптаган бүлөдөн өлгөнү — өлүп, тирүүсү тирүүлөй калып отуруп, бүгүн шодоюп Беккул экөөбүз гана кайтып барабыз. Бечара кыргыз не көрбөдү! Өлүгү көрүнгөн жерде көмүлбөй, ит менен кушка той болду. А шум дүйнө! Залим падыша болбосо биз ушуну көрөт белек...»

Ушинтип элсиз талаа, кара түндө жалгыз оңшуюп отуруп алып, калың ой термеп көпкө бошотпой жатты. Жолдошторум уктап калыптыр... Мен да чарчагам, уйкуга кеттим...

Бир кезде:

— Тургула, жөнөп жатабыз — деген бир үн чыкты. Көзүмдү ачсам али таң белгиси жок. Чыйрыгып калыпмын. Кожоюнубуз арабасын чегип койгон. Мен шашып Беккулду ойготтум. Ал кардуу бороондо келип тыгылган күчүктөй, эки колун бир-биринин чыканагына чейин жиберип, түйүнчөктөй болуп, менин жаныма бүрүшүп калыптыр. Түнү бою дирилдеп чыкса керек.

Биз койду айдап эки чакырымдай жол басканда таң атты. Көптөн кийин бир куба жолдон ашып Сайга кирдик. XXIX

Кыргыз-Сайдан чыкканыбызга бүгүн үч күн. Сүмбө, Темиркенти, Ачталаа деген жерлер алда качан артта калган. Бүгүн береги бир белди эңкейип жүрүп келебиз. Түнү бою жол жүргөндүкүбү, жаның жер тартып уйкуң келет, баягы биздин бир аяк буудай бүткөн. Карын ач. Беккул койдун аяңынан калып кийин жакта жүрбөй келет. Анын аяңына салып, айдап келе жаткан койду токтотчу ким? Жапарбек кезек-кезек сары талааны кезеп ырдап коёт. Бул менден бир-эки жаш чамасында улуураак эле. Денеси болук, ирмебей караган курч көзү бар, дордок бет кара тору бала. Үстүндө чолтойгон бир эски кара дүжүркеси бар. Кийин, сыр алышкандан кийин билсем бу да көптү көрүп, кыйынчылыкка жедеп бышкан бир шордуу. Башына кандай каран күн тууса да бир кайышпай турган жылаңач баатыр, тобокелчил неме. Өзүнүн жүрбөгөн жери жок. Илгери Караколго келип кыргыз арасында да болуптур. Кыргызча шакылдап сүйлөп кетсе тааныбайсың. Ырды да келиштирет. Ушул келе жаткан жолубуздун ой-чуңкурунан өйдө билет экен. Кээ бир жерлерде курсак ачып, анын үстүнө келечек күнүбүз алда кандай болоор экен деп ойлоп, эңсебиз түшүп, жүрбөй келе жатканда ушу бир уккулуктуу кылып ырдап, көңүлүбүздү көтөрүп таштаар эле. Үнү ошондой сонун!

Ошондо Жапарбек менен бир жума гана жолдош болдук го. Бирок ошонун элеси бүгүн да көз алдымдан кетпейт.

Берки жигит андай эмес. Төртөөбүздүн улуубуз да, чоңубуз да ошол. Өзү сөлдөйгөн, узун бойлуу, көзү жашык, жүүнү бош гана жыйырма курактарда пыштайган сары жигит. Анда-санда сурап калган сөзгө жооп бербесе, көп унчукпайт. Сөзгө жок. Узак жол баскан күндөрдө, бул элден мурда жашып, шайманы кетип калаар эле. Баарыбыздын эрмегибиз да көңүл көтөрүүчүбүз да Жапарбек. Бул жалгыз ыр эмес жолдо катар жомок айтып, аңгемеден аңгемеге салып, өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын сүйлөп, бир зериктирчү эмес.

