Курбума

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Курбума
by Касым Тыныстанов

Жел сокмок, жер айланмак, дарыя ташмак,
Күн да түн ала салмак, алмак-салмак.
Жаш акмак, жар айнымак, жалын өчмөк,
Эски өтмөк, жаңы жетмек, орун басмак.
Алышкан бирде жыгылмак, бирде жыкмак,
Жарышкан бирде калмак, бирде чыкмак.

Дүнүйө мейнеттики белден баткан,
Мурунтан болуп келген, боло жатмак…
Боолукту эл мойнуна заман салмак,
Эл жүгүн эр аркалап мойнуна алмак.
Замана жел кутурткан жиндей толкун
Калаксыз кайык сүзмөк, эрк талашмак.
Чыкканча бирөө четке жүзүн сатмак,
Бирөөлөр кол куушурмак көзү алактап.
Аткан ок, алышкан жоо кансыз тынбас,
Бирөөнү курман кылмак толкун таптап.

Бирөөлөр дуба кылмак ичтен жаттап,
Бирөөлөр санааланмак, азып, дарттап.
Кайыкта калың элдин биз да бири,
Кажыба, чыда, курбум, чырың сактап!
Айрылбай, максатыңдын колун кармап,
Ээрчисең, адаштырбай түз апармак.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.