Отуз Жаш

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Отуз Жаш
by Алыкул Осмонов

Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Ал зымырайт, үстү үстүнө камчылап,
Жегээр жери, түшөр үйү барчылап.
Эгер анын жетээр жери бар болсо,
Неге суудай тынбай агат адамзат?
Ошондуктан тынымы жок өмүрүм,
Уч-кыйры жок алыс жолго шаштырат.

Бүгүн дуулдап, кечкимди ойлонбой,
Кечээ жыргап: эртеңиме кайдагы ой.
Мени алдаган жаштыгыма ишим жок,
Өлүм мени эркелетип койгондой?!
Ушунча күн, ушунча жыл арасы,
Жана гана, бая гана болгондой.

Шайтан көрдүм–долулугун карачы,
Байкуш жандын момундугун карачы,
Өлүм-өмүр аралыгы даңгырап,
Тазалыгын, сонундугун карачы!
Даяр орду, белен жайы бош турбай,
Анын мелт-калт толумдугун карачы!

Артык экен, кымбат экен жаштык кез,
Алтын экен, жакут экен баа жетпес.
Маңдайынан да бир сүйүп калууга,
Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес.
Коюн толгон отуз жаштан айнууга,
Өмүр чиркин, өкүмү күч жол бербес.

Айныр элем, айныганда не пайда,
Он сегизде ойноктогон мен кайда?
Отуз да аз… көп болгонго кубангын,
Андан көрө амандыкка бел байла.
Тирүүлүктө кара өлүмдөн өч алып,
Калкың үчүн кан чыгарып бер пайда!

Кантсин боз ат бир топ жолду баскансыйт,
Атырылып алга карай баргансыйт.
Сүрөп алган жазмыш жолу аябай,
Камчы менен май сооруга чапкансыйт.
Жым-жым эткен ээндикке жоголуп,
Караан үзүп кирип бара жаткансыйт.

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары-сур,
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам карап тур!

Ырас өмүр, кандай кыска, кандай аз,
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас,
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?..


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.