Жүрүп келебиз. Таң атып келе жаткан. Ушул убакта мен баягы жүрбөй келе жаткан Беккул көрүнөбү деп, артыма караганымча болбой, куйругун булактатып, сайдан жогору карай салып чыгып келе жаткан бир карышкыр көрүндү. Карышкыр көрдүбү, жокпу айтор, туура Беккулдун тушунан чыкты. Ошондо жүрбөгөнүн көрөйүн, мен айкырып калганымда Беккул карышкырды көрө коюп, жакын калган жалаңкычтан качкандай, жанын таштап бизди карай бир безилдеп келет дейсиң... мен да жүгүрүп барам. Беркилер да кыйкырык салды. Ошол кезде Беккул мага жакындап калган. Карышкыр алактап карап коюп, өтө чаап кетти. Беккул аман калды. Экөөбүз кошулуп кайра жүрдүк. Бир ажалдан калганга кубанып келе жатып:

«Эгер жаңкы жерде карышкыр Беккулду жарып салса айлабыз эмне болоор эле» — деп ойлоп келем.

Түш ченде бир сайга кирип, бешимге чейин жаттык да, бул жерден жөнөгөндөн кийин күн баткыча жүрдүк. Сайдан-сайга, белден-белге чыктык, нечен сууларды кечтик. Кеч бешимде бир белге чыгып, төмөн карай эңиш-теп кеттик. Ошо кезде Жапарбек баягысындай зоңкулдап кетип бара жатып, токтой калып:

— Тетиги жаркыраган Кеген суусу,— деп койду да кайтып безелентип ырдап кетти.

Кыргыз-Сайдан чыккандан бери мындай жерди көрбөгөн сыяктуубуз! Жаңкы белге чыга түшкөндө нечен жылкы капаздан жарыкты жаңы көргөндөй, көңүл ачыла түштү. Айланасы «айчылык» келген эни-чени жок бир мелтиреген сары талаа!.. Ушул талаанын так ортосу менен акырын сызылып агып жаткан бир чоң өзөн бар. Бир аз бара түшкөн соң дагы Жапарбек:

— Көрдүңөрбү, тетиги Кегендин сарайы. Бүгүн балким ошондо коноорбуз... орус жете жаздап калса керек,— деди.

Алыстан чыбырала болуп бир көпүрө керүндү. Көпүрөнүн бери түбүндө жаркыраган бир жалгыз аяк үй турат. Биз эңиштеп жүрүп келебиз. Ой жер экен, сарай-чыга али чендеген жокпуз. Ошентсе да береги алдыбызда жазылып жаткан таасирдүү сары талаа, кызыл-кочкул болуп, батып бараткан алтын күн, кыбыла жактан сылап соккон салкын жел, Жапарбектин сары талааны безентип, келе жаткан бирде кайраттуу, бирде армандуу, зар-дуу обону — баары келип менин көңүлүмдү толкутуп жиберди. Жапарбек көбүнчө кыргызча ырдайт.

О-й-ой,

Тери тондун ичинде,

Тердесин жигит өлбөсүн.

Бирине-бирин жем кылып,

Не жараткан пендесин...

Мунун кээ бири кайрат бергендей болот да, эми бири арманыңды айтып жаткандай болот. Жапарбек зарлатып ырдап кеткенде, экөөбүздүн арманыбыз бир сыяктуу болуп көрүнөт.

Бара түшүп дагы:

Ак эрмен куурай ойдо бар,

Ак дөнөн ирик койдо бар,

Алдында күткөн багы жок,

Мендей бир шордуу кайда бар.

— деп кетет.

Мунун башкы эки жолу мага керексиз сыяктанат.

Биз жакындай бергенде, баягы сарайчыңын жанынан шоңшоюп, дагы бир-эки боз үй көрүндү. Сарайга күүгүм кирип келдик. Кожоюнубуз эбак жетип алып, жайланып отурган экен. Биз барганда тышка чыгып келип, сарайга кийиргиле дегендей колу менен дарбазаны шилтеди. Ай-дап кирдик.

Койлорду жайлап болгондон кийин, кожоюн малайларын тамак ичкиле деп сарайчынын үйүн карай ээрчитип кетип, Беккул экөөбүз бери жакта калдык. Азыгыбыз жок. Кыргыз-Сайдан алып чыккан бир аяк буудайдан бир тоголок калган эмес. Тигилердин кожоюнунан деги кайыр жок. Кечээ күнү бир жерде конуп отуруп, нан сурасам бербей койгон.

