Ойнобо

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Ойнобо
by Касым Тыныстанов

Достук кылам, ушу баштан эстесем,
Түшүндүрөм, туюндурам, эстесем.
Эгер көнбөй адетиңди иштесең,
Мен да көнбөй, буруламын, терс кетем.
Билесиңби бир кездерде койбодуң?
Салып тырмак, уруп, сабап болбодуң.
Аке, жаке, жалынууну тыңшабай,
Топ сыяктуу тоголоттуң, ойнодуң.
Али ойлобо алсыз дагы начар деп,
Айкайласам, айтканыма басар деп.
Айтканымды, айтканымдай орундап,
Иштегенче дирилдер деп, шашар деп.
Жок ал оюң таттуу кыял түбүндө,
Же түш чыгаар көргөн бороон түнүндө.
Кай бет менен эми сага кул болом,
Балтыр өсүп, баш көтөргөн күнүмдө.
Баш ийбеймин, баш ийгизем, көндүрөм,
Айтканымды айтканымдай өндүрөм.
Колум — болот кайрылбаган, көзүм — от,
Ачуулансам, бир тиктеймин, өлтүрөм.
Жардам берем, сенден жардам албаймын,
Чарчабаймын, өөрчүйм, өсөм, талбаймын.
Өзүм билем, не иштесем эрк менде,
Жан алдында баш салынтып барбаймын.
Жалгыз гана сыйынарым көрүнөө,
Өткөн бабам басып кеткен мөөрүнө.
Абдан басып, өчүргүстөй кык кылган,
Жаш жүрөктүн жан барбастай өрүнө.
Ал — канатым жан жеткизбей озуучу,
Ал — куралым темир коргон бузуучу,
Күчүң жетсе, ыргыт терең Мухидге!
Ал канатым сууга чөкпөй учуучу,
Ал жоголбойт, жоголуучу мен эмес,
Жоготуучу алы жетип сен эмес.
Сен билгенди мен да жакшы билемин,
Кургак акыл менде да көп, кем эмес.
Достук менен, дагы айтамын, ойнобо!
Чыкпас орго жыгыларсың, бойлобо!
Достук сөздү — душман сөздөй түшүнсөң,
Ачык айттым, өлбөймүн деп ойлобо!


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.