Айрылуу

From Wikisource
Jump to navigation Jump to search
Айрылуу
by Касым Тыныстанов

Жаз мезгили… өз кезегин түн баскан,
Ай он беште кат жазгандай нур чачкан.
Бир табыш жок… жалгыз гана жар таштан,
Аккан булак өмүрдүккө үн салган…

Ай шооласы жерди, көктү каптаган,
Бир өң берген, кийиндирген, актаган.
Көрөр көзгө күнчүлүктөн элестеп,
Жалгыз «кара» табийгы өңүн сактаган…

Кең укуктуу эркин ойдон чыкпаган,
Миңди сүйгөн бирдин зарын укпаган.
Күмүш түскө жер койнунда бөлөнүп,
Көпөлөк да гүл кучактап уктаган.

Салкын жел бар. Ал да сокпос табыштап,
Терметкендей «дем алыш кыл тынычтап!»
Толкуну жок көлдө сүзгөн кемедей,
Мемиреген, жаңы орноткон там — кыштак

Ушул түндө жалгыз бозой күзөткөн,
Белгилүү жол: «палан кез» деп шерт эткен.
Түн күндүздөй, назик ишке жол бербес,
Дем алуу кем, селки жакка көз тиккен…

Бүгүнкү түн — акыркы түн сүйгөндүн,
Сүйүү жолдо азап чегип күйгөндүн.
Жыл ойногон, ай ойногон ашыктык,
Жаштык сырын жаш жүрөккө түйгөндүн.

Эртесинде эки жүрөк айрылмак,
Таза жүрөк дартка чалмак, кайгырмак.
Селки кетмек айлык жолго, жат элге,
Сүйгөн досун өмүрлүккө калтырмак.

Булак үндүү бозой ойдо чубалган,
Мезгил үндү күткөн үмүт узарган,
Деген кезде селки чыкты короодон,
Түс өзгөрткөн, ак кийимге чулганган.

Кас кылгандай: ай шооласын ашырды,
Корккондорго кош көрүндү, жашынды.
Эптеп селки бозоюна жеткенде,
Үн угулду. үй эшиги ачылды.

Колун берди «кош бол, жаным, мына» деп,
Колун алды «кош бол, жаным, көрөм» деп,
Айрылышты, кол силкишти өмүрлүк…
Өбүшүүгө ортодо там бербеди эрк…

Селки кетти ууру адымдап кайрылып,
Бозой калды укмагынан айрылып.
Айды ичинен сыр бербестен жек көрүп,
Ысык жашка бетин жууду кайгырып.

Күлгөн күлбөс өмүрлүккө кайгырбай,
Сүйгөн сүйбөс өмүрлүккө айрылбай,
Күлүү, сүйүү — күч айдаган жазыксыз,
Тагдыр чиркин боору ачыбас ошондой!..


Public domain
This work is in the public domain in countries where the copyright term is the author's life plus 70 years or less. See Copyright.