Алардан калган соң, мен Беккулду ээрчитип алып сарайчынын жанында бир казактын үйүнө кирдим. Төрт-беш киши отурат. Биз кирип барганда маңырайып карап калышты. Үй-ичине караганда бир жардыныкы. Казан-аяк жагында бир эрди шалпайган, жыртак көз катын отурган. Үйдүн аялы болсо керек деп ойлодум. Төр жакта бир-эки эркек отурат. Мен үйдүн ээси бул экөөнүн кайсысы экенин ажырата албай жатам. Биздин жөнүбүздү сурашты. Мен сүйлөп отурган тилим казакча. Бая келгенде казакмын деп койгом. Казак эмес уйгур-чага да башынан устамын, алардын тили менен сүйлөп кеткенде мени башка деп билчү эмес. Уйгурча накча да (ыр) зуулдатам.

Мен үйдүн ээси деп отурган катын бир кезде:

— Кай уруудан боласыңдар, карактарым? —деп калды, Беккул экөөбүздү алмак-салмак карап. Ошол замат буйдалбай:

— Коңыр бөрик боламыз,— деп Жанымжандын төр-күн уруусун айта салдым.

Өзүм башында казакмын деп айтаарын айтып коюп, артынан өкүнүп калдым. Эми Коңур бөрүктүн ар жагын сурап, тамтыгым чыкпагай эле деп, кыпылдап отурам. Булардын ичиндеги урууларын жиликтеп сурап калчу болсо бирин айтып берер чамам жок эле.

Бирок менин багым жеңди, сураган жок. Эс ала түштүм. Муну коюп экинчи сөзгө көчтүк. Бир кезде биздин качан жетим калгандыгыбыз, кимдердин колуна түшкөндүгүбүз, кайда тентип баргандыгыбыз, акыр аягында кай жерден чыгып келе жаткандыгыбыз жөнүнөн сурап калышты. Бул менин жаныма жага түштү. Бирөөнүн алдында отуруп, өзүмдүн баштан өткөргөн тарыхымды сайрап берүүгө калганда бир өнөрүм бар эле. Буйдалганым жок. Даяр турган өнөрдү тартынбай салдым. Бирок мен бу жолу өз башымдан кечирген өмүрүмдөн башка, жанымдан жалгыз ооз сөз кошконум жок. Анткени, башымдан өткөн күндөрдүн өзүн дурус айтып жеткиргенде да, бирөөнүн жанына тиер таасири бар эле. Байкап отурам. Өзүм эс тарткандан берки өмүрүмдө көргөн кайырчылык күндөрүмдү төгүлтүп сайрап жатканымда угуучуларым менин артымдан ээрчип, окуяларыма аралашып, көп жерлерде жан тартып, мени аяп отургандай көрүнүп турду. Не бир кыйын жерлерге келгенде «эми кантээр экен» деп кыйпылдап отургандай болду. Алардын түсүнө карап мен көздөгөн оюмду жеткирип айтып жатканымды байкадым.

Бир кезде сөзүмдү бүтүп, карасам баятан бери менин окуяма карай түсү миң өзгөрүп, эки көзүн менден албай коломтонун жанында кычкачын таянып, эрип калган үйдүн аялы, оор түштөн ойгонуп кеткендей, селт этип башын көтөрүп алды да:

— Эх! Дүниеси да курысынчы! — деди.

Качан да болсо аял боорукер келет.

Ушинтип бул үйдүн бүгүн эрмеги биз болдук. Бир кезде тамак ичиш ирети келди. Үйдүн аялы бизге көжө куюп берип жатса:

— Тойгызып жибер, бейшараларды, булардын кайыры тиеди,— деди төр жакта отурган бирөө.

— Айтор, эртең шашкеге чейин муңбай турганбыз. Жатарга келгенде жай мындай болбой калды. Үйдүн

аялы төшөк салып жатып, бир кезде биз эсине түшө калгандай:

— Карактарым, сендерге бул үйдөн орун артадын эмес. Ане бир үйдүн адамы жок, сонда барып көрүңдөр,— деди.

Ошондой орун жогун өзүбүз да көрүп турабыз. Үй тар, адам көп. Мына мында биздин багыбызга кайчы келгендей апсыйып, четтен келген дагы бир-эки немелер отурат. Үй ээси жаңкыдай деген соң эмне дейбиз, кардыбыз бөрсөйгөнгө канаат кылып, жылып жүрө бердик.

Тышка чыксак биздин кейпибизди кийип ары жак-тан Жапарбек келе жатыптыр. Анын да чолок түжиркесинен башка түгү жок. Эмине ой менен келе жатканын биле коюп мен:

— Мында орун жок экен. Тетиги үйгө баралы,— дедим.

