Кош ала - тоо уулуң кетти майданга
Дүйнөнүн жүзүн өрт алып
Кара жалын каптады,
Кыяндай жүрөт шаркырап
Кызыл кандын акканы,
Ушундай апаат күндөрдө
Уяттан уят эмеспи
Уулуңдун үйдө жатканы.
"Айланам коркок болбо" деп
Айтканын эстейм эненин.
Айчапчып суудай толкуган
Артымда калкым турганда
Айыгышкан жоону жеңемин.
Барктап багып өстүргөн
Балаңдын сына өнөрүн
Жеримдин бетин булгатпай
Желмогуз канын төгөмүн...
Кулжалар оттоп семирген
Кулпунган гүлү төрүмдүн,
Колоттун сууң шаркырап,
Комузу болгон көңүлдүн
Асмандап эркин ылаачын
Ардагы болгон көркүңдүн
Көркүңдү жерим сактоого
Куралды колдон таштабай,
Курманы болом элимдин.
Атылып тоодон секирген,
Булагың эстеп жүрөрмүн.
Таң менен шаңшып ышкырган,
Уларың эстеп жүрөрмүн,
Аскадан аркар көтөргөн,
Карааның эстеп жүрөрмүн.
Чымчыктар сайрап отурган,
Чынарың эстеп жүрөрмүн.
Суусунга балдай татыган,
Сууларың кетпес көңүлдөн.
Көйнөгүм чечип көпөлөк,
Кууганым кетпес көңүлдөн.
Туткалуу кыргыз ак калпак,
Тууганым кетпес көңүлдөн.
Эселек кезден торолтуп,
Эсиңде жүрдүм, мен дедиң.
Энекем сенсиң Ала-Тоо,
Эмчегиң соруп эмгемин.
Жашымдан көөнүм шат болуп,
Жалтанбай жүрүп көнгөмүн.
Өлүмдөн жаман эмеспи,
Өч албай кайра келгеним.
Байлоосу жакшы келишсе,
Байгеде ар ат чыга алат.
Элине бүлүк түшкөндө,
Эр жигит шондо сыналат.
Кедери элдин кетпейби,
Кек албай калса кубалап.
Кагылам журтум ишенгин,
Кара туткан балаңар,
Кармашкан жоосун жыга алат...
Аман кал, калкым, аман кал,
Айлыңда чардап жүргөмүн.
Аралап, терип чоңойгом,
Адырдын жашыл гүлдөрүн.
Сел алса кетпес эсимден,
Селкилер менен каткырып.
Селкинчек тепкен күндөрүм,
Байлыгы суудай ташыган.
Бактыга баткан жеримсиң,
Секетим болуп жаш жаным.
Сен үчүн каным төгүлсүн,
Балбылдап сары жылдыздай.
Майданда уулуң көрүнсүн,
Курман болсом мейличи
Курдаштар сүрчү өмүрдүн...
Жартыны бөлүп бир жешкен,
"Жан, каныбыз бир" дешкен.
Жарым менен коштошом,
Бактылаш курбу, замандаш.
Баарың менен коштошом,
Дүйнөдөн каргап жоготкун,
Душмандын жолун тоспосом.
Тепкедей чактан өстүргөн,
Тентектик кылсам кечирген.
Агалар аман калгыла,
Кыянат ишке баспаган.
Кылчайып жоодон качпаган,
Абалар аман калгыла.
Эрлерге сүтүн эмизген,
Энелер аман калгыла.
Эмгектен жүзү албырган
Жеңелер аман калгыла.
Эркеси болгон адамдын
Ээлери жыргал замандын
Мөмөлөр аман калгыла...
Сактоого кетип баратам
Садагам элим, жыргалым,
Салкындап сууң ичкемин,
Сарымсак терген жылганын,
Турумтай куштай талпынып,
Турмуштун көркүн ырдадым,
Угарсың элим шаңданып,
Уулуңдун жоону кырганын.
Айдаткан күлүк каламды
Алмаштым найза курчуна,
Кетемин кандуу сапарга
Керегим тийип журтума
Абалдан келген нарк ушул
Азамат шундай кылчу да.
Кыйындык келсе чыдоого
Кызматың үчүн жаралган
Элинин болуу курманы
Эр жигит парзы абалдан,
"Кайрылып жоодон качат" деп,
Камсанай көрбө балаңдан.
Көгөрүп жаткан Ысык-Көл,
Көркүсүң жердин билгенге
Жел менен ойноп турчу элең
Жээгинде бойлоп жүргөндө,
Толкунуңдай болоюн,
Толгонуп жоого киргенде.
Эрибей мөңгү жаркырап,
Эзелден жаткан жерде өстүм,
Санаасыз көңүл кубанып,
Сайрандап салкын желде өстүм,
Кордукту салып душманга,
Колумдан намыс бербесмин.
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.
| |