Кезигишүү

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Кезигишүү
by Жоомарт Бөкөнбаев

Ал кезекте мен чырымтал, сен кырчын,
Ал кезекте мен балапан, сен кызсың,
Жашыл жайлоо, жалбырагы кайыңдын
Жайдары өстүк балын соруп турмуштун.

Бирге жүрүп тоо боорунан гүл терип
Күүгүм кирип күн батканын билбедик.
Балбылдаган шам чырактай өмүрдө
Балалыктын бал мөмөсүн бир жедик...

Күндүр-түндүр күлкү оюнга тойбодук,
Күн нурундай көңүл көлүн бойлодук.
Кубанычтын кучагында эркелеп,
Кубалашып, суу чачышып ойнодук.

Жылдар өттү... Балалыкты жөнөттүк,
Жазгы гүлдөй жаш сабына теңештик.
Таң тамаша чарбагында сайрандап,
Тал чыбыктай таалай менен тең өстүк.

Таң мезгили чолпон бакыт чыгарда
Түн күзөткөн сүтак үнү тынарда
Тоо жаңыртып шыркыраган дайранын
Боюндагы уйпалаыган ыраңда.

Мен айтканмын "өмүр бою эсте" деп,
Сен айткансың "мени таштап кетпе" деп,
Күн чачырап, сапарыма чыгарда,
Карап турдуң көздөн жашың мөлмүлдөп.

Түтүнү жок өрткө түшкөн жүрөгүм,
Сен да мендей жалындайсың, билемин,
"Качан келет сапарынан?" деп жүрүп,
Сагынгандан саргайгандыр иреңиң...

"Унутпаймын өмүр бою мен" дедиң
"Унутпагын, эстеп жүргүн сен" дедиң,
Айлар чубап, жыл зымырап жатса да
Же мен барып, же бир өзүң келбедиң.

"Барам" деген сөзүңдүг угуп сүйүндүм,
Бала чактан сырын чечтиң түйүндүн.
Көгүчкөндөй учкул көңүл толкуса,
Көз жетпеген көлү терең сүйүүнүн.

Келдиң дагы, таарынгандай сыягың
Кекээр менен амандыгым сурадың.
Отко салсаң, сууга салсаң өзүң бил,
Маңдайымда балбылдаган чырагым.

Ойлондуруп жаш өмүрдүн күндөрүн
Угулгансыйт ошондогу күлгөнүң,
Көңүл калып, көз көрбөгөн эмедей
Көрүшкөндө неге колуң бербедиң?

Сен түгөйүм, сен өмүрдүн кошогу,
Антыбыз бар, эстеп көрчү ошону.
Муруңкудай кучагыма жыгылчы,
Муңайбачы, мүлдө муунум бошоду!

Кумсарбачы, эмне мага таарындың?
Куса болуп кучагыңды сагындым
Бүгүнкүдөй кезигишкен учурда,
Муңга батып бүркөлбөчү, жарыгым!

Ысык күндө көлөкөңдө уктайын,
Суук күндө сөөлөтүңдөн чыкпайын.
Бери келчи кадимкидей жаныма,
Бек кучактап алкымыңдан жыттайын.

Бирге күлүп, бирге ойногон бала чак,
Бирге жүрсөк дагы сонун жарашат,
Океаны ардак менен таалайдын
Алдыбызда ай нурундай карасак.

1938-ж.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.