Айткан үйгө барсак, түндүгүн тартып жатып алыптыр. Кирип барып, үчөөбүз тең босогого селдейип тура калдык эле:

— Сендер ким? — деди бир аял.

Жайыбызды айттык. Бүгүн мындан башка конор жер жогун далилдеп, бүгүнчө түнөп кетели дегенди сыпайы сөз менен келтирип «аке, жаке» дегенге чейин бардык. Жок, аял биздин тилегибизге каршы турду. Ага Жапарбек жооп кайтарды. Ал жатпа дейт, биз жатабыз дейбиз. Аял төшөгүндө, биз босогодо туруп алып, караңгыда бир-бирибизди көрүшпөй айтышып турабыз. Мен аялдын сөзүнө карап, бул үйдүн эркеги жок болсо керек деп чамаладым. Айтыш али баягыдай.

Бир кезде мен:

— Жеңеше, бизден кашмаңыз. Ештемеңди алмаймыз. Бүгинше түнеп кетейик,— дедим.

Биздин кайтпай турган ырайыбызды көрдүбү айтор, мен ушундай дегенден кийин баятан такылдап турган каршыбыз «эмесе мейлиңер» деген немедей унчукпай калды. Аялдын бул түрүн сезгенден кийин эми биз да унчукпай калып, коломтонун тегерегинен орун издей баштадык. Караңгыда кайсыныбыз кандай жерге жатып калганыбыз өзүбүзгө гана маалым. Мен башымды койгон жерди сыйпалап көрсөм, апкыты жантыйган бир жаман кепич урунду. Аны көрбөсөм да «көп кийилген кепичсиң го» дедим ичимден. Бир убакта:

— Өй, турыңдар! — деп түрткүлөп, бирөө бизди ойготуп жүрөт. Жапарбектин жолдошу. Таң атканын ошондо гана бир билдик. Үйдүн ээси биз туруп кеткенибизди туйдубу, жокпу. Тышка чыксак жердин баары боз кыроо.

Койду айдап, бир аз ары баргандан кийин, карасак Беккулдун бети-башынын баары көө. Түндө казандын жанына жатканбы. Ошого чейин өзү билбейт. XXX

Кеген менен Каркыранын аралыгында бир мелтире-ген жазыкта жүрүп келебиз. Жапарбек баягысындай зарлатып кезек-кезек жиберип коёт. Коңур күз. Биз келген жакты көздөй бирин-серин жолоочулар өтүп турат. Көбү дуңган менен кытай сыяктуу Баягы заманда Үрүмчү, Турпан, Кулжа дебей туш-туштан кыялап, Караколго келип, апийим айдап, артынып-тартынып алып, күзүндө кайтар эле. Мынабу өтүп жаткандарды көрүп, ошол эриксиз эсиме түшөт. Берегинде бирөө куржунун салпайтып, артынып алыптыр. Балким ушу неме да биз Көлдү көксөп бараткандай, Үрүмчү, Кулжага жетсем деп, эки көзү чачырап бараткан неме болор. Ар кимдин тилеги өзүнө чоң. Бирок береги бараткандар менен биз-дин айырма көп. Алар болсо бүтүн Кулжа, Турпанды чардап, дүнүйөнү көбөйтөм деп ач көзүн кадап жүргөн немелердир. Бирөөнүн канын ичип, маңдайына бүткөн дүнүйөсүн тартып алып, кетип бараткан бир жайылдын жогуна кимдин көзү жетет... Өмүрдө нелер болбойт? Ушулардын ичинде мындайлар болгон да чыгар.

Ал бизчи? Такыр андай эмеспиз. Биздин дартыбыз, жүз жыл уктаса булардын түшүнө кирбейт.

Түшкө жакын убакыт бир кырга чыга бергенибиз-де Каркыра көрүндү. Баягыда казак, кыргыздын байлары өзбек, ногойдун соодагерлери дуулап турган жармаңке ушул! Ушундан тартып, тааныш жердин чети көрүнө баштады. Көзүнө алда немедей жылуу көрүнүп, көңүлгө бир белгисиз кубаныч кирип, жүрөгүң булкат. Бирок ал кездегидей желекти желбиретип, асманга көтөрүп таш-тап, мал-жан дебей сансыз тараптан чоргодой куюлуп, быдылдап, жайнап жатчу жармаңке жок. Бу күндө элинин баары чабылып шаарын өрттөп, жылас болгон курттай, жымжырт тартып, кур орду гана турат. Жалгыз кыдыр эткен жан жок.

