Жумушчу

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Жумушчу
by Алыкул Осмонов

Жумушчу калк: дал өзүмдөй жөнөкөй,
Анда каруу, менде таттуу көмөкөй.
Бизсиз, ырсыз жана эмгексиз
Бул турмуштун бир минуту жөн өтпөй.

Нечен дайра, нечен суулар байланып
Өлкөбүзгө нечен шаар жайланып
Жумушчу калк кана соруп чылымын,
Мен үстүндө ак куш болуп айланып.

Жумуш күчөп, жыл артынан жыл кууп,
Оңдоп, бүтүп улам бийик, кең куруп,
Жумушчу калк чайын ичип үйүндө
Мен үстүндө алтын канат ыр тууп.

Бакыт жасап кур темирден чапкылап
Тынчтык жасап, отту арыга тарткылап
Бул жашоонун жаны бизде экенин
Мен жар салам, канатымды каккылап.

3/ХI–1948 Чолпон-Ата


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.