Жайлоо

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Жайлоо
by Касым Тыныстанов

Күзгүдөй мөлтүрөгөн тунук булак,
Сай-сайдан үн алышып түшкөн туйлап.
Ыр ырдап, токсон түрдүү күүгө салса,
Үнүнөн танасыңбы турсаң тыңшап.

Токтобой жүрүп турган жели кандай,
Таптаза, каштай тунук, жыттуу атырдай.
Бетиңден сылап, сыйпап эркелетсе,
Көңүлүңдө кайдан калсын чер жазылбай.

Килемдей түрдүү чөптүн гүлү аралаш,
Үстүндө малы жатса адашып баш.
Саргарып сан жылдардай күткөн жыргал,
Көзүңө көрүнбөйбү элес, булас.

Мындагы айран, кымыз кең эмеспи,
Булактай агып жаткан кен эмеспи.
Дүркүрөп төрт түлүгүң өсүп турса,
Кең жайлоо жанга жыргал жер эмеспи!


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.