Буга менин кабыргам кайышып отурган жок. Ал кездеги Каркыра жүз чабылганы бир тыйын. Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяк-тар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз. Ал заман жүз чабылсын! Жалгыз гана ошондогу көп эле өлүп, кырылып, жолдо калып отуруп, аягында биз эле калганбыз, көчтөн адашкан күчүктөй сербейип, береги бир жерде жалгыз экөөбүз келе жат-канга арман кылам...

Бир убакта Каркыранын суусуна келдик. Койлор суудан кечпей бир топ убараланды. Бир кайкы мүйүз, чоң эркеч бар эле. Ошону Жапарбек:

— Башта! — деп таш менен эки жолу атты. Эркеч сууга кирүүчүдөй болуп, жакшы эле качырып барат да кайра тартат.

Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү. Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик. Беккул шымын чечип колуна кармап алды.

Биз Каркыранын өзүн баспай, батыш жагындагы бир адырды кыркып келебиз. Бир мезгилде алыстан бүлбүлдөп «Эки-Кошкон» деген дөбө көрүндү. Бул Каркырадан бир топ бери. Ушунун бери жагы менен кыйгап өттүк. Иңир кирип калган. Жер караңгылаган сайын Эки-Кошкон күңүрттөп кийин кала берди.

Түн кире Кутурган булакка келип, бир талаада кондук. Күздүн түнү суук. Ошондуктан жакын ченде бир топ чөмөлө чөптөрдөн ташып алып, таң аткыча кирпик какпай, от жагып чыктык. Таң атмагы бир азап болорбу. Беккул, Жапарбек, мен үчөөбүз кылчылдай баштадык. Киймибиз жука. Тегеректей тартып алып, отту улам бирибиз кезек менен жагып отурабыз. Айлана тыптынч. Мынабу жогору жактагы карарган, терең сайдан жылтылдап бир от чыгат. Бу жерде кыргыздын айылы кай-дан болсун деп ойлойсуң. Алда кандай бирөө караңгы түндү калтыратып, арманын айтып, акырын гана зың-кылдап, улам алыстап, узап бараткандай болот.

Менин кезегимде от жагып отуруп, үргүлөп кетсем керек, маңдайымда кактанып отурган кожоюнубуз бир кезде:

— Ач көзүңдү, доңуз! — дегенди айтып, баркылдап, сөгүп келип менин колумдагы көсөөнү жулуп алып, өзүмдү башка бир салды. Муну көрүп, беркилердин көзү чайыттай ачыла түштү. Жаман түштөн чочуп ойгонгондой болдум. Ичимден тандап туруп жаман сөздөрдөн каргыш айттым да, милдетимди аткарууга камын-дым...

Атасынын көрү, ушинтип отуруп, бу түндү да баш-тан кечирдик.

Эртеси бу жерден жайыраак жөнөп, күн шашкеге көтөрүлгөн кезде Түптүн суусуна жеттик. Мына, Кызыл-Кыя жакын. Ой чуңкурунан өйдө текши көрүнүп турат. Мынабу эки жолдун айрылышы бири Караколго кетет да, экинчиси Түптүн суусун бойлоп Сарытологой, Кең-Суу, Чоң-Ташты карай кетет. Эми Беккул экөөбүз ушул соңку жолго түшөбүз. Жапарбек менен өмүрлүк коштошуп кала турган жерге да келдик, кожоюн илгери кетип калган.

Баягы Түптүн көпүрөсүнө келе бергенде:

— Эми биз ушу жерден бөлүнүп кетебиз. Кош, эмесе! — дедим мен Жапарбекке жакын барып.

Ал биздин айрылышыбызды кыйбай, ичи ооруп тургандай муңайып туруп, кол кармашып:

— Баргыла. Багыңар ачылсын!..— деди да, койдун артынан токтобой жүгүрүп кетти. Биз өз жолубузга салдык.

Ушу жерге келгенде нелер эске түшпөдү! Баягы үр-күндө күлүн асманга чыгарып өрттөп кеткен Василий, Башариндин үйлөрү кайра туруп калыптыр. Бирок көзгө басар жалгыз боз үй жок. Түшүңдөгүдөй! «Илгери бир заманда элин түгөл чаап алып, журтун жылас кылып кетиптир...» деген жомоктун өзү!..

