Аккан суу (Барпы Алыкулов)

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Аккан суу
by Барпы Алыкулов

Былк этпейт дүйнө чың кеме,
Баарыбызга жер эне.
Жер эне терең, ким болгон?
Жерден чыккан кен болгон.
Жер бетинде бүткөн кум,
Кумдан ойноп чыккан суу.
Берекелүү дыйкан суу—
Туулган жердин баласы.
Такылетин карачы.
Жаркырап жердин койнунан,
Жайнап чыккан аккан суу.
Булак болуп тоолордон,
Кайнап чыккан аккан суу.
Топуракты нымдатып,
Сүзүп чыккан аккан суу.
Жер астынан аңтарып,
Бузуп чыккан аккан суу.
Эгизден туруп, пас жакка
Шаркыраган аккан суу.
Жүрүп кетсе алтындай,
Жаркыраган аккан суу,
Жылгадан түшсө, обону
Шылдараган аккан суу.
Жээгине ар түрлүү
Гүл бураган аккан суу.
Кесек жатса эритип,
Майда кылган аккан суу.
Түрлүү элге белгилүү
Пайда кылган аккан суу.
Аяк-башын билбейсиң,
Бирдей кеткен аккан суу.
Чарчаганын, талганын
Билбей кеткен аккан суу.
Эски болуп бир жери
Сүзүлбөгөн аккан суу.
Жүз жылдык жолго жүрсө да,
Үзүлбөгөн аккан суу.
Нам жеткен жерден гия өсүп,
Дүркүрөгөн аккан суу.
Абаны сүрлүү, жай кирип,
Күркүрөгөн аккан суу.
Аккан суу элге жарыя
Чогулса болгон дарыя.
Эл сугарып көгөрткөн.
Бүт зырааты аккан суу.
Жер үстүндө жандардын
Бүт ырааты аккан суу.
Ар ким ичсе кубанып,
Маза кылган аккан суу.
Макур болсо бир жериң.
Таза кылган аккан суу.
Сымап менен окшошсуң,
Сылыктыгың, аккан суу.
Адамдын жүзү көрүнгөн
Тунуктугуң, аккан суу.
Жеткен жериң гүлстөн –
Шаар болгон, аккан суу.
Кимге керек шол заман
Даяр болгон, аккан суу.
Сен жүргөн жериң баары абад
Шириндигиң, аккан суу.
Ыктыярын, көңүлүн,
Жерге берген аккан суу.
Касиетин көрсөтүп,
Элге берген аккан суу,
Жайы-кышы мал ичип,
Семиз болгон аккан суу.
Барган сайын көбөйүп,
Деңиз болгон аккан суу.
Жээгинде жекендер
Ойноп жүргөн аккан суу.
Өрдөк, чүрөк куштары
Жойлоп жүргөн аккан суу.
Баарыбызга пайда деп,
Ойлоп жүргөн аккан суу.
Жай дагы керек, кыш керек
Сенден пайда, аккан суу.
Касиети башкача,
Сендей кайда, аккан суу?
Бууңдан булут ичкени
Жамгыр болгон, аккан суу.
Бул кызматың эл үчүн
Мазир болгон, аккан суу.
Ар шагыда мөмө алган
Анжир бүткөн аккан суу.
Кубанышып эл жеген
Курма бүткөн аккан суу.
Жер энеден көбөйүп,
Шунда бүткөн аккан суу.
Жумшак бүтүп, эзилген
Жүзүм бүткөн аккан суу.
Анык мөмө тазасы
Анар бүткөн аккан суу.
Мындан белөк мөмөдөн
Далай бүткөн аккан суу.
Өзөндүү сайдын боюнда
Өрүк бүткөн аккан суу.
Аккан суу, сенде шарапат:
Ак алма менен нак бүткөн,
Көгөрүп өсүп бак бүткөн.
Көп пайдаңдан, аккан суу,
Көгөргөн дарак кайналы
Жарашкан бактын майданы.
Ак пахта бүткөн жайдары.
Бозоргон чөлдө көгөрүп,
Асили күрүч көбөйүп,
Шалы бүткөн аккан суу.
Дарбыз, коон палектүү
Дагы бүткөн аккан суу.
Арпа, буудай чайлаган,
Дыйкандар алыш байлаган,
Ичкендин баары жайнаган,
Ай ракмат, аккан суу.
Жер энеден таралып,
Болду ракат, аккан суу.
Сүйлөшөсүң ким менен?
Жолдоштугуң күн менен.
Күн жолдошуң эритет,
Күн тийбес жердин музуну.
Ай жолдошуң тиктеди,
Аккан суу, сенин жүзүңдү.
Көргөндүн көөнү кубанган,
Сенин көркүң, аккан суу.
Өзүң менен бир жүргөн
Сенин эркиң, аккан суу.
Макулуктун баарынын
Каны сенсиң, аккан суу.
Айбан ат менен куштардын
Жаны сенсиң, аккан суу.
Жер үстүндө мөмөнү
Сен сугарган, аккан суу.
Мураптар арык улаган,
Дыйкандар келип сураган,
Тең сугарган аккан суу.
Эгизги тоонун эрки жок,
Эл болбосоң, аккан суу.
Эч ким тирүү күн көрбөйт,
Сен болбосоң, аккан суу
Сенсиз дарак көгөрбөйт,
Сенсиз мөмө көбөйбөйт.
Жер үстүндө гия-чөп,
Тамыр алып жылтылдайт,
Сени менен, аккан суу.
Сен болбосоң бир нечен
Какшып өлөт, аккан суу.
Бүркүт учпай алыска
Шаңшып өлөт, аккан суу.
Жээгинде дарак көгөргөн,
Сен жаралдың, аккан суу
Кыбыраган жандарга
Тең жаралдың, аккан суу.
Мөлтүлдөп аккан бөлөкчө,
Түшпөй өткөн киши жок
Ар күнү сенден бир даам
Ичпей өткөн киши жок,
Эң пайдалуу аккан суу.
Жарандардын жаны – сен
Жаратылган каны –сен.
Бул дүйнөдө түгөнбөйт,
Бир омуруң, аккан суу.
Асман, жерге белгилүү
Шул добуруң, аккан суу
Дүнүйөдө эң керек,
Төрт такылет, аккан суу.
Төртөөндө барабар
Бар акыбет, аккан суу.
Бурум-бурум жер болсо,
Буруп аккан, аккан суу.
Колу-буту белгисиз
Жылып аккан, аккан суу.
Күркүрөп аккан, аккан суу,
Күркүрөп аккан шарыңдан,
Суучулдар өтөт, сүздүрүп,
Аккан суунун маанисин,
Жазып турам тизилтип.
Четиңде кыздар суу алган,
(Арка чачы чубалган).
Толкунуңа кубанган.
Түшүнсөм сендей болбогон,
Түрлүү жаштар дагы бар
Шарыңда жүрөт ойногон.
Акылымды жиберсем,
Ар киши көсөп ойлогон.
Кеткен жериң арыктан
Бурум-бурум, аккан суу.
Жер бүткөндө жаралган,
Элден мурун, аккан суу.
Элге ракат көрсөткөн
Сенин нуруң, аккан суу.
Ада болбойт аккан суу,
Ар канча ырдап, мен айтсам.
Көңүлүмдү ачасың,
Узактан какшып келатсам.
Жаратылыш жараткан,
"Дүйнөгө керек суусуң" деп,
"Дүнүйө бою түгөнбөйт,
Узак жашап турсун" деп,
Жеткире сени мактадым,
Чечилип ырдап жатамын.
Шириниңди келтирип,
Эзилип ырдап жатамын.


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.