Сулууга

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Сулууга
by Алыкул Осмонов

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Огуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген–сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген–от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен,
Сүйүү деген–сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген–сүзүп өтүү деңизден.

Сен бир жүзүм бышып турган мына бу;
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу;
Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.

Таттуусуңар, ачуусүңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар,
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң
Дал ошончо жүрөгүндө сүйүү бар.

Бирок менин махаббатым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал гана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.

12/II–1945 Койсары


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.