Бир аз төмөн жүргөн соң, Василийдин үйүнүн жаны-нан бир боз үй көрүндү. Не болсо да бара кетелик дедик. Жолубуз да ушул жакта. Буралган апыз.

Бир кезде жаңкы боз үйгө келдик. Тышта киши көрүнгөн жок. Кирип барсак бир-эки катын отурат. Эркек адам жок. Бири кырктарда деп айтарлык, бетине калың бырыш кирип калган, сүйрү жаак, кара сур катын. Экинчиси мындан жаш, көзү тостойгон бирдеме. Он бир, он эки жаштарда дагы бир кичине кыз жүрөт. Бая биз кирип барганда булардын эч кимиси лам деп ооз ачпайт, таң калган немедей бир топко чейин бизди тиктеп, аңырайып калышты. Жашыраагы чыгдан жакта бирдеме кылып жүрүп, биз барганда коё койду. Беркиниси жүктүн бурчунда бир эскини жамап отуруптур. Сол колу менен жыртыкка туташтырып, жамаачысын кыйып кармаган бойдон али биз келгени бир ийне сайган жок. Алдында бир кендир ычкыры бар, жүндүү, тери шым жатат. Отурдук. Көрүүчүлөр бизден бир эли көзүн албайт. Өмүрүндө биздей бүрөөнү көрбөгөнсүп, мынча эмне таңыркашат?

Сөздүн чети чыккандан кийин, эки катын баятан талып калып жаңы эсине келген немедей, бизди ортого алып, жөнүбүздү эми сурай баштады. Колдо бар өнөрдүн эмнесин аяйын, бу жолу да баягы Кегендеги казактын үйүндө отургандай кылып, кайгылуу тарыхымды сайрап кирдим. Ошо жерде менин сөзүм бүтпөй, эки катын шолоктоп коё берди. Валбаалаган кең жеңи менен жашын сүртүп алып, картаңы:

— Ошонум өлбөй, тирүү болсо да ушулар өңдөнүп бир күнү таап келбейт беле! — деп, биз аркалуу бирдемесин эске түшүрүп, ого бетер киңкилдеди. Буга карап мен «кытай жеринде өлүп калган бирдемеси болсо керек» деп ойлодум.

Бир аздан кийин дагы:

— Э, айланайындар, ошондон бери кантип таап келдиңер? — деди, солкулдап ыйлап жатып.

Жаңкы кичине кызда биздин кайгыбызга орток болуп отургандай, жүзү муңайыңкы.

Ушинтип, кайгы-казыретти ортого салып отурганча бир топ убакыт болду. Биздин кардыбызды көптөн кийин эске түшүрүп, бир аяктан айран берди. Көзүбүз ачылып, эс ала түштүк. Алардан мен эми Көлдүн жайын сурай баштадым. Билишет экен: өлгөн-житкенден өйдө баарын терип-тепчип калтырбады. Мындан бир жыл мурун кытайдан азып-тозуп келген качкын кыргыздар мында келип, андан бетер адам айткыс жокчулукка кабылып, ачарчылыктан кырылганын, орустун жоондорунун колунан өлгөнүн айтышты. Мамыр, Чүрк, Сатымбай дегендерди көз көрүнөө баса калып, саман менен өрттөп өлтүргөнүн уктук. Өлүктө сан жок. Укмуштарды угуп отурсаң жүрөгүң титирейт!

Жаңкы картаңы бир кезде:

— Силер эми бара бергиле. Эл баштакыдай болбой, карды тоюп, бир аз оңолуп калган. Баягыдай көз көрүнөө баса калып, өлтүрүп жибергендер көп жок. Силердин элдин жарым-жартысы Сарытологойдо, калганы Чоң-Таш, Жылуу-Булакта. Элдин көбү жан айласынан ушул биз өңдөнүп, биротоло үй-бүлөсү менен малай болуп, орустарга кире качып кеткен. Эл четине бүгүн жетесиңер...— деди.

Баягы бойдон экөө тең жашын төгүп отурат.

Эми кетели деп, ордубуздан турдук. Алар жолдун дайнын айтып беришти. Эшикке чыккандан кийин, Башариндикине бара кетелиби деп алар менен акыл салып көрдүм эле:

— Кокуй, барбагыла, силерди өлтүрүп коёт! Ал жакка жолобой мынабу жак менен Түптү бойлоп кеткиле!— деп, безилдеп коё беришти. Барбаганыбыз оң болуптур — жайлап салмак экен. Бул кийин билинди.

