Дүнүйө (Барпы Алыкулов)

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Дүнүйө
by Барпы Алыкулов

Бир адамды ыйлатып,
Буркураттың, дүнүйө.
Жокко бардан жалынтып,
Пул сураттың, дүнйө.
Бирдин малын талатып,
Чыркыраттың, дүнүйө.
Бирдин малын бирөөгө
Ширин кылдың, дүнүйө.
Бирди бирге өлтүртүп,
Кыйын кылдың, дүнүйө.
Бир адамды кан соргон
Залим кылдың, дүнүйө.
Бир адамды бирөөгө
Кагым кылдың, дүнүйө.
Бир адамдын таманын
Чорго айланттың, дүнүйө.
Бактысы жок маңдайын
Шорго айланттың, дүнүйө.
Бирдин акын бирөөгө
Талаштырдың, дүнүйө.
Сени ээрчиген неченди
Адаштырдың, дүнүйө.
Бир адамга залалды
Анык кылдың, дүнүйө.
Бир неченди мээнеттүү
Карып кылдың, дүнүйө.
Жокчулуктан неченди
Зарыктырдың, дүнүйө.
Кээ бирөөнүн малы көп,
Бардам кылдың, дүнүйө.
Барган сайын көбөйтүп,
Жардам кылдың, дүнүйө.
Кээ бирөөнүн малы жок,
Шалдаң кылдың, дүнүйө.
Малай болсо, баасын
Арзан кылдың, дүнүйө.
Калтыратып кедейди,
Карып кылдың, дүнүйө.
Бутундагы кийгенин
Чарык кылдың, дүнүйө.

Жан күйөрдөн ашыкча
Көрүнөсүң, дүнүйө.
Жазгырып, бир күн ажырап,
Бөлүнөсүң, дүнүйө.
Бир туугандан артыкча,
Көрүнөсүң, дүнүйө.
Билинбей өзүң бир күнү
Бөлүнөсүң, дүнүйө.
Кызыктырып, ар кимге,
Көрүнөсүң, дүнүйө.
Кылчайбастан акыры,
Бөлүнөсүң, дүнүйө.
Ашык кылып, кишиге,
Көрүнөсүң, дүнүйө.
Акыры түбү бапасыз
Бөлүнөсүң, дүнүйө.
Келериңде, дүнүйө,
Көл мелтиреп толгондой.
Кетериңде, дүнүйө,
Көзүңдү чукуп ойгондой.
Келериңде, дүнүйө,
Сууну арыкка бургандай,
Төрүндө жолборс тургандай.
Кетериңде, дүнүйө,
Арыктын суусун тарткандай,
Төрүңдөн жолборс качкандай.
Келериңде, дүнүйө,
Абадан алтын куйгандай.
Сарайыңдын ичинде,
Сандаган пулуң тургандай.
Кетериңде, дүнүйө,
Төөнү чымын кыргандай.
Келтирип салган сарайың
Чалдыбар болуп тургандай
Келериңде, дүнүйө,
Калыпка күмүш куйгандай,
Кашыңда чолпон тургандай.
Кетериңде, дүнүйө,
Калыбың, жерге сынгандай,
Чолпонуң качып жылгандай
Келериңде, дүнүйө,
Коктуга коюң толгондой,
Кооздоп салган коргондой.
Кетериңде, дүнүйө,
Коюңду бөрү кыргандай,
Коргонуң жалаң тургандай
Келериңде, дүнүйө,
Жибектен соккон килемдей,
Казаның кайнайт шилендей
Кетериңде, дүнүйө,
Килемди душман баскандай,
Шиленди шилеп чачкандай.
Келериңде, дүнүйө,
Күмүштөн дубал ургандай,
Чырагың жанып тургандай.
Кетериңде, дүнүйө,
Дубалың көчүп жылгандай.
Чырагың өчүп сынгандай.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.