Түптүн суусун бойлоп кеткен жалгыз аяк жол менен нечен түрдүү таш кыяларды басып, бүжүрөңдөп жүрүп келебиз. Кеч жакын. Биз да шашып барабыз. Жолду катар адам түгүл как эткен карга көрүнбөйт. Бир жагыбыз асмандаган карагайлуу бийик тоо, экинчи жак иттин мурду өткүс калың токой. Токой аралап ийрелеңдеп агып жаткан Түптүн суусу. Мынабу кара ташка далпайып келип бир жору конду. Анын үстүндө шыкылыктап бир сагызган ойноп жүрөт. Кызыл-Кыядан чыккандан бери көрүнгөн жандыктар ушул. Илгери кыргыз кытайды карай тартканда күңгөй тескейине батпай шыгырап, камалышып өткөн жер ушул эмеспи!

Кеч бешимде Орто-Токойдон өттүк. Али эч нерсенин дайыны билинбейт. Ушу жерге келгенде, менин артымда келе жаткан Беккул катарлаша түшүп:

— Түнгө калабыз го? — деп менин түсүмдөн бирде-ме издегендей бетиме карады.

Анын оюн таба коюп, максатына жетүүгө жакындаган кишидей кайратыма келип, түсүмдөн сыр алдырбай туруп мен:

— Бүгүн жетебиз! — дедим, арышымды калыбынан арбыта түшүп. Жүрүп келебиз.

Күн бата Сарытологой жонуна чыктык. «Бу жерде да эл жок болгонбу» деп ойлоп келе жатып, бир убакта берки бетке эңкейсек, сол кол жагыбызда бир кабактан жалгыз түтүн чыкты. Не болсо да бир байкай кетели де-ген ой менен, түтүн чыккан жакты карай бурулдум. Алыс эмес. Бара түшкөндө бери жагынан дагы бир кырман көрүндү. Жолубузда. Ушуга келип үч-төрт саржандай жер калганда эле бирөө:

— Айланайын абакебайлар ээй!!!—деп күрөгүн таянган бойдон талып калган немедей бизге жалдырап туруп калыптыр. Мен тааный койдум: Сарбагыш деген биздин бир туугандарыбыз, баарыбызды бир Эрке Сары дейт.

Бизди ээрчитип үйгө кийиргенден кийин, эки-үч катын чогулуп калды. Катындардын бышакташын көрсөң эми көр: Кантыке деген бир аял биз келгени көзүнүн жашын тыйбады. Булар бизди эбак өлдү деп, түңүлүп коюшкан экен.

Ушинтип жаткан убакта тыштан сакалы барсайган бир орус кирди. Жаңкы кырмандын ээси болсо керек. Кирип келип ар кайсы жерде бышактап ыйлап отурган катындардын себебине түшүнгөндөй үңүлүп карап калды эле, Сарбагыш:

— Биздики тууган. Ушул экөө кытайдан жөө келди,— деди. Орус унчукпай башын чайкады.

Эртеси мындан чыгып, Чоң-Ташты карай жол тарттык.

Биринчи китептин аягы.

Фрунзе, 1934—35-жылдар.

  1. Чоң-Таш — биздин жердин аты.
  2. Эрке Сары — биздин элдин уруусу. Жонунан айтканда Боор дейт.
  3. Элде — «жамандар, жакшылар» деген эки термин болуучу. Жакшылар деп — бий, болуш, манап сыяктуу — эл билермандарын; жамандар — деп кедейлерди, батрактарды айтышчу. Бул терминди башында манаптар чыгарган болуу керек.
  4. Биздин энебиздин аты
  5. Ысык-Көлдүн айланасында турган жерлерин ар уруу өздөрү— «Көл» дешчү. Биз жактагы: Кең-Суу, Сарытологой, Чоң-Таш да ушул мааниде айтылат.
  6. Чоңкол деген — стражник.
  7. Сурап деген сөз — бийлөө деген мааниде айтылуучу.
  8. Кокозо — апийим салуучу калай идиш. Бул дуңгандын — «хехезы» деген сөзүнөн алынган. Кыргыз кокозо деп алган.
  9. Качпай калган казак-орустун бирди жарым кедейлери өз-өз үйлөрүндө эле. Бирок байлардын капшабы менен булардан кеткендери